(Акыркы "аккорддордун" башы 1,5-беттерде)
Сактансаң сактайм дейт…
"Ай жүр, аман жүр"…
Өткөн жылдын дагы бир акыркы аккорддорунун бири драмалуу болсо, бири трагедиялуу болду. Анткени, 2011- жылдын 28-декабрь күнү Ош шаарындагы аэропортко конуу учурунда бортунда 76 жүргүнчүсү бар "Кыргызстан" авиакомпаниясынын ТУ-134 самолету ала салып, өрт чыгып, өтө коркунучтуу кокустук болду. Жүргүнчүлөрдүн ичээр суусу, көрөөр күнү бар экен, жарат алышкан менен ажалдан аман калышты. Ошентсе да, бул ойлонуучу маселе.
Деги эле Кыргызстандын авиакомпанияларында дээрлик баш аламандык өкүм сүрүп келет. Бул компаниялардын жетекчилери авиация жөнүндө эч түшүнүктөрү жок адамдар окшобойбу. Буларда болгону арбын акчага болгон кызыгуу бар. "Ай жүр, аман жүр" деп кыргыз баласы айткандай, түштүк тарапка самолет менен каттоочулар эми чочушуп, авто унаа менен жол жүргөндү эп көрө башташты дейт.
***
Ош аэропортунда кырсык болгон күнү, 2011-жылдын 28-декабрында Чүй областынын Панфилов районунда жайгашкан "Кайыңды Ойл" ЖЧКсынын нефтебазасында өрт чыгып, 5 адам өлүмгө учурады. Бул кайгылуу окуя да коопсуздуктун жоктугунан келип чыкты. Бийликтегилер чабагандашып, премьер-министр Ө. Бабанов Ошту карай зуу койсо, Кайыңды жакка Чүй губернатору А. Асыранкулов, ИИМдин чоңу З. Рысалиев жетип барышты.
Кайыңдыдагы өрт жеке адамдардын күнөөсү гана эмес, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин шаалакылыгы. Себеби, жогорудагы министрлик окуя болуп өткөндө гана иштебестен, ар бир кооптонууну жаратуучу шарттарды алдын-ала көзөмөлгө алышы керек болучу.
Деги эле Кыргызстанда мунайзат куйуучу жайлардын курулушу өрт коопсуздугуна, ага кошулуп экологиялык талаптары эске алынбай, кызылдай акча эске алынып курулгандай. Мисалы, Бишкектин чок ортосунда, Киев көчөсүндө жайгашкан Республикалык диагностикалык борбордун так мандайында, Славян университетинин капталында мунай зат куйуучу жай жайгашкан. Ушундай да болобу?




Обращение Совета Федерации профсоюзов Кыргызстана к Президенту, Жогорку Кенешу,
Правительству Кыргызской Республики
Совет Федерации профсоюзов Кыргызстана
Сегодня в Кыргызстане, имеет место недопустимое снижение уровня жизни и огромный разрыв в доходах населения. Одна часть населения в состоянии тратить на собственные прихоти ежемесячно тысячи долларов, другая часть населения только питает надежду, что когда-нибудь будет иметь работу с достойной оплатой труда, достойно жить и сможет дать детям достойное образование. Подобная разница в доходах приводит к тому, что конституционные права этих людей реализовываются по-разному.
Вопиющим фактом нашей действительности является наличие по расчетам профсоюзов, 75% населения с доходами ниже прожиточного минимума. Ежегодно снижается доля Фонда оплаты труда в Валовом внутреннем продукте при увеличении продолжительности рабочего времени. Осуществляется наступление на права трудящихся, ограничение трудовых и социальных гарантий наемных работников - перевод их с постоянной на временную работу, необоснованное заключение срочных трудовых договоров, удлинение рабочего дня, неограниченное привлечение к сверхурочным работам и в выходные дни без соответствующей оплаты труда. Федерация профсоюзов считает, что восстановление в нашей стране социальной справедливости - главный вызов, который стоит перед Президентом, депутатами и Правительством Кыргызской Республики.
