Өкмөт тарапта эмне кеп?

Өлкөнүн түштүгүндөгү курулуш улантылууда
2011-жылдын январь айынан сентябрь айына чейин өлкөнүн өкмөтү түштүктү калыбына келтирүүгө көп суммадагы каражат жумшады. Бул максатка өлкөнүн резервдик фондунан 20 млн доллар бөлүндү. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Алмазбек Атамбаевдин Кытайга болгон иш-сапары учурунда 5 млн доллар кайтарымсыз жардам алуу боюнча макулдашууга жетишилген. Ал дагы өкмөт тарабынан өлкөнүн түштүгүндөгү калыбына келтирүү иштерине жөнөтүлгөн.

Бүгүнкү күндө Өкмөт Ошто жана Жалал-Абадда көп кабаттуу 16 турак үй куруп жатат. Анын ичинен 12си Ошто, 4өө Жалал-Абадда. Мындан тышкары, Ош шаарынын И.Раззаков көчөсүндөгү 75 квартиралуу 5 кабаттуу үй толук курулуп бүтүп, пайдаланууга берилди. Азыркы күндө ал үйдө июнь трагедиясында эң жакын адамдарынан айрылган үй-бүлөлөр жашап жатышат. Ошону менен бирге эле Ош шаарында, Ош, Жалал-Абад областтарында 8 көп кабаттуу турак үй куруу пландаштырылууда. Бардыгы, ушундай жол менен квартираларынын жалпы саны 1миң 716ны түзгөн 25 көп квартиралуу турак үйлөр курулат. Анын ичинен 1284 квартира Ош шаарына, 120сы-Ош областына, 280и- Жалал-Абадга, 32си-Базар-Коргонго тиешелүү болот. Мына ушул көп кабаттуу үйлөрдүн бардыгы быйыл курулуп бүткөрүлүүгө тийиш.

1-июнга чейин Ош областынын Кара-Суу районундагы Л.Толстой атындагы орто мектеп, Ош жана Жалал-Абадда 4 көп кабаттуу турак үй пайдаланууга берилет.Дагы ушунча үйдү 2011-жылдын жай айларынын аягында пайдаланууга берүү пландаштырылууда. Калган көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу 2011-жылдын аягына чейин бүткөрүлөт. Учурда Жол кыймылы коопсуздугу бөлүмүнүн жана Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгынын РЭОсунун имараты курулуп жатат, С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын имараты, Р.Абдыкадыров атындагы филармониянын имараты капиталдык ремонттон өткөрүлүп бүтүп калды. Ош шаарынын Ак-Буура көчөсүндөгү автомобиль жолу (узундугу-3 чакырым) Базар-Коргон айылындагы Бекмамат Осмонов көчөсүндөгү автожол (узундугу-2800 метр) калыбына келтирилүүдө.Жакынкы аралыкта Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун Оштогу бөлүмүнүн Ош шаарындагы имаратын реконструкциялоо жана кошумча курулуш куруу иштери башталганы турат.






