Бийиктеги булганыч
(Уландысы.
Башы өткөн санда)
1954- жыл. Жаз мезгили. Тактап айтканда апрель айынын сегизи. Айнагүл бул күнү адатынча өзүнө жарашыктуу кызыл көйнөгүн кийип, көчө бойлоп ишине келе жатты.


Аңгыча эле алдын тороп орто бойлуу,кара торусунан келген, аскер киймин кийген, чачы кыска кесилген жаш жигит алдынан чыгып:
- Чоң кыз, кандайсыз?-деп учурашып калды. Ал кезде армиядан келген балдар көзгө кандай сүйкүмдүү көрүнчү эле. Бейшен дагы Айнагүлдүн көзүнө ушундай бир сулуу жана сүйкүмдүү көрүнүп кетти. Андан дагы Бейшендин кыска тегизделген чачы, таза жана жарашыктуу кийген кийми көркүнө көрк кошуп, Айнагүлдүн көңүлүнө жага түшкөнүн тана албайт болучу. Адам баласы аркачандан бир качан сулуулукка жана кооздукка алданып келгени жаратылыштын жазылбаган мыйзамы экенин жашырып болбойт эмеспи. Айнагүл дагы бул жерден Бейшендин адамдык сапатына эмес, анын жарашыктуу кийген киймине жана сырт келбетине азгырыла түшкөнүн тана албайт эле. Ал турсун көзүнө Бейшен ушундай бир эңсеп таппай жүргөн адамындай туюлуп, жагымдуу жылмайганга түрткү берди. Берилген суроого Айнагүл жооп бергенге шашылбай, бир азга тиктеп туруп:
- Жакшы, өзүңүз кызматыңызды кандай өтөп келдиңиз?-деп сурап дагы жиберди, алиги бей тааныш бала менен сүйлөшүүнүн жолу кылып. Бейшен кабагы ачык, шар жооп берди:
- Ыракмат, аскердик кызматты го ойдогудай өтөп келдик, эми элге кызмат кылыш керек!- деди, сөз улап. Эки жыл аял заты менен сүйлөшпөгөнгөбү, эмнегедир Бейшен сөзмөр дагы болуп, андан дагы тапансынып сүйлөп, Айнагүлдү күлдүргөнгө дагы үлгүрдү. Жаш кыздын булактын таза үнүндөй шыңгыр күлкүсү, кулакка жагымдуу үнү Бейшендин ички дүйнөсүнө бүлүк салып, жүрөгүн туйлатты. Ан сайын сөздүн гүлүн тандап сүйлөп, Айнагүлдү шынарлай басып ишине чейин узатып келди да:
- Капа болбосоңуз кечинде сизге жолуксам болобу?-деди, үнүн жапыс чыгарып. Сегизинчи классты бүтүп, эки айлык курстан окуп келип башкарманын катчысы болуп иштеп жаткан Айнагүл кабагы салыңкы:
- Жок, сиз эми мага жолупай деле койсоңуз болот. Мен али жашмын. Экинчиден башкарма жана чогуу иштешкендер сиз менен жолугуп жүргөнүмдү көрүшсө көңүлдөрүнө алып калышат го. Андан дагы мен бул ишке жаңы эле келип иштеп баштадым. Кыскасы калган сөздү өзүңүз түшүнгөн чыгарсыз деди, Бейшендин оюна каршы экенин билгизип. Бирок, Бейшен өз оюунан кайткан жок. Ал турсун, көптөгөн аракеттердин арты менен аз күн өтпөй, бригадирдин жардамчысы болуп ишке орношту. Аскерге кеткенге чейин алты айлык бухгальтердин окусун бүтүрүп, аз убакыт болсо да колхоздо иштеген. Кетээринде башкарма айткан "аскерден келгенге чейин ордуң турулуу"-деп. Андан дагы ай чырайлуу кыздын колхоздун конторасында иштеп калганы Бейшенди ишке тартканын өзү тана албайт болучу. Эгер, Айнагүлгө жолукпаганда шаарга барып иштейт беле ким билет. Бул да болсо буйрук эмей...
Арадан бир айга чукул убакыт өтпөй, Бейшен кызматынан көтөрүлүп, бухгальтер болуп иштеп калды. Анын дагы себеби бар. Мурунку бухгальтер ичкиликти көп ичкендиктен жогору жактан келген текшерүүчүлөрдүн эсептөөсү боюнча карыздар болуп калып, оңдой берди болуп анын ордуна Бейшен иштеп, абройлуу кызматтын столун кучактап олтуруп калууга үлгүрдү.
Аш десе ашка, иш десе ишке тойбой турган Бейшен анткен менен ишине так болуп, дитин таштап ишке киришти. Бул эми ишеничти актоонун жана Айнагүлдүн көзүнө көрүнүүнүн бир учуру болучу.
