Алданган мигранттар же орус талаасында өткөн кырк күн
"Адамда асыл максат болбосо,бакыт өзү басып келбейт"-дегендей, он төрт кыргыз баласы кандай гана асыл ой, терең максат менен үстүбүздөгү жылдын июнь айынын башында ОсОО "Аманат-тур" жеке менчик ишканасынын директору Самат Керимовдун кооз айткан сөзүнө ишенип, мекенин таштап алыс жолго чыгышкан эле. Эгер, өлкөбүздө иш оруну туруктуу болуп, тапкан акча жугумдуу болгондо, он төрт тагдыр алдамчынын тузагына илинип, үйдөн алыс жолго чыкмак эмес болучу. Буга дагы албетте тилинен бал тамган Саматтын сөзүнө ишенүү жана чоң суммадагы акча табуу негиз болгонун жашырганга болбойт. Анткени учурда баарынан акча гана бийик туруп калбадыбы. Ошол себептен канчалаган мекендештерибиз жандары кылдын учунда болсо дагы Самат өңдүүлөрдүн сөзүнө ишенип, акча табуу үчүн мекенден сырт жүрүшөт. Эмесе сөз өңүтүн болгон окуяга бурсак.

Алдоонун алгачкы жолу
Борбор шаарыбыз Бишкектин чок ортосунан орун алган Огомбаев көчөсү 242 К.Баялинов атындагы китепкананын батыш тарабынан орун алган ОсОО "Аманат-тур" фирмасынын эшигинен адам үзүлбөй, илгери үмүт менен иш сурап келип жатышты. Буга теледен жана газетадан берилген жарнама чоң таасирин бергенин танып болбойт болучу. Кыргыз, орус тилинде так сүйлөгөн, бир көзү кыйшыгыраак келген Самат менен жардамчы кызы жөн эле асмандагы айды алып бере тургансып, ушунчалык өздөрүнө ишенип, убаданы укмуш бергенин кеп кылсак узун сабак кеп болот.
Алгач кете турган он төрт баладан Самат кыраан он беш миң сомдон чогултуп алды дагы, анан жыйын кылды, акылдуу кишинин кейпин кийип:
- Силер Ленинград обулусуна караштуу аймакта кен чыккан жерден иштейсиңер. Ала турган айлыгыңар 40 миң рублдан кем болбойт. Бул сөздү мен буга чейин дагы айткам, азыр баарыңардын алдыңарда дагы бир жолу эскертип койгонум оң. Биздин фирма эч качан алдабайт. Айтмакчы, силер эч кандай ашыкча кийим албагыла. Ал жактан кийимди өздөрү берет. Жата турган жериңер жана үч маал тамагыңар бекер болот. Буга бөркүңөрдөй эле ишенип койгула. Биз силерди алдап, бул жерде башты жерге салып жүрө албайбыз. Эмне болгон күндө дагы мен силердин дайыныңарды билүү үчүн бир айда бир жолу барып, өзүм кабар алып турам. Ооба, керек болсо силердин эле эмес, силердин артыңарда калган үй-бүлөөңөрдүн дагы тагдыры менин колумда. Эртең саат он экиде поезд кетет, кечикпей келгендей болгула, силерди Москвадан менин кишилерим тосуп алып, андан ары электричка менен же автобус менен алып кетет. Эң негизгиси поездден кечикпей келгендей болсоңор болду. Кимде кандай суроо бар?-деди. Бою узун, арыкчырай келген Азат деген бала өзүнүн жаштыгына жана курчтугуна салып:
- Самат, сен бизге жакшы эле убадаларды берип жатасың. Сенин берген убадаларыңды угуп, биз өзүбүздү абдан бактылуу сезип жатабыз. Эң негизгиси, алданып калбасак болду. Бул жерде сага берилген акчаны процентке алып бергендер дагы бар экен. Мен дагы иштеп жаткан ишимди таштап, сага ишенип кетип баратам, ал жакка барып талаада калбасак болду-деди эле, Самат күлүп:
- Азат, сен эч коркпо, силерден кийин дагы кете тургандар бар. Бирок силер багыңарга жараша жакшы ишке баратасыңар!-деп, дагы бир жолу ишеничтүү айтты. Бул айтылган сөздөргө ким ишенбейт. Андан дагы арыкчырай сулуучумак келген, киндиги эки элүүдөй көрүнгөн кийим кийген жардамчы кызы сөзгө кошулуп:
- Биздин фирма абдан ишеничтүү, кийин бизге ыракмат гана айтасыңар!-деп, айтканда, бизде баштагыдан дагы чоң ишеним пайда болуп,он төрт бала кабинеттен абдан көңүлдүү чыктык. Сыртка чыгып биз өзүбүзчө дагы жыйын кылып, ошол жерден жакшылап таанышып да алдык. Анткени кете тургандар биринчи жолу чогулган болчубуз.

