Бах, Түркмөнстан!!!
Бизде, Түркмөнстандай газ, нефть жок болгону менен ошого тете табигый байлыктар мол. Бирок, калк анын эч бир убайын көрө элек. Акыркы 20 жылда Кумтөр, Макмалдан 300 тонна алтын казылып алынды. Мунун пайдасын кыргыз эли көргөн жок, чет элдиктер көрүп жатат. Кыргызстан дүйнөдөгү бирден бир суу державасы. Суунун күчү менен иштелип чыккан электр энергиясын да калк өз баасында ала албайт. Түркмөнстанда бирдиктүү энерго системасы совет доорундагыдай эле бирдиктүү бир системада калган, биздикиндей коррупцияга жол берилген чачыранды бөлүктөргө айланган эмес. Себеби, жогоруда белгилегендей Түркмөнстан чет элдиктерге бузуку, кыйраткыч, бүлдүргүч реформа жасаткан эмес...