ИИМ: Чыныгы сенсациялар али алдыда…
БАСМА СөЗ КАРАЖАТТАРЫНА ЧЫККАН МАТЕРИАЛДАР БОЮНЧА ТАКТООЛОРДУ, ТОЛУКТООЛОРДУ ЖАНА АЧЫКТООЛОРДУ ТЕРГөө АМАЛДАРЫНЫН ЖАШЫРУУНДУЛУГУН ЭСКЕ АЛУУ МЕНЕН ИЧКИ ИШТЕР
МИНИСТРЛИГИНДЕГИ БИЗДИН ИШЕНИМДүү БУЛАКТАР БИЛДИРЕТ

Акыркы убактарда айрым бир басма сөз каражаттары, Кыргызстандын жарандары ИИМдеги акыркы сенцасиялуу кылмыштардын ачылышын көрө албагандай мамиле кылып жатат. Сенсациялар али алдыда экендигин эске алуу менен ИИМ төмөнкү жагдайларды ачыктап турган кези. Бул "ачыла элек сандыкта, бычыла элек кундуз бар" дегендей эле кеп. Бул маалыматтар ал сенсациялардын бир эле үзүмү.


А.Мадумаров боюнча: Ички иштер министрлиги Президенттик администрациянын экс-жетекчиси М.Садыркуловдун, "Консорциум - Инициатива" фирмасынын аналитиги Сергей Слепченко менен айдоочу Кубанычбек Сулаймановдун кандуу өлүмүнүн ачылышына байланыштуу өткөрүлгөн пресс конференцияларда да жана массалык маалымат каражаттарына берилген маалыматтардын биринде да, андан кийин да А.Мадумаровдун атын эч жерде атаган эмес. Бул журналисттердин изилдөөлөрү экендигин айрымдар биле жүрүүсү керек.
Бул, биринчиден, ал эми экинчиден болсо биз ошол журналисттерге тараткан маалыматтарыбызда ИИМ аталган кылмыш ишин тергөө учурунда ошол кездеги өлкөдөгү ички жана сырткы коопсуздукка жооп берген чиновниктердин бардыгы тең тергөөгө көрсөтмө бере тургандыгын турган баса белгилегенбиз. Анткени, мамлекеттик денгээлдеги адамдардын өлүмү- катардагы кылмышка кирбестигин баса айтканбыз. Алардын ичинде коопсуздук Кеңеши, ИИМ, Генпрокуратура бар. ИИМ тергөөсү баардыгын өз кезеги келгенде суракка чакырат. Алардын бирөөсү да сураксыз калбайт. Айрымдары шайлоого катышып жаткандыгын бетке карманып, ИИМ маалыматтарын кара пиар дей турган болсо, шайлоо да бүтө тургандыгын, жана ИИМдин аларга суроосу абдан көп экендигин ыйгарым түрдө баса белгилейт.

Генерал Р.Раимбердиев боюнча : Алгачкы тергөөнүн жүрүшү аныктагандай бул генерал Р.Раимбердиев М.Садыркуловдун өлүмүнө тиешеси бар экендигин аныктоодо. Ал бекеринен кармалган жок. Андан чуу чыгарып, кармалаар замат эле, алдын ала даярдап койгон митингичилер, плакаттарын алып көчөгө чыкканынын өзүндө эле күмөн сыр турбайбы. Болбосо, аныгын билип туруп, аны колдош керек болчу. Ал азыр эч жакка кетпейм деген - тергөөнүн чечими менен үйүндө олтурат. Ал эмнеге кармалды экен. Көрсө ал ИИМдин ошол кездеги жашыруун чалгындоо башкармалыгын башкача айтканда 7-башкармалыкты жетектеп турган. Албетте, ал кызмат ИИМ министрине түздөн түз баш ийет. М.Садыркуловдун өмүрүнүн акыркы күндөрү анын көзөмөлүндө да болгон. өзүнүн ишенимдүү балдары М.Садыркуловдун баскан-турганын күнү-түн аңдууга алган. Аңдыган балдарга аткарган кызматы үчүн Р.Раимбердиев доллар менен күнүгө төлөп турган. Баарынан кызыгы 2009-жылдын 13-мартында "Акжол" постунда М.Садыркуловдун келишин аңдып турган "Р.Раимбердиевдин чалгынчысы" кара басып уктап калып, М.Садыркуловду өткөрүп жиберип жатпайбы. Анан саат танкы саат бештер чамасында экөө чалышат. Болоору болгонун байкаган Р.Раимбердиев тиги "чалгынчыга" "отбой" берет. Болду эми сен кете бер, иш бүттү дегендей кылып… Анан ал генерал сурак бериши керекпи же жокпу. Бул айтылгандар далилденген жана тергөө ишине тиркелген… Бул чекеси эле. Ал гана эмес анын чалгынчылары "ө.Текебаевди, Т.Сариевди журналист С.Абдылдаевди жана башкаларды" да аңдууга алгандыгы азыр ачыкталып жатат. Айтмакчы, жакын арада С.Абдылдаевге байланышкан кылмыш ишинин да ачылып калышы толук мүмкүн.

