кыргыз тилиндеги гезит "Айгай"

п»ї


Кечир, кеменгер!
Бийлик бүгүнкү эгемен
өлкөнү түптөгөн
Жусупту дагы унутту
Кыргыз өкмөтү ушул жылы белгиленүүчү көркөм өнөр ээлеринин жана мамлекеттик ишмерлердин, бир нече илимпоздун мааракелерин өткөрүүнү бекитти. Анда залкар жазуучу жана улуу инсан Түгөлбай Сыдыкбековдун 100 жылдыгы, генерал Ысакбек Мониевдин 110 жылдыгы, мамлекеттик ишмер Жаманкул Тойгонбаевдин 100 жылдыгы, мамлекеттик ишмер Абды Сүйөркуловдун 100 жылдыгы, улуу комузчу Карамолдо Орозовдун 130 жылдыгы, сүрөтчү Гапар Айтиевдин 100 жылдыгы, илимпоз Кайып Оторбаевдин 90 жылдыгы, генерал Дайыр Асановдун 90 жылдыгы, акын Байдылда Сарногоевдин 80 жылдык мааракелери белгиленмекчи болуптур. Болуптур, белгиленсин, эскерилсин, булардын баары тең кыргызга аттын кашкасындай таанымал инсандар. Буга эч каршылык жок. Бирок, ушул инсандардан өзгөчө айырмаланып, асмандагы Чолпон жылдыздай балбылдап жанып турган, ушул адамдардын жана биздердин келечегибиз үчүн керт башын өлүмгө байлап, кыргыз эмес казак элин 1932- 1933-жылдардагы аламаат ачкачылык кыргынынан алып калган Улуттун Кеменгери Жусуп Абдрахманов өткөн жылы 110 жашка чыкмак. Бул улуу инсандын мааракеси эмнеге белгиленген жок? Былтыр деле, бүгүн деле бийликте ошол эле адамдар. Же ал кездеги президент Р. Отунбаева "Ж. Абдрахмановдун мааракесин өткөзбөйбүз" - деп койгонбу?
Канчалык башкаларды көкөлөтпөйлү, 11 кылымдык кыргыз тарыхында баары биригип бир Жусупка тең келе албайт, эмгектерин салмактап, салыштырып көргөндө. Улуу Кыргыз каганаты IX кылымда жок болгон. Ошондон, 1924- жылга чейин кыргыз элинде бирдиктүү бир мамлекеттик түзүлүш болгон эмес. Мына ушул мамлекетти уюштуруунун башында Ж. Абдрахманов турганын тарых тактап турса да "маңкурттар" биле беришпейт. Алар тарыхты билишпеген соң, кимдин ким экенин баалай да билишмек беле...
Кечир кеменгер, сени бүгүнкүлөр барктап баалай албаса, келечек муундары бир кездерде ушул бейиштин төрүндөй болгон Кыргызстанды өз алдынча мамлекет болууга жанын да аябаган, анын пайдубалын түптөгөн чыныгы Улуттук Кеменгер болгонуңду даңазалаар, ар биринин китеп текчесинде эле эмес, жүрөктөрүндө сенин элесиң жашаар...
"Айгай-пресс"










??.??