Жукарып бараткан Рух же…
ПАРЛАМЕНТАРИЗМ ЭЧ КАНДАЙ ЖАҢЫ "АМЕРИКАНЫ" АЧКАН ЖОК
Кыргызстан XXI-кылымдын башталышы менен парламентаризмди жаңыдан гана баштоодо. Анын теориялык, тажрыйбалык маселелерин талкуулоо азыр кызуу жүрүүдө. Азырынча коомчулук ишенип кабыл ала турган парламентаризмдин үлгүсү көрүнө элек жана атынан башка затынын маңызы боюнча жоболор 2010-жылы референдум аркылуу кабыл алынган Конституцияда үстүрт чагылдырылган. Алар да ар кандай каршылыктарга дуушар болууда. Мындай шартта ачык-айрым талкуулар, чыгармачылык талаш-тартыштар, дискуссиялар толук мыйзамдуу болоору талашсыз.

Экинчи элдик социалдык ыңкылаптан (2010-жыл 6-7-апрелден) кийин Кыргызстан парламенттик башкарууга өтүү демилгесин жалпы элдик референдум аркылуу (2010-жыл, июнь) дүйнөгө жарыялаганы эч кандай жаңы "американы" ачкан жок. Бирок, ошол эле учурда Европа-Азиянын көпчүлүк мамлекеттери, ошондой эле постсоветтик жаңы пайда болгон Прибалтика-Закавказьенин айрым мамлекеттери парламенттик башкарууга өтүшүп, нагыз демократияны улуттук өзгөчөлүктөрү менен айкалыштыруу жана жалпы калктын жашоо турмушун жакшыртуу жолуна түшүштү. Мисалы, XXI кылымдын башында башкаруунун парламентаризм жолуна түшкөн Кыргызстан үчүн өрнөктүү үлгү боло турган Түркия Республикасы. Улуу кеменгер-лидер Мустафа Кемал Ататүрк "Жеке бийлик сыяктуу үлгү калтыруу менен өлбөйм, Парламенттик республика курам" деп 1923-жылдан баштап жаңы улуттук, калктык, демократиялык, парламенттик Түркия Жумуриятын түптөгөн. Натыйжада, "түрк улуту өзүнүн дарамети менен асыл сапаттарын цивилизацияланган дүйнөгө көрсөтүп, дүйнөлүк жамааттагы өзүнүн ордуна татыктуу экенин байсалдуу иштери менен далилдеп" келүүдө.
Азыркы учурда парламентаризмдин Кыргызстанда түптөлүшүнө эки башка өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү ачыктан-ачык эле байкала баштады: биринчиси - дүйнөнү ааламдаштыруу аркылуу батышташтыруу (вестернелештирүү) саясатын кеңири жайылтып, Америка - Европанын саясый, экономикалык, маданий баалуулуктарын ар кандай амалкөйлүк аракеттердин аркасында бекем орнотуу жана Кыргызстанды кулчулуктун XXI кылымдагы жаңы түрүнө, экспансиянын өтө ийкемдүү куралына айлантуу аракети. Бирок, Батыштын заманбап цивилдин (цивилизациянын) негизи талкаланып, адамдын жашоосунун негизине коркунуч көбөйүүдө. Өзүмчүлдүк атаандашуу, пайдачылыктын чексиз көбөйүшү, табийгат байлыктардын түгөнүшү, орой физикалык күчтүн үстөмдүгү, рухтун жүдөгөнү, акыл-эстин начарлаганы, адамдык жашоонун маңызына кайдыгерликтин капташы, кулк-мүнөздүн, каада-салттын бузулушу, зордукчулуктун, жыныстык абийирсиздиктин, дүйнөкорлуктун, баарында, өзгөчө адамдын өзүнө жапайычылыктын, тукумсуздуктун, адамды жек көрүүчүлүктүн дүркүрөп өсүшү - мунун баары бүгүнкү батыш маданиятынын көрүнүштөрү, либералдык-базарлык фундаментализмдин жемиштери, "алтын миллиардерлердин" адамзатка болгон каршы саясаттарынын көрүнүшү. Булар дүйнөлүк экологиялык каатчылыкка жана дүйнөлүк социал-экологиялык талкаланууга түртүүдө. Батыштын ошондой эле Россиянын айрым аалымдары жакындап келе жаткан апокалипсистен (грек сөзү-"дүйнөнүн бүтүшү" дегенди туюндурат) кутулуунун жолу катары ноосфералык цивилдүүлүккө өтүүнү сунуштоодо. Бирок, ал качан, кантип, кимдердин аракети менен жер жүзүндөгү адамдардын жашоо ыңгайына айланат? Азырынча ноосфералык цивилизация теория катары талкууланууда. Албетте Европадагы жүздөгөн жылдар бою жыйылган жана азыр да тажрыйбаланып жаткан башкаруунун парламенттик маданияты, жаңы техниканын, технологиянын жана илимдин заманбап үлгүлөрү биз үчүн дагы эле көпкө чейин ишке ашыруучу тажрыйба катары кала берери бышык.
Өнүгүүнүн тарыхый жолун жана ордун тактоого кызыкдар Кыргызстан мамлекети үчүн адамгерчиликтүү, абийирдүү, адилеттүү жана рухтуулукка негизделген багыт болуп Чыгыштын-Азиянын цивилизациялык үлгүлөрү көбүрөөк келечектүү жана жагымдуу да болууда экенин танбашыбыз керек.
Ошол эле учурда салттуу коомду контрмодернизациялап, анын баалуулуктарын акыл-эс менен пайдаланып, республиканы обу жок батышташтырууга жол бергендин ордуна, анын прогрессивдүү баалуулуктары менен салттуу коомдун келечектүү баалуулуктарын айкалыштырып , туташтырып, бириктирип, б.а. синтездештирип, XXI кылымда мамлекетти жыргалдуу жашоого жеткирүүгө болот. Кеп, саналган өзөктүү мүмкүнчүлүктөрдү Жогорку Кеңештин кабыл алган Мыйзамдарынын, Өкмөттүн, дегеле бардык жетекчи кызматкерлердин (борбордук, аймактык) күнүмдүк саясаттарынын негизинде айлантууда турат.
Бирок, тилекке каршы, акыркы бир жарым - эки кылымдын аралыгында ар кандай тарыхый шарттарга байланыштуу (уруулук-бытырандылык, колониялык көз карандылык, тышкы идеологияга басмырлангандык ж.б.) калкыбыз тарыхынан, философиясынан, салттык көп баалуулуктарынан ажырап же өтө эле жукарып кеткендиги дагы анык чындык.
Салттуу коомдун жараны табийгат менен жуурулушуп, биримдикте жашап, аны жан дүйнөсү менен сезип, коргоп, ыйык тутканы. Жерге жана анын байлыктарына болгон өтө аяр мамилеси, жерди жана анын байлыктарын эне менен катар баалаганы мамлекеттин негизи деп жеке менчиктөөгө, сатууга бербегени, салттык коомдордун өзгөчө касиети, баалуулугу эмеспи. Табигатка болгон аяр мамиле адамдардын ортосундагы мамилеге толук жайылтылган жана элдик бийликтин ыйык милдети болгон.
Ата-атадай, бала-баладай, башкаруучу-башкаруучудай башкача айтканда хан-хандай, вазир-вазирдей, өкмөт-өкмөттөй болушу керек. Алар тазалыгы, акыйкаттыгы, чынчылдыгы, камкорчулугу, социалдык жоопкерчилиги, билермандыгы менен айырмалангандыгында. Салт боюнча бардык башкаруучу - лидерлер милдеттүү түрдө калкын тойгузган, кийиндирген, толук жашоосуна кам көргөн. Тентиген, сурамчы, жетим-жесир дегендер кыргыз айылдарында болгон эмес...
... Элибиз көп кылымдардан кийин өз алдынча, көз карандысыз, азаттыкта, демократиялашкан, социалдашкан, мамлекеттүүлүккө ээ болуу менен акыры минтип парламенттик башкаруу жолуна түштү.
Чынында, бул өтө келечектүү өтө жооптуу жана татаал маселе. Ар бир атуул кулчулук, маңкурттук, кайдыгерлик, кош көңүлдүк психологиядан арылып, намыстанып, кайраттанып, адамдык сапатты көкөлөтүп Кыргыз мамлекетинин нагыз гүлдөшү үчүн күрөшүүгө шарт түзүлүүдө. Демек, мындайда төрт жагынан төп келишкен улуттук лидерди тандоодо тарыхый эс-тутум менен бирге заманбап социалдык-саясый илимдердин жетишкендиктерин жана салттык коомдун тарыхый тажрыйбаларын парламенттик башкарууга чыгармачылык менен пайдалануу зарыл экендиги талашсыз.
Нагыз Мыйзам менен жашоонун негизин салттык коомдордо адатка айланган үрп-адат, каада-салт-түзгөн. Жогорку Кеңештин кабыл алып жаткан сансыз мыйзамдары Алай, Чаткал, Тогуз-Торонун, Ат-Башынын койчуларына, топозчуларына, жылкычыларына Баткен, Өзгөндүн күрүччүлөрүнө, Таластын-буурчакчыларына, Чүй, Ысык-Көлдүн дыйкандарына, жалпы эле шаардык жана айылдык жашоочуларынын баарына түшүнүктүү жана аткарууга жөндөмдүү болушу абзел. Ал үчүн Жогорку Кеңештин Мыйзамдарынын маани-маңызы, беренелери көнгөн жашоонун эрежесине айланып, адат болуп калган каада-салт болушу озуйпа.
