Коңгуроо
Кыргызстан-кандай мамлекет болот?
же "башка элдин эрежеси менен жашаган эл өнүкпөйт"
Азаттыкка аттанган жыйырма жылдын ичинде доордун ныкталган окуяларына, атап айтканда өзгөрүүлөргө, көңтөрүштөргө, жаңжалдарга, эки элдик социалдык ыңкылаптарга туш болобуз деп эч кимдин деле оюна келбесе керек?!
Ушул жыйырма жыл ичинде биздин жан дилибиз, акылыбыз, кыялдануубуз, үмүттөрүбүз азаттыктын жаркыраган келечегине болгон ишенүүлөрдү караңдатып, карама-каршы, ташбоор, өтө өзүмчүл ишкерлердин кагылышууларын күчөттү. Эгер так жана ачык айтсак, көп кылымдардан кийин өз алдынча, көз карандысыз мамлекеттүүлүктөн күткөнү акталбады, карапайым калктын эртеңкиге болгон үмүтүн жукартты, жашоо кыйындады, ынтымак-ырк бузулду, мекенчилдик сакталбады, кулга айлангандар, Ата Мекенин таштап тентигендер жана чет элге турмуш курган кыздардын саны көбөйдү, тукум ачыктан-ачык эле бузулууда, башкаруучу элитага ишенич азайды. Бирок, калыстык үчүн белгилеп коюш керек, бийликти накта элдик кылуу аракети азаттыктын 20 жылында токтогон эмес жана жаңы 21-кылымдын шартында да уланууда.
20 жылдык өмүрдө жогорку бийлик 9 жолу Конституцияны өзгөрттү, 6 жолу Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлады, он бир жолу Өкмөт алмашты. Азыркы учурда саясый башкаруунун Президенттик түрүн Парламентаризм менен алмаштыруу аракети башталды.
Бирок, Кыргызстан Азиялык Чыгыш мамлекети катары эмдигиче өзүнүн социалдык маңызын, өнүгүү жолун, тарыхый ордун аңдабаганы жана тактабаганы өтө өкүнүчтүү. Деги эле жаңы Кыргызстан мамлекетин түп-тамырынан бери жаңылоо жөнүндөгү сунуштар, пикирлер бийлик ээлерине жетпейт келет же алар жаңы идеяны түшүнүшбөйт, окшойт.
Тилекке каршы 20 жылдан берки мамлекеттин турпаты, өнүгүү жолу, тарыхый орду сыяктуу жалпы маселелерди күн тартибине коюп, олуттуу талкулоо боло элек. Жогоруда саналып өткөн 9 жолу алмашкан Жогорку Кеңеш да, Өкмөттүн курамдары да күнүмдүк саясат сыяктуу маселелер менен айрым, жеке, бирок жалпы эмес иш-аракеттер менен гана чектелип келет. Биз мамлекетибиздин жалпы тагдыр чечээр милдеттерин теориялык жактан чечмелеп, тажрыйбалык милдет катары коймоюнча, алдыга жылбай, бир орунду таптай берээрибиз бышык. (!)
Ошондуктан, Кыргызстан жалпы ыракат, жыргалчылык өкүм сүргөн эркиндиктеги, акыйкаттуу, адептүү, теңдиктеги улуттук, гумандуу, социалдык мамлекетти куруу биздин максат болуш керек!
Биз өзүбүздүн рух башатыбыз, тарых булагыбыз мына ошол көркөм дүйнөбүздө катылган. Алардын таалим - тарбиялык, башкаруучулук, маданияттык, философиялык наркына эч нерсе тең келе албайт. Түрк тилиндеги элдердин орток энчисине айланып кеткен кыргыз элинин философиялык ой-толгоолору, социалдык эс - тутумдары, накыл сөздөрү, макал-лакаптары ошондой кылым кыйрынан өткөн сан кайрыктарынан болуп эсептелет. Мунун баары заманбап илимий баалуулуктар менен бир бүтүндүктө айкалышып, кыргыз коомун түп-тамырынан бери кайра өзгөрүүгө руханий булак болуп берээрине шек жок. Көп миңдеген жылдар бою калыптанып, ар кандай илимий, тарыхый, археологиялык булактарга чачылып кеткен кыргыз элинин рухий баалуулуктары алтынды кумдан иргеп алган сыяктуу чогултуп, ылгалап, китепке айлантып , калктын өзгөчө жаш муундардын мекенчилдик сапаттарынын калыптануусунун, тарыхый эс-тутумду жаңылоонун булагы, жаңы жыргалчылыгы, гумандуу социалдык кыргыз мамлекетин, коомун куруунун жана башкаруучу элитанын саясатынын куралына айлантуу эң зарыл татаал, жооптуу жана келечектүү маселе болуп саналат.
Албетте, мен атайлап жаштарга, жаш муундарга басым жасап жатам. Кыргызстан азаттыкка аттанган 20 жылдын ичинде өзгөчө жаштар көбүрөөк запкы тартууда. Анткени, мектептерден, жогорку окуу жайларынан татыктуу, сапаттуу билим албайт, керектүү кесипке ээ болбойт, жумушсуздардын, мигранттардын дээрлик баарын 14-30 жаш курактагы кыргыздын уул-кыздары түзөт. Мисалы, 2010-жылдын башталышында, мамлекеттик расмий маалымат боюнча жалпы калктын 31 пайызын жаштар түзөт, (бул 1 миллион 584 миң 450 адам), алардын үчтөн экиси айыл жеринде жашашат. Чет жакка жумуш издеп кеткилери, кетүүнү каалагандар да көп. Эгерде 2003-2005-жылдарда Россия федерациясында калууну каалагандар 47 миң 415 адам болсо, 2006-жылы алардын саны дээрлик эки эсеге көбөйүп, 103 миң 237 адам болгон. Ал эми 2010-жылы Россияга жашоону каалагандардын саны 250 миң 131 адам болгон. Республиканын Жогорку Кеңешинин "Ата Мекен" фракциясынын маалыматы боюнча Кыргызстандын ар бир төртүнчү жараны (б.а. жалпы калктын 25%ы) республикадан чыгып кеткиси келет. Ансыз деле, көпчүлүк айылдарда өзгөчө тоолу райондордо (мисалы Чаткал,Кара-Кулжа ж.б.) жалаң чал-кемпирлер, жаш балдар калууа. Ошол эле учурда Россиянын көп шаарларындагы наристелер үйлөрүндө жалаң кыргыз балдары ташталууда. б.а. кыргыздын кыздары төрөп, таштап кеткени наристелер мындай катылуу абалдын болушунда- кыргыздардын үй-бүлөлүрүндө улуттук тарбиянын өксүк болушу. Мындай Кыргызстанда жашашкан уйгур, дунган, корейлердин үй-бүлөлөрүндө чет жактарга эмгек мигранттары болуп кеткендер жок. Аларда улуттук тарбия, жаштайынан улуттук, Мекендик сапаттарды калыптандыруу мыкты жолго коюлган.
Ал үчүн улуттук жолго канчалык эртерээк түшсөк, ошончолук өзүбүзгө жакшы. Анткени, орустун улуу аалыми Л. Гумилев жазгандай "башка элдин эрежеси менен жашаган эл өнүкпөйт" .
Чын эле тарыхка көз салсак, 16-кылымдан тарта 20-кылымга чейин илим менен маданиятта улуу ачылыштарды жасап, адамзат цивилизацияларынын бийиктигин аныктаган Батыш Европа өлкөлөрү, бүгүнкү күндө Европаны кууп өтүп бараткан "азиялык ажыдаарлар" да баары - өздөрүнүн улуттук жолу менен өсүп-өнүгүүдө. Биз да өз жолубузду табышыбыз зарыл.
"Адам жолду түзөбөйт, жол адамды түзөйт" - деп Чыгыш акылманы айткан. Демек жолду туура тандаш керек. Биз кече "социалисттик жолдо" жүргөнбүз, 20 жылдан бери "капиталисттик жол" менен келатабыз. Эки жолдун тең артыкчылыктары жана кемчиликтери бар. Биз кыргыздар эми өз ата - бабаларыбыз салган жолго кайрылабыз. Ал жол - өнүгүүнүн кыргыз жолу.
Бирок, Ата-бабалар салган ошол жолго кантип түшөбүз? Ал жолдун азыр биз бараткан жолдон айырмасы жана артыкчылыгы эмнеде? Бул кээ бирөөлөр сындап жазып жаткандай, тескерисинче "артка-феодализмге кетүү" дегенди билдирбейби?
Биз "жаңы" деп көтөрүп жаткан өнүгүүнүн Кыргыз жолу да чынында унутулган эски жол. Биздин изилдөөлөр, келечекке барчу көп элдердин жолу элдик курултай институту аркылуу гана өтөрүн көрсөтүүдө. Анткени бул жол - байыркы Кыргыз коому жаралгандан бери келаткан таза, рухчул, адилет, социалдык, салттуу Чыгышта цивилдүүлүктүн жолу.
Чыныгы Элдик бийликтин үлгүсү - ал элибиздин чачыратып, тентитип жаткан Батыштын өзүмчүл демократиясы эмес, ал дал ушул биз айтып жаткан Курултай институту . Курултай институту бийлик бутактарын көзөмөлдөө укугу менен Баш Мыйзамга киргенде гана "Эл - бийликтин чыныгы ээсине" айланат. Демек, элдик демократиянын толук үстөмдүк этишине жол ачылат. Татыктуу Манастай элдик лидердин калыптанышына шарт түзүлүп, жалпы ыракат, жыргалчылык өкүм сүргөн гумандуу, социалдык мамлекетке өнүгүүнүн кыргыз жолу ачылат...

Кусеин Исаев,
мударис эл мугалими

Редакциядан: мударис К.Исаев агайыбыздын бүгүнкү парламенттик системада өлкөбүздүн кантип өнүгүп-өсүшү тууралуу ой-пикирлери 12-бетте.