Кыргыздын касиеттүү дөөлөттөрүн көздөп,
Эр Манас элинин биримдигин бекем деп,
Улуу Эл-Улуу Журт
Кыргызга


К А Й Р Ы Л У У

Мазмуну:

I. Кыргыздын байыркы тарыхы, калыптанышы жана дүйнөтаанымы.
II. Жыйырма жыл эгемендүүлүктүн тарыхый сабактары
III. Кыргыз мамлекетинин жаңылануу жана өнүгүү жолу.
IV. Корутундуу
V. Адамзаттын дүйнөлүк көйгөйлөрү жана кыргыздын дүйнөтаанымы.
Бишкек ш.
сентябрь 2011ж.
I. Кыргыздын байыркы тарыхы, калыптанышы жана дүйнөтаанымы.

I.1. Кыргыздын Байыркы
тарыхы.

1. Археологиялык казуулар, илимий далилденген маалыматтар атактуу окумуштуу-тарыхчыларга Бернштам А.Н. жана Киселевко С.В. "Кыргыз урууларынын калыптанышы биздин заманга чейин IV-III миң жыл мурун башталган" жана "таштык маданияты кыргыздарга таандык" - деп корутунду чыгарганга негиз болгон (Союз убагында КПСС жүргүзгөн саясатка мындай корутундулар карама-каршы болгонуна карабай).
2. Кыргыздын түп мекени - Алтайда казылып, тарых илиминде Афанас, Андрон, Карасук, Тоо-кар, Таштык дөбө маданияты деп аталган (баары Хакас жеринде жайгашкан) мүрзөлөрдө кыргызга гана таандык улут (этнография) белгилери табылган. Тактап айтканда, алар төмөнкүлөр болгон:
- аялдардын сөөгү чач учтук менен коюлуп, эркектердики - кемер курлар менен коюлган;
- мүрзөлөрдө көп санда томпой, чүкөлөр табылып, томпойлордо кыргыз эн тамгалары оюлган;
- жиликтер чагылган (бүгүн да кыргыздан башка элдер жилик чакпайт);
- чочконун бир дагы сөөгү табылган эмес (демек чочко багылган эмес);
- эшектин бир дагы сөөгү табылган эмес (демек чарбада урунган эмес. Кыргыз ХIХ кылымда да эшек минген эмес).
3. Союз урагандан кийинки 20 жылда бул илимий маалыматтар кыйла кеңейтилди жана толукталды. Даректүү айтканда:
- ар бир жүз кыргыздын 63-сүнүн канында генетиктер ДНК түзүлүшүн изилдеп, R1a1 гаплогруппа бар болгонун аныкташкан.
Бул гаплогруппа 14 миң жыл илгери өзүнчө калыптаныганын генетика илими далилдеп чыккан;
- кыргыз тилинде "мужской", "женский род" (эркек-ургаачы белгилери) жок. Демек, кыргыз тили "матриархат", "патриархат" (энелик, аталык) доордон кыйла мурун калыптанганын бул аныктама талашсыз далилдеп турат;
- адамзаттын эң алгачкы сүйлөгөн сөздөрү ачык тыбышты жаратууга байланышкан соң, кыска, бир муунду болгон.
Жер, суу, тоо, таш, сай, кыр, ой, күн, баш, көз, каш, тил, тиш, көл, бут, сан, кол, чач, ит, ат, уй, сүт, дан, жан, бар, кел, ал, түш, же, ук, ур ж.б. бөлөк элдердин тилинде эки-үч муунду (собака, корова, небо, лошадь, молоко, звезда ж.б.). Кыргыз тилинде түпкү сөздөрдүн 72 пайызы бир муунду;
- адам өлгөндө өкүрүү, жилик чагуу салты таш дооруна гана таандык болгонун бүгүн тарых илими тастыктаган (Зеланд Н.Д. ж.б. окумуштуулар);
- кыргыздын белдемчи кийими байыркы (топчу пайда боло элек) доордон калган кийим;
- бозону кыргыз (жана венгр эли) жасайт. Таруу (конок дагы) түбү дан өсүмдүктөрдүн отоо түрүнө кирет (сорняк). Талаачылык калыптана элек доордо бул өсүмдүк отоо чөп катары кеңири жайылган жана бир даны 600-1200 дан тууп, бир гектарга 10-14 кг үрөн жетиштүү болгон (арпанын даны 35-60, буудайдыкы 38-45 дан тууйт, бир гектарга 210-230кг үрөн кетет). Таруу 45-60 күндө бышат (арпа, буудай 120-160 күндө). Таруунун үрөөнү жерге 2,5-4,5см тереңдикте түшсө жетиштүү болуп, сугатты талап кылбайт.
Демек, жерди сөөк соко менен чийип эле кетсе таруу мол түшүм берген. Ошол доордон бери кыргыз гана бозону аш катары жасап келатат;
- кыргыз тилинде гана томпой, чүкөгө байланышкан мен билгенден 37 сөз бар. Бөлөк бир да элдин тилинде мынча сөз жок;
- кыргыз элинде гана томпой, чүкөгө негизделген 25 улуттук оюн бар. Ордо оюнун кыргыз гана ойноп, билет (дүйнө жүзүндө бөлөк бир дагы эл ордо оюнду билбейт).
4. Бул илимий макала болбогон соң, ушул маалыматтар эле жетиштүү го кыргыз өтө байыркы эл деп айтканга.
Атактуу академик Бартольд В.В. минтип жазат: "Кыргыз - этнообразующий народ" - "бир топ элдер кыргыздан тараган", жана "слово "түрк" на страницах истории встречается спустя восемь веков после появления слова "кыргыз".
Бирок, "бурут" деген эл жөнүндө б.з.ч. бир миң 200 жыл мурун пайда болгон санскрит тилинде жазылган Риг-Веда китебинде эскертилет- деп, орус тарыхчысы Чайковский А.П. 1914-ж. жазган китебинде айтат.

I.2. Кыргыз элинин
калыптанышы

1. Тарыхый маалыматтар далилдегендей, кыргыздын калыптанышы палеолит доорунун орто-аягы, мезолит жана неолит доорлоруна таандык болгонун ырастайт.
2. Демек, бул таш, сөөк жана жыгач куралдар урунган мезгил болгон.
3. Бул куралдар менен аман калуунун бир эле жолу болгон: ал жамаат-уруу аркылуу жашоону талап кылган.
4. Бул куралдар ар адамдын эмгек кылуусун шарттаган, бир адамдын эсебинен бөлөк адамдын жашоосу мүмкүн эмес эле (ашык азык өндүрүлчү эмес). Демек, жамаат теңдикте жашаган, баары ортодо болгон, эмгек кылбай башкаруу менен жашагандар болгон эмес (бүгүнкүдөй). Демек, мансапкорлук да болгон эмес.
5. Бул куралдар менен байлык, мүлк топтоо да мүмкүн эмес эле. Демек, дүйнөкорлук да, өзүмчүлдүк да болгон эмес.
6. "Теңирим теңдикти жалгайт", "дүнүйө опаа болбойт" ж.б. макалдар ошол мезгилден бери келатат.
7. Согуш курал өзүнчө бөлүнө элек доор болгон. Ал мезгил кийин, коло доорунда башталган. Анда аскер (согуш) куралдары кеңири пайдаланып, согуш байлык табуунун натыйжалуу жолуна айлана баштаган.
8. Мезолит, неолит доорлорунда кол жазма, ыйык китеп, дүйнөлүк диндер, пайгамбарлар жок болгон.
9. Адам табияттын кучагында, аны менен эриш-аркак жашаган. Табият эң ыйык, улуу болуп кабыл алынган.
10. Мансапкорлук, дүнүйөкорлук, өзүмчүлүк жок мезгилде кыргыздын айкөлдүгү, кең пейилдиги салтка айланган.
11. Ал мезгилде адам салт-адатка айланган тыйуулар менен гана жашаган (мыйзамдар кыйла кийин пайда болгон). Ошол үчүн кыргыз "мыйзам көбөйгөн сайын турмуш бузулат" деген.
12. Кийинки көчмөн турмуш бул касиеттерди бекемдеп, жашоо шартка айланткан.
13. Көчмөн турмушта жер, суу, мал ортодо болгон (малды эн тамга менен керек учурда ажыратып алган).
Көчмөн кыргыз чарбалык, саясий жана рухий эркиндикте миң жылдар бою жашап келген.
Бул касиеттер кыргыздын канына, жанына сиңип, кулк мүнөзүнө айланган.
14. Кыргыз кулчулдук, феодал доорлорун билген эмес. Адилеттүүлүк, калыстык кыргыздын жашоо шартына байыркы мезгилде эле айланган.
I.3. Кыргыздын дүйнөтаанымы

1. Эң алды кыргыздын дүйнөтаанымын жакшы чагылдырган макал-лакап, сүйлөмдөргө кайрылсак:
- Атабыз - нур, энебиз - жер, каныбыз - суу, жаныбыз - аба (биз нурдан жаралган элбиз деп бабалар айтып келген);
- Жерге, сууга кесир мамиле кылсаң - жараткан кырсыктап коет (жер, суу жандуу деп таанылган);
- Теңирим теңдикти жалгайт;
- Жашоонун баары өмүр боло бербейт;
- эркек - сел, аял - көл;
- эркектин билеги, аялдын тилеги күчтүү;
- аял - үйдүн шам чырагы, тилеги, эркек үйдүн күч-кубаты, тиреги;
- кыздын кырк чачы улуу, ал үйдүн коногу;
- кыздын сөөгү талаада калат;
- жандуунун баары адамга шерик;
- иттин ээси болсо, бөрүнүн Теңири бар;
- намыс өлүмдөн өйдө;
- кан бийлигинен нарк күчтүү;
- эркектен - бир күлүк, аялдан - миң күлүк;
- элине пайдасы жок - тирүүнүн өлүгү;
- дүнүйө опаа болбойт;
- элде болсо тең болсун. Тең болбосо көпчүлүктүн сугу өтүп кетет;
- кесириң өз башыңа тиет;
- арам адамга жукпайт. Ак сүйлөп, адал жаша;
- жетесин билбеген - кул;
- адилет болбой эл жарыбайт. Эл байлыгы - Адилет, таянычы - Калыстык, келечеги - Акыйкат;
- адамча жашабасаңар, заманыңар тозокко айланат;
- ыйманы жок адам - жетим;
- бейиштин миң күнүнөн бул дүйнөнүн бир күнү артык;
- пейилиң оңолмоюнча ишиң оңолбойт;
- урук болуп, из калтырган тукум болбой калыптыр;
- жаш карыганы менен жан карыбайт;
- ачуу - душман, акыл - дос;
- байлык - колуңдагы муз - ээрип кетет, бакыт - ийинге конгон куш, учуп кетет;
- салт элден өйдө. Салт бузулса - эл бузулат, тил бузулса - дил бузулат;
- келин ысык берсе да муздак;
- суу башынан тунат;
- жаман өлсө - жалгыз өлөт, жакшы өлсө - жалпы өлөт;
- тилек менен үмүт картайбайт;
- элден чыккан адам - түбөлүку жетим;
- адам болом десең, элден бөлүнбө;
- өткөнүн билбеген келечекке жол таппайт;
- кумурсканы аттап өт - сообуна каласың;
- кусуру урат, назары сынат;
- адамдын шагын сындырба;
2. Кыргыз боз үйгө кирген жылаанды ак чачып чыгарган, малды тепкен эмес, калп айткан эмес, адам көңүлүн калтырган эмес...
3. Адамды беш түргө бөлгөн: адам, киши, пенде, айбан, макулук. (Адам мүнөзүн токсонго бөлгөн: кырс, кежир, мылжың, эзме, көк бет, шыпыр, жел өпкө, кара мүртөз, дөдөй, момун, аңкоо, желтаман ж.б.), эр мүнөзүн 27 түрү менен сыпаттаган (жетик, жайдар, берен, көсөм, баш койкоң, көйрөң, жалтаң, шүмшүк, айгак, сүткор ж.б.). Булардын баарын бөлөк тилге которуу мүмкүн эмес. Алар кыргыз эли далай тарыхты басып өтүп, зор турмуш тажрыйба топтоп, адам менен табияттын сырын ачкан эбегейсиз билимге ээ болгонун далилдейт.
4. Табиятка, адамга (келин, балдар, чал, кемпир ж.б.), жан-жаныбарларга кылган аруу мамилеси менен кыргыз дүйнө элдеринин көбүнөн айырмаланат.
5. Айтылгандын баары - кыргыздын өзөктүү өзгөчөлүктөрүн түзөт жана тарыхына, калыптанышына, дүйнөтаанымына байланыштуу болгону менен түшүндүрүлөт.

II. Жыйырма жыл эгемендүүлүктүн тарыхый сабактары.

1. Тарых талашсыз далилдегендей, ар бир мамлекеттин күчү, кудурети анын үч түркүгүнүн абалына байланыштуу болот.
Биринчиси.
Мамлекет бийлигинин түзүлүшүнө, өлкө башкаруусуна, анын адилеттүүлүгүнө жана элге жооптуу болуп, элдин ишенимине жетип, колдоосун алууга.
Экинчиси.
Мамлекеттин негизин түзгөн улуттун улуу дөөлөтүн, рухий мурасын колдоп, жайылтып, даңктап, аны элди бириктирип, башын кошуп, ынтымагын арттырган, улуттук эс-тутумду сактап, намысты бийик көтөргөн күч катары пайдалануу же, тескерисинче, буга көңүл бурбай, сырткы мамлекеттердин рухий баскынчылыгына кенен жол ачып берүүгө. Ошондой эле, диний жана улут аралык ынтымакты сактап, бекем кармоого.
Yчүнчүсү.
Кубаттуу, ички (азык-түлүк, каржы, рухий) жана чек-ара коопсуздугун камсыз кыла ала турган эл чарбасын жаратуу жөндөмдүүлүгүнө.
Элди жумуш менен камсыз кылып, коомдо социалдык теңдикти сактап, саясий туруктуулукка жетүүгө.
2. Эгемендүүлүктүн 20 жыл мезгилинде (убактылуу өкмөт менен бүгүңкү бийликти кошуп айтканда), бийликтин кабыгын түзгөн кооз сөздөр, жалындуу ураан-чакырыктарды алып салып, өзөгүн алсак - ал 20 жыл бою эл мүлкүн, өлкө байлыгын уурдап, тоноп, жеп, ичип, элди такай алдап, Кыргыздын жерин кемитип, тынбай сырттан карыз акча алуу менен алектенип, кыргыз элин чилдей таратып, тентитип, калганын - атып, эч кимге - элге да бир да жолу жооп бербей, кекиртегине чейин паракорлукка (коррупцияга) батканын турмуш өзү далай жолу далилдеп берди.
3. Албетте, кыргыз эли бийликтин бул саясатын колдогон жок. Ага каршы көтөрүлүп, эки ынкылапты жеңишине жеткизип, эки ууру, уяты, абийири, бети жок, ыймансыз, жүзүкара, ант бузар президенттерди өлкөдөн кууп чыкты.
Бул - кыргыз элинин улуулугунун, даанышман, баатыр эл экенинин талашсыз далили.
4. Эки элдик ынкылап, бир улут аралык кагышуу, ири тышкы карыз, эл чарбасынын олку-солку абалы, коомдук-саясий жана башкаруу түзүлүш туташ: саясий, рухий, чарбалык кризиске учураганы бир ачуу чындыкты айтып турат - Союз урагандан кийин Кыргызстанда "дерьмократтар" тарабынан орноткон батыш үлгүсүндөгү мамлекет бийлиги өзүн толук жараксыз - деп далилдеп, кайсы тармагын албайлык (сот, бажы, салык ж.б.) - баары ирип, чирип, эл мүдөөсүн, калк муктаждыгын канааттандырууга жөндөмсүз болуп калганын билдирет.
5. Кыргыз мамлекети - 20 жыл эгемендүүлүктөн кийин - керегелери ажырап, ууктары сынып, түндүгү түшкөн боз үй кейпин элестетип турат.
Эң таңгалыштуусу - 20 жыл бою бийлик жүргүзгөн бир дагы президент, министр, депутат, сот, прокурор, аким ж.б. - бири да эч бир жоопкерчиликке тартылбаганы.
6. 20 жыл эгемендүүлүк кыргыз элине төмөнкү тарыхый сабактарды калтырды:
- Эгерим элге жооп бербеген, өзүн элден бийик коюп алган бийлик, эл үчүн иштебегенин 20 жыл кейиштүү турмушубуз көрсөтүп берди;
- коррупция буту-колун байлаган бийлик эл, улут, өлкө, мамлекет, Мекен үчүн иштей албай, шал болуп, бийликте жүргөн чиновниктер үчүн гана кызмат кылып калганына элди күбө кылды;
- коррупцияга баткан бийликти "мамлекеттик" деп айтууга эч бир негиз жок. Ал үй-бүлөнүн, партия, топ, же бир сөз менен мүнөздөгөндө - мафиянын бийлиги деп аталышы керек;
- Бийлик өзү адилет, калыс акыйкатты ыйык туткан бийлик болуусу зарыл. Адилет болбогон бийлик элди, өлкөнү, мамлекетти кыйроого гана алып барат;
- эгерде бийлик өз элин сыйлабаса, теңине албаса, алдаса, элдин камын көрбөсө, кыргыз улутуна күйбөсө, элди жакыр кылып, жумуш менен камсыз кылбаса, аткарган иши үчүн элге жооп бербей, элдин баасын албаса - андай бийлик элди кемсинтип, шылдыңдап, мазактап, кордогону үчүн тез арада алмаштырылышы зарыл.
Мындай бийликтен жакшылык күтүү - убакыт жоготуу (карышкырларга кой кайтарганга тете иш);
- Кыргыз мамлекетин түзгөн кыргыз эли өз Мекенинде, мамлекетинде өз тарыхынан, салт-адатынан, эне тил, улуу дөөлөт, ыйык мурасынан ажыратылып, үчүнчү даражадагы эл катары бийликтин мамилесине учураса - бүгүнкүдөй! Ал рухий селсаяк, улуттук тамыры кыйылган, майыптын аң-сезимине баткан ийгиликсиз, бактысыз, келечексиз жашоону гана көрөт (өткөн 20 жыл убакыттай);
- Демек, өз Мекенинде кыргыз эли мамлекетти түптөп, түзгөн эл катары Улуттун туусун бийик көтөрүп, биринчи даражадагы эл болгондо гана ал ийгиликке жетип, Мамлекетти күчтүү, кубаттуу кыла алат.
Кыргызстан элинин 69 пайызы кыргыз болгондон кийин, кыргыздардын турмушу оңолмоюнча, Кыргызстан оңолбойт, өлкөдө туруктуулук да болбойт;
- Кыргызстан бийлиги интернационалист (демек - улутсуз) болсо, ал кыргыз улутунун кызыкчылыгын сатканга тете. Мындай бийликтен кыргыз эли тыйындай жакшылык күтпөй, аны тез арада алмаштырышы зарыл;
- Кандуу июнь (2010ж.) окуясы (түштүктөгү) улут аралык ынтымак көздүн карегиндей сакталышы керектигин баса көрсөттү.
Ашынган улутчулдарды (ким тарабынан болбосун) дароо тыйып коюу зарылдыгын бизге зор сабак кылды;
- Кыргыз байыркы, улуу эл. Ал эгерим өзбек, тажик, орус, казак боло албайт. Дүйнө элдеринин бирин да туурап кыргыз ийгилик жарата албайт. Кыргыз өзүнүн өнүгүү жолуна түшүүсү керек. Ал жол - миң жылдар бою кыргызды сактап, күчтүү, кубаттуу кылып, тарыхтын бетинен өчүрбөй, ХХI кылымдын босогосунан аман аттаткан улуу Бабаларыбыздын жолу.

III. Кыргыз мамлекетинин жаңылануу жана өнүгүү жолу.

Эл чарбасы.
1. Кыргызстан аянты менен (198 миң км2) дүйнөнүн 93 өлкөсүнөн чоң, эли - болгону эле - 5млн. Салыштырсак, Түштүк Кореянын аянты - 99 миң км2 , эли - 47млн, Тайвандыкы - 36 миң км2, эли - 22 млн, Бангладештики - 147 миң км2, эли - 129 млн, Израилдики - 21,9 миң км2, эли - 7млн, Азербайжандын аянты - 86,6 миң км2, эли - 7млн.
Беш миллион элибиздин 2млн.га айдоо аянты (кайракыны кошкондо), 3млн.га токою, 6 млн.га жайыты, 51 млрд.м3- таза суусу бар (тоо кен байлыктарды козгобой эле коелук).
Кытай, Индия, Россия, Казакстандын бир далай штат, областтарында, Африка, араб өлкөлөрүнүн көбүндө эл таза сууга жетпей калды.
БУУнын маалыматы боюнча, бүгүн адамзаттын 60 пайызы таза суй ичпей калды. Мындан нары суунун тартыштыгы күчөгөндөн күчөй берээри шексиз.
Кыргызстан жылына 500 миллиард литр таза суу сатса, бери дегенде бир жарым - эки миллиард доллар киреше табат эле, литрин 15 сомдон эле бааласа! (500 миллиард литр суу байлыгыбыздын бир эле пайызын түзөт!).
Дүйнөлүк суу базарына бир дагы ишкер кире албайт, ошол үчүн суу сатыгын мамлекет өз колуна алууга тийиш.
Чарбасыздыкты тыйып, көзүн таап, илимий негизде уюштурса, Ысык-Көл, Соң-Көлдөн жылына 500-700 миң тонна балык өндүрүп, ыштап сатса болот (болгондо да балыктын эң асылын - осман, форель, пелядь, чебак ж.б.). Бүгүн Балыкчыда ышталган форель 800-1000сом турат (20 доллар). Балыктан эле бир миллиард доллар киреше алса болот эле.
Кургатылган өрүк, тоо балы, жаңгак, табылгыс дары чөптөр, жүзүм, мейиз, ж.б. жер-жемиштер 350-400 миллион доллар киреше берет эле.
Албетте, чийки зат түрүндө арзан кармата бербей, аларды тазалап, сорттоп, кооз кутучага салып, дүйнө базарына чыгара алсак.
2. Бир сөз менен айтканда, өлкө чарбасын көтөрүүдө маселе жок. Бул талкууга алынбай турган маселе.
3. Албетте, төмөнкү шарттар аткарылганда гана бул максаттарга жетсе болот:
- бийлик мафиялык (үй-бүлөлүк, же беш партиянын менчиги) болбой, накта адилет, калыс, элге иштеген мамлекеттик бийлик болууга тийиш;
- бийликтин чарба саясаты адилет, калыс, баарына бирдей болууга зарыл;
- ишкерликке бийлик тарабынан уруксат берүүнү жоюп, каттоого гана өтүү керек;
- салык, бажы ж.б. төлөмдөр ар бир 100 сом кирешеден 25 сомдон ашык болбосу зарыл (ашса - көмүскө жолуна өтөт);
- айыл-чарба тармагына өкмөт дотация берүүгө тийиш. Еврошаркет жылына дыйкан-фермерлерге 10-15 миллиард евро дотация берет, АКШ - 70-90 миллиард доллар буга жумшайт.
Кыргызстан Дүйнөлүк Соода Уюмуна (ВТО) мүчө болуп, чек арасын ачты. Демек, дыйкан, фермерлерге дотация берүүгө милдеттүү;
- кол өнөрчүлөргө өкмөт беш жыл удаа бир жылдык кирешеге барабар дотация берип турууга тийиш (бутуна туруп, дүйнөлүк соодага кирип алганча). Бул ички миграцияны токтотуп, элет элинин турмушун тез убакытта көтөрөт эле.

Улутук жана Мамлекеттик идеология.

1. Улуттун улуу дөөлөтүн, рухий мурасын сактап, жайылтып, даңктап, аларды мектеп, жогорку окуу жайларда окутуп, кыргыз тилин, салт-адатын, тарыхын ар бир жарандын жан-дүйнөсүнө жеткизип, улуттук эс-тутумду калыбына келтирип, улуттук оюндарды, кийим, тамак-ашты, кол өнөрчүлүктү колдоо - баары улуттук идеологияны түзөт.
2. Анын максаты - улуттун рухий азыгы аркылуу кыргыз элинин касиеттерин сактоо, улуттук жүзүн бекем кармап, кыргыздын ынтымак, биримдигин бекемдөө.
3. Улут жана диний аралык ынтымакты күчөтүү аракеттери улуттук идеологияга кошулганда - ал мамлекеттик идеологиянын негизин түзөт.
4. Улуттун дөөлөтү, мурасы, мамлекеттин негизи болгон кыргыз эли, анын кызыкчылыгы сөзсүз жана талашсыз биринчи катарда турууга тийиш.

Мамлекеттик Бийликтин жаңы түзүлүшү жана башкаруусу

1. Кыргыздын тарыхый тажрыйбасында илгертен бери элдин даражасы жараткандан кийин экинчи орунда болгон.
"Элине пайдасы жок тирүүнүн өлүгү", "Кан бийлигинен нарк күчтүү" деген макалдар муну ырастап турат.
2. Элдин бийик даражасын кайра калыбына келтирип, Мамлекеттик Бийликтин башында (ар үч миң шайлоочудан бир өкүл), бийликти тескеп, көзөмөлдөп, жообун угуп, ишине "канаттандырылсын" же "канааттандырылбасын" деген баа берүү укугу менен Элдик Курултай турушу зарыл.
3. Элдик Курултайдын өкүлдөрү айлык албайт, жылына бир (же эки) жолу жыйынга чогулат.
Аткаруу бийликтин күнүмдүк иштерине кийлигишсе, дароо мандатынан ажыратылат.
4. Премьер-министрдин кызматы аппараты менен толук жоюлат.
Өлкө абалына жоопкерчилик толук жеке президентке жүктөлөт.
5. Президент, Жогорку Кеңештин Төрагасы, Жогорку Сот, Эсептөө палата, Борбордук шайлоо комиссиянын жетекчилери, Башкы прокурор жылына бир жолу Элдик Курултайга (сын алгы, үн алгыдан түз обого чагылдырган) аткарган иштери жөнүндө жообун берип, өз иштерине баа алышат.
6. "Канаттардырылбасын" деген баа алган жетекчи кызматын өткөрүп берет.
Бир гана Президент (мындай бааны үчтөн эки добуш менен алса) өзү чечет: же кызматын өткөрөт, же элдик референдумга барат. Элдик референдум президентке ишеним көрсөтпөсө, анын чыгымын президент өзү көтөрүүгө тийиш.
7. Президентти жалпы эл шайлайт.
8. Борбордук шайлоо комиссиянын курамын толук Элдик Курултай шайлайт жана ал Элдик Курултайга гана баш иет.

9. Элдик Курултай:
- саны 250 адамдан турган "Эл казнасын" шайлоо аркылуу түзөт. Президент министрлерди, эки орун басарларын, комитет жетекчилерин, аймак жетекчилерин ушул тизмедеги адамдардан гана дайындайт;
- аймактагы шайлоолордон өткөн талапкерлерден Жогорку Кеңештин 35 депутатын шайлайт;
- тогуз адамдан турган (үчтөн кем эмеси аялзат болууга тийиш) Улуттук Кеңешти шайлайт;
- президенттин сунушун карап, Жогорку Соттун, Эсептөө Палатанын төрагаларын, Башкы прокурорду дайындоого макулдугун берет. Бул кызматчыларды Президент кызматтан Элдик Курултайдын макулдугу менен гана четтете алат.
10. Жогорку Кеңеш 35 депутаттан турат. Кол тийбестик укук баарынан алынат. Унаа, жардамчылар, үй менен камсыз кылынбайт.
Кызматтык квартира берилет. Мыйзам чыгаруу милдетин гана аткарат, саясатка кийлигишпейт, саясий оюн, ушак, чыр-чатак чыгарган борборго айланбайт.
11. Улуттук Кеңеш:
- алты добуш менен Президентке импичмент көрсөтүүнү баштай алат. Ал 10 күндүн ичинде кезексиз чакырган Элдик Курултайда каралууга тийиш;
- улуттук идеологиянын жүрүшүнө, ишке ашырылышына көзөмөл жүргүзөт.
12. Соттордун баарын эл шайлайт. Сот отурумдары ачык өтөт. Жогорку Соттун курамын Президент сунуштайт, Элдик Курултай бекитет.
13. Област, райондор жоюлуп, ирилештирилген аймактар түзүлүп (саны 12-15), төрт тепкичтүү башкаруунун ордуна эки тепкичтүү (президент - аймак жетекчиси) башкаруу киргизилет.
14. Айыл өкмөттөрдүн укуктары кыйла кеңейтилип, жер-жерлерде түмөн түркүн маселерди чечүүгө каражат табуу мүмкүнчүлүгү берилет.
15. 1992-2011- жылдары аким, сот, прокурор, депутат, министр болгондордун баары тыкыр текшерүүдөн өтүүгө тийиш;
- мүлкү, тапкан кирешеси, мамлекеттик казнага төлөгөн салык, бажы ж.б, төлөмдөрү. Эгерде үчөөсү бири-бирине дал келбесе, түшүндүрүп берүүгө тийиш же ашыгын элге кайрып берүүгө милдеттүү болуш керек;
- Yзөңгү-Кууш, Каркыра, 7-апрель (2010ж.) 87 адамдын окко учканына тиешеси бар депутат, министр, саясатчылар атайын тергөө топтун кароосунан өтүп чыгууга тийиш. Күнөөсү аныкталса, атайын соттун жообуна тартылышы зарыл.

IV. Корутунду

1. Кыргыз мамлекетинин, кыргыз элинин абалын сырттан бир дагы өлкө бир дагы эл оңоп бербейт.
2. Кыргызстан элинин арасынан өлкө келечегине кыргыз эли гана күйөт жана кам көрө алат (март 2005, апрель 2010жж., элдик ынкылапка жалаң кыргыз катышканы буга талашсыз далил).
3. Эл чарбасын өнүктүрүүдө эч бир чечилбес маселе жок, муну талкууга албай турган шарт деп тааныш керек.
Өлкөбүздүн табигый шарты, жер, суу байлыгы 5млн. элди эмес, андан үч-төрт эсе көп элди бакубат жашоого толук негиз берет.
4. Эл алдында бир эле маселе бар: мамлекеттик бийлик жана өлкө башкаруу түзүлүшүн түп тамыры менен өзгөртүү:
- элдин даражасын кайра эң бийик калыбына келтирип, Элдик Курултайды бийлик башына коюу;
- президент, жогорку сот, Жогорку Кеңеш, эсептоо палата жетекчилери, Башкы прокурор Элдик Курултайга жылына бир жолу отчет берип, ишине элдин баасын алуу;
- премьер-министрдин кызматын жоюу;
- өлкөдө эки тепкичтүү башкарууга өтүү (район, областтарды жоюп, ирилештирилген аймактарды түзүп);
- элдин тескөө, көзөмөлүнөн чыкпаган күчтүү президенттик бийлик орнотуу.
5. Бул максатка жетүү үчүн пикет, митинг, ынкылаптын кереги жок.
Болгону гана калың элдин тилеги, оюу, максаты бир болуп, ушул өзгөрүүнү Баш Мыйзамдын алкагында талап кылуу.

V. Адамзаттын дүйнөлүк көйгөйлөрү жана кыргыз дүйнөтаанымы.

1. Дүйнөлүк көйгөйлөрдү: экология, экстремизм, СПИД, адам сатуу, баңгилик, дүйнөлүк теңсиздик (1 миллиард адам жыргап, калгандары куурап жатат) ж.б. чечүү жолдорун бүгүн бир дагы дүйнөлүк дин, илимий борбор, өлкө президенти, окумуштуу көрсөтүп, айтып бере албай жатат.
Кийинки үч миң жыл бою (темир доордон баштап) адам тагдыры үч күчкө байланыштуу чечилип келип жатат:
- курал күчүнө, бийлик (мыйзам) күчүнө, байлык (акча, дүнүйө) күчүнө.
Бирок, дүйнөлүк көйгөйлөрдү аталган үч күч менен чечүү мүмкүн болбой калды.
Себеби, бул көйгөйлөрдүн чечилиши акыркы үч миң жылда калыптанган адамзаттын дүйнөтаанымынын сыртында жатат, демек, азыркы дүйнөтаанымдын алкагында алар эгерим чечилбейт.
Адам баласы жаңы дүйнөтаанымдын алдында турат. Анын пайдубалы:
- Табиятты жандуу деп таанып, аны менен эриш-аркак жашоо, ага кыянат иштерге барбоо;
- дүнүйөкорлуктан, өзүмчүлдүктөн баш тартуу;
- рухий дүйнөнү жансыз, өлүк дүйнөдөн бийик баалоо;
- Кудайды менчиктештирбей, "иттин ээси болсо, бөрүнүн Теңири бар" , "жандуунун баары адамга шерик" - деп жашоо ж.б. болуп турат.
Мунун баары кыргыздын дүйнөтаанымына дал келип, аны кыргыз элинен үйрөнүп, өздөштүрүүгө көп элдер муктаж болуп, кыргызды ээрчип калат. Албетте, маңкурт кыргызды эмес, мафиялык (үй-бүлөлүк) бийликти мамлекеттик бийлик - деп, ага моюн сунуп берген кыргызды эмес.
"Адамзатты акыр замандан Манас элинин урпактары сактап калат" деп ыйык китепте жазылгандай, 20 жыл эгемендүүлүктөн сабак алып, аны турмушка ашырып, өлкөнүн жаңылынуусун, кайра жаралуусун камсыз кылып, байыркы, улуу Бабаларыбыздын жолун уланткан, жакындап калган жаңы доордун кыргыздарын ээрчип, дүйнө элдери алардан үлгү алаары бышык болуп калды.
Бул, биринчиден Жараткандын буйругунда, экинчиден - кыргыздын мекенчил - патриот кыргыз атуулдарынын колунда.
Аларга аруу тилек, Ак жол каалап, Ала-Тоо тиреген түркүк, жоону алган бүркүт болушуна терең ишенип, Манас Журт Биримдигин колдоп, анын катарына кошулууга үндөп

Дастан Сарыгулов,
7-сентябрь, 2011-ж.

"Манас Журт Биримдиги" кыймылын негиздөөчүлөр:
"Улутман" саясый партиясы
Сазыкбай Турдумалиев

"Улут Ордо" саясый партиясы
Николай Токтоболотов

Байланыш телефон: 0550 555 002
Сайт: www.elkurultai.org