Түрмө түрмөктөрүнөн
Бунт, "Сели на якорь"
16-январда эртең менен Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткандарга кезектеги текшерүү өткөзүү үчүн атайын топ барган учурда, абакта жаткандар менен текшерүү жүргүзүүчүлөрдүн ортосунда тиреш чыккан. Түрмөдө жаткандар баррикада уюштурушуп, текшерүүгө барган топторду киргизбешке аракет кылышкан. Эки ортодо жаңжал башталган. Аргалары кеткен текшерүүчүлөр атайын курал менен жабдылышкан топту жардамга чакырышкан. Ошол учурда түрмөдө жаткандардын туугундары ошол жерге дароо чогулушуп, күтүлбөгөн кырдаалда минтиг өткөзүп жиберишкен. Милиция кызматкерлери аларды Октярь районунун ИИБне алып кетишкен. Ал жерге кадимки "отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн" Акыйкатчы Турсунбек Акун да жетип барып "кой" - десе болбой түрмөнүн 3 кабатына чейин чыгып, бул жайда жаткандардын абалын көргөн. Анын айтымында жаза өткөзүүнү көзөмөлдөө кызматкерлери тарабынан таяк жеп, көзү чыккандарды, мурду - буту сынгандарды көргөн. Акыйкатчынын айтымында, бул туура эмес жазалоо. "Мамлекеттик кызматтын кызматкерлери өзүлөрүнүн кызмат абалын ашыкча пайдалангандыгы, ал эми митинг болсо капысынан чыгып кеткен" деп билдирди. Ошол жаңжалдан абакта отургандардын 30 адамы жарат алып, анын алтоосунун абалы оор ахвалда экен. Бул инцидент боюнча Жаза өткөзүү мамлекеттик кыматынын маалыматы болсо мындай: Бул бунт ошол жайда жаткан кримавторитет Дамир Сапарбаевди №50 абакка которуудан келип чыккан экен. Ошол жаңжалда өзүлөрүнүн кызматкерлеринен да жабыр тарткандар болуптур. Текшерүү учурунда абакта жаткандардан 100 гр. гашиш, 81 гр. героин, 4 бычак, 37 уюлдук телефон, 180 сом, 1200 доллар алыныптыр. Бул кызматтын маалымат кызматынын жетекчиси Ж. Бусурманкуловдун айтымында абакта жаткандарга телефонду да, баңги затты да аталган жайдын кызматкерлери алып кирип берээрин айтат же ал жайдын терезелеринен ыргытылат экен. Жаза өткөзүү мамлекеттик кызматынын жетекчиси Ш. Байзаков ушундай иш менен жакында 3 кызматкерди кызматтан бошотуптур. Анысын туура кылыптыр, бирок, ошол күнү алынган жогорудагы тыюу салынган акча, баңгизат, уюлдук телефондорду ким киргизген? Албетте, кайра эле ошол жайдын кызматкерлери киргизип беришип, бул үчүн акы алышканын айтпаса да белгилүү эмеспи. Негизи бул түрмөгө иши сотто каралып жаткандар да кармалат.
Ошол күнкү карателдик операциядан бей күнөө кармалып, кийин сотто күнөсү далинденбей калуучу адамдар эмне үчүн мамлекеттик күч органдары тарабынан жабыр тартышы керек? Акыркы учурларда деги эле түрмөлөрдүн чыры бүтпөс дастанга айланып бара жатат. Көп адамдардын айтымында Кыргызстандын түрмөлөрү АКШ "ислам террорчулары" деп аталган бей күнөө адамдарды (эксперимент кылыш үчүн) Кариб деңизиндеги Абугрейф - деп аталган жайга салыштырып келет.
Айырмасы, АКШнын жогорудагы түрмөсүндө жалаң ислам динин туткан адамдар жатат. Биздин түрмөлөрдө өзүбүздүн адамдар. Алардын туугандары биздин коомдо аралаш жашап, шайлоолордо добуш берип жүрүшөт. Бийлик жок дегенде ушуларды аяшы абзел эле. "Бир уйдун мүйүзү сынса бир уйдун мүйүзү сыздайт"- деген макал жөн жерден жаралбаса керек. Турсунбек Акун "бул иш боюнча парламенттик эмес өкмөттүк комиссия түзүш керек" дейт.
Дал ушул күнү премьер-министр Ө. Бабанов Шейшенбек Байзаковду кызматына кайра калтырды. Өкмөт ушинтип жатса, Ш. Байзаковдун күнөөсүн кайра чукумак беле? Декабрь айында Кыргызстандын 6 жаза өтөө коллониясында ачкачылык жарыяланган эле, эми болсо Бишкектеги абакта болгон окуяга байланыштуу 3 коллонияда "сели на якорь" деп аталган ачкачылык акциясы башталды. Мындай кадамдар жазак өтөө жайлары таптакыр талапка жооп бербейт, абактагылар невроздук абал да деген белги эмей эмне?
Ногойбай Султанов
Сүрөттөр "Аки-пресс"
сайтынан алынды.




