АЗГЫРЫК СЕЗИМ
(Повесть)
Капарбек СӨЛПИЕВ
(Уландысы.
Башы өткөн санда)
Көрсө, кайнимдин котур ташы койнунда турбайбы. Мындан төртөөбүздүн кымындай кабарыбыз болгон эмес. Жакшылык көрбөй калайын! Кайним өзү бир тарап, биз төртөөбүз бир тарап болуп чырдашпадыкпы. Сенин айыңдан. Кайнатам баласына кол көтөргөнгө чейин барбадыбы, кечээ күнү.
Менин ниетим сага ак эле болучу. Эгерде калп айткан болсом балдарымдын жакшылыгын көрбөй, жайрап калайын. Сен мага бөлөк-бөтөн белең? Жатындаш агамдын көздөй кызы экениңди тана албайм го! Садагаң кетейин мен чоң жаңылдым. Ишенчээк эмесминби, кайнимдин калпыс оюн эске албапмын. Жаман эжеңди кечирип койчу! Байкемдин жүзүн кантип караймын?! Эмне деп жооп беремин? - деп Мээрим эжем уялбай-этпей эле энесинен таяк жеген баладан бетер уңулдап ыйлап кирбедиби...
Өз кайгымды унутуп, кайра ага боорум ооруп, аяп кеттим. Эжемди жубата баштадым:
- Болуптур, эже, кечирдим. "Билбеген адам уу ичет" - деген. Айлам канча, башка түшкөнүн көрөөрмүн. Болоору болуп, боёгу канбадыбы.
Сөздү узартып олтургум келбеди.
Ой бешигин терметкен боюнча, унчукпай короого чыгып кеттим...
* * *
...Кечинде бул жөнүндө апама айтып бердим. Темирбектин каты ага дагы оор тийди. Далайга чейин башын төмөн салган боюнча шүк эле олтуруп калды.
- Адамдын тагдыры булар үчүн оюнчук болуп калган турбайбы. Колубуз кыска, эч нерсе кыла албайбыз. Кудайга койдум! Текебер неменин жазасын Жараткан өзү берсин! Башка сөзүм жок! - деди апам кыйла убакыттан кийин сөзгө келип.
- Атам эмне дейт болду экен?
- Мен өзүм ага жатыгы менен түшүндүрүп коёмун. Сарсанаа болбой эле кой, кызым. Атаң сага жаман сөздү ыраа көрмөк беле?! Өз кайгысы өзүнө жетиштүү. Көптөн бери атаңдын жүрөгү ооруп жүрбөйбү, - деди апам мага энелик жылуу мээримин төккөнчө.
Апамдын жылуу, жакшы сөздөрү аз да болсо мага дем берди. Көөдөнүмдү тиреп турган кыжаалаттык заматта таркай түшкөнсүдү. Жүрөгүмдү мыжыгылап жаткан кайгы-капа шамал айдаган булуттай кайым болду.
- Мындан ары эмне кылсам экен?
- Кызым, азырынча үйдө эле жүрө турчу. Кийин дагы бир жөнү болоор...
- Тагдырым тайкы жаралган белем, апа! Он сегизге чыгып-чыкпай кайгы-муңдун кылтагына илинбедимби. Алгачкы аруу сүйүүмдүн ээси - Тазабектин көрөөр күнү, ичээр суусу түгөндү. Жүрөгүм каалабаган, арам ойлуу, ниети кара эркектин колуна түшүп, тагдырым ташка чабылды. Эл катары билимимди улантууга шартым да жок. Жарга барып такалгандай эле болдум окшойт.
Апам мага кайрат айтты:
- Көп кайгыра бербе, кызым. Он гүлүңдүн бир гүлү ачыла элек. Жүрөккө кубаныч тартуулаган жакшы, кубанычтуу күндөр - алдыда! Маанайыңды чөктүрүп, азап-кайгы алдында чөгөлөчү болбо! Адам болуп жаралган соң эч качан жакшылыктан үмүт үзбөш керек. Мына, көрөсүң го баары жакшы болот!
Бул сөздөр мени кыжаалат сезимдин кыйноосунан толук куткара албады. Антсе да көкүрөгүмө орноп, жүрөктү эзген азаптан убактылуу болсо да арылткандай таасирге кабылтты. Үй тиричилиги менен алек болуп, өзүмдү алаксытууга аракет жасай баштадым. Сайма саюуну, кийим-кече тигүүнү колго алмакчы болдум...
* * *
...Атамдын үйүнүн төрүндө көпкө жүрө албадым. Тактап айтканда жүрүүгө мүмкүнчүлүк беришпеди. Кимдер дебейсизби? Жуучулар. Карысы-жашы дебей эшикти кага беришип тажатып ийгидей эле болушту. Аялы менен ажырашкан эркектердин да эсеби жокпу деп ойлоп калдым.
Бирок, мен эч кимисине макулдук бергеним жок.
Күйөөдөн көңүлүм дагы жалкып калган экен. Талапкерлердин бирине да жүрөгүм ийибей туруп алды. Тазабекке окшошун кезиктире алганым жок. Сүйбөгөн эркек менен жашагандан көрө, бой өткөн дурус эмеспи.