Күнгө жума. Бул күнү көпчүлүк үчүн иш күн кыска жана аптанын аяккы күнү болуп жумушчулар үйлөрүнө эрте кетип калган. Башкарма Айнагүлгө иш тапшырып "бүгүн бүтүрүп кет"-деп катуу дайындаган үчүн, кеч күүгүмгө чейин иш ордунан жылган жок. Бул Бейшен үчүн асмандан издегени жерден табылгандай эле болду. Анткен менен күн жылуу, кечки таза аба адамдын көңүлүн көтөрүп, тынчтык өз өкүмүн жүргүзүп турду. Айнагүл ишти бүтүрүп жаңы гана контордон чыкканда, кайдан жайдан Бейшен аңдып тургансып пайда болду да, катар басып:
- Айнагүл, мен сени жанатан бери күтүп олтурдум, деги ишиң бүттүбү?-деди, жасакерленип. Айнагүл жактырбаганын билгизбегенге аракет кылып:
- Ооба, ушул ишти эртең менен эрте келип деле бүтүрсөм болмок, кеч калбай. Бирок аны башкарма түшүнгөн жок. Негизи мага башкарманын шашмалагы жакпайт. Шашмалык мүнөздүн ишке тоскоолу көп тийээрин ушул жерде иштеп баштаганы байкадым деп, Айнагүл темадан сырт сөздүн учун айтып, түшүнөөр деген таисте Бейшенди сын көз менен карады. Бирок бүт дитин Айнагүлдүн бир гана жери ээлеп алган Бейшенге айтылган сөздүн мааниси жеткен жок. Бейшен учурун келтирип:
- Айнагүл, макул көрсөң мен сени конокко чакырып келдим эле. Убактыңды бөлүп үй жакка тийе кетчи, сен үчүн атайын тасмал даярдаган элем. Коркпо?! Экөөбүздөн башка эч ким деле болбойт. Кап!-сен дагы ишиңден кеч чыгып калбадыңбы- деп, кара күчкө өкүнгөн болду. Айнагүл дагы бир жолу сын көз менен карап:
- Бул сиздин мага салган тузагыңыз болуп жүрбөсүн. Эгер макул көрсөңүз эртең күндүз барсам кандай болот? Кыз кишинин кечинде конокко барганы туура түшүнгөн кишиге өтө эле одонолук кылат го... деди. Бейшен калп күлүп:
- Айнагүл, сен мага туура түшүнүп койчу. Айттым го экөөбүз гана болобуз деп. Менин сага эч кандай кара оюм жок. Андан дагы тасмал четинде жакшы сөздөр чыгат го. Ашып кетсе бир саат убактың кетет. Менин сага айта албай жүргөн сөзүм дагы бар эле...деп, сөзүнүн аягын таппай калды.
Ошол күнү Айнагүл жашоодон катуу жаңылганын кеч түшүндү. Болгон жакшы тилектери, алдыга койгон максаттары ал күн менен жуулуп кетти. Кайдан дагы оюу жаман Бейшендин сөзүнө ишенди, аны үчүн өзүн али күнчө кечирбей келет.
*********** ************ ************
Жогорку кеңештин имараты. Чоң салынган имараттын сыртынан карап, ичине кире албай суктанып жүргөн канчалаган адамдар бар. Бул жерде жаамы кыргыз элинин тагдырын чечкен журт башчылары, акыл калчаар жакшылар олтуруп иш кылат деген түшүнүк бул имарат курулуп ишке берилгени ар бир адамдын мээсине сиңип калганын танып болбойт. Кайран союз учурунда бул жерде сырт келбеттери менен бирге ички ой туюмдары дагы таза, чыныгы ишине берилгендер иштеп келгенин жашырып болбойт. Кийин эле эгемендүүлүктү алганы акчанын күчү менен депутат болгондор бул имараттын дагы баркын кетиргенине мезгил өзү күбө. Эркинбек дагы депутаттык мандатка акчанын күчү менен жеткенин өзү дагы танбайт. Андан дагы кийинки учурда депутат болгон, кадимкидей кийим тандап кийген аялдардын модасындай модага айланганын ким жашара алат. "Мен депутат болгом"-деген сөз дагы мактаныч менен айтылган кадыресе бийиктикке жеткендин бир белгизин бергендиктен, депутаттык мандатты сатып алган көнүмүш адатка айланбадыбы.
Шаардын чок ортосунан орун алган жогорку кеңештин кеңсеси акырындык менен чоң бизнестин базарына айланып кеткенин,акыркы учурда эч ким таназар албай калды. Эркинбек өңдүү бизнестин битин сыккан, акчаны баарынан бийик туткан дүнүйөгө берилгендер, эл бийик туткан имаратты дагы булгап салганын али моюндарына албай келет.
Сагипа, Бейшенди жолго салгандан соң, акырын басып Эркинбектин кабинетине баш бакты. Эркинбек бул учурда жаңы гана иш бөлмөсүнө келип, креслосуна олтуруп, кечээки арак чыгарган заводундагы кирешени эсептөө үчүн, копьютерин күйгүзгөн. Сагипа Имановна адатынча эшикти чертип баш бакты дагы, ичке жана жасалма үнү менен:
- Эркинбек, уруксатпы, бир мүнөткө-деди. Эркинбек элпектик менен башын ийкеп, жакшы маанай менен кабыл алганга аракет кылды. Мунун дагы себеби тереңде. Анткени, Сагипанын жогорку кеңеште салмагы жакшы жана кадыры бар адам. Айткандай жеке эле Эркинбек эмес, "мен кыйын"- деген депутаттар дагы Сагипанын алдынан кыя өтө алышпайт. Ооба, калп айткан менен болобу ким эмне менен дем алып жатканы Сагипа Имановнага бештен белгилүү иш. Андан дагы сыр жашырган жагынан эч кимди алдына өткөрбөгөн мүнөзү Сагипанын кадырынын өсүшүнө салымын кошуп келет.
(Уландысы бар)

Бердикожо Бийназаров