Үзүлгөн үмүт
Июнь айынын алтысы. Темир жол бекети. Узаткандар, кетүүчүлөр менен кеминде элүү, алтымыш киши чогулуп турганда, узатуучулар дагы бир жолу Саматтан сурашты, бизге ишенбей өз оозунан угалы деп. Бул да болсо ишеничтин кеткендигинин бир белгиси болучу. Анткени буга чейин дагы атайын фирма менен чет элге жумуш издеп кеткендер барчу жерлерине барганда, алданып калгандардын саны көп болгону дайын болучу.
- Самат, деги сенин фирмаң алдабайбы, алдангандар көп болуп жатат, өткөндө Сочиге барган балдар талаада калып, үйүндөгүлөр акча салып араң келишиптир-деп. Самат, ошол жерден дагы ишеничтүү жооп берди:
- Коркпогула, баарын бир гана убакыт көргөзөт-деп. Бул дагы бир чоң ишенимди жаратып,биз абдан көңүлдүү поездге олтурдук.
Бирок, биздин көптү үмүт кылган ишеничибиз айтылуу Москвадагы "Казань" темир жол бекетинен эле кайтты. Анткени, ал жерге жеткенде Саматтан дагы алда канча тили буудай кууруган, орус тилинде сүйлөгөн Турар деген чоң алдамчы бажырайып, тосуп алды. Көрсө бул алдамчы Кыргызстанга батпай калган үчүн орусияга ооп кеткенин, кийин уктук. Анын атасы Ак үйдө иштейт деген дагы сөздү кулагыбыз чалды. Шыпылдаган Турар сваршиктерди жана чоң машина айдаганга укугу бар үч баланы бөлүп, таксиге салып башка жакка жиберди да, калган сегизибизди маршуруткага салып, "Валашига" деген кичи шаарчага алып келип, курулуп бүтүп калган курулушка салды. Анда дагы өзү барган жок, машинанын шофёруна дайындап, даректи айтып салып жиберди. Ооба, ал жерден биз өзүбүздүн талабыбызды талаштык, бирок, алдамчылар алдоо жолу менен акча тапканга көнгөнүн ушундан улам билсек болот, он төрт баланы кадимкидей гана сөз менен алдап, жооткотуп, бизден эптеп кутулду. Биз он жети этаждын он үчүнчү этажындагы бөлмөнүн ички жасалгасын жасамай болдук. Турар болгону бул жерде бир апта болуп тургула, анан силерди барчу жериңерге алып барам деп убада кылган. Бирок, биз алиги жерде бир сутка гана турдук. Анткени, ишти жаңы гана баштаганда, Якутиядан келген Сергей деген бала үч айдан бери акча ала элегин айтып, бул жер нак алдамчылардын уюгу экенин билгизди. Ооба, бизди тосуп алган прораб Саня деген бала, Самат менен Турардан өткөн убадага бай неме экенин алгач көргөндө эле байкаганбыз. Эртеси Турарга телефон чалып болгон ишти түшүндүрүп айтсак, ал бизге талаа ишинде иштегиле деп, сунуш айтты. Биз айлабыз жок ага дагы макул болуп, көтөрүнүп жолго чыктык.

Таладагы көңүлсүз күндөр
Коломна шаарына караштуу Акатьева айылы. Бул жерде талаа иши абдан жакшы уюшулуптур. Бизди ал жердегилер абдан жакшы маанай менен тосуп алышты. Жата турган жерибиз жана тамак ашыбыз калп айткан менен болобу ойдогудай эле болду. Бирок, эртең менен жетиден калбай ишке чыгуу керек, кайра кечинде жетиде иш бүтөт. Эч кимибиз минтип орустун талаасында капуста отоп иштеп калабыз деп ойлогон эмес элек. Арабызда шаардан чыкпаган ак кол балдар дагы бар болуучу. Күндө эртең менен чыкканда ишти Самат менен Турардын ата-жотосун калтырбай сөгүү менен баштайбыз. Анын себеби, бизди алдап келип ушул ишке салган экөөнө кайдагы жакшы сөздү ыраа көрөбүз. Айтмакчы биз барган жерде өзбек, тажик жана молдован улутундагы, арзан акчага иштегендер байыр алып иштешет экен. Биз күнүнө болгону үч жүз рубль гана таап иштейбиз. Ал эми Кыргызстанда бизден акча салат деп, чоң үмүт менен күтүп жатышкандарга, алар санаа чекпесин деген ойдо өзүбүз жөнүндө эч жаман сөз айткан жокпуз. Турарга күндө бир маал телефон чалабыз. Көрсө ал биздин үстүбүздөн акча алып коюптур, жумушчу күч таап берген үчүн. Биз ал жерде аз дегенде үч ай иштеп беришибиз керек экен, Турар түзгөн контрактын негизинде. Аны биз кеч билдик. "Уруунун жолу кууш"-дегендей, бизди алдаган Турар менен Саматтын жоругу бизге тез эле дайын болду. Биз антип алданып жүргөн кезибизде, биргадирибиз эртең менен кеп кылып калды "Бүгүн кечинде отуз беш