Бүгүнкүнүн бүгүнкүсү
Оо, "Абыке" менен "Көбөштөр"
Өткөн аптада, Москвада эмгек мигранттары болуп, курулушта иштеп жүрүшкөн кыргыз жигиттерине үч Кавказдык жигиттер келишип, акча сурашып, кыргыздар мындай талаптан баш тартышса, ортодо мушташ чыгып, бир Кыргызстандык жаран Кавказ улутундагылардын колунан травмалык пистолеттин огунан оор жарат алганын, бул чатак иш боюнча Россиянын Кыргызстандагы элчилигине билдиргенин депутат К. Ташиев айтып чыкты.
Депутаттын бул камкордугуна, өз боордошторуна кайдыгер эмес экендигине рахмат дечи, бирок, маселе башкада болуп жатпайбы.
Кыргыз президенттери, башка атка минерлер да "Айкөл Манасты" ооздорунан түшүрүшпөйт, адатта. Манасты алар жөн эле сөздөрү кооз чыгыш үчүн айтышат окшойт деп ойлоп да кетчү болдук. "Манас" дастанынын түпкү маани маңызын билишпейт окшобойбу. Билишсе да, ооздорунан түшүрүшпөсө да, дастанды терең көңүлгө алып, иш жасашпай жатпайбы. Дегенибиз, улуу дастанда мындай окуя бар: Чоң Казатта Коңгурбайдын найзасынан жарат алып, ошол жараттын залалынан көз жумат, кайран айкөл. Манастын инилери Абыке, Көбөштөр болсо бийлик талашып, агасы Манастын төшөгүн талашып, Кыргыз ордосун ойрон кылат. Арга кетет, амал түгөнөт. Акыры Манасты бул жарык дүйнөгө алып келген Чыйырды байбиче каралуу Каныкей менен балтыр бешик Семетейди өңөрүп, түн катып төркүнү Букараны карай тентип жөнөйт. Бул "Манас" дастанындагы эң кайгылуу окуялардын бири. Эми сөз тизгинин артка буралы.
Ушул замандын Абыке, Көбөштөрү колдо бар байлыкты талап тоношуп, бийлик талашып жатышып, Манастын тукумдарын бери жагы Россия менен Казакстанга, ары жагы Араб Эмираттары, Түркияга жана башка жерлерге тентигенге муктаж кылышып, Чыйырды байбиченин, Каныкейдин, Семетейдин абалына алып келишпедиби, 20 жыл ичинде. Жогоруда айтылган Кавказдыктардан бычак жеген кыргыздар ушунун кесепети эмей эмне? Кайран, кор болгон, тентиген кыргызым ай!
"Айгай-пресс"