Дүбүрөйт, дүбүрөйт

"Чоң казат"
Чоң казат: "Эшек оюн"
(азил-чыны аралаш)

Асман жердин ортосу чаңдан күндүн көзү көрүнбөй тоз болуп, кара жер ат туягынан эзилип жер бети ылай болуп, аргымак, буудан менен дулдул, тобурчактардын таноолорунан чыккан буудан, эрлер менен шерлердин жондорунан чыккан терден аба бууланып ая айкырык чыгып ак, көк, кызыл туулар шамалда желпилдеп, ал баатырларга дем берип турчу чоң казаттын жарышы башталаарына бүгүн туура 24 күн калды.
"Баатырдын ажалы жоодон, мергендин ажалы зоодон" дейт, Бурут эли. Мына ушул накыл сөздү билишкен так талашчу баатырлардын айымдары "не бар, не жок" дешип эмитеден кошок кошконду үйрөнүшүүдө. Ал кошоктун бири мындай экен.
Кыйла жыл датка сен болдуң,
Кашыңда жубай мен болдум.
Казатта кыя кылыч жеп,
Каралуу тулуң мен болдум, аа…
Амалкөй жаның бар эле,
Акчага мени карк дебе.
Акырет жайы чын болсо,
Акчадан жыйна дагы эле, аа…
Антпесең ашың бербеймин,
Ардактап сени көнбөймүн.
Азапта калдым эми деп,
Артыңдан сенин өлбөймүн, аа…
Ойронум эми кайыр кош,
Ойсоктоп турчу көңүл тоз.
Ойлосо эгер эркектер,
Олпоктой болгон койнум бош, аа…
Бул кошоктун арты болжолдуу жесирдин ичинде азырынча катылуу экен. Буруттардын башкы вазири Атамбайдын Алмазбеги илгерки Төрөгелди баатырдай Көлдү үч айлантып чапкандай ниет кылды окшойт. Көтмалды, Тоң каганаттарына барып жоо өңүтүн алып кайтты эле, ага удаалаш Текебайдын уулу Өмүрбек датка Бууданды алкынтып жанына жан жигиттерин алып Сары-Өзөн Чүй боорунда жашаган Солто журтунун Талкан, Бөлөкбай, Чаа тайпаларын кыдырып, калктын маанайларын сыдырып көрүм менин колума кошулуп чоң казатта мени менен бир болсуңарбы? дегендей ачык айтпаса да, аларга жылуу жүз көрсөтүп, алда немелерди саймердеп сүйлөп кайткан экен. Эми Солто журтунун баштары маң болуп кайсы колду ээрчирин билбей турушат дейт. Нагызы Солто кулуну ишенген Темирибиз чоң казатка аттанбай койду. Чулдур сүйлөгөн Феликс үн дебеди. Алмазбек вазир Солто журтунун ичинде төрөлүп чоңойсо да Кытай тайпасын таап алып ошолорго небактан бери ыктай баштады.
Байболдун уулу Кубатбек деле Солтодо төрөлүп Солтодо чоңойуп, эрезе даражага жетти эле бирок, мунун уурусу да Солто эмес экен, Дөөлөс экен көрсө. Өмүрбек датка үчөө тең Буруттардын Сол канатынан. Я кокуй, хан тактыны талашчу Байтик баатырдын, Жангарач менен Чолпонкул бийдин тукумдары кайда? деп күйүп жатышкан экен. Алмазбек вазирге Өмүрбек датка менен Кубатбек алып сатарга кыйын болуп калды окшойт. Себеби, чоң казатка "Асаба" деген көк туусун көк асманга жалпылдатып Дыйкандын уулу Салмоорбек мударис аттанмай болгону жалпы журтка маалым. Шаарда туулуп, шаарда төрөлүп өссө да Бурут дегенде жанын берет, өзү Солто журтунан. Кадимки Жайыл баатырдын түздөн-түз тукуму. Салмоорбек мударис Чүйдүн батышындагы Ашпаранын суусунан жогору карай Токмокко чейин жортуп жиберсе намыска бекем Солто журту казатта Салмоорбектин артынан селдей каптап беришет. Эгер ал өзү күмүш дилдеге же бир ордодогу бектик даражага азгырылып кетпесе. Солто журту бекер эле капаланып жатышат. Алардын көтөргөн көк Асабасы, казатта кимиси болсо да бабасы Жайылдан калган сыр найза менен качырып сала бере турган Салмоорбек мудариси бар. Анын артында Бурут эле Бурут деп ураан чакырган улутчул топ бар. Бул топ 30 күн өзөрүшүп орозо кармашкан датка Турсунбай Бакир уулунун тоюуна караганда алда канча кубаттуу топ. Кезиндеги Көк "Асаба" тобуна кадимки баатыр башы Бекназардын уулу Азимбек, Роза ханыша да кошула калышып: "ашынган улутчул, Бурутчул экенсиңер" деп кайра чыга качышкан, башка жамааттарга жаман көрүнүп калаарын сезишип.
Казатка чоң камылга менен кирчү Камчыбек датка Анжияндын өзбек усталарын жаратпай, Бухара менен Самарканддын фасри усталарын алдырып өзүнө жүз башы, миң башыларына, жекеме - жекече чыкчу баатырларына сайыштарда учунан, чабышаарда мизинен шырылдап от чыгып кетчү найза наркескен кылычтарды жасашып жатат деген кабар тарады.
Айтмакчы, Алмазбек башкы вазирдин усталары өңчөй Ас Түрктөр экен. Ас Түрктөрдүн ийри кылычы да далай элдерди Балкан жарым аралындагы тайпалар менен Украин, Армян, Орус журтунун моюндарына нечен ирет чабылган. Мындан 4 кылым илгери күч кубатын жоготуп кыргыз, казак, өзбек журтуна сиңип, көбү Мажарстанга (Венгрия) ооп кетишкен бир кездеги жоокер кыпчактардын урпактары эмеспи Өзгөн каганатынын беги Адахан бек. Бул дагы болот, темир ийлетип Өзгөн күрүчтөй демдешип, апийимдин чыландысына сугартып жоо камын көрүп жаткан кези экен. Бая эсимден чыга түшүптүр, Камчыбек датканын куралдары да апийимдин чыландысына сугарылат экен, курч мизи майтарылбас үчүн. Апийимдин чыландысына сугарылган курал беттешкенине тийбесе да, анын жыты адамды эңги-деңги кылып жиберет дешет. Кокус бул куралды алып жүргөн жоокер аны жалап койсо эч нерсени сезбей согуш майданында жүргөнүн эстен чыгарып коет экен.
Зулумхандын жардамчысы болуп жүрчү Адахан бектин үкасы бекен же жоросу беле Эргештин уулу Алтынбек хан тактыны талашчу кезде жалгыз калбасын деп анын кашына барды дейт. Зулумхандын иш башкаруучулары болуп жүрчү Тоң каганатынын Саягы Төлөбайдын балбагы менен Анжияндык Ормуштун уулу Салават да Адахандын эки ыптасында эки этегин басып отурушкан кези экен. Адахан сыяктуу эле бул үчөөнүн тең азыркы ордодогулардын "кетпес кеги, өчпөс өчү" барлар. Ананчы, булар Зулумхандын тушунда жудаа чардашып "эшек оюн" салышкан эле. Ушулар эми дивандагы (парламент) даткалардан кийин өзүлөрүнчө кутумдашып кандай болсо да тактыга, тактынын тегерегине кайра келүүнү көздөшүп турган кези...
Көлдүн тескейиндеги Тоң каганаты талашка түшө турган болуп калды окшойт казат алдында эле. Себеби, Кумтөрдүн алтынынан түшкөн күмүш дилдени кармашып жатып Жети-Өгүз, Тоң каганатынын казыналарына бир аз да болсо бурган кадимки Исабектин уулу Кубанычбек, Тоңдун өзүнөн Малинин уулу Арсланбек өздөрү чоң казатка аттана турган болуп күл азыкка балык кургаттырып жатышканын эл сөз кылып турган кези. Сыягы туздуу балык жеген жоокерлер суусундугуна Барскондун суусун шимирип турушат шекилдүү. Кудай уруп бул сууга Канадалыктар цианид уусун куюп жибербесе эле болгону.
Так талашып казатка аттануучу Таластык Кызыл чок Субанаалынын Өмүрбеги, Иманкулдун Мараты, Үмөтаалынын Токтайымы жана башкалары: ак келте, кара келте мылтыктарга ок куйбайбыз, коргошун коротуп эмне кылабыз, жоону төө буурчак менен жаадырабыз дешип, коргонуу амалына өтүшүп канатташ казактарга көп болчу төөнүн чуудасынан ок өтпөс олпок токутушуп жатышкан кези экен. Ушинтип отурушуп аталары болгон кадимки Атай комузчу, ырчыдай "Күйдүм чок" болуп кетишпесе болду.
Казатка карата аргымак буудандарды бир маал арпа жем берип кубаттуу кармаш керек. Күн болсо сууктап бара жатат. Баш вазир казат менен алек болуп жатканда Суусамырдын арпасы адатынча кардын астында калып, ай туяктар эттеринен азып кетет го я? Анда казатта аттардын ат үстүндө кулаган баатырларды туурап мурундары канабай, элдин боорун эзип отурушат Борончу же Жамбыл келип такка отурушат.

Жолдошбек Токоев