Акылдуу афоризмдер
- Айтылгыча сөз адамдын туткуну, айтылгандан кийин адам сөздүн туткуну - деген экен бир акылман.

***
- Күчсүз душманыңды күчтүү деп бил. Күчтүү досуңду күчсүз деп бил. Күчсүз деген душманың күчтүү болуп калса, күчтүү деп ишенген досуң күчсүз болуп калса шоруң катып шорлогонуң - деген экен даанышман.

***
- Эмне үчүн жарытып тамак жебейсиз? - десе:
- Ач адамдын кадырын унутпаш үчүн аз жейм - деген экен бир адам...

***
- Кандай адамды күчтүү деп ойлойсуз? - десе:
- Соргоктук менен ойноштуктун торуна чалынбаган адам күчтүү - деген экен бир философ...

- Кем акыл менен сокурдун айырмасы эмнеде? - десе:
- Сокур жарык менен караңгыны, кем акыл жакшы менен жаманды ажырата албайт - деген экен олуя.

***
- Акылдуу адам кайраттуу болууга, акмак адам күчтүү болууга умтулат - деген экен бир сынчы.

***
- Эмне үчүн досту душманга айлантуу оңой да, душманды доско айлантуу кыйын десе:
- Үйдү салгандан кыйратуу, идишти жасоодон сындыруу оңой - деп жооп берген экен дагы бир даанышман.

***
- Акмакка жакшылык кылган адам чочкого асыл таштан шуру такканга, уулу жыланга бал берип бакканга барабар - дептир дагы бир акылман.

***
- Кийимсиз аял - жакырчылык. Жылаңач аял - искусство.

***
- Сократтан өз окуучуларынын бири:
- Айтыңызчы, кабак чытып, каш бүркөгөнүңүздү көрө албадым. Сиз ар дайым куунак жүрөт окшойсуз? - деп сураса:
- Мен дайыма бир калыпта жүрөм. Себеби, жоготкондо күйүнө турган, таап алганда сүйүнө турган эч нерсем жок деген экен Сократ.





Кофе 2 миң метр
бийиктикте гана өсөт
Дүйнөдө кофенин 70ге жакын түрү кездешет. Бирок, жер шарында жашаган элдердин 98% кофенин Арабика жана Робуста деген түрүн гана колдонуп келишет. Эң кеңири таралган Арабика сорту деңиз деңгээлинен 2 миң метр бийиктикте гана өссө, Рабуста Африка, Индия жана Индонезия сыяктуу тропикалык аймактарда гана өндүрүлөт. Адистердин айтымында, дал ушул Рабуста сортундагы кофелер жытынын аңкыгандыгы, адамды тамшанткандыгы менен айрымаланышат. Ушундан улам, Nescafe, Jacobs жана Tchibo эң алдыңкы кофе маркалары болуп эсептелет.
Бүгүнкү күнү кофе өндүрүү боюнча дүйнөдө Бразилия биринчи орунду ээлесе, кийинки тепкичтерде Коста Рика, Эквадор, Сальвадор, Эфиопия, Гватемала, Гаити, Индия, Индонезия, Ямайка, Кения турат.


Эң бийик шаркыратма

Анхель - дүйнөлөгү эң бийик шаркыратма болуп эсептелет. Анын бийиктиги 978 метрди түзөт.

Шаркыратма Түштүк Америка менен Венесуелланын чектешкен аймагында чытырман токой менен курчалган бийик тоолордун арасында жайгашкан. Ага жөө бару такыр мүмкүн эместигин алпинисттер да, туристтер да өз баштарынан өткөрүшкөн.






АКЫЛ КАЗЫНАСЫНАН…