Ис… пикирлер…
… Барс, коен, ажыдаар, короз ж.б.ж.б.
Чычкан
Медеткан
Шеримкулов
Айла-амал менен төөнүн чокусуна чыгып, чычкан жыл башына келген. Медеткан аксакал да айла-амал менен легендарлуу парламентке спикер болуп келет. Ал президенттикти алуу үчүн "төөлөргө" каршы күрөшөм деп жөө калды, жөө калганда да чычкан чычтай жылаңач калды. Анын негизги себеби, чычкан кемирүүчү экендигинде. ЖКда төрдүн төбөсүнө чыгып, чычкандай бир үйдүн тешигин кемирбей, 500 гектардан жер кемире баштады. Анан туш тарабын кемире берди, кемире берди. "Төөнүн" өзүнүн төрт аягын кемире баштаганда, төбөсүнө чыга албай "төө мантек" жеди. Ошентип, президентке "төөнүн куйругу жерге тийгенде" жетем деп күтүп жүргөн. Төөнүн куйругу жерге тийбей койду, бирок президент болууга мыйзамдуу жашы өтүп кетти.
Кредосу
Бекер эт капканда гана болот
Рейтинги
Чычкандын рейтинги чычкандай эле болот да
Электораты
Коммунисттердин көпчүлүгү терисин тескери жамынып кетишип, колдой тургандар деле калбай калды

Жылаан

Мукар
Чолпонбаев
Шарттуубу же "шарты жок" рефлексби. Мукар Шалтаковичтин учурунда шалтаңдап турган колхоз-совхоздор "оомийн" болушту.Эми "кооператив" деп калыбына келтире албай турабыз. Колхоз үчүн кырынан жатып берсе, элдин алкоосун алмак. Элдин алкоосун алгандан көрө, Акаевдин алкышын алган жакшы эмес беле, ал мезгилде…
Кредосу
Ак койлуу катан куйрук жейт
Ак үйлүү спикер буйрук жейт
Рейтинги
Жарыгы жок электр эсептегичтей нөлдү карап турат
Электораты
Болгон…

Маймыл

Алмамбет Матубраимов
"Ачыбаган камырдай болуп" ачыла бербеген сыры элге белгисиз. Акаевдин убагында ал атка минерлердин бири болгону чын. Дарвин акебиз дарактан түшкөн маймылдын тукумдарыбыз деп, дарегибиздин дайынын ачып кетти.
Кредосу
Маймылдар келет,кетет, а кыргыз эли кала берет
Рейтинги
Салмагы сайдын ташындай болгону менен, рейтингинин белгисиз…
Электораты
Маймылдын тукумунан жаралганбыз дегендердин бакиси колдойт…

Барс

Абдыганы
Эркебаев
Барс убагында арстанга каршы айбат көрсөтүп тургандыгы үчүн, бийликтен колдоо тапкан эмес. Кийинки бийликтин арстандары да аны бийликке жакын жолотушпады. Анткени барс алардан өйдө эле. Өзүнөн өйдө адамды эч ким жанына жакын жолотпойт эмеспи.Убактылуу өкмөт учурунда чолпон жылдыздай бир көрүнүп алып, "Ак шумкарга" минген боюнча жиги билинбей кетти.
Кредосу
Жакшы жолборстун чабыты алыста
Рейтинги
Мурдунан жетелеп келген шакирти Мадумаровго салыштырганда шкаласы өйдө.
Электораты
Колдоочулары көп

Ит

Алтай
Бөрүбаев
Акаевдик заманды коргоп жүргөн иттей жакшы адам. "Бөрү баласы ит болбойт"-дешип 2005-жылы шайлоодо көтөрүп чабышып Болот Шерниязовду шайлап коюшкан. Иттей жакшы көргөн Акаеви иттей ылдамдыка качып, иттей коргогон Бөрүбаев, бөркүн жамына жашынган бойдон жаамы журтка көрүнө элек.Же иттей жакшы көргөн жүз граммынан чыкпай жүрөбү?
Кредосу
Ит-адамдын досу
Бөрү -бийликтин "хвосту"
Рейтинги
"Музоо кезинде эле сүздүрүп" койгон
Электораты
Стакандаштары

Короз

Өмүрбек
Текебаев
Көп жылдардан бери короз, өзүнүн короздук милдетин аткарып келатат. Элдин баары уктап атса, ал кыйкырып ойготуп, бийликти да ойготкусу келет. Бийлик корозду тоготмок беле. Кээде короздон башкасынын баарын уктатып салат. Короз жалгыз кыйкырып жүрө берет. Бирок, негедир чечүүчү учурларда короздун үнү бүтүп калат. 2005-жылы президенттик шайлоодо биринчиликти бука мөөрөп тартып кетсе, 2007-жылы парламенттик шайлоодо чалып салышты, 2009-жылы президенттик шайлоодо короздун сексуалдуу "тоок сүйүүсү" ойгонуп кетти, 2010-жылы парламенттик шайлоодо "өлбө жаным өлбөлөп" 5 пайыздык чектен эптеп өттү. Ал эми 2011-жылы президенттик шайлоодо түшүнөн чоочугансып талапкердигин алып салды.
Кредосу
Шайлоо жокто ашынам
Шайлоо барда жашынам
Рейтинги
Шайлоо убагында нөлдү карап,шайлоо бүткөндө көтөрүлөт
Электораты
Электоратынын деми сууп баратат

