Нурлан Мотуев:
"Балбайдан башкалары баш көтөрө алган эмес…"
- Нурлан мырза, падышачылык Орусия желдеттери 1916-жылы кыргыздарды кырганы үчүн орус бийлигинен кун айып пул талап кылбады беле, сиздердин кыймыл? Анткени менен бул талабыңыздар катуу ызы-чуу жаратты. Орусиянын биздеги элчиси В.Власов биздин ТИМге нота протестин жибериптир деп уктук?
- Ошол "орус" кара жерге кирсин. Өкүмзордук менен бир улутту тукумкурут кылгандары аз келгенсип, эми догурунуп турушкандарын карачы. Текеберлик кандарына сиңген да. А текеберлик - бул Аллахтын 99 сыпатынын 1 сыпаты, 99 атынын 1 аты - Аль - Мутакабиру: "Всевышний. Превосходящий все творения; Единственный Обладатель Истинного Величия". Алла Тааланын ушул сыпатын пенделерден кимде-ким талаша турган болсо, ал Аллахтын жек көрүүсүнө туш болот. Муну түшүнгөндөр көбү азыр Исламга кирип, өздөрүндөгү текеберлик сыпатты жоюп, момун жөнөкөй болушууда. Бирок, Орусия бийлигинде азыр көбү текеберлер. Андыктан, башында жалгыз Чеченстан менен согушуп атса, эми Дагестан, Ингушетия, Кабарда, Болкария, Карачай, Ногой деген республикаларды өздөрүнө каршы коюп алды. Демек, исламда айтылып жүргөндөй 1 шахиддин канынан 10 жаңы мужахид пайда болот дегенди өз көзүбүз менен көрүп жатабыз. Ал эми шейит кеткен миңдеген кыргыздын канынан канча жаңы мужахид пайда болоорун элестетип көргүлө?
- Бирок, 1916-жылкы көтөрүлүш улуттук боштондук маанайда болгон да. Же исламчылар да аралашты беле?
- Эзелтеден бери эле ата-бабаларыбыз исламчы, момун-мусулмандар болгон. К.Жантөшев, А.Убукеев, Ш.Садыбакасов, К.Маликов, А.Токомбаев, А.Станов, Т.Касымбековдун чыгармаларын окусаңыз, түшүнөсүз, кыргыз ата-бабаларыбыз мусулман болгонун. 5 маал намаз окушкан, 3-4төн аялдары болгон, даарат алышкан, тесме тартышкан, ажыга барышкан. Сүйлөгөн сөздөрү, терминдери бүт исламча. Башында Орусия менен бириксек эле өнүгүп кетебиз деген ой менен кыргыздын көп манаптары элчи жиберип атып, өз ыктыярлары менен кошулушпады беле. Айрыкча түндүктүн манаптары. Балбай баатыр гана каршы болуп, орустардын бир отрядын кырып салган. Өкүнүчтүүсү, туткунга түшкөн Балбай баатырды Верный шаарындагы түрмөгө, өлүмгө алып баратканда куткарып калалы деген ой менен кыргыздардын баштарына келген эмес. Балбайдын каргышыбы же айтор Аллах орустардын колу менен дал Балбайдын элин кырып, Кытайга качкын кылды. Ал эми элине Шабдандын кесири тийди го. Анткени Шабдакең орустарга жол көрсөткүч болуп, тээ түштүк кыргыздарына чейин барбады беле. 1916-жылы көбүнесе Чүй, Кемин, Көл эли орустардын кыргынына туш болгон.
- Бирок, Курманжан Датка башында турган түштүк кыргыздары деле 19-кылымда Орусияга анча туруштук бере алган эмес да.
Эми, мен айтып айтпайымбы. Кыргыздар санжыра эпосторунда эле күпүлдөтө Манас айтып, жомокторунда, кыялында эле баатыр болуп атышпайбы. Ал эми нукура баатыр, чечендер бир улуттук баатыр - президенти Шахид кетип, курман болсо, унчукпастан эле экинчиси ал шейит кетсе үчүнчүсү президент болушууда. Мисалы, Дудаевден кийин Яндарбиев, андан соң Масхадов, Садуллаев, Доку, Умаров. Ал эми Москванын "сателлити" Р.Кадыровду чечен эли өзү сыйлабайт. Алыс барбай эле Кавказ сайттарын окусаңар, муну түшүнөсүңөр.
Биздегичелеп, демократиялык шайлоолор деп элди беш-алтыга бөлүшкөн жок. 150 партия да түзүшпөдү. Биздеги обу жок саясатчылар Батышты опсуз туурай беришип, аңга-сазга батып баратышкандарын өздөрү да сезбей, ашмалтай болуп калышты. Элдин да мээсин айлантып бүтүштү. Ошондуктан исламда айтылган да, ууручулдук, улутчулдук, партияларга бөлүнүүгө тыйуу салынат деп. Алла Таала өз сөзү болгон Куранда айткан: "Аллахка жана элчисине баш ийгиле. Коркпошуңар үчүн жана кубатыңар кетпеши үчүн талашып-тартышпагыла. Сабырдуу болгула. Чынында, Аллах - сабырдуулар менен бирге" (Анфал сүрөөсү, 46чы аят) Адегенде Орусия күчтөп кийирген Коммунизм - социализм, эми Батыш экспорттогон демократия - анархиянын азабын Кыргызстан жакшы эле тартты. Демек, ата-бабаларыбыздын салттуу дини болуп эсептелген исламга баарыбыз келишибиз керек. Аллахтан береке-оомат, ырыскы-бакыт, тиги дүйнөдө Бейишине кирүүнү кааласак. "А жок болбойт" деп тетирленип, тээжиктенип тура берсек, дал ушул бүгүнкү таз кейпибизде тура беребиз. Же мындан да жаман акыбалга кептелишибиз мүмкүн. Текебер - бузуку далай коомду Алла - Таала заматата жок кылып жиберген. Мисалы, Аад, Самуд, Рим, Монгол, Британ, Совет империяларын.
