АЗГЫРЫК
СЕЗИМ
(Уландысы.
Башы өткөн санда)
Анан гана жай басып үйүнө келди. Талантбек аны чыдамсыздык менен күтүп олтурган эле. Себеби, ал Шайырдын үйүндөгү жаңжал дагы да уланат деп ойлогон. Андан да чоң чыр болушун күткөнү жашыруун эмес.
Ошондон улам ал баарына шай болуп, өзүн даярдап олтурганы ырас. Бирок, ал күткөндөй болбоду. Айжамал келгени менен ага үн каткан деле жок. Байкамаксан болуп, үй иши менен алектенип жатты. Талантбек кыйла өзүн басып алды. Жүрөгү ордуна түшкөнсүдү...
- Айке, мени кечирип кой! - дегенге батынды бир оокумда. - Айыптуумун!
Жубайы анын сөзүн укмаксанга салып, жооп бербеди. Бирок, Талантбек да тим болуп калбады. Аялынын оюн ачык билгиси келип, сөзүн улады:
- Ат көтөргүс күнөөм бар. Мойнума аламын. Ит эле болбодумбу!
Айжамал дагы да сөз кошподу. Эми Талантбектин айласы түгөнгөнсүдү. Аялы бүркөлгөн күндөй түнөрүп, кабагын ачпас болгондугуна ынанды. Ичи муздап, сезими удургуй баштады бейм. Тигинин ушундай кара мүртөздүк мүнөзү бар. Бир ниети карарчу болсо, күйөөсүнө жумалап сүйлөбөй коёр эле. Анын бар-жогу, ач-тогу менен иши да болбой, кол шилтеп салчу.
- Айке, бир деме деп койчу! Жарылып кетмек болдум!
Жубайы аны жутуп жиберчүдөй жек көрө тиктеди. Көздөрүнөн каардын жебелери учуп, анын жүрөгүнө сайылгандай туюлду. Денесин майда калтырак басып, сезимин бороон каптап өттү. Айжамалдын аны эми кечирбей турганына толук көзү жетти. Андан өч алмайын жаны жай таппасына ынанбай койбоду. Не дегенде аялынын азыркы жорук-жосуну бир жамандыкты каңкуулап турган. Бирок, кантип, кандай жол менен өч алаарына акылы жетпей жатты. Жүрөгү түпөйүл тартып, ою онго, санаасы санга бөлүндү...

* * *
...Талантбек кечке чейин араң чыдады. Бычак мизинде басып жүргөнсүп ойдолоп, бир ордунда тура албай койду. Ичи өткөн баладай улам үйгө кирип-чыгып убара тартты. Үшкүрүнүп-бышкырынып жаны сеп алган жок. Көңүлү эч нерсеге чаппады. Убакыттын өтүшү да бир тозок болгонсуду ал үчүн.
Айжамал дагы баягы түнөрүп, кабагын чытыган калыбынан жазбады. Балдарынын курсагын тойгузуп, төшөк салып, жаткырып койду. Алардын жанына, өзүнө, бир орундуу кылып гана жай салды. Талантбектин бар-жогуна кызыкпады да...
- Кагылайын, Айке, кечирип койчу мени! Айыбым бар, аны танбаймын. Шайтандын тилине кирип, ит болдум! -деп күйөөсү дагы ага жалбарына баштады.
Толгон-токой убадаларды берип ийди. Арыз-муңу Кудайга жеткендей эле болбодубу. Көз жашын да төгүп жатты. Бирок, баары бир аялы жибиген жок.
- Кааласаң карганып берейин! Жакшылык көрбөй калайын! Жигит өлөйүн!..
Айжамал кабагын ачпай, кара булуттай түнөрүп туруп муну айтты:
- Өз көзүм менен көрбөсөм да мейли эле! Эми карганмак тургай доңуз коп! Өз убалың өзүңө! Сенден өч аламын!
- Кантип?! Эмне кылып?
Ал кебелбей, сумсайган боюнча кылыч менен кыя кескендей балп эттирди:
- Мен дагы сага окшоп ойнош күтөмүн! Каалагандай ойноп-күлөмүн! Сен деле менин ордумда болуп көрчү! Эмне кылаар экенсиң?!
- Ким менен... жүрмөксүң?!
- Бул сенин ишиң эмес! Бирөө эле эмес, керек болсо... эки-үч эркекти жандаймын!
- Акылыңа кел, Айке!
- Эмне, мага сөз айткандар, көз арткандар жок дейсиңби? Толтура! Каалайсыңбы, азыр эле көчөгө чыгып, үч-төртөөн ээрчитип келемин! - деп Айжамал шымаланды.
Талантбек аялынын алдында тизе бүгө чөгөлөдү:
- Кечирим сураймын, Айке! Жаңылдым-жаздым. Мени атып өлтүргөн адам сооп табат. А сен түз жолуңдан, адашпа! Абийириңди булгаба. Өтүнөмүн!
- Сенин акыл-насаатыңа муктаж эмесмин. Эмне, ойнош күтүү сага болот дагы, мага жарашпайбы?! Куп гана туура келет да! Көрөсүң го!
- Айке, өчөшпөчү мага! Ичиңе кек сактабачы! Арты жакшылык менен бүтпөйт! Мен го болоорумча болдум, эми сен менин жаңылыштыгымды кайталабачы! Ортодо ай чолпондой болгон балдарыбыз турбайбы!