Адабий-көркөм чыгарма
АЗГЫРЫК
СЕЗИМ
(Повесть)
Капарбек СӨЛПИЕВ

(Уландысы.
Башы өткөн санда)

Айжамал каткырып күлүп жиберди:
- Ха-ха-ха, качантан бери балдарды ойлоп калгансың, ыя? Мен сага эскертпедим беле! Эгерде сен балдарды ойлосоң, Шайыр менен жүрмөк белең? Айтчы, жүрмөк белең?
- Айттым го, Айке! Мен азгырык сезимге алдырдым. Жаңылдым. Өткөнгө өкүнөм!
- Баары бир айтканымдан кайтпаймын. Ойнош күтөм дедимби, аткарам!
Талантбектин башы шылк дей түштү. Жүрөгү үзүлүп кеткендей болду. Аялы биротоло көгөрүп алганына көзү жетти. Үмүт шооласы жалп этип өчтү. Сөз жалгоого жарабай унчукпай олтуруп калды.
* * *
...Ана-мына дегенче дагы бир топ күндөр канат какты. Мезгил зыпылдап өтүп жатты. Бул убакыт аралыгы Шайыр менен Талантбек үчүн оор, азаптуу күндөр болгону чын. Мунун бир четин жогоруда өзүңүздөр деле байкаган чыгарсыздар...
Шайыр өзүнөн кыйла кичүү Айжамалдан өлгүдөй таяк жебедиби. "Өлгөндүн үстүнө - көмгөн" - дегендей аны Адыл да аяп койбоду. Иштин чоо-жайын уккан ал намыстанып, дагы сабап таштады.
Эми ал төшөктө көпкө жатып калды...
Талантбек да жолбун ит көрбөгөн кордукту башынан кечиргени ырас. Аялы экөө дудук адамдай сүйлөшүшпөйт. Эмне тамак ичип, эмне жегени белгисиз. Жубайы аны жат адамдай жанына жуутпай койгону качан. Бөлөк-бөлөк бөлмөлөрдө жалгыздан жатышчу болгон. Кийим-кечелери кирдеп, өз убагында жуулбай, тер жыттанганын айтсаң. Бооруң ооруйт.
Ойго басылып, чүнчүп да кетпедиби. Чарбасы чак-чалакей түштү го. Чачылып, кунары качты. Себеби, колу ишке барбай, баарына көңүл кош, кайдыгер мамиле жасачу болгон. Балдарын айтсаң, ай! Талантбектен жаа бою качышып, жанына барышпайт. Ажыдаарды көргөндөй сестенишет. Ой, шумдугуң түшкүр, ой!
Айжамал үйрөтүп койгондой же өздөрү эле балалык туюмдары менен сезишеби?! Түшүнүп болбойт. Башкасы бир тең, балдарынын жатсыраганы бир тең болбодубу. "Жети өмүрү жерге киргидей" эле таасир кылды.
Кыскасы, айылдаш эки үй-бүлөгө да түн түшкөндөй эле болду. Чыр-чатак ырбады. Ынтымак ыдырап, үйдө ырыскы менен куттун жыты да калбады. Ортодо балдарга эле кыйын болгонун тана албайбыз. Ата-энесинин кабагын карашып, кимисине жан тартышаарын билишпей баштары маң. Жашы улуулары теңтуштарынан, досторунан намыс кылышып, элден четтешип, көпчүлүк менен аралаша албай да калышты...
Канткен менен көңүлдөштүктүн пайдасынан зыяны, кубанычынан азабы көп болду...
* * *
...Шайыр менен Талантбектин ызы-чуусу бир аз болсо да басылып калгансыды. Мурдагыдай жапатырмак ушакташпай, акырындык менен унутула баштады. Айжамал өлөрчө сабап, кийин күйөөсү Адылдан да таяк жеген Шайыр абайлап калды. Таскагы солгундап, үйүнөн чыкпай, акыл кире баштагансыды...
Талантбектин жүрөнөөктүгүнө да чектөө коюлгандай болду. Айжамал аны кылмыш үстүнөн кармап албады беле. Ошондон кийин ал өзү да көп батына бербей, тизгини тартылды... "Коёндон коркок, койдон момун" болуп, өзү менен өзү алектене баштады...
...Айжамал баягыда күйөөсү менен кер-мур айтышып, аянбай жаңжалдашканы эсибизде эмеспи. Ошондо ал бир тартынып койбой, тикирейип карап туруп:
- Мен дагы сага окшоп эки-үч ойнош күтөм! - деп айтканын унутпаган чыгарсыз.
Ырас, анда ал бул сөздөрдү ачуу үстүндө, эч ойлонбостон эле оозанган болучу. Жөн гана күйөөсүнүн кыжырына тийүү максатында айткан болучу. "Намысы ойгонсун, жүрөгү оорусун, сезими жаралансын" - деген ойдо балп эттиргени чындык.
Бирок, кийинчерээк ачуусу жөө тумандай тарады. Акылга келди. Өткөн окуяларды өз ичинен эскерип, ар бирин салкын кандуулук менен талдап көрдү. Өзүнүн жасаган иштерин туура деп эле тапты. Айыптын баарын тигил экөөнө оодарып салбадыбы.
...Анан ойлоно баштады. Көңүлү чындап эле бузулуп, бул дагы азгырык сезимдин таасирине тартылып кирди... "Мен деле көңүлдөш күтсөм болот да! Өзгөлөрдөн эмнем кем? Сулуу келин экеним калппы?" - деген ойдун торунан чыга албай калды...