Шаботоевдин өлүмүн Зикирбаевдин мойнуна күч менен алдырышты беле?
М.Садыркуловдун өлүмүнө байланышкан кылмыштын бети ачылгандан тартып, ага чейин жасалган өлкөбүздөгү бир катар чуулгандуу адам өлтүрүүлөрдүн пардасы сыйрыла баштады. Айтсак, депутат Руслан Шаботоевдин өлүмүнө Р.Акматбаевдин тобуна кирген, ИИМдин "спецназында" иштеп кеткен Жумабек Зикирбаевдин тиешеси жок экендигин депутаттын адвокаты Кайрат Зигибаев айтып чыкты.
"Р.Шаботоев президенттик администрациянын мурдагы башчысы М.Садыркулов менен жакшы мамиледе болчу. Ушуга байланыштуу К.Бакиевдин жакын айланасы андан чоочулашып, өздөрү эле жок кылып коюшкан болуш керек. Аталган кылмыш боюнча тергөө ар тараптуу жүргүзүлбөстөн, үстүртөн эле каралып, депутаттын өлүмү боюнча версиялар оперлер менен тергөөчүлөр тарабынан ойлонуп табылган деген ойдомун. Себеби, кылмыштын версиясы Ж.Зикирбаевдин гана көрсөтмөлөрүнүн негизинде түзүлүп, анын чын-төгүнү такыр текшерилбегени көптөгөн суроолорду туудурат"- дейт адвокат.
Эске салсак, Р.Шаботоев 2008-жылы 30-сентябрджан 1-октябрга караган түнү дайынсыз жоголуп, арадан туура бир жыл өткөн соң гана анын сөөгү Байтик айылынын жанындагы жол жээгинен табылган.
Айрым булактардын билдиргенине караганда, Ж.Зикирбаев камакка алынганда К.Бакиевдин үй-бүлөсүнө гана кызмат кылган күч структуралары Р.Шаботоевдин өлүмүн мойнуна алса, темир тор артында өлтүрүлбөй тирүү жашоо укугун берерин айтышып, телекамерага эмне деп айтуудан бери үйрөтүшкөн деген сөз бар. Анан Ж.Зикирбаев мындайга макулдук бербесе, өмүрү менен кош айтышарын жакшы түшүнүп, өзүнүн макулдугун берген соң, аны тергөө изоляторунан алып чыгышып, Байтик айылындагы Р.Шаботоевдин сөөгү көмүлгөн жерге алып келишип, "мобу жерди көрсөтөсүң"- деп кайра алып барып, камап коюшкан имиш. Кийин Бакиев бийлиги өлкөдөн куулганда, Ж.Зикирбаевдердин качып чыкканы маалым. Эң кызыгы, алардын Төмөнкү Ала-Арча айылында жашынып жатканы Улуттук коопсуздук кызматына маалым болгондо, аларды кармоо операциясына УКК ГУБОПтун жетекчилигине билдирбестен, андагы кайсы бир кызматкерди чакырып, дал ошол кызматкер Ж.Зикирбаевди жайлап тынган имиш. Эгер, анын көзү тазаланбаганда, тергөөдө көрсөтмө берип калса, М.Садыркуловдун өлүмүндөй болуп, мында да көптөгөн жогорку кызматтагы адамдардын баштары кылтыйып чыкмак беле деп кетет экенсиң. Кыскасы, "мышыкка оюн, чычканга өлүм"- оюну уланып жаткандай…

Алтынай Бакирова




"Элдик" генерал эмне дейт, эй…
Канкор Бакиевдин буйругу менен 8 жыл түрмөгө кесилип, 7-апрелдеги баатырлардын каны менен эркиндик алган генерал депутат Исмаил Исаков ошол курман болгон, жарадар болгондордун тагдыры, үй-бүлөөлөрүнүн ахвалы жөнүндө, 7-апрель боюнча сот процесстери, андагы үй-түрмөгө бошотулгандар туурасында бир ооз сөз айтканга жарабай келет.
Таң калыштуусу ошол "элдик генерал" 2011-жылдын 22-сентябрындагы Жогорку Кеңештин отурумунда Садыркуловдун өлүмү боюнча СИЗОдо отурган Замир Молдошевди коргоп чыкты. Анын айтымында "Замир Молдошев мыйзам боюнча болгону буйрук аткарган" экен. Ак чөп башта, генерал буйруктардын түрлөрү бар, алардын бири кылмыштуу буйрук. ИИМдин алдын ала билдирүүсүнө караганда З.Молдошев кылмыштуу буйрук аткарган. Депутат И.Исаковдун логикасына таянсак, 7-апрелде элге ок аткандардын да күнөөсү жок болуп чыкпаса болду эми. Анткени, алар да буйрукту аткарышканда. Бирок, мамлекеттик күзөт, улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери, снайперлер сотко "кылмышкер катары тартылууда.
Эркиндик алып, мандатту болуп жаны тынч болгондон кийин эми И.Исаков жердешин "сүттөн ак" кылып жатканын кара. 2010-жылы Бакиев доорунда сиз соттолуп жатканда З.Молдошев кайда эле, я урматуу депутат?...!
Ногойбай Султанов




Танаев 2,5 миллионун уурдатып…
Тээ 2005-жылы, март революциясынан кийин эле жүктөрүн артынып, куйругун түйүп Орусияга кире качкан мурдагы премьер-министр Николай Танаев эч кимдин эсинен чыга электир. А,Акаев президент болуп турган маалда, Орусия бийлигинин суранычы менен (кысым десек деле болот) саясатка такыр аралашпаган, катардагы курулуш компаниясын жетектеп жүргөн эле бир орусту (Н.Танаевди) премьер-министрлик креслого олтургузуп, Кыргызстандын өкмөтүн башкартып койуга аргасыз болгон. (Кийин Орусия бийлиги К.Бакиевге да кудум эле ушундай кысым кылышып, И.Чудиновду премьерлик кызматка сүйрөп келишкен. Илгери А.Масалиев койчуну өкмөт төрагасы кылганычы, анда да Москванын кулагы көрүнөт). Ошентип, мамлекетибиздин экономикасынын эки тизгин, бир чылбырын колуна алган Николай мырза 2005-жылдын мартында бийлик сересинен кулап (кулатышып), Орусиянын Пенза облусуна конуш которуп кеткен эле.
Өлкөбүздүн Башкы прокуратурасы Н.Танаев өкмөт башчысы болуп жүргөн маалында, жеке өзү өкмөттүн токтомун токуп, мамлекеттин фондундагы акчадан 1 млн. долларды өзүнүн уулу жетектеген курулуш компаниясына которуп жибергендиги үчүн айыпталып, кылмыш иши козголуп, ал тургай камакка да алынган жайы бар. Бирок, акчалуу болсоң айла жок экен да, аталган сумманын баарын өкмөткө кайтарып бергиче, прокуратураны көзөмөлдөгөн адам менен жең ичинен сүйлөшүп, ага алынган акчанын кайсы бир бөлүгүн гана берип жазадан кутулуп кетүү оңой тура.
Арадан аз убакыт өтпөй эле "Газпромдун" башчысы Миллердин кеңешчисинин кызматына чакырылып, бир канча миллион доллардын башын чапчыган, Орусиядагы эң бийик (бийиктиги 396 метр) мунараны Санкт-Петербургка куруу ишин дал ушул 66-жаштагы Танаевге тапшырышат. Анын банктагы эсебинде канча бар экенин ким билсин, бирок Санкт-Петербургдун борборунда жайгашкан үйүнөн 2,5 миллион рублин (100 миң доллардын тегереги) жана зергер буюмдары менен катар ноутбугун аз күн мурда шылуундар шыпырып баса беришкен экен. Буга Н.Танаев кейип-кепчип деле койбосо керек. Себеби, анда жоголгон акчаны Николай мырза бир айга жетпеген убакыт ичинде эле жанагы курулушка кеткен цементти аздан кошуп, чыгарып алары бышык…

Алтынай Бакирова




Эркингүл, эмне кылып жатасың?
Өлкөгө эмне кылуу керек, ашканадагы ишчилердин критикалык саны татыктуу иштебеген кызматчылардын санына өсүп кетсе? Бул сыяктуу байкоолор кайдан келди? Ар бир жерден, бир жагынан горизонттогу активдүү саясатташтырылган өлкөнүн жашоосунда айымдардын ар түрдүү шылтоолор менен ар кайсынын башына кабыл кылдырууда.
Мына карап көрсөңүздөр, партиялардын бириндеги фракция менен эмне болду, аялзаты башында турар замат фракциянын ичине бир нече принциптер менен тартип киргизе баштады: мен ашканада тамак жасап жатсам, силер мага тоскоол болуп жатасыңар жана эскерте кетүүчү нерсе ачык түстөгү кийимдерди кийип бардыгына жакшы көрүнбөй, мындан ары жабык жана түз болуу керек. Жылмайып туруп басып кетсе болот, кеп бул жерде эмес, нормалдуу адам бул саптарды окуп жатып бул аталган айым интрига уюштургандардын колундагы марионетка экенин түшүнөт. Эч кандай темир лидерди көрбөйт. Эх, дагы органдарда иштеген деп айтылат. А билесиңерби, бир нече күн мурун эмне болгон. Эсиңердеби, Эркингүл Иманкожоева "ашпозчу-айым" башында турган делегация төрт миң метрге жогору көтөрүлүп кирип келген? Бул дагы нормалдуубу? Бирок, делегациянын айрым мүчөлөрү кен байлыкка деле жетпей коюшу мүмкүн, андан кийин үйүнө, себеби Иманкожоева кесиптештеринин ден-соолугунун абалын аныктагысы келген эмес. Эмне үчүн? Себеби, ашканадагылар деле ошондой - бардыгын билет жана биз үчүн бардыгын чечет. Дагы жакшы, алтын чыгаруучу "Кумтөр" комбинатында тартип бар. Иманкожоеванын курбусун дарыгерлер аз жерден сактап калышкан. Эгер жетишпей калышса эмне болот эле? Ким күнөөлүү болмок? Айта кетүүчү нерсе, бул жерден алыс кетүүнүн кереги жок - ар бир саптын ортолорун окубагыла, байкуш Иманкожоеванын иш-аракетинин артында (паломник) досу жана Каптагаевдин чачтарында илинип турган ашчылар турат. Эмнеге? Кимге? Каптагаев ушундай төрөлгөн, ал бардык ийгиликтүү жана андан кыйын адамдарды көрө албайт.
Ошондуктан кайгыдан улам былтыр күзүндө парламенттик шайлоодо коркутуу иштерин жүргүзгөн, саткан, интрига уюштурган, натыйжада Жети-Өгүз районунун бейөкмөтчүсү Иманкожоеваны КСДПнын тизмесине өткөрдү. Каптагаевдин майлуу беттерин сылап-сыйпап турууга да бирөө керек эмеспи. Азыр болсо Эркингүл Иманкожоева өзүнүн жетекчисинен ашып өтүп ар бир бурчтан өзүн көрсөтөт, мисалга олуттуу кемчиликтерди таппагандан улам кен байлыктагы ишчилердин тамагынын тузу кем болгондугу сыяктуу шылтоолорду айтып чыгат. Биринчиден, алар аныктама боюнча жок, экинчиден кемчиликтерди табуу үчүн мээде себеп болуусу зарыл. А силерге кандай жагат, Каптагаевдин ыйык "адамына" тийгизбөө үчүн Иманкожоеванын парламентте депутаттарды тизип кайрадан шайлоо өткөрүүсүбү? Марш-марш солдогуга, кымбаттуу депутаттар, Каптагаевдин арсыздарына жана анын ашчыларынын аркасынан алга! Жок, баарыбир деле биздин саясий система акылдуу, баткактан князга чыкканга жол берген, ой , кечиресиздер,депутаттыкка? Эң башкысы мурун псевдокняздар француз тилин да болсо үйрөнүшкөн, а бирок биздикилер болсо адаттагыдай эле кыйкырып, митингге чыгып, ызы-чууну башташат. Жана эң негизгиси, "ашчы-депутаттар" Иманкожоева жана алардын ээси Каптагаевди эмне кылуу керек? Эх, Владимир Ильич,сен эмне кылып салдың? Эмне үчүн мамлекетти "ашчылардын" башкаруусуна чакырдың? Алар деген а-ш-ч-ы-л-а-р-да! И-и-и...

Адилет Кайрат