Азил менен чындыкта

"Чоң казат"
Бешиктеги бала ыйлап...
Дүйнө жүзүндөгү согуштардын бардыгы ач көздүктөн, мансапка манчыркагандыктан, зөөкүрлүктөн, так талаштан чыкканын карт тарыхта айтылган. Буруттардын так талаштагы чоң казатынын алоолонгон оту бизди каптап кетпесин дешип чыгыштагы калдайган калың Кытай, коңшу казак, өзбек, тажик, түркмөн, батыштагы Орусия мамлекеттери Мухамбет пайгамбардын туулган күнү (пайгамбардын туулган күнү 29-август) жана 30 күндүк орозо аяктары менен пайгамбар жыл эсебинде 1441- жылдын тогуздун айынын ортосунан тарта (сентябрь айы) армияларын күжүрмөн даярдыка койушуп (боевой готовность № 1) буруттар менен чектеш жайгашкандары чек араларын күчөтүлгөн тартипте оор согуштук техника менен күнү-түнү кайтарышмай болушуптур. Анан эмне буруттардын 60 жакын берендери менен эрендери так талашка түшүп жатса, 50 ашуун топтор, тайпалар, кара жер зорго көтөргөн сансыз колдор чоң казатка аттанып жатышса коңшулардын хандары чоочулабай коймокчубу.

Аксак датка
Буруттардын хан тагынан, датка даражасын нечен жылдар бою талашып кичи казат, чон казаттан тажабай келген Текебайдын уулу Өмүрбек датка да адаттагы "ырын" созуп: " ата-мекен тайпасын болоттой таптап так талашкандардын баарын талкалап, кол башчыларын колго түшүрүп зынданга салып, айрымдарын мусаапыр кылып базарлардын алдына отургузуп, өзүм жеңиш менен ордого түшүп, башыма каухар таажы кийип буруттардын ханы болом"- деп чамына баштаган кези экен. Өмүрбек датканын оң ийнинде бир кызыл чаар жолборс, сол ийнинде дагы бир кызыл чаар жолборс чамынып турат дейт. Бул жолборстор жан адамга көрүнбөйт экен да, алар Өмүрбек датканын колдоочулары, экен тобо! Аскар хандын тушунда так талашып эки ирээт чон казатта согушкан. Бирок, Аскар хандын ийниндеги колдоочусу болгон эки ургаачы арстан Өмүрбек датканын кызыл чаар жолборсторун сүрдөнтүп, апкаарытып жатагына киргизе кууп, чон казатта жеңип алып алтын такта кала берген. Ал эми андан кийин зулум хандын колдоочусу Жаныш, Акмат, Адыл, Каныбек, эки Марат, Максим деген жайнаган кишичил бир үйүр карышкырлары болгонун билип ага каршы казатка аттанган эмес, Өмүрбек датка. Бул кишичил карышкырлардан датканын эки ийниндеги кызыл чаар жолборстору ырылдаганга жарабай койгон дейт.
"Башыма каухар таажы кийип такка отурам" - деп максат кылган менен бир жарым айдан кийин болчу казатта Өмүрбек датканы ээрчип кетчү колу ("жоону көрсө жутунган") - "Ата-Мекен" деген тобу бар. Бу датка ошол жеңиште (7-апрель- ред. ) Зулум ханды качырам деген ханышага каршы кеп айталбай бир аксады, буруттарга батыштын шариятын киргизе коем деп эки аксады, былтыркы Анжиян тараптагы ала допучандар менен буруттардын кызыл кыргынында жаман атка конуп үч аксады, учурда минтип тобунда тополоң чыга берип дагы бир аксады чунак, айтор аксак датка. Кечээ түнү түш көрсөм Өмүрбек датканын ийниндеги кызыл чаар жолборстору күрүлдөп секирип жатыпттыр. Сыягы чоң казаттагы башка каршылаштарын ушул сапар талпактай тыта тургандай.

"Аалам" сырын төккөн айым
Капырай, кымбатчылыктан кара тамандар бир чыны шорпого, бир кесим этке зар болуп жатканда буруттардын хан болом - дегендери кезеке туруп калышты. 40 уруу буруттан 80ден ашык адам чыкты. Казатка буруттардын катындары да аттана турган болушту. Мындан көп доор илгери эрлерче жоо кийимин кийип, эрендерче колуна айбалта, найза, белине болот кылыч тагынып, какшаалдын капчыгайын ууру-бөрүлөрдөн тазалап жүрүп бир күнү Манастын көзүнө түшүп, экөө жекеме- жекеге чыгып көк жал Манас кыйгач каш каратору сулууну ат үстүнөн эңип алып алкымынан жыттайм деп акырегине айбалта жеп, көзүнөн от чагылып анан кыз да болсо эрдигине баш ийген текести жайлаган Тейиш хандын кызы Сайкалча буруттардын үч кызы: Токтосундун Дамирасы, Иманалынын Асидасы жана Талас журтунун кызы, азыркы ханышанын сиңдиси Бегалынын Өмүрбүбүсү. Булар так талашып чачтарын төбөсүнө түйүп, жоо киймин кийишип чон казатка аттанганы турганы. Тигил экөөнү: (Дамира менен Асираны) билбейт экенмин, Өмүрбүбүнүн аалам менен сүйлөшүп чааралекей ыр жазганын билем. Эрдиги алдыдагы чоң чазатта билинер. Бирок, "ааламдан келген"- келберсиген келбети, чийип койгондой кыйгачынан келген коюу кара кашы, акын Барпы ырдагандай "сүйгөнү бир оролуп жатчу өлөн кара чачы", койкойгон моюнуна, ак тамагына жарашкан бир толкун болгон богогу, "ааламдан" төгүлгөндөй жылдыздуу жүзү, коңур үнү кыз Сайкалдан кем эмес бул айымдын. Бурутка ханыша болом!- Дегенине караганда таластык тайпалар ээрчибесе да, казатта Өмүрбүбүнү ааламдан келчү түрдүү тилде сүйлөшкөн жоокерлер ээрчийт окшойт.