Шейшенбек Байзаков жөнүндө Буйрук
Байзаков Шейшенбек Калильбекович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды.
Тиешелүү Буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов кол койду.

Баса айтмакчы
Счетная палата по итогам аудита ГСИН установила финансовые нарушения на более 4,1 млн сомов
- Совет Счетной палаты Кыргызстана на заседании 14 января рассмотрел результаты аудита использования бюджетных и специальных средств в Государственной службе исполнения наказаний и ее подведомственных учреждениях с 1 июля 2010 года по 30 июня 2011 года.
Как сообщили 17 января в пресс-службе Счетной палаты, по результатам проведенного аудита были установлены допущены финансовые нарушения на более 4,1 млн сомов . В том числе завышение строительно-монтажных работ в период руководства председателя ГСИН Шейшенбека Байзакова, начальника Департамента исполнения наказаний при ГСИН Алибая Нишанбаева и начальника ПМК при Департаменте исполнения наказаний Э.Назарбекова составило 2,6 млн сомов. В ходе аудита сумма восстановлена и снята с объема выполненных работ.
Также аудит выявил нецелевое расходование бюджетных средств, выделенных на проведение капитального ремонта учреждений ГСИН в сумме 1,4 млн сомов, которые направлены на строительство новых объектов и сооружений, а также недостачу товарно-материальных ценностей составила 76 тыс. сомов.
Кроме того, потери бюджета составили 3,8 млн сомов, в том числе нарушения по выплате заработной платы на 3,1 млн сомов, связанные с содержанием сверхштатных единиц по утвержденному председателем ГСИН А.Турганбаевым, штатному расписанию в нарушение указа президента об оптимизации структуры государственных органов Кыргызстана. Другие потери бюджета по невыгодно заключенным договорам поставки составили 643 тыс сомов .
По данным Счетной палаты, нерационально использованные средства составили 800 тыс. сомов, из которых остаток неиспользованных средств на конец 2010 года в сумме 600 тыс. сомов не перечислены в доход республиканского бюджета.
Как отмечается, руководство ведомства, председателем ГСИН Ш.Байзаковым не соблюдались требования закона "О государственных закупках". От участников тендеров, выигравших закупки, по обращениям председателя ГСИН за период аудита поступило в виде спонсорской помощи 575 тыс. сомов, которые были использованы на проведение капитального ремонта зданий ГСИН.
"Сводка"





Ал учурда
Нурбекти ким "өлтүрдү"?
Ушул эле 16-январь күнү "Бишкектеги №1 убактылуу камоочу абактагы күч органдарынын ур-токмогунан жарат алып, Нарындык жигит Нурбек Алыбаев көз жумду, ГСИНдин жетекчилерине телефон чалып ала албай жатам" - деп билдирүү жасады, Акыйкатчы Турсунбек Акун.

Н. Алыбаевге коюлган айып боюнча соттук териштирүү ушул окуянын эртеси, 17-январда каралмак экен. Акыйкатчы минтип билдирээр замат эле, Жаза өткөзүү боюнча мамлекеттик кызматтын маалымат катчысы Ж. Бусурманкулов "абакта каза болгон Н. Алыбаев баңги заттан ашыкчы колдогондон каза болду" - деп жиберди. Бул катчынын минтип айтканы күмөн жаратпай койбойт. Себеби, 16- январда "№1 абактагыларга карата жасалган операцияда (спецназ киргизилген) баардык баңги заттар алынды" деп, саат 15.00дө ошол эле Ж. Бусурманкулов билдирген эле. Абактан баңги заттардын баары алынса, кайдан туруп маркум жигит Н. Алыбаев баңги сайына коет? Көзөмөлчүлөр (надзирателдер) эмнени карап отурушту? Ушул эле маалымат катчы Ж. Бусурманкулов Н. Алыбаев каза болгон күнү, эртең менен 16сынан 17-январга караган түнү "№1 абакта баары тынч, жарык бар, жарат алган 7 адам ооруканада" - деп билдирген эле. Баш мыйзамда соттун өкүмү чыкмайын эч ким күнөөлү деп таанылбайт. Н. Алыбаевдин күнөөсү сот тарабынан далилденбей калды. Бул өлүмгө ЖОМК жетекчилери жооп бериши керек. Ушул окуя боюнча каза болгон Н. Алыбаевдин жердештери менен байланышсак, алар мындай деген ойлорун айтышты: "Азыркы бийлик Бакиевдин жолуна түшүп, колун канга боеп башташты. 2006-жылы да Нарындык Бектемир Акуновду милициялар сабап, өлтүрүп коюшкан. Эми минтип, азыркы бийликтегилердин желдеттери жаш жигитти өлтүргөнүнө күмөнбүз чоң. Эгер бул окуя боюнча чыныгы күнөөлүлөр жазаланбаса, кырдаал чыңалганы чыңалган. Бул иш боюнча комиссия кандай жыйынтык чыгарат, күтөбүз" - дешет.
Ногойбай Султанов