Ажобуз адашып айтып алдыбы...?
"Чума"
же Кыргыз көчү кайда барат?
Кечээ жакында Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө президент Алмазбек Атамбаев адамдын төбө чачы тик турган бир сөздү айтты. Өлкөнүн Башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча 2010-жылы коррупция экономикага келтирген зыяндын көлөмү 24 миллиард сомду түзүптүр. Бул акча мамлекеттин бир жылдык бюджетинин 1\3 бөлүгүнө барабар. Ушундай ири суммадагы акчанын "уурдалганы" белгилүү болуп жатса, эмне үчүн бул факт боюнча бир да адам жаза тартып, акчалар кайтарылбайт же бир эле Бакиевдер, Д. Үсөнов, С. Балкыбеков жана башка качып жүргөндөр уурдап кеткен бекен? Эгер, коррупционерлер бир эле Бакиевдер, Д. Үсөнов, С. Балкыбеков болсо, анда эмне үчүн алар өлкөдөн чыгарылып жиберилет?
Көңүл бөлүүчү бир жагдай, 2010-жылы Бакиевдин диктатурасы 3 ай 7 күн гана бийликте турду. Ушул убакыттын аралыгында казынага 24 миллиард сом топтолушу таптакыр мүмкүн эмес болчу. Мүмкүн Башкы Прокуратура 2010-жылкы революциядан кийин Убактылуу Өкмөт убагындагы банктардагы ячейкалардан алынып, оңду-солду кеткен акчаларды кошо эсепке алып жүрбөсүн? Чын эле Башкы Прокуратуранын жогорудагы маалыматы так болсо, анда бул маалыматты бийлик буга чейин эмне үчүн жашырып келген? Айтор, жообунан суроосу көп болуп калды, жаңы президентибиздин жогорудагы билдирүүсү. Бирок, тигил же бул адамдардын өздөрү "уурдаган" акчаларды азыр өлкөдө көздөрү жок адамга оодара салуу эң оңой жол. 2005-жылы Бакиев бийликке келгенде да "Кыргызстандын байлыгын Акаев көчүрүп кетиптир" деп чыккан. Өзү "сүттөн ак" болуп. Чынында ошол эле учурда көптөгөн былык иштерди Бакиев өзү жасап, Акаевге оодарып койгон. (Мисалы, Жалал-Абаддагы банктан уурдалган 24 миллион сом) Акаев алыста жүрүп " жок, андай эмес" деп канчалык актанса да, эч ким ишенген эмес. Ага эч ким ишенсе да бербейт эле, ошол кезде...

(Уландысы 5-бетте)




Эң биринчи эне тил…
"Гудмонинг" дедиргиси келген Бабанов. "За мой татарский язык любого перегрызу горло!" деп айтып, элдик баатырга айланган татар кызы. Карапайым кайран кыргыз.

Жаңы өкмөт башчысы 2011-жылдын 28-декабрында Жогорку Кеңеште ант бергенден кийин "министрдин орун басарларына англис тилин жакшы билгендерди дайындайм" - деп билдирди. Ө. Бабановдун бул "но-хаусу" көптөрдүн дароо итиркейин келтирди…
Чынында, Кыргызстанда мамлекеттик тил кыргыз тили болсо, анандагы орус тилине расимий тил делип статус берилсе, мамлекеттин иш кагаздары ушул эки тилде жүргүзүлүп жатса, "причем тут" англис тили? … же министрдин орун басарларынын баары эле котормочу болуш керекпи? Мындай дейин десек, англис тили бизде чанда колдонулат. Чет элдерден келгендер болсо алардын өзүлөрүнүн мыкты болбосо да ортозаар котормочулары бар. Эгер чет элдиктердин котормочулары болбосо биздики бар. Ортосунан оюп айтсак, Бабановдун бул айтканы батыштын тапшырмасы болуп жүрбөсүн? (Тфү-тфү!)
Премьер-министр мындай "эврикасына" "чет элден инвесторлор келгенде жок дегенде министрдин орун басарлары англис тилин билиши керек экен" - деген жооп айтаары азыртадан эле белгилүү болуп турат. Эгер ушундай жооп таба турган болсо ага айтаар тосмо сөзүбүз бул - мындай билдирүүлөр, ойлор "саясий ниглизм" деп айтылат, адатта. Эгер, Ө. Бабанов өзү көздөгөн кадамдарга барып, англис тилин билгендерди гана министрдин орун басарлыгына тандап алса, анда улуттук тилди чангандыгы катары баалообуз керек. Деги эле тилин чанган адам улутка жакшылык кылат деп үмүт этип кереги жок…
Өткөн жылы Татарстандын алдыңкы телеканалдарынын бири болгон ТНВ теле каналынын журналисти Эльмира Исрафилова "за мой татарский язык любого перегрызу горло!" деп чыкты эле, мындайда биздин чоңдор чылап (эч нерсе боло электе эле) прокуратурасын айдактатпай, тескерисинче, ал журналист кызды кызматынан жогорулатып, татарлар улуттук баатырга айландырып жиберишкен. А бирок, чынында нагызы мекенчил кыз экен. Татарстан Россиянын болгону бир федерациясы. Ошондо да Эльмира Исрафилова орус тилинен татар тили жогору туруш керек деген ойдо, жогорудагы сөзүн айтып жатат. Ө. Бабанов болсо Баш мыйзам эмес, элдин мыйзамына карама-каршы келген англис тилин өйдө койгону турат. Бери болгондо аракет жасоодо. Ансыз деле иш кагаздар бийликтегилер тарабынан орус тилинде жазылып, улуттук тил күнкордук абалда канчадан бери чектелип келе жатат, өз мамлекетинде. Эгер Ө. Бабанов чындап эле өзү айткан кадамга барса бул иш чоң чырга сөзсүз айланбайт деп эч ким кепил боло албас...
Күлчоро Кабылов





Бизде эмес, кошунабызда
Өзбекстандын президенти И.Каримов өз өлкөсүндөгү ММКларды баардык салыктардан бошотту
Ислам Каримов для "обеспечения независимости СМИ" республики, накануне нового года подписал документ о предоставлении дополнительных налоговых льгот и преференций для их дальнейшего развития.
Согласно указу, подписанного 30 декабря, с нового года освобождаются на пять лет от налогов на прибыль, полученную редакциями и издательствами от реализации общественно-политической и детской литературы, литературы для лиц с ограниченными возможностями, от уплаты обязательных отчислений в Республиканский дорожный фонд и Фонд реконструкции, капитального ремонта и оснащения образовательных и медицинских учреждений, а также от таможенных платежей за бумагу, полиграфические материалы и носители, оборудование, ввозимые редакциями СМИ.
Документом установлено, что с 1 января 2012 года услуги по доставке средств массовой информации и книжной продукции не облагаются налогом на добавленную стоимость.
Также снижена ставка единого налогового платежа с 6 до 5 процентов для редакций, издательств, полиграфических организаций, телерадиовещательных компаний, относящихся к микрофирмам и малым предприятиям.
Ставка фиксированного налога для индивидуальных предпринимателей, специализирующихся на розничной торговле газетами, журналами и книжной продукцией снижена в среднем в 2 раза.
Как отмечается в документе, эти льготы приняты "в целях создания благоприятных условий и предпосылок для дальнейшего развития средств массовой информации, издательств, полиграфических предприятий и организаций по распространению печати, обеспечения на этой основе независимости средств массовой информации, повышения их роли в развитии информационной сферы, установления контроля со стороны общества за деятельностью органов государственной власти и управления".

CA-NEWS (UZ)