Федерация заверяет, что профсоюзы - конструктивный партнер в регулировании социально - трудовых отношений, но, к сожалению, по этим вопросам у нас в какой - то момент произошел "обрыв связи". "Заморожена" работа Республиканской трехсторонней комиссии по регулированию социально - трудовых отношений и связанных с ними экономических отношений (РТК), Межведомственного экспертного совета по вопросам тарифообразования и социальной защиты населения, Координационного совета по вопросам работающих детей, других трехсторонних структур, созданных по инициативе профсоюзов. Остались без внимания направленные в правительство в конце октября т.г. предложения ФПК в проект Генерального соглашения между Правительством Кыргызской Республики, Федерацией профсоюзов Кыргызстана и республиканскими объединениями работодателей на 2012-2014гг., предложения ФПК по дополнению и изменению норм Трудового Кодекса КР, направленные на усиление защиты прав наемных работников в условиях рыночных производственных отношений.
Профсоюзы считают, что стратегической целью должно стать не только устойчивое и поступательное развитие экономики, но и повышение степени социальной защищенности, уровня жизни населения, преодоление чрезмерного социального расслоения общества. Жизненно важные решения для страны способно решать социальное партнерство. Социальное партнерство - наш принципиальный выбор. Но, профсоюзы понимают социальное партнерство не как процесс бесконечных и безрезультативных для работников переговоров. Социальное партнерство для нас - механизм согласования позиций различных групп общества.
Мы обращаемся к Жогорку Кенешу, Правительству Кыргызской Республики:
- объективно и всесторонне оценить социально-экономическую ситуацию, причины социального бедствия, осмыслить его глубину и масштабы, взвешенно и расчетливо определить резервы и рационально использовать их для возврата к устойчивому экономическому росту;
- обеспечить достойный труд, создать безопасные условия труда, охрану труда и здоровья трудящихся;
- не допускать изменений в законодательстве о труде, ухудшающих трудовые права и социальные гарантии трудящихся;
- довести до уровня не ниже прожиточного минимума минимальную заработную плату и пенсии.
Мы надеемся на солидарность позиции Президента, Жогорку Кенеша и Правительства Кыргызской Республики, с позицией профсоюзов по сокращению недопустимого разрыва в доходах различных групп населения, сверх эксплуатации без зазрения совести, достойно оплачиваемой занятости, борьбе с налоговыми "уклонистами" и коррумпированными чиновниками.
Члены Совета Федерации профсоюзов Кыргызстана:
Осмонов К.Д.
Джаналиев Т.Н.
Жайлообаев О.М.
Апсалиев С.А.
Абдрахманов Ж.А.
Бабаева Р.Б.
Омуралиев К. А.
Жусмаматов З.Ж.
Исаков А.И.
Кадыралиев Р.К.
Казаков А.Т.
Калмурзаев К.К.
Кербенбаев Т.К.
Кайбылдаев А.К.
Кыдырбаева А.Б.
Мамбетов К.Б.
Мазитов Р.М.
Молдалиев А.А.
Мусаев Т.М.
Нускаев К.С.
Омурова А.О.
Саалиев Н.С.
Сметанкин А.А.
Султакеев Т.С.
Султамуратов А.С.
Сурлевич В.И.
Токтогулов А.Т.
Токобаева Ч.А.
Таджибаев Э.А.
Плотникова Н.П.

"Айгай-пресс": Эскерте кетүүчү бир нерсе, биз "түздөнүп" жаткан Батыш Европада профсоюуздар уюму бийликтин негизги оппозициясы болуп саналат. Кыргызстан профсоздар федерациясынын өткөн жылдын аягындагы кайрылуусу эски жылдын негизги аккорду болсо, эми ал жаңы жылдын увертюрасы (кириш бөлүм) сыяктанып калгандай...





"Оюндан от чыга жаздап…"
Таба эмес, тобо!
