Ну, влияние "сфера!"
Жалал-Абадда
мыйзам деген барбы?
-Бүгүнкү мезгилде Жалал-Абад курортунда жетекчилик милдетти эчким аткарбай жатат. Эмне үчүн? Алгач ушул суроого анын акыркы эки жылдык тарыхынан жооп издейличи.
Бакиевдик бийлик кулагандан кийин Жалал-Абадда гана эмес, бүтүндөй Кыргызстан боюнча ошол мезгилдин жетекчилерине катуу саясый дооматтар коюлбадыбы. Дал ушундай саясый айыптардан улам Жалал-Абад курортун жети жыл жетектеген Рахманалы Матраимов да 2010-жылдын апрель революциясынын таасиринде кызматтан сүрүлгөн. Ага коюлган "айып" - "Бакиевдер менен мамилең жакшы болчу" деген доомат болду.Ошентип, Рахман Матраимов 2010-жылдын апрелинде курорт жетекчилигинен бошотулса, алгач үч ай Матраимовдун орун басары болуп иштеп келген пенсионер Тилек Токубаев курортту убактылуу жетектеп турду. Адам деген ушул экен, канча жыл Рахманды "шеф", "шеф" деп жойпуланып, жетимишке чыкса да амалга жетсем деген бул адам заматта өзгөрүлүп, Рахман баскан жолду кетмендеп басып, аны жамандап, коллективди экиге эмес, төрткө бөлдү. Андан кийин 11 ай Асхат Маметов деген адам Бишкектен Жалал-Абадка барып курортту башкарды. 2011-жылдын сентябрь айынан тартып Эркебай Маткеримов деген адам курортко орун басар болуп, бирок директордун жоктугунан 5 ай убактылуу жетекчинин милдетин аткарган адам болду.
2011-жылдын 21-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын профсоюздар федерациясынын карамагындагы туризм жана курорт башкармасынын төрагасынын милдетин аткаруучу Талантбек Абдыкасымов Бишкектен Жалал-Абадка учуп келип коллективге кайрадан Рахман Матраимовду директор кылып дайындады. Эмне үчүн ал мындай кадамга барды?
Көрсө, Рахман Матраимов 2011-жылдын май айында кызматтан негизсиз четтетилгендигин белгилеп, иш берүүчү болгон туризм жана курорт башкармалыгын Бишкектин Биринчи май райондук сотуна берген. Аталган сот 2011-жылдын 23-май күнү Рахман Матраимовду кайрадан Жалал-Абад курортуна директор кылып дайындоо жагын аталган башкармалыка милдеттендирет. Бул соттун чечимине макул болбогон башкармалык Бишкек шаардык сотуна аппеляция иретинде кайрылат. Бирок, Бишкек шаардык соту да, 2011-жылдын 7-декабрында бул маселени 5 ай карап, кайрадан райондук соттун чечимин күчүндө калтырып, Рахман Матраимовду "курортко жетекчи болсун" деп аталган башкармалыкты милдеттендирет. Ошого чейин Рахман Матраимовго прокуратура жана милиция органдары 4 ирет кылмыш ишин козгоп, жылдап тергөө амалдарын жүргүзүшкөн.
- Мындай кылмыш иштер козголмок эмес. "Орун басардын оюу жаман" деген чын окшойт белем, алгач менин ордума 3 ай "чоң" болгон аксакал Тилек Токубаев, андан кийин 11 ай жетекчи болгон Аскар Маметов профсоюздар федерациясынын төрагасынын орун басарлары Темирбек Жаналиев менен Ормон Жайлообаевге кошулуп алып тынымсыз мени каралоо иштери менен аракеттеништи. Федерациянын эки орун басарлары 4 жолу башкы прокуратурага, ИИМге менин үстүмөн арыз жолдошту. А бирок, "ак ийилет, бирок сынбайт" деген улуу макал төрт ирет далилденди - дейт Рахманали Матраимов, өткөндү эскере.
Ошентип, бир жарым жылда төрт жолу кылмыш иликтөөсүнө кабылып, бирок таза экендиги аныкталган Рахман Матраимов кайрадан соттун чечими менен өз ордуна келди. А бирок, анын келиши буга чейин 5 ай жетекчи болуп иштеп калган Эркебай Маткеримовго жага бербей калды. Матраимовду тааныштырган кезде массажист жана медсестра болуп иштеген 4-5 аял - "жок, биз Матраимовго каршыбыз, ал бизге жетекчи болбосун" деп ажылдап чыгышты. Жалал-Абад шаардык милициясынын өкүлдөрү карап турса да кайра өз ордуна келген Рахман Матраимовду кабинетке киргизишбей, ызы-чуу салышты. Өзгөчө ачууланган медсестра Самара Шаимкулова деген айым "2004-жылы Матраимов мени негизсиз жумуштан кетирген" деп нааразычылык пикиринде каршы сөз айтты. А бирок ушул эле коллективдеги кадыр барктуу, ары билимдүү Зейнегүль Кулназарова Самаранын оозун жапты. Ал аңгыча Зейнегүльдүн бир тууган жездеси Сейит Абдрашитов - "Рахман менин кызымдын тоюунда светти өчүрткөн, бул ишке келсе бизди айдайт, ошол үчүн ишке келсе мен каршымын" дегенге чейин барса болобу. Кыскасы, заматта 4 аял коллективден бөлүнүп, эчкимди укпай ажылдап айкырып, тополоң салышты. Шумдугуң кургур дечү беле, мындайды.
Акырында 5 ай курортко чоң болгон Эркебай Маткеримов - "бүгүн күнгө жума, Рахман дүйшөмбү күндөн ишин баштасын" деди. Буга макул болгон Рахманали Матраимов дүйшөмбү күнү кызматка келсе аны дагы баягы 4 аял ажылдап, аларга кошулуп 10 чакты чоң муштум зөөкүрлөр күтүп алды. Аларды көргөн Рахманга Эркебай "дагы эки күн күт, мага кайра буйрук келмей болду" дейт. Ал эми ажылдактын "башчысы" болгон Самара Кулназарова дегени элдин көзүнчө "азыр эле Жаналиев менен сүйлөштүм, мына, телефондо Жайлообаев турат. Соттун чечими өтпөйт, Рахман директор болбойт деп айтып жатат" деди.
Көрсө, курортто иштеген 4 аял менен кызматтан бошогон Эркебай Маткеримовдун ишенгендери профсоюздар федерациясынын эки орун басары экен. Аларга таянган 4 аял ошол үчүн мыйзамдуу директорго ажылдап кабинетке киргизбей жатышканы да ошондон экен түшүндүм. Бул туурасында биз эмне үчүн мындай? деп Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы Осмонов Канат Досбаевичке кайрылдык.
Осмонов Канат мырза; - "Чынында Матраимов кызматка мыйзам талабында келди. Эки орун басарым бир жылдан ашуун Матраимовду текшерип эле келе жатышат. Менин оюумча алар ашыкча аракеттерди жасап коюшту. Алсак, Рахманали Матраимовго Жогорку сотко аппеляция жазып кол койгон Темирбек Жаналиевдин аракети ашыкча, анткени иш берүүчү болуп курорт башкармачылыгы турат. Ошолор жазса болмок арызды. Ошондо жарашмак. Жаналиев отуз адамдан турган профсоюздар кеңешинин чечимине мен жокто гана кол коё алат" деди. Демек, төраганын сөзүнөн Матраимовдун адилетсиздик менен кордолгон тагдырына профсоюздагы орун басарлары Темирбек Жаналиев жана Ормон Жайлообаев болуп жатканы айкын болду.

Эмне үчүн курорт жамааты экиге бөлүнүп, ызычуу болуп калышты? деген суроого да жооп издедик. Алгач бул курортту жети жыл башкарган Рахманали Матраимов жөнүндө кыскача маалымат: Дал ушул Матраимовдун аракети менен 2003-жылдан 2010-жылга чейин курорт болуп көрбөгөндөй өзгөрүлгөн. 2003-жылы курортто бир гана люкс бөлмө болсо, 2010-жылы курорттун 70 пайызы люкс номерлерге айланган. Мобул байыркы Римдин имараттарын элестеткен экинчи корпусту Матраимов эки жылдан ашуун капиталдык ремонттон чыгарган. (сүрөттө) Курорттун ичиндеги жолдорго тротуарларга таш төшөлүп, ар кандай эстеликтер коюлуп, суу ичичүү булактар ачылган. Матраимовдун аракети менен 10 миңден ашуун дарак көчөттөр отургузулуп, дээрлик баары көгөрүп, өсүп жатат. Дарылоо корпусундагы көпүрө, жаңы уюшулган люксттар Рахмандын талбас эмгегинен жаралганын бүгүн эч ким тана албайт. Дал ушундай эмгектери үчүн Рахман Матраимов 2008-жылы "Кыргыз Республикасынын калкын тейлөө тармагына эмгек сиңирген ишмери" наамын, 2006-жылы "Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасын" алган. Мындай сыйлыктар кажыбас эмгекке гана берилерин унуткан курорттогу 5-6 адам менен кошулган Жаналиев жана Жайлообаевдер өздөрү ушундай сыйлыктарга жетти бекен деген ой жаралат. Акыркы мезгилде Рахманали Матраимов эки ирет профсоюздар федерациясынын кеңешине атайын арыз менен кайрылды, бирок дале адилеттүү жооп ала элек.
- Тек көкүрөктү төшкө коюп, калыс сөзүбүздү айтсак, Туризм жана курорттор башкармалыгы Рахманали Матраимовду кайрадан өз ордуна койгондон башка жол жок. Анткени, бир эмес, эки жолу "кызмат ордуна кой" деген соттун чечими чыкты. Аны аткарбашка чарабыз жок. Эгер мыйзамды сыйласак. Ушундан улам, биз Жогорку сотко арыз жазбадык. Бирок, федерациянын төрагасынын орун басары Темирбек Жаналиев Матраимовго каршы өзү арыз жазып, өзү кол койду.Эми анын мыйзамдуулугун Жогорку сот аныктаар.
Жалал-Абад курортунун айланасындагы ызы-чуудан улам төмөндөгүдөй жыйынтык чыгарууга болот. Соттун чечими - бул мыйзам. Ал сөзсүз аткаруулуга тийиш! Курортто буга чейин 5 ай жетекчи болгон Эркебай Маткеримов кыргызда "ээси келсе, бээсин бер" деген сөздү унутуп коюп, 4 аял менен ызы-чуу салып, кызматтык машинаны да бербей, кызматтан бошотулган буйрукка баш ийбей жатканына эмне десек болот? Анда эмне үчүн бул маселеге Жалал-Абаддын жергиликтүү бийлиги, милиция, прокуратура мындай "өзүм билемдерге" чечкиндүү чара көрбөйт деген суроо да жаралат. Же Жалал-Абадда соттун чечимине баш ийбей, мыйзам дегениң өтпөй калганбы? Эгерде соттун чечими аткарылбаса, жогорку тараптын буйруктары күчкө кирбесе, анда кайсыл мыйзамдар менен жашайбыз?

(Уландысы 10-бетте)