  Эркин төр

Нурлан Мотуев:
"Текебаев президенттин укуктарын өз колу менен бутап, кесип салат да, кайра өзү президенттикке жулунуп жатат"…
- Нурлан мырза, сиздин уюм 1916-жылдагы падышачылык Орусия уюштурган кандуу Үркүн үчүн азыркы орус бийлигинен 100 миллиард доллар талап кылып чыкты. Аныңыз Орусиянын бир топ Интернет сайттарына жарыяланып кетиптир. Аягы эмне менен бүтчүдөй?
- Ооба, Орусиянын көп сайттарына чыгыптыр кайрылуубуз. Мени таңкалтырганы, ошол кайрылууга комментарий жазышат го окурмандар. Орусия окурмандары кандайдыр бир түшүнүү менен мамиле кылышып, чымчылап, жеңил юмор менен жооп берип жатышса, өзүбүздүн эле Кыргызстандагы сайттардын "киргиз" окурмандары мени тилдешип, сөгүшүп, орустарга ачыктан-ачык эле кошомат кылышып, жан тартышкандары болду. Анан биз кантип өнүгөлү, биз кантип өсөлү? Дагы жакшы, Кыргызстан деген мамлекеттүүлүгүбүз бизге, сизге окшогон тоолук нукура кыргыздардын күжүрмөн руху-духу үчүн кармалып, тамыры бекем болуп турат. Болбосо, бул киргиз деген иттериңе кимге кул болсо деле баары бир окшобойбу.
Мен ошол Орусия атуулдарынын менин кайрылуума жооп жазгандарын ар кайсыл сайттардан окуп отуруп, бир кызык маалыматка туш болдум. Көрсө, кандуу геноцид үчүн Орусиядан кун-айып-пул талап кыла элек биздин эле мамлекет экен. Мисалы, Литва геноцид үчүн Орусиядан расмий түрдө 280 миллиард доллар, Латвия 100 миллиард доллар, Эстония 4 миллиард доллар, Молдова болсо Россиядан 28 миллиард, Грузия 5 миллиард доллар, Украина 10 триллион доллар Орусиядан талап кылып келе жатыптыр, небактан бери эле. Ал эми Венгрия 1 миллиард доллар, Румыния 2 миллиард доллар, Польша болсо Орусиядан геноцид үчүн 5 миллиард доллар өндүрүүнүн айласында экен. Тобо-о-о, деги бул океңдер ыдык көрсөтүп, канабайран салбаган өлкө калганбы деги, бул чөлкөмдө? 1916-жылкы кыргынды кыргыздар эле көргөн экен десем, көрсө, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан да бул кырсыктан аман калбаптыр да. Муну мен интернеттен таап алып отурбайымбы.
- Демек, мамлекет жетекчилиги батынбаган маселени сиздин уюм көтөрүп чыккан экен да?
- Тоталитардык - советтик система жалтак кылып койгон биздин төбөлдөр баш көтөрө алмак беле? Дале болсо муну биз, нукура мусулмандар көтөрүп чыгабыз да. Биздин коркконубуз бир гана Аллах. Жана анын тозогуна түшүп калбоо.
- Айтмакчы, президенттик шайлоого 80 талапкер чыкканына кандай карайсыз?
- Текебаев апкелген ашмалтай Конституциядан биз эмне жакшылыкты күтмөк элек? Ушундай болмок. 120 депутат, 120 мини президенттер келди деп өткөн күздө эле мен гезиттерге интервью бербедим беле. Демек, 80 талапкерге таң калбай деле койсоңор болот. Жогорудагы 120 депутат, мини президенттердин укуктары укуруктай эле узун. А жоопкерчиликтери ныпым эле жок болуп жатпайбы. Мамлекеттик бийликти бала бакчанын оюнундай эле, аукционго айлантышты. Бир депутат 10у үчүн кнопка басып, добуш беришип, Б.Калыевди бошоткула деп 60ы кол коюп, кайра митингчилер Ак үйгө киргизбей коюшса, 30у койгон колунан танып чыгышпадыбы. Бала бакча эмей, анан эмне бул? Мамбийликтин куну кетти, өкүмдарлык касиет эл башчыларда калбады. Бүгүн эл башчы деген бирөө барбы? Жок.
- Атамбаевчи? Спикер, президентибиз бар го?
- Конституция боюнча премьер-министрдин бийлиги чоң экен. Анда эмнеге Атамбаев президенттик таймашка түштү? Текебаев эзели өзүнө буйрубай келген (буйрубайт дагы) президенттик бийликти болушунча кесип, бутап матап отуруп, чодойтуп койду эле, анда неге жанталашып бул орун үчүн күрөшкөнү жатат? Айтып атпайымбы, ашмалтай бийлик болуп калды. Бүгүнкү күндө бизге түшүнүктүү Конституция, адилет падыша, ак дилдүү депутаттар керек. Азыркыларың жарабай калды. Алла-Таала да буларды жазалап, бюджет дефицити 22 миллиард болгондой тартыштыкты жаратып койду. Өлкөдө стабилдүүлүк жок. 50 кишини уюштурганы эле Ак үйдү коколой жыгылып, маселесин чечип кетчү болду. Бул бийлигиң өзү да коркок - билиш, жалтак. Албетте, банк ячейкаларынан бөлүшүп кеткен миллиондор, түштүк кыргыны, МегаКомду канабайрам кылгылары келгени, кыскасы бардык куйруктары булайып чыкканы жатпайбы. Анан коркок - билиш болушат да.
- Сизден реалдуу сунуштар барбы?
- Мен азырынча талап кылам. Адилеттүүлүк тепсендиде калмай болду. Андыктан, президенттикке талапкерлер бардыгы бирдей шартта старт алыш үчүн, азыркы мамбийликтеги Премьер-министр А.Атамбаев, ЖКнын депутаттары Ө.Текебаев, К.Ташиев, Н.Тюлеев, М.Султанов, Т.Бакир уулу, А.Жапаров ж.б. кызмат орундарын толугу менен өткөрүп беришсин. Болбосо, административдик ресурс деген балекет жер-жерлерде булардын партияларына иштеп, мэр, аким, губернатор дегендер булардын сөздөрүнөн чыкпай, биздин адамдарга түрдүү кысымдар болуп атат. Шайлоо эң балит оюнга айланмай болду. Анда эле жаңы шайланып келген президенттин легитимдүүлүгү күмөндүү болот.
- Саясатка аралашып аткан ырчы-чоорчуларга, куудулдарга кандай карайсыз?
- Музыка коштоосунда ырдоо шариятта арам делген өкүм бар. Ал эми куудулдар артистерден өткөн күнөөкөр, бетпак болуп саналат шариятта. Мага ишенбесеңер, бул жөнүндө муфтийден сурагыла.
- Сиз элге 10 миң тонна бекер көмүр тараткансыз да. Аныңыз 10 миллион доллар болуп кетет экен го! Кыргызстанда сиздей меценат чыга элек го дейм.
- Көп жыл зарыккан эл өз үлүшүн алды. Акыбети Аллахтан кайтсын!
Суроо салган Алтынай Бакирова