2011-жылдын 30-декабрында Лейлек районунун Андарек айлында Тажик-Кыргыз жаштарынын ортосунда жаңжал чыгып, жергиликтүү Нурмухаммед Ташбаев аттуу окуучу жарат алып, ооруканага түшкөн. Бул баланы сабашкан тажик жаштары болгон. Ушул жаңжалдан эки элдин ортосунда өрт чыгып кете таштап барып токтогон. Ошентсе да, бир авто унаа, 2 павильон, бир навайкана өрттөлүп кеткен. Бир үйдүн капталы жарым- жартылай өрттөнгөн. Жаңжал чыккан жерге ИИМ орун басары Курсан Асанов Ош шаарынан барып, элдин эстүүлөрүн ортого салып, жаңжалдын тутанышын араң баскан. Биз кыргыздар: "Манас!" - деп ураан чакырсак, Тажик таякелер (Каныкейге карата айтылган сөз) "Рустам"- деп добулбас кагып, (А. Фирдоусинин "Шах намэ" дастанынын каарманы ) чакырышып жаткандай.
Негизинен эле Тажик бийлиги эсирип кетти. Минтип айтканыбыздын себеби, мындан 7 ай мурда Ооганстандан учуп келе жатып куйуучу май түгөнүп, аргазыздыктан Тажикстандын Коргон- Төбө шаарындагы аэропортко конгон Россиялык жана Эстониялык орус улутундагы 2 учкучту "уруксааты жок кондуңар" деп 7 жыл түрмөгө кесишип, Д. Медведев менен В. Путиндин кийлигишүүсү аркылуу зорго куткарып чыгышканы али эсте турат.
Ошол Андарек айлындагы кошуна жаштардын жоруктары Тажик бийлиги дөөгүрсүгөндүгүнүн эпкини эмеспи? Бир чети, Кыргыз бийлиги болсо "экономика дүркүрөп өсүп жатат" - деген менен, Баткенде баш көтөрөөр кыргыз жаштары калбай бара жатат. Баары Бишкектин базарларында, Россия, Казакстан тарапка ооп кетишти. Буга бир эле мисал, ошол Андарек айлында жаңжал чыккан күнү тажиктерден эки миңге чукул адам чогулса, өз жеринде Кыргыздардан араң 500гө жетпеген адам чогулушуптур. Бул айкын фактыны жашыра албайсың. Буларды эскерип жатканыбыз, Кыргыз бийлиги кызмат талаштан кутулушуп, мамлекеттин, элдин коопсуздугун камсыз кылыш керек деген коңгурообуз!!!

Жоо кеткенден кийин кылычтарын сууруп чыгышып…
"Ата - Мекендин" "аккорду"
Өткөн 2011-жылдын акырында жаңы парламенттик бийликчил коалицияга киришип, 23- декабрында Жогорку Кеңеште жаңы өкмөттүн курамы үчүн добуш беришикен "Атам- Мекен" фракциясынын депутаттары Р.Төлөгөнов менен Р.Жээнбеков туура 7 күндөн кийин кайра чалкасынан кетишип, (30-декабрда) "энерго тармак Ширшовдун схемалары менен иштеп жатат, (жаңы эле энергетика жана жаратылыш байлыктары министри болуп бекиген- ред. ) А. Шадиев ээлеген кызматына татыктуу эмес" деп чыгышты. Капырай, жогорудагы депутаттар өкмөттүн курамын түзүп, А. Шадиев парламенттен бекип жатканда, эл көзүнө айкын болуш үчүн "Аскарбек мырза, энергетика тармагында эч билимиңиз жок экен, жок дегенде СелПТУдан (айылдык кесиптик-техникалык окуу жайы) электрик кесипти 6 ай окубаптырсыз, энергетика бул өтө татаал тармак, бул тармакта иштеш үчүн адам мээсине операция жасаган нейрохирургдай зор тажрыйба, терең билим керек, бул кызматтан баш тартыңыз" - деп айтышканга неге жарашпады, анда? Ал күнү Төлөгөновдун төбөсү да көрүнгөн эмес, парламентте. Ал эми Р.Жээнбеков болсо "силерге үмүт артам" деп сүйлөбөдү беле…