- Сиздин айтканыңызга кошулсак Кыргыз дүйнө таанымы, Теңирчилик дегенди эмне кылабыз?
- А мүмкүн дал ошол теңирчи шерикчи болгону үчүн Аллах кыргызды жазалагандыр? Ар бир эле акыл - эстүү динди пайгамбары менен чогуу жиберген Аллах. Мисалы, Тооратты Мусса, Инжилди Иса, Исламды Мухаммед пайгамбарлар менен чогуу жиберген. Жана баардык пайгамбарлар тээ адам-атадан баштап акыркысы Мухаммадка чейин бир гана Аллахка сыйынышкан. Ал эми Теңирчиликте пайгамбар жок болуп атпайбы. Көкө Теңир деп биринчи көк асманга карап сыйынышууда. А ислам түшүнүгү боюнча асман 7 кабат. Андан жогоркусу эле Арш жана Алла Тааланын тактысы.
- Орусиянын сайттарында сиздин кайрылуу боюнча комментарий беришип жатып, алар биздеги былтыркы болгон Ош, Жалал-Абаддагы кандуу трагедияны беттерине кармап, өзбектерди өзүңөр кырып салбадыңар беле дегенсип атышат, буга сиздин пикир?
- Баса, айтмакчы, дал ошол кандуу 1916-жылкы кыргынды орусия дал ушул Өзбекстандын 6-7 облусунан баштаган. Шылтоосу баякы эле. Тылдагы кулчулук жумушка солдат бергиле. Самарканд, Сырдарыя, Фергана, Ходжент (Тажикстан) Маргалаң, Анжиян, ал эми Казакстандан Акмола, Семей, Тургай, Урал, Жетису облустары Орусия ак падышасына каршы көтөрүлүп, жалпы 10 миллионго жакын эл толкуган. Казактарды Амангелди Иманов баштап чыкса, өзбектердин башында Назыр Кожо, Абдрахман ажы Абдужаббаров, Туракул Туратбеков турган. Ал эми кыргыздардын башында Кочкордун манабы Канат хан турган. Хан деген себебим, дал ушул көтөрүлүштүн астында аны ак кийизге отургузуп, хан деп шайлашкан. Кеминдик Шабдан манаптын баласы Мөкүш да көтөрүлүштүн башында турган. Мунусу менен биз бул ата уулу өз атасы Шабдандын кезинде оруска жан тарткан алсыздыгын жууп кетти десек да болот. "Көтөрүлүш өртү бүткүл Чүй, Ыссык-Көл, Кочкор, Жумгал, Нарын өрөөндөрүнө таркады. Көтөрүлүшчүлөр тез эле Бишкектен Караколго, Балыкчыдан Нарын чебине чейин почта жолдорун ээлеп алышты, телеграф байланышын бузуп, почта станцияларын тоноп, талкалап, көпүрөлөрдү өрттөп жиберишти, жол тоомдоруна күзөтчүлөрүн коюшту" деп жазат жазуучу Эсенбек Медербеков "Үркүн" повестинин 229 бетинде.
Демек, ошол кезде Орусиядан жеңилип калган бир гана кыргыздар болгон эмес. Өзбек, казак да кырылган.
- Үч республика эли биригип 10 миллион эл көтөрүлгөн экен. А жеңилиштин себеби, эмнеде болду анда?
- Баягы эле биригип, бирдиктүү фронт менен каапырларга каршы чыга албагандык. Имандын алсыздыгы, курал-жарактын жетишсиз болушу, көтөрүлүштүн стихиялык түрдө башаламан башталып кетиши. Мындай деген себебим, кийин Афганистанга СССР кол салганда деле ооган моджахед - партизандары адегенде мергенчилик мылтык менен башташкан. Бирок, имандары күчтүү болгон. 10 жылда эле каапыр орустарга "энелерин үч коргондон көрсөтүп", айдап чыгышты. Негизи эле ушул Орусия Борбор Азиядан тиши "сынып" келгенин унутушпаса. 1916-жылкы көтөрүлүш ак падышачыл Орусиянын алын кетирип, тактан кулатууга себеп болду. Ал эми 10 жылдык Афган согушу СССРдин шайын кетирип, империя катары кулашына шарт түздү. Мужахиддин мусулмандык дубасы атом бомбадан да күчтүү болот деп исламда бекер айтылбаган чыгаар. Алла Таала да айткан: "Кимде-ким менин олуяма каршы чыкса, ал мага каршы чыккан болот" деп…

Суроо салган
Алтынай Бакирова