Уй

Марат
Султанов
Уй сүттүү болсо жакшы эмеспи. Бул уйдун сүтү жок болгону аз келгенсип, эки ирет саала элек сүтүн, саап коёр замат тышкы карыз үчүн тытып кетип жатышты. Уйду байытууга мурунку бийликтердин эмгеги зор. Кимиси болсо да кактап эмип, карызга кекиртектен батырып кеткен.Уйдан таптакыр сүт чыкпайт дешке болбойт. Сүт чыгат, бирок "сүт эмүүчүлөр" курсагын сылап бир тойгудай сүтү жок. Дайыма чала тоют болгон "сүт эмүүчүлөр" уйга канааттанбай калышат. Кубанычбек Жумалиев сымал аспирант Султановдун багы "зав кафедра" агайы Акаев ажоболгондон баштап ачылган.Аспиарнттарын көтөрмөлөгөндү сүйгөн шефи Улуттук банка алып келип тез эле элдин оозун ачырып жетекчи кылган. Анан минфинди берген. Бечара "уйду" Бакиевдик бийлик да саап, 450 миллион долларды сыгып алышкан деп жүрөт, эл оозунда. Ошондон калдыктар калып калса керек, президент болууга умтулуп калды.
Кредосу
Жаман уй жайытын бир күндө түгөтөт,
Жакшы уй калктан сүтүн үнөмдөйт
Рейтинги
Акчасы стабилдүү, рейтинги дестабилдүү
Электораты
Алайдын атчандарынын Акматбек Келдибеков, Абдыганы Эркебаев, Исмаил Исаковдон арткандары

Коён

Айтибай
Тагаев

Коёндордун учурунда спикер болгон коён, коён боюнча келип, коён боюнча кетти. ЖКга чейин "тоо бузар" атка конуп тоо бузуп көнгөн Тагаев мыйзамдын тоосун бузууга даай алган жок. Бакиевдик бийликке спикер болуш үчүн итибай-чотубайлардай коёндор керек болчу.
Кредосу
Корксо да коён кызматынан кол жууйт,
Коркпосо да коён кызматынан кол жууйт
Рейтинги
Коёнго рейтингди суутуп коюптурбу
Электораты
"Тоо сатарлар" партиясы

Ажыдаар

Адахам
Мадумаров

Бул ажыдаар Бакиевдин бийлиги учурунда канат бүтүп, иштебеген мансаптуу кызматы деле калган жок.Бирок бир да ишинен жыйынтык чыгарган жок. Өзү айтып жүргөндөй араба тарткан ат да болду.
Кредосу
Каруумду казык кылам
Эл энчисин азык кылам
Рейтинги
Мансапта турганга караганда мансабы жокто "буудай кууруган" тили менен рейтингин көтөрүп келет
Электораты
Бакиевдик авторитардык бийликти калыбына келтирүүнү самагандар толук колдошот, ой…

Чочко

Зайнидин
Курманов

Бул чочко досу Медет Садыркуловдун аркасы менен бийликке келген.Аны заказ менен өлтүрүп коюшса да, ооз ачканга кудурети жетпеди, кызмат тепкичинен көтөрүлдү.Бакиев ооруп Германияда жүргөндө жашыруун көргөнү барып, "рейхстага" кирип ырымдап Адольф Гитлер отурган орундукка чалкалап бир отурган имиш. Чочконун оозунан ак ит кирип, кара ит чыгуучу, КСДПны токолдун балдарына теңеп, "ак жолчуларды" кудайдын чүчкүрүгүнөн жаралган байбиченин балдарына теңеп, текебердик кылуучу. Кана эми ошол "Ак Жолу"?
Кредосу
Бийлик келет, кетет, а Зайнидин Курманов калат
Рейтинги
"Ак Жолдун" рейтингине барабар
Электораты
"Ак Жолчу" байбиченин балдары.

Жылкы

Акматбек
Келдибеков

Алайдан "Ат качырбас боз айгырлар"көп эле чыккан.Алар атынын башын Коконго бурса, кокондуктарды коколошуп,Бухарага бурушса, букаралытарды мукуратып, чүрчүткө бурса чүрчүттөрдү үркүтүп, уйгурга бурса, уйгурларды курутуп турушкан.Кийинки заманда деле уйгурларга ыдык көрсөтүп, жан досу Улукбек Ормоновго "Ормон опуза" кылып уйгурдан кыз алып берип атпайбы.Жылкынын жылдызы азыр жанып турган чак. "Тулпар тушунда"-дейт, саяпкери жарашкан күлүк, кокус ушул аламан байгеге түшө турган болсо бирдин ичинен чыкмак. Акматбек мырзанын жылы да жылкы, болгондо да алтымыш жылда бир келген "огненный" жылкы экен, эй…
Кредосу
Ат-адамдын канаты
Спикер-бийликтин канаты
Рейтинги
Мамлекетибизде рейтинги эң жогору эки киши болсо,бири жылкыныкы.
Электораты
Бир облуста эле 120 миңден шайлоочусу бар


Азизбек
КЕЛДИБЕКОВ