Ошентип, "Ата Мекенчилер" отузунчу декабрда "мамлекетке миллиондогон сом зыян алып келгендиги үчүн А. Шадиев, "Кыргызгаз" ишканасынын жетекчиси Т. Кулмурзаевдин ээлген кызматына ылайыктуу-ылайыксыздыгын карап көрүү" маселесин көтөрүп чыгышты. Жогорудагы депутаттар Т. Кулмурзаевди эми эле көрө калышкан бекен? А. Атамбаев тирек болуп жүргөн Т. Кулмурзаевдин деле газ тармагында адистиги жок. Аны элдин баары билет. Башчыбыздын баамы ошол болсо не кылалы. Газ тармагынын татаалдыгы энергетика тармагынан кем эмес. Ошентсе да, бул тармакты өткөн 2010- жылдын акырында А. Атамбаев, эми болсо Ө. Бабанов А. Шадиевге, Т. Кулмурзаевге тейлетип койгон. Бул көрүнүштү салыштырып айтканда, кесиби педиатр же терапевт врач адамдын жүрөгүнө же бөйрөгүнө татаал операция жасагандай кеп. Мындай жагдайда албетте адам өлүмгө дуушар болоору бышык. Ушул жаатта айта кетүүчү дагы бир сөз мындай: Азыркы кезде чыныгы кесипкөйлөр атайын А. Шадиев менен Т. Кулмурзаевди калкка жаман көрсөтүш үчүн нааразычылык катары энергетика менен газды үзгүлтүккө учуратышып жатышат - деген сөздөр бар. Бул версияны таптакыр четке кагууга болбойт. Кесипкөй энергетиктер менен газчылар атайын аварияларга учуратышса, чынында А. Шадиев менен Т. Кулмурзаев кайсы татаал схемеларды түшүнө алышат? Аргалары жок баш ийкешкенге араң жарап жатышканын баарыбыз эле көрүп, билип жатпайбызбы…


Сүйдүргөн эмес, күйдүргөн кеп…
Алмазбек Атамбаевдин "аккорду"
2011-жылдын 30-декабрь күнү "Ала-Арча" резиденциясына президент Алмазбек Атамбаев жарандык коомдун өкүлдөрүн чакырып, жолугушуу өткөрүп, узап кеткен жылдын акыркы "аккордун" берди. Бул жолугушууга кимдер катышты экен дебейсиңерби? Баягы эле чет элдерден "акы алышкан" бей өкмөт уюмдар аталышкан "Адилет" укуктук клиникасы, "Кылым Шамы", "Граждандык коом коррупцияга каршы", "Азия полис", "Таза табият", "Эл аралык толернаттуулук үчүн", "Жарандык коом жана демократия үчүн", "Журналист" сыяктуу бей өкмөт уюмдар бар экен.
А. Атамбаев узакка сөз сүйлөп: "Граждандык коом жана журналистер мага жардам берсе жакшы болоор эле" - деп бүтүрүптүр сөзүн. Башкасын биле албайт экенбиз, жогорудагы БӨУ президентке жардам бере алышпайт, булар акча төлөгөн тараптардын кызматын аткарышат деген пикир чындыкка жакындай туюлат. Эгер А. Атамбаев өз чөнтөгүнөн арбын акча чыгарып берсе, балким анда алар "дүжүр" болуп бериши "мүмкүн". Ушул жерде айта кетүүчү сөз - Кыргызстандын бийлиги "жарандык коом" десе эле чет элден каржыланган БӨУну түшүнүшөт. Кыргызстанда чет элден каржыланбаган, бирок Мекен үчүн, Эл үчүн чындап күйүп жүрүшкөн сандаган бей өкмөт - коомдук уюмдар бар. Маселен, профсоюздар уюму, чыгармачыл бирикмелер, ардагерлердин коомдору, адвокаттардын коллегалары, юристердин, кардиологдордун, хирургдардын, тоо- кенчилердин тигил же бул илим боюнча тармактык ассоциациялары жана дагы башка көптөгөн уюмдар. Акылдын кенчи мына ушуларда. Себеби, ар тармак боюнча көйгөйлүү маселелерди, ошол маселени кантип жоюуну чет элден каржыланган БӨУга караганда, 90% эсе жакшы билишет. А. Атамбаев чындап эле жарандык коом менен кеңешип иш жасайм десе, чыныгы кесипкерлер менен акылдашып туруусу жөндүү болмок...