кыргыз келет"-деп. Аны укканда дароо биз Самат менен Турардын кезектеги калпына туш болгондор экенин айттырбай эле билдик. Күндүн ысыгы, бир көлөккө жок талаада капуста отоп жүрөбүз, ичибиз толтура арманга толгон. Бери жакта немистин офицериндей болуп толмочунан келген Нина Ивановна бизден көзүн албайт. Кичине эле олтура калсак жаныбызга келип, каардуу көзү менен карап "иштегиле" деп жоон үнү менен өктөм буйрук берет. Аныкы деле туура, бир чети акча төлөп жаткан соң. Анда санда Ока дарысына барып түшкөнүбүз болбосо, жерден баш көтөрүү жокко эсе. Кечинде биз күткөн кыргыздар келген жок. Көрсө, аларды кооз сөз менен "эт комбинатында иштейсиңер"-деп алдап келиптир дагы, бизге кошуп талаада иштетишмек экен. Алар көптүгүнө салып, Турардын сөзүнө ишенишпей кайра Москвага кайтып, кыргызстандын элчилиги орун алган жерге келишиптир. Бул жерден Турар менен Саматтын алдоо жолуна бөгөт коюлуп, алардын нак жүзү билинди. Ооба, буга чейин бизди "Ленинград" деп алдап келген Турар кийин "эт комбинатты" деп алдаганга өткөн. Көрсө анысы деле бышпаган иш экен. Акыры, Турар биз менен болгон байланышын үзүп, телефонун өчүрүп койгондо гана биздин ишеничибиз кайтып, өз алдыбызча кетүүгө туура келди. Ушул аралыкта Самат абалыбызды бир эле жолу сурап койгондо эмне. Ооба, башында бир жолу телефон чалып актанып айткан "жакында барып өзүм ишке орноштурам"- деп. Ал сөзү дагы калп экенин убакыт өзү көргөздү. Эки айга чукул талаада иштеп, биз болгону беш миң рублдан алып жолубузга түштүк. Көрсө акча үчүн элин саткандар, биздин кенедей Кыргызстаныбызда толтура өңдүү. Анткени жеке мага тааныштарым айтышкан болучу "алданасың" деп. Бирок, мен Саматты адам экен деп ойлоптурмун да. Эптеп мен Кыргызстанга келип, баягы бизди алдаган конторага келсем, ал фирма жабылып калыптыр. Ал эми тиги жакта канча кыргыз баласы алданып, мекен көздөрүнө учуп жүрөт. Бизден кийин барган отуз беш бала дагы кайра келгенден намыстанышып, арзан жерде иштеп эптеп жандарын багып жүрүшөт. Ал эми мени менен барган жети бала, мен кеткенден кийин дагы чоң алдамчынын тузагына илинишкенин айтышкан. Азыр алар эмне иш кылып жатышат байланыш үзүлүп калып дайындарын билгеним жок. Бул эми каратып туруп эл сатканга жатат деп айтпаска айла дагы жок. Кап! Саматты төрөр жылы апасы кызыр эле калганда, кайран кырк тогуз бала алданып бөтөн элге кор болбойт эле да. Мындай акча үчүн өзүнүн жүзүн саткан наадандарга бир каргыштан башка эмне сөз айта алабыз. Ал жактагы мени менен бирге барган, алданган балдар "Кыргызстанга келсек Саматка бирди көргөзөбүз" деп ызырынып жүрүшөт. Анткени процентке акча алган балдардын карызы эле эмне деген сөздү айттырат. Сөз соңунда айта турган сөзүм " айланайындар, иш таап берем деген фирмаларга алданбай, эгер чет элге барып иштегиңер келсе, көздөй ишеничтүү адамдарыңар менен гана барып иштегиле" деп айтат элем. Анткени мен өз көзүм менен көрүп келдим, алданып барып алып, талаада калган кыргыздарды. Бул жактагы Самат өңдүү алдамчылар акча үчүн ойго келбеген сөздөрдү айтып, эптеп акча жасаш үчүн ишендирүүнүн амалын жасагандарга ишенбегиле. Анткени каратып туруп калпты айткан, алдамчылардын жумушу экенине, орус талаасында иштеген күндөрүмдү күбө катары тарта алам. Заман эмес эл бузулуп, эл менен жерди сатып арам акча менен жашагандарга дагы бир жолу наалат айтуу менен сөздү бүтүрбөсөм, айта турган сөздүн учу түгөнчүдөй эмес. Ооба, мен бул макала менен ал жакта алданып жүргөн мекендештерибиздин аманатын аткаргандай болдум. Анткени алар мага айтышкан эле "сөзсүз газетага жаз, биздей болуп алдангандар мындан ары болбосун"-деп. Жерди саткан эки ажобуз элге батпаган өңдүү, элин саткан алдамчылардын дагы күнү бүтчү кез келди. Дагы бир жолу айта турган сөзүм, алданбагыла, мекендештер, алдамчыларга. Алардын жүзү курусун, алдап акча табуу алардын жумушу.

Бердикожо
Бийназаров