Ошол кездеги убактылуу депутаттык комиссия боюнча: ЖК 2009-жылдын 13-мартындагы жол кырсыгын иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзгөн эле. "Акжол" партиясынан алтоо, коммунисттерден бирөө. Комиссиянын мүчөлөрүн күнөөлөнүп жаткан ө.Осмонов менен жолуктурушкан эмес. Комиссиянын мүчөлөрү жана төрагасы- бул өлүмдү жол кырсыгы деп бүтүм чыгарышкан. Ага бир гана депутат аял кол койгон эмес. Ал ө.Осмонов менен жолуктургула деп талап койгон. Бирок анын талабы орундалган эмес. Комиссиянын чечим-жыйынтыгына да каршы болуп, колун койгон эмес. Ал азамат аял бүгүн да бул кылмыш боюнча өз пикирин коомчулукка билдирди жана тергөөгө көрсөтмө берүүгө даяр экендигин айтууда.
М.Конгантиев жана Э.Сатыбалдиев тууралуу ИИМге журналисттер көп суроо берип жатышат. Дагы баса белгилеп айтып кетели. Булардын ысымдарын ИИМ эч жерде атай элек. Бирок кезеги келгенде булар да суракка тартыла тургандыгына эч күмөн жок деп эсептейт тергөө процессии.

Чолпон Жакупова тууралуу: Тергөөнүн жашыруундулугу каякта дегендей пикирин билдирүүдө. ИИМ тергөөнүн жашыруундуулугун сактоо менен бирге көп нерселерди али ачыктай элек. ИИМдин журналистерге берген маалыматтары бул кыска гана эпизоддор. Мамлекеттик маанидеги окуя-кылмыш ачылып жатса-тергөөнүн сыры деп эч нерсе айтпай коймок белек. Бүтүн дүйнө кыска болсо бул маалыматтарды күтүп жаткан. Айрымдары, бул кылмыш ачылбайт деп да эсептешкен.
Элмира Ибраимованын айткандарына толуктоо: М.Садыркулов тирүүлөй өрттөлгөн эмес. Аны өлтүрүшкөндөн кийин гана машинада шериктери менен өрттөлгөн. Жансакчылары тууралуу ар кандай кептер айтылууда. Тактап кете турган нерсе М.Садыркулов кызматтан кеткенден кийин анын эч кандай жансакчылары болгон эмес. Беришкен да эмес. Эки гана айдоочусу болгон. Болгону ушул.

Саясатчы А.Бекназа-ровдун айтуусуна толуктоо: Тергөөнүн жыйынтыктары тууралуу, адамдарды күнөөлөп, камагандыктарын айтуу али эрте. Дыкаат тергөө керек, жөн гана жар салуунун кереги жок, дегени боюнча. Туура айтасыз, сиздин сын пикирлер эске алынат, бирок ИИМ эч кимди бекеринен күнөөлөгөн жок, тергөөнүн жыйынтыктарын али айта элек жана да жар салган да жок. ИИМ жөн гана өз ишин жогорку чеберчилик менен жүргүзүп жатат жана миллиондогон адамдардын күткөн жаңылыгын журналисттер коому жан койбой сурап жаткан кезде, айтпай койуу тура эмес болуп калат. Анны сиз жакшы билесиз. Калемгер досторубуздун алдында ток этер жерин гана айттык, ал эми калгандары алардын журналисттик изилдөөлөрү болуп эсептелерин Сиз да жакшы билесиз. Жүздөгөн күнөөлүү адамдар -кылмышкер-чиновниктер жакында ачыкталат. Сиздин да оппозицияда жүргөн кезиңизде артыңыздын калбай аңдыган "чалгынчылар" да аныкталып калышы толук мүмкүн.
ШАБОТОЕВ БОЮНЧА: Бул кылмыш да жакын арада ачылышы мүмкүн. Себеби, азырынча кылмыш иши толук изилденип. Шектуу жагдайлар такталууда. Бул саясый олум болгон.Аны Бакиевдердин бийлиги заказ кылган. Зикирбаевдердин мойнуна М.Конгантиевдер илип коюшкан.

ЭКСПЕРТИЗАЛАР БОЮНЧА: Президенттик администрациянын экс-жетекчиси М.Садыркуловдун, "Консорциум-Инициатива" фирмасынын аналитиги Сергей Слепченко менен айдоочу Кубанычбек Сулаймановдун кандуу өлүмүнө байланыштуу 18 түрдүү экспертиза дайындалып, алардын бардыгы тең жол кырсыгы болгон деген бүтүмдөрүн чыгарган. Мына ошол экспертиза жүргүзгөндөрдүн бардыгы тең акырындап суракка тартылууда жана алар жоопкерчиликтерин тартууга тийиш деп эсептейт тергөө. Россиядан жасалган гана экспертиза -ДНК, өлгөндөрдүн ким экендиктерин аныктап берген. Калгандарынын бардыгы буйрутмалардын коркутуусу менен жол кырсыгы деп чыгарылган чечимдер
Учурда тергөө иши тынымсыз, күнү-түнү жүргүзүлүүдө, сенсациялык билдирүүлөр али алдыда…
ИИМ. Ишенимдүү булактар.