Бейне

ЖОЛ...
Айыл жыты балалыктын
жытындай...
Жалал-Абадга түшүп баратканда эле дүпүйгөн бак-дарактуу, адырларына күн нуру кылкылдап чөккөн кокту-колоттуу айыл биринчи көзгө түшөт. Бул бир боор кичи мекеним БАРПЫ айылы. Ашуудан туруп айылга көз салсаң, бул айылга куду КҮН түнөп өткөндөй ысык аптап дароо бетке уруп, жүзүңдү эненин мээнеткеч, мээрман колдорундай жылуу желаргы сылап, жүрөктөн башталган жагымдуу сезим алкымды бууп делбиреген ажайып маанай көңүлүмдү серпип, көөдөнүмдү алда кандай кусалык чайып кетет. Анткени, бул жерде кайталангыс балалык калган, менин ааламыма кеткен жол ушул кичинкекей дыйкандардын мекени болгон жупуну айылдан башталган.
Атанын сүрү, эненин мээрими калган биздин эски үй али бузулбай турат. Ата-эненин көзгө ысык, дилге тааныш алмашкыс буюдары, эч жерден кайра кезиккис жыты калган кийимдери тамдын боорундагы мыкта илинип турат. Атамдын үйдө кийген күрмөсү. Атам кийген бойдон жуулбай сакталып, айылга барган сайын кийип алам. Анда атамдын жыты дагы эле жыттанып тургансыйт. Атамдын ок чонтою, өз колу менен жасаган октору, торбосу, апамдын кийимдери, атам экөөнүн чай ичкен чайнек пиаласы, жаткан төшөктөрү, отурган шалчалары баары турат. Бул бөлмөгө киргенде өзүмдү сагынган айылыма, жанымдын бир бөлүгүндөй жүрөккө жакын, эски, жупуну, бир боор үйгө ата-энеме учурашканы зарыктырган каникулга келген студенттей сезип, өзүнөн-өзү көкүрөк өрөпкүткөн жылуу жаш тамагыма кептелет. Атаганат, алдыман чыныга суусун көтөрүп адатынча башыма тегерете бар кырсыгыңды кууганга шашкан, кубанганынан этегин үзө басып энтелеген апам, кубанчын ичине катып көз жашын көрсөтпөй аарчый, келгениме жетине албай турса да сүйүнгөнүнөн бышактаган кемпирин урушумуш болуп бакылдаган атам гана жетишпей үй томсорот.
Бир кезде курсактары чедирейип, бирин-бири жетелеген тентек балдар, азыр керилген азаматтар.
Мен он бир бир туугандын ичинен уул балдардан төртүнчүсүмүн. Эң улуубуз Тыныбек акем, ал киши доктур. Андан кийин Жаныбек, Каныбек, Каныгүл, Жумагул, Казыбек, Бактыгүл, Шайырбек, Кенжегүл, Зыйнагүл. Мен гана иш боюнча алыста жүргөнүм болбосо бир туугандарымдын баары Барпыда.

Менин асылзаттарым
Менин бала кезде эң жаман көргөнүм үйгө ыйлап келүү болчу. Атам эшиктин алдына коон дарбыз эгээр эле. Кучак жеткис коон дарбыздардын палегинде туруп жарылып кеткенин дагы эле эстей берем. Атам жолдон өткөн адамдарга коон дарбыздан көтөрүп кетишинче бекер эле берчү. Бизге да "каалашыңарча жегиле, бирок, ашыкча коромжу кылбагыла" деп турчу. Атам канчалык коон дарбызга тойгузса деле бизге жашырып уурдап жеген жакчу. Кээде атам "коон дарбызды санап койдум эле, бирөө кемип калыптыр" десе, "алганыбызды билип коюптур" деп коркуп "ата мен үзүп жеп койдум эле" деп мойнубузга алып жиберчүбүз. Бала экенбиз да, унутулганда кайра эле атамдан жашырып алып жеген коон дарбыз ширин сезиле берчү
Апамдын таятасы Шүкүраалы болуш деген атактуу киши болгон экен. Канындагы ак сөөктүктөн уламбы апам, жок барга чыдамкай, бирөөнүн дүнүйөсүнө, жакшы буюмуна көз артпаган аябай топуктуу киши эле. Апам раматылык мен билгенден өмүрүндө биринчи жолу атамдын пикирине каршы чыгып, мени Терешкова атындагы мектеп-интернатка окууга жиберген. Ошондо атама айтпай бизге жакын жашаган эжекеме каймагын, өзү индюк тоок бакчу, ошол тоогунан союп этин көтөрүп барып, "баламды карап, анча-мынча тентегин атасына айтпа" деп калкалап калаар эле. Ошентип жүрүп мектепти бүтүп, Россияга окууга кеттим. Студент кезде атам менен токтоо сүйлөшүп, атам жокто апамдын көкүрөгүнөн жыттап эркелегенди жакшы көрчүмүн. Андай ажайып жытты азыр эч жерден жолуктура албасымды билген сайын кусадан көзүмө ысык жаш тегеренет. Мени "колуңдан келбеген иш болдубу?" дешсе, "апам менен атамдын өмүр узарта албадым" деп айтмакмын. Апам өмүрүнүн акыркы жылдары көп ооруп, көзү жакшы көрбөй калды. Ошондо, "Апа, Кытайга алып барып башка көз салдырып келели" десем, "Кой балам, кудай берген өзүмдүн эле көзүм болот, кыйнаба" деп койду. Апам абдан мээрман болгон менен айтканынан кайтчу эмес. Көндүрө албасымды билип, апама көрсөтпөй алсыздыгыма жаш баладай ыйлаганым эсимде. Апам менин ыйлаганымды көрсө, "Сага ишенип жүрсөм, сен ыйласаң башкалар чөгүп кетпейби" деп кайраттандырып койчу.

АРМАН
Апама көп нерсе жасай албадым, болгону мындан он беш жыл мурун апам сегизинчи мартта, "үйгө жалаң баатыр эне болгон теңтуштарымды чакырайын дедим эле, кандай дейсиң? Сен ошолорго кичине белек кылып кубантып, батасын алып койбойсуңбу" деп калды. Дароо макул болдум. Анан ошондон баштап ар бир сегизинчи мартта оболу апамдын баатыр эне досторун, анан айылдаштарын, анан бүтүндөй Барпы айылынынын, андан кийин Жалал-Абад шаарынын баатыр энелерин куттуктоочу болдум. Азыр сегизинчи март мен үчүн апамдын гана эмес бүтүндөй он баланын түйшүгүн тарткан апалардын майрамы. Бул күнү менин бүт жан-дүйнөм кубанат, майрамдайт. Алар менен апам майрамдабай калганына беш жыл болду. Азыр алардын ар биринде апамдын мээрими, элеси бар. Ар биринин жүзүнөн апамды көрөм. Ошолорду карап туруп мамлекеттин, элдин арасынан чыккан азаматтардын башаты, сыйынаар очогу ушул энерелерде тура деген ойго келем, ушул эбегейсиз мээримдин, сүйүүнүн коломтосу өчпөсө экен деп тилейм.
Кээде "жубайлар окшош болот окшойт" деп ойлоп калам. Анткени, атам деле катуу киши болгону менен жаратылышынан абдан боорукер, ак көңүл, март, шар адам эле. Ошол окшоштугунан улам турмуштун баардык кыйынчылыгына чыдап, он бир баланы тарбиялап бой жеткиришсе керек. Алар бири-бирисиз узак жашай алышпады. Атамдан кийин эле апам жыл айланбай көз жумду. Эже карындаштарым эрди урматтону, биз уул балдар аялды сыйлоону атам менен апамдан үйрөндүк.
Атам биздин баарыбызга жетерлик мурас калтырган. Ал мурас кенендик, айкөлдүк, намыскөйлүк, боорукерлик, мээнеткечтик. Дайым үйгө келгенде жерге шалчаны жая салып отуруп, бакылдап ал абалды, айылдагы жаңылыктарды сурап ага-инилерим, кошуналар менен чай ичкенди жакыш көрөм. Таң атпай туруп огороддо кетмен кармап, мүрзөлөрдүн арасына арча көчөттөрүн алып келип эгип, айланасын тазалап, куран окуп, көчөттөргө суу куюп, бул ишиме өзүмчө эле кудуңдап кубана берем.. Деги эле гүл, көчөт эккенди жакшы көрөм.

ТОМСК, же студенттик издер...
Атам мени Томскиге аттантканда эле мойнума эл милдетин жүктөгөн экен. Антпесе, карапайым дыйкан үчүн менин дал өзүндөй мээнеткеч дыйкан болоорум жетиштүү болмок. Ар бир жооптуу ишке аттанаарда атам дагы эле ошол Анжиян вокзалында узатып калгансый берет. Эсимде, ар дайым окууга кетип атканда Сузактагы теплицадан гүл алып кетип ал жакка сатып, жол киремди чыгарып алчу болдум. Кийин деле майрамда гүл алып кетсем, кышка жакын жылуу өтүктөрдү алып кетип жол киреме, кийим кечеме акча таап жүрдүм. Бул менин алгачкы бизнесим экен көрсө.
Студент кезде Томскидеги кыргыз балдарды чогултуп, алардын таламын талашып, ошондо эле дилимде "бул менин мекендешим, кандашым, калкалоого, жардам берүүгө милдеттүүмүн" деген сезим ойгонгон болчу.
Мен тагдырлашымды, балдарымдын апасын Томскиден таптым.
Алгач атама айтсам, "жакыныраактан табылбадыбы?" деп сөктү. Мен ошондо биринчи жолу атамдын айткан сөзүнө каршы чыктым. Акыры атам көндү. Ошондо атам айылдагы имиш-имиштен "келиндин атасы нефтини кайра иштетүүчү заводдун деректири экен" деп угуптур. Жөнөп баратканда атам "атасынын оозун урайын, кайын атаң мага демектен Чымкенттин губернатору болсун, акыркы малымды сатсам да сени жер каратпайм балам" деди. Мен деле чын-төгүнүн билбейм. Анткени, бизди мансап, эсептүү кайын күтүү эмес сезим табыштырган эле. Кийин барсак биздей эле карапайым атасы молдо, энеси үй кожойкеси, он эки баланы тарбиялап чоңойткон жупуну адамдар экен. Элдин эле апыртма сөзүнө ишенип кыжаалат боло бериппиз. Атам ошондо эшикке такталардан стол жасап той өткөргөн. Биздин той ошол кездеги тойлордун алды болгон. Келинчегим ошондо кандай жөнөкөй болсо азыр деле өзгөргөн жок. Абдан жөнөкөй, акылдуу аял.

БИШКЕК, же депутаттык
мандат, министрлик кызмат
эмне берди?..
Баардык нерсени жакшылыктан баштаган оң го. Андыктан, ошол депутаттык, министрликти аркалаган жылдар аралыгында мени кубанткан нерселерден баштайын. Кайсыл жерде, мейли депутат, мейли министр болуп иштебейин ошол жердеги мүмкүнчүлүктүн баарын элге жумшап, аздыр-көптүр эл алкышына арзыдым.
Министрлик кызматты аркалаган жыл ичинде элдин абалын жакындан билүүгө, алардын психологиясын жакындан өздөштүрүүгө аракеттендим. Бир жолу эртең менен атамдын эски купайкесин кийип алып жер кыдырып жүрөм. Ошондо МЧС тарабынан көпүрө салынып жаткан. Жумушчуларга барып, "күйүүчү май сатпайсыңарбы? Жер айдатып алайын дедим эле" дедим. Анда бир айдоочу дароо, "мейли, башка жерде отуз болсо биз жыйырма, жыйырма бештен эле беребиз, канча аласыңар? Идишиңерди алып келгиле" дейт. Сыр бербей "жүз литр алсамбы дегем" дедим. Менин актерлугум акырына чыкпай калды. Ошол маалда мени тааныган бирөө келип учурашып, жанындагыларга, "Бул бала биздин айылдан чыккан министр" деп тааныштырып коюп өтүп кетип жатпайбы. Тиги айдоочусу да, иштин чоо-жайын уккан прорабы кумсарып жаман болуп кетти. Аларда эмне күнөө, айлык аз, мамлекет карабайт, башка жолу жок. Ошого чейин "күйүүчү май жетпей жатат" деп эле айта беришчү. Ошондон кийин күйүүчү май тууралуу сөз болгон жок. Атам менен апам бизди кадимки эле карапайым турмушта чоңойтушту. Атам кетмен көтөрсө, апам талаага бешигин көтөрүп, биз алыбыз жеткен нерсени, калай крушканыбы, нандыбы кошо көтөрүшүп жүрүп бой жеттик. Ишенесизби, кандай кызмат орунда болсом да, мен үчүн баары бала кездегидей жөнөкөй болгону жагат. Менин ой максатым бийлик алыш эмес, өзүмдөгү болгон нерсени кызмат аркылуу элиме берип калуу.

ИШЕНИМ
Кээде жакын адамдар, "Камчы аке, Кыргызстан оңолбойт окшойт", деп калышат. Ошондо мен "антип айтпагыла, көрөсүңөр Кыргызстан оңолбойт деп көчүп кеткен адамдар Кыргызстан оңолгондо кайра келгенге зар болот" деп айтам. Мен бул сөзгө өзүм ишенип айтам, мен абдан жашоодон кыйналган күндөрдө да ушул сөздү караан кылып, кайраттанам.

Элмира Атабаева