Парламентаризмдин, элдик демократиянын үлгүлөрү кыргыздын тарыхында дайыма болгон. "Кыргыздын ыйык салты болуп калган" азыркы Конституциянын 52 беренесинде белгиленген курултайлардын макамын өзгөртүп, аларга мыйзамдуулук укук берилип, жылына эки жолу чогулуучу элдик курултайларда бийликтин (Президент, Спикер, Өкмөт жана Жогорку Сот) отчетун талкуулап, аткарууга милдеттүү чечим кабыл алуусу мүмкүн экендигин конституциялык жобого айлантуу бышып-жетилген маселе экенин моюнга алышыбыз абзел. Маселенин мындай чечилгени, бар болгону бийликтердин төмөнкү бутактарын жана тармактык башкаруучуларын көзөмөлдөп жаткан жарандык коомдордун укуктарын жогорулатып, логикалык бүтүшүн гана камсыздайт. Албетте, Парламенттик башкарууда-салттык жана заманбап баалуулуктарын туура айкалыштыруу убакытты, чыдамкайлыкты, ырааттуулукту талап этет. Элибиздин улут тарыхы, философиясы, дүйнөтаанымы боюнча сабатсыздыкты жоюу жана көтөрүү, саясий билимин жана маданиятын жаңыча калыптандыруу, жалпы баарына мекенчи сапатты бекемдөө убакытты талап этет. Күтүлгөн жыйынтыктар тарых тарабынан акталарына шек жок деген улуу үмүт азыр да бүлбүлдөп турат...






Лидер демекчи...
"Жакшы эр элин өргө сүйрөйт, жаман эр элин көргө сүйрөйт"
Азыркы "лидер" деп кеңири колдонулуп жүргөн түшүнүктү кыргыздарда "баатыр" деген түшүнүк менен туюнткан. Кыргыздар миңдеген жылдар бою Евразиянын кең мейкиндигинде гүлдөткөн көчмөндөр цивилизациясынын өзөгүн-баатыр жүрүм-турум, баатыр жашоо ыңгайы, баатырлык философиясы түзгөн. Элдик лидер - баатырларды тарбиялоо, сактоо кыргыздын жашоо тиричилигинин милдеттүү салты болгондугун ар кандай таштардагы карт тарыхтын эстеликтеринде камтылган.
Кыргыздын философиясында, рух дөөлөтүндө, эпостордо, макал-лакаптарда элдик баатырларды төмөнкүдөй түркүмдөргө бөлүп сүрөттөгөн. 1) адамдын шери; 2) Кара көк баатыр же көк жал баатыр; 3) Илекор баатыр; 4) Жеке баатыр; 5) Ээрчиме баатыр; 6) Опсуз баатыр. Буларды кеңири чечмелегенге да кезек келээр.
Кыргыздар миңдеген жылдар бою жоокерлик замандарда жашагандыктан, лидер-баатыр - эл коргоочу, башкаруучу, жерин сактоочу болгон. Демек, баатыр-хандын да, Президенттин да, Өкмөтүн да милдетин аткарган.
Кыргыз элинин эң бай, ар түрдүү ооз эки рухий байлыгында баатырдын туулушу, калыптанышы, тарбияланышы, баатырчылык жүрүм-туруму, башкаруучулук жөндөмдөрү жөнүндө 100дөн ашык макал-лакаптар бар. Мисалы, "Ата баласы болбосоң, болбо, эл баласы бол", "Атанын уулу болуш урмат, элдин уулу болуш-кымбат", "Ат сыноосу бир болот, эр сыноосу миң болот", "Баатыр туулса эл ырысы, жамгыр жааса жер ырысы", "Баатыр кол баштайт, чечен сөз баштайт", "Баатыр намыс үчүн туулуп, намыс үчүн өлөт", " Баатырдын баш ийгени-өлгөнү", " Баатырдын өзү өлсө да, сөзү өлбөйт", "Жакшы эр элин өргө сүйрөйт, жаман эр элин көргө сүйрөйт" жана башка дагы ушу сыяктуу жайнаган макал-лакаптар, накыл сөздөр кылымдардан бери рухий байлык, тарыхый эс-тутум элдик башкаруунун философиялык адеп-ахлактык негизи болгон.
Бул жана башка макал-лакаптар тил-ойду туюнтуу менен бирге, келген жоокер - лидер- баатырдын эс-акылынын калыптанышында, өсүп жетилишинде, укум-тукумга (билимде, тажрыйбада, мамиледе, баамда ж.б. сактоо менен) башкаруучуга курал иретинде баа жеткис рухий кенч болуп кылымдан-кылымга өтүп келген. Кыргыз эли эр жүрөктүүлүктү, баатырдуулукту, башкаруучулукту эң жогору баалашкан, аларды алпештеп өстүрүп, аны менен сыймыктанып, туу катары тутушкан. Баатыр жетекчилердин өрнөгүндө өсүп келе жаткан жаш муундарын калыптандырышкан. Көчмөн кыргыздардын салттуу коомдо алтынга сатылбай, байлыкка манчыркабай, сулуулукка алданбай, ар-намысты, акыйкаттыкты, адилеттүүлүктү баарынан жогору койгон. Демек, кыргыздардын "төгөрөктүн төрт бурчка тегиз салты бар" (Манастан) баалуулуктары бүгүнкү Парламентаризм доорунда толук кандуу жашоого жарамдуу десем жаңылышпасмын.