Бабалар тарыхынан

Барсбек
Аттан аттын неси артык,
Ашыра баскан изи артык.
Хандан хандын неси артык,
Калкым деп күйгөн иши артык.
(Барсбек)

Барсбек -VII-VIII-кылымдардын аралыгында жашап өткөн. Ал "Кыргыз" этнонимин алып жүрүшкөн Эне-Сайлык (Енисей) кыргыздарды VIII-кылымдын башында бийлеп турган каган болгон. Барс-бек тууралуу Орхон түрктөрүнүн VIII-кылымга таандык Күл-Тегинге коюлган эстелигиндеги рухикалык жазуучунун "чоң текстинин" жыйырманчы (20) сабында эскерилет. Мында, Барс-бек ысымдуу кыргыздын каганы болгон- деп айтылат.

VII-кылымдын аягында VIII-кылымдын башында Эне-Сай кыргыздары олуттуу күчкө айланышкан. Алардын аскерлери оор куралданышкан атчандардан турган. Кыргыздар бул мезгилде экинчи Чыгыш Түрк каганатынын курамынан чыгып, өз алдынчалыкка жетишкенге жана бул саясат VIII-кылымдын башында аларды бийлеп турган каган Барс-бек убагында өзгөчө күч алган. Дал ошол маалда кыргыздар жоого каршы 80 миңге чейин аскер кое алышкан. Кыргыздардын мындай коркунучтуу күчүн алардын душмандары болуп эсептелинген түрк кагандары өздөрү моюнга алышып, кыргыздарды башка душмандарынан, ал тургай Табгач (кытай) каганынан да коркунучтуу деп эсептешип, кыргыздарды "күчтүү" деп жазып калтырышкан. Кыргыздардын мындай күч алышына алардын башкаруучусу Барсбектин саясатынын түздөн-түз таасири болгон. Барс-бектин даанышмандыгынын аркасында Түрк каганы ага өзүнүн карындашын берип, аны кыргыздардын каганы деп билишкендигин көрсөткөн эстеликтер, Барс-бектин башкаруу маалында Экинчи Чыгыш түрк кагандыгы өз алдынча каганат (мамлекет) катары таанылгандыгын маалымдайт. Барс-бек түрктөрдүн көз карандылыгынан толук кутулуу максатында, алардын баскынчыл саясатына каршы күрөшүү үчүн Табгачтын (кытай) Аньси (Куча) шаарынын башкаруучусу жана түргөш каганы Сакал-каган менен бирдикте түрктөргө каршы согуштук союз түзүп, бир мезгилде алар менен чогуу Экинчи Чыгыш Түрк каганатына сокку урууга макулдашкан. Бирок, амалкөй кытай башкаруучусуна анча ишене бербеген Барс-бек өзүнүн элчиси Эрен-Улугду баш кылып өз өкүлдөрүн тибетке жиберген. Тибет башкаруучулары Түрк кагандарынын күчүнө ишенгендиктен жана аларга каршы согуштун зарылчылыгы жоктугунан Барс-бектин сунушунан баш тартышкан. Элчи Эрен Улуг белгисиз себептерден Тибетте өлгөн. Барс-бек түргөш каганы Сакал менен бирдикте 711-жылы жайында түрктөргө чабуул коюуга камылга көрө баштаган. Союздаштардын мындай чоң чабуулунан корккон түрк каганы Камаган, өзүнүн акылман кеңешчиси Тонүкүктүн кеңеши боюнча кытай менен "Тынчтык жана туугандык" келишимин түзүп, аларды бөлүп салат. Андан кийин кыргыз менен төргөштөрдүн күчтөрүн бириктирбей, бөлөк-бөлөк талкалоо максатында, алдын ала 711-жылдын кышында бийик тоолуу саянды ашып, найза бою карды жиреп отурушуп, кыргыздар уйкуда жаткан маалда, капысынан чабуул коюшуп талкалашкан. Кыргыздардын өз алдынча каганатын түзүүгө аракет кылган каган Барс-бек 711-жылы кыш айларында өлтүргөн.
(Рыскул Жолоевдин
эмгегинен)




Абдумалик Акматбаев:
"Балдарым тирүү кезде чиновниктер "абакелеп", чөгөлөп жиберүүгө да даяр болушчу"
Рыспек менен Тынычбек Акматбаевдерге ар ким ар кандай баа берсе болот. Чолпонаталык жигиттер тирүү кезинде бирөөгө жакшы көрүнсө, бирөөгө жаман көрүнгөн. Кандай болгон күндө да, 6 ай ичинде эки баласынан айрылып, трагедияга туш болсо да, чөгүп кетпеген алардын ата-энесинин алдында таазим кылгың келет. Ата-энеге бир эмес, эки уулунан айрылган абал канчалык оор экенин сөз менен айтуу мүмкүн эмес.
Алардын атасы Абдумалик 71 жашта. Бирок, сыртынан эч ким аны 75ке чыгып калган экен деп ойлобойт. Мезгилинен эрте кеткен балдары тууралуу минтип эскерет:

Улуу балам тууралуу
Рыспекти депутаттык мандатын алууга да жеткирбей атып кетишти. Боршайком ар кандай шылтоону айтып, бир айдай убакыт созуп туруп алды. Жок дегенде өлгөндөн кийин депутаттык мандатты берип, анын үйбүлөсүнүн, туугандарынын көңүлүн алып коюшса деле болмок. Матыев каза болгондо, депутаттык мандатты анын үйүнө алып барып жубайына тапшырганын баары билет го. Эгер Рыспекке да ошенткенде, өлкөдө чындык бар экенине ишенмекмин. Балыкчы округунун шайлоочулары 12 талапкердин ичинен Рыспекти тандап, 89 пайыз добушун ага берсе да, аны көрмөксөн, билмексен болуп коюшту.

Неберелери тууралуу
Жубайым экөөбүз эле калдык. Рыспектен 6, Тынычбектен 8 туяк калды. Ал неберелеримдин баары атасы жок өсүп, энелери тарбиялап жатышат. Алар да жайкы, кышкы эс алуу же майрам учурларында гана келип турушат. Жергиликтүү бийлик колдоп турабы деп кээ бирлер сурап калышат. Кайдагы жардам? Балдарым тирүү кезде, ар кандай чиновниктер үйдөн чыкпай: "аба, абаке" - деп чөгөлөп жиберүүгө да даяр болушчу. Алардын биринин да азыр дайынын таппайсың. Көрсө, аларга балдарымдын колдоосу гана керек болчу тура.

Ушактар тууралуу
Рыспекти тирүү деп калышат. Анткендерге "оозуңарга май" деймин. Айткан элден айланайын. Мындай кабар үчүн аларды кантип ыраазы кылууну ойлоймун. Тирүүбү, тирүү эмеспи, аны ким билет? Бирок, тирүү болсо, мамлекеттик чиновниктердин көзүнө көрүнбөйт беле? Рыспектин тирүү же тирүү эместиги Аллага гана белгилүү. Эл тирүү деп айтып жаткандан кийин, менин уулум алар үчүн тирүү.

Президент менен болгон жолугушуу тууралуу
Тынычбек каза болгондо, анын агасы Бишкекте митинг уюштурду. Ошондо президент ага келип, 2 күн ичинде териштирээрине сөз берген. Натыйжада, чоң чиновниктердин заказы менен Рыспектин өзүн атып кетишти. Ошентип, 6 ай ичинде 2 баламды тең өлтүрүп тынышты.
Рыспек өлгөндө, бизди андагы мамлекет башчысы К.Бакиев кабыл алды дечи. Бирок, ал менин бир дагы суроомо жооп бербестен, кетип калды. Президент тек адам катары көңүл айтканга жарабады. Жок дегенде, көнүмүшкө айланган "кылмышты иликтөө үчүн, укук коргоо органдарына тапшырма берем" - деп койсо болот беле?
"Рыспекти өлтүрүүнү кайсы чиновниктер заказ кылган?"- деп менден сурагандар бар. Алар "Рыспек Акматбаев - Кыргызстандын №1 душманы" деп жүргөндөр. Эмнеси болсо да, Кудай баарын көрүп турат. Ошол эле Феликс Куловду да...

Өзүм тууралуу
Учурда фермермин. Киров атындагы мектепте окуган 30 жетим окуучуга жыл сайын 180 сомдон берип, жардам кылып турам. Себеби, ал мектепте Рыспек да, Тынычбек да окуган.

Чолпон Ата олуянын эстелиги тууралуу
Рыспек аны элге эстелик катары курдурткан. Акимчиликтин аталган эстеликти өзүнүн балансына алууга кудурети жетпей койду. Райондук администрация кароолчуга төлөгөнгө акча жок деп, уялбай эле айтышты. Эстеликтин айланасына тигилген 717 түп роза гүлүн жана 60 түп ар кандай дарактарды өзүм карап жатам. Жолдон өткөн туристтер, коноктор, жаңы үйлөнгөндөр атайын эстеликке келишип, сүрөткө түшүшүп, куран окуп турушат. Аны ким кайтарат? Кароолчу. Ага айлык акыны өзүмдүн пенсиямдан төлөп турам.

Тынычбек тууралуу
Жергиликтүү бийлик, Билим берүү министрлиги канча убакыттан бери Тынычбек окуган мектепке анын ысымын ыйгаруу маселесин чече албай келет. Тынычбек көптөгөн сооп иштерди жасады. Ким үчүн? Өзү чоңоюп өскөн Ыссыккөл районунун жери, эли үчүн. Анан эмне болду? Душмандар койгон капканга түштү да калды.

Расул Өкүмалиев
"Новости Иссык-Куля"
гезитинен которулуп
берилди