Казакстан Кытай мигранттарына чара көрө баштады.
Биздечи?
Кытай Эл Республикасы жер шаарына өз калкын жайгаштыруу идеологиясын ийгиликтүү ишке ашырууда. Казакстан бийлиги ушул идеологияны түшүнүшүп, жылма экспанциянын түбү эмне менен бүтөөрүнө эми көздөрү жетиштиби, жакында Кытай мигранттарына катуу чара колдонуу жөнүндө чечим кабыл алды. Азыр Казакстанда 800 миң Кытай мигранттары бар экен. Алардын айрымдары небак казак кыздарга үйлөнүп, калдайган Казакстанда орун-очок алып коюшуптур. Демек, Кытай эркегинен кытай баласы төрөлөт. Кытай бийлигинин жер шаарына кытайларды жайгаштыруу идеологиясынын түпкү максаты ушунда жатат. Бул маселе боюнча бизде кандай? Кыргыз бийлиги Кытайларды тап-такыр төргө өткөзүп жиберген жокпу? деген суроо дароо сумсаят. Алардын жүк ташуучу автоунаалары өлкөнүн жүрөгү болгон Бишкеке чейин кирип келет. Ал эми Кыргызстандын жүк ташуучу автоунаалары Торугарттан ары бир метр да жыла албайт, ары…


Кытай - Кыргызстан темир жолунун, Көкөмерен ГЭСинин курулушу башталса, Жетим-Тоо, Сандык кендери ачылса, анда тигилер саранчыдай каптап кетээри бышык.
Ошол темир жол, ГЭС курулуштарына, кен казып алууга кара таандай Кытайлар келишсе, чын эле эмне болот? Деги эле азыркы кыргыз бийлиги: "Россия биздин негизги өнкөтөшүбүз" дешкени менен иш жүзүндө алардан алыстоо саясатын жүргүзүп жаткан жокпу? Өткөн аптада премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов Франциядан келген делегаттарга Кытай-Кыргыз темир жолун, Камбарата ГЭСин сунуштап жиберди. Азыркылар, Россия Камбар Ата ГЭСине 350 миллион долларын 2008-жылы эле беришкенин унутуп кое албастыр. Экинчи жагдай, бул темир жол, ГЭС курулуштарынан, кен байлыктарынан эбегейсиз акча жасоо болуп саналат. Анан калса Кыргыз бийлигин оозго алганда эле корруция элестелген заман болуп калбадыбы, азыр. Азыр Кытайда да коррупция гүлдөп жатат. (Бармамактарын эмес, башкасын кесем деп коркутса да) Акыркы жылдары Кытай коррупционерлери казнанын 1 триллион 400 миллиард АКШ доллар өлчөмүндөгү каражатты жутуп коюшуптур, эй. Ушул арам акчанын кесепетинен 11 миң адам өлүм жазасына тартылыптыр. Ошого карабастан Кытайда коррупция күч алганын өзүлөрү моюндарына алышууда. Ошол Кытай коррупционерлери арам акчаны адалдаш үчүн Бишкектин казинолоруна байма-бай келип кетишет экен деген да кептер айтыла калып жүрөт. Кыргызстанга темир жол салуучу, ГЭС куруучу кен иштетүүчү Кытай компаниялары сыягы күмөндүү ишкерлер окшобойбу. "Балыкчы балыкчыны алыстан таааныйт" дегендей, Кытай компаниялары коррупцияланган Кыргызстандын бийлиги менен жыт алышып калышса керек. Бул көрүнүшкө Россия азырынча сыр билгизбей турат. Бирок, кыргыз бийлигине жаалы катуу капкан салаары күмөн эмес. Анын азабын карапайым эл тартат. Кокус өлкөгө жаңы президент келсе Кытай компанияларынан баш тартаар?
Ошентип, келээрки жылдан баштап кыргыз жерин Кытайлар кара таандай каптады деп эсептей бергиле… Сөз башында айтылгандай Казакстанда мамлекеттик деңгээлде Кытай мигранттарына карата иш чара башталды, ал эми биздин бийлик Кытайларды келгиле! деп чакырып жатат…

Жолдошбек Токоев




Путин Кыргызстанды Евразия Союзуна тартат
4-октябрда В.Путин пост-советтик мейкиндик үчүн маанилүү саясий билдирүү жасады. Анда, 2012-жылы Бирдиктүү экономикалык аймак түзүлөрүн жар салды.
Премьер-министр Владимир Путин "Известия" гезитиндеги ал макалада 2012-жылдын 1-январынан ишке кирчү Евразия кызматташуу долбоорун үч өлкө үчүн эмес, жалпы пост-советтик мейкиндик үчүн тарыхый окуя деп атайт. Анын жазышынча, азыркы Беларус, Казакстан жана Орусияны камтыган Бажы Союзу соода, капиталдын эркин айлануусунда жана жумушчу күчүндөгү бардык тоскоолдуктарды тып-тыйпыл кылып, 165 миллион керектөөчүсү бар рынокту түзөт. Путиндин айтуусунда, 2009-жылы негизделген Бажы Союзу Европа Биримдиги жана башка регионалдык уюмдардын мыкты тажрыйбасына таянууга тийиш. Ал эми түпкү максат - Евросоюздун деңгээлинен да күчтүү интеграцияга жетишүү.