Кочкорбай менен
Чым Коргон колдоп…
Сары-Өзөн Чүйдүн күн чыгышында кадимки Чым Коргонго жакын Кочкорбай айылынын чыккан Аскар хандын, зулум хандын, Роза ханышанын доорунда аттан түшпөй, азыр Манастын колун ар дайым арбытып турган эр Көкчөнүн элинде элчи болуп жүрчү "отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн"- Үрүстөнбектин Жанышы да күпүлдөп хан тактыны талаша турган болуптур. Бул элчининин чоң казатта артынан ээрчүчү колу Кочкорбай жана Чымкоргон тайпасы экен сыягы. Кокус Чымкоргон тайпасын шаман Назаралынын уулу Жеңишбек сырдуу күч менен айныта салбаса. Баса, Назаралынын Жеңишбеги бул казатка камылга көргөн жок. Таң калып жатат, жалпы журт. Сыягы анын чымындары: нечен чоң казатта жүрүп не таптык, ортодо кырылып калабыз - дешип макул болушпай козголоң чыгарып жиберишип, эми эстерине келишкен окшойт. Тажаткырлар.

Жинди суу.
Өзгөн күрүч ж.б.ж.б.
Башкы вазирге да, (премьер) диван башыга (спикер) да баш ийбеген көзүндөгү дүрбүсүнүн ары жагындагы бир эле ханышанын кареги менен тең айлаган ордонун тынчы жана кароол кызматынын жүз башысы бар эмеспи, Таластык Иманкулдун уулу Марат деген. Бул баатыр башы - зикир чалып намаз окушканы менен чет элдердин күмүш дилдесин алып, акысына тымызын алардын буйругун аткарышчу кара сакалчандарды көзөмөлдөп турат деген кептер да айтылып келет. Бул жүз башы да чоң казат деп турат ушул тапта. Алакандай жери бар, төрт тайпа эли бар Таластан так талашчусу алтоо экен.
Зулумхандын тушунда жүдаа чардаган, Анжиян элинен Дыйкандын уулу Сооронбай деген бар эле. Азыр Кара-Балтадагы ынак "жинди суунун" (спирт завод) кожоюуну экен, бул жинди суучул да хан болом - деп чыгыптыр, мына жеңиш ушунуку болот!... Сооронбай казат майданында жинди сууну суудай агызып жиберсе башкалардын жоокерлери айбалта, калыч, найзаларын ыргытып жиберишип, андан жата калып шимиришет да казат, хан такты менен иштери жок "күндө майрам, күндө той" болуп жатып калышканда Сооронбай жинди суу башы ордого келип түшөт. Керек болсо башка колдордун мас жоокерлери "буруттарды сен жыргатат экенсиң"- дешип хан тактыга өзүлөрү алып келип отургузушу ыктымал, эгер "алдыраар күнү жаздыраар" - болуп кетпесе. Алтын дилде дегенде барбайган мурду эбегейсиз жыт сезгичтигинен Ош - Бишкек жолун курдуруп эбегейсиз дилдеге карк болуп эми дагы эле былтыркы жылкы ала допучандыр менен буруттардын кыргынында куйкаланып калган Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүгө чет элдерден келген эсеп-кысабы жок ханыша менен башкы вазир жана башка жасалоочулар тескей албас эки нар тоо араң көтөрчү арбын алтын, күмүш дилдеден үлүшүн алып жаткан Өзгөндүк Сатыбалдынын Жантөрөсү деген да чоң казатка аттанмай болду. Казатта Жантөрөнү ачкадан ыргалып араң жүрүшкөн "Бакубат Кыргызстан" деген топ артынан ээрчийт экен. Адахан миң башы да күрүчтүү өзгөндөн болот эмеспи, мурду жыт сезгич жантөрө Өзгөндүн тайпалары менен кароол караганга мунарасын талашып үкөсү менен чабышып кетип айбалтанын же кылычтын мизинен жарат албаса болду. Кудай анын жүзүн ары кылсын кокус Жантөрө жарадар болуп калса күйгөн шаарларды ким оңдойт? Айтор, буруттардын эли тынчыбай калды.

Жолдошбек Токоев