Өй-өө-й…

"Астроном" Чубак ажы жана бийлик
Башкы мыйзамда дин мамлекеттен ажыратылса дагы бирок бул экөө кыйла жылдан бери камыр-жумур болуп келишет. Эгемендүүлүктү алгандан кийин: "Кокуй Совет бийлиги дилибизди, динибизди алып койду эле" деп кыйкырган менен, ислам динин 20 жылдан бери муфтият жөндөй албай келет. Өлкөдө ар түрлүү диний багыттар үстөмдүк алды. Ак үйдүн ичине намазкана ачылды. Кечээ жакындагы орозо айттын ызы чуусу али да болсо сууй элек.
Отуз күн орозо кармагандар, же жөн эле арбактарга куран окутам дегендер 29-30-августта баштары маң болуп жатып калышты. Мунун себеби, муфтий Чубак ажы: "Мен айт күнүн айды карап айтам" дегени себеп болду. Сезимтал адамдар Чубак ажынын мындай кадамын дароо байкап, муфтият менен саясат биргелешип кетти деп таамай болжолдошту. Анткени, 31-август күнү Борбордук аянтта өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгын белгилемек. Дал ошол күнү эски аянтта айт намаз болмок. Бийлик эки аянттагы эл аралашып кетип, 20 жылдык майрамдын шаңын бузат дешсе керек. Ал эми Чубак ажы болсо селдесин ылдый түшүрүп, бийликке таазим кылып, ага макул болгондой. Ошентип, Чубак ажы айт күнүн айды карап айтам деп туруп, 29-августтун түнүндө 30-августта айт болоорун жарыялады. А чындыгында ислам дини менен планеталардын эч кандай тиешеси жок болчу.
Ошентип, мөөнөтүнөн бир күн эрте капыл-тапыл айт майрамы өттү. Ыйык курандын Мухамбет пайгамбардын көзү тирүү кезинде жазылган эки түп нускасынын бирөөсү Сауд Аравиясынын Мекке шаарында сакталып турса, экинчи нускасы Ташкент шаарынын тарых музейинде сакталуу. Өзбекстандын шаарларында 300-400 жыл мурун курулган Хазирет-Хызыр, Була мечиттери Мир-Араб, Улукбектин медресеси ушу күнгө чейин жашап келет. Ушундай мечиттер менен медреселер бар. Эң негизгиси биз Чубак ажынын "чудолоруна" аргасыз макул болуп, четтиксиз айтка аттап өтүп атканыбызда, ыйык курандын түп нускасы сакталган Өзбекстан мамлекети айт күнүн 31-августта майрамдашты. Буга "астроном" Чубак ажы эмне деп жооп берер экен?
Күлчоро Кабылов




Түлеев Москвада
Ажо тактысы үчүн аламанга аттангандардын ичинен алдыга баратат дегендердин бири Нариман Түлеев учурда Москвада жүрөт. Айрым маалыматтарга таянсак Оруссиянын үлкөн көзүрлөрү менен жолугушуп, андагы кеп өзөгү алдыдагы шайлоо жөнүндө болуп жатканы айтылууда.
Айтмакчы, Н.Түлеев Москвага аттанаар алдында А.Атамбаев менен жолугушкан.




  Ашка жүктөн, башка жүк

Жогорку Кеңеш таркайбы?
Элдин жонундагы "ашка жүк, башка жүк" болуп жети ай иштеген түр көрсөтүп, эки ай эс алууга кетишкен депутаттар корпусу президенттик шайлоо өтүп жаңы өлкө башчысы бийликке келгени эки чылбыр, бир тизгинди колуна кармагандан кийин чилдей тарай турган болуп калды окшойт. Оболу депутаттардын эс алууга кеткендиги жөнүндө бир ооз сөз.

Кыргыз республикасынын эмгек кодекси боюнча жаңы ишке кирген адам ошол иштеген жеринде 11 ай толук кызмат өтөгөндөн кийин бир ай эмгек өргүүсүн алат. Ал эми "мыйзамчыл" жан багарлар мамлекеттин мыйзамын одоно бузушту. Мыйзамды түкүрүп ойношкон жок. Эми Жогорку Кеңештин таркатуу себептерине токтололу.
Адамзат коомунда 18-кылымдын акырында Француз элинин ойчул уулу Монтескье: "Бийликти бир адамдын колуна топтоо элди эч бир прогресске жетиштирбесин, ал үчүн мамлекетте бийликти сот, аткаруу, мыйзам чыгаруу бутактарына өлүү керектигин өзүнүн "Мыйзамдын духу" аттуу (Дух Законов) фундаменталдуу эмгегинде көрсөткөн. Өткөн жылкы жаңы Конституция мыйзамдын духунда эмес кыргыз ашмалтайчылыгынын духунда жазылып, ал көмүскө оңдолуп, кабыл алынды болуп калды. Натыйжада коомдун чыныгы мүдөөсүн көздөбөгөн, улуттук ментальность деген олуттуу нерсе ылайыксыз болуп, мамлекеттик башкаруунун фундаменти жасалма, борпоң түзүлгөндөн пайдаланган эки жүздүү шылуундардан турган курамда Жогорку Кеңеш түзүлдү. Депутаттар мандат алаары менен Конституцияны чала даярдагандыгынан пайдаланып, так жазылган статьяларына көз жумушуп өз билгендериндей бурмалашып анын ашмалтайын дароо чыгарышты. Ошентип, бийлик бутактары таптакыр чакчелекей абалда, тополоңу тоз болуп турган кези.

(Уландысы 6-бетте)