Оо, тарых!
Аксак Темир кыргыз болгонбу?
"Айгай-пресс" гезитинин өткөн санында (19. 01. 2012-ж.) "улуу кол башчы жана мамлекеттик ишмер Темир монгол жана өзбек урууларынан болгон эмес" - деп айтылган. Мындай тыянакка казактын тарыхчысы Шапырашты Казыбек Тауасарулынын 1775-жылы жазып бүткөн "Түп тукумумдан өзүмө чейин" деген тарыхый эмгегинде Аксак Темирдин уруусу "Азык уруусунан" деп жазылганына жана 1504-жылы көчмөн өзбек уруулары Батый хандын урпагы Шейбани ханга кошулуп, Темирдин небереси Султан Бабурду Самарканддан кууп чыкканына таянылып, эгер Темир өзбек болсо Темирдин небереси Бабурду өз жеринен куубайт эле - деген логикалуу ойго таянып айткан элем. Деги эле Темирди "Азык уруусунан" - деп жазган Шапырашты Казыбек ким болгон? Бул улуу инсан байыркы Тараз шаарында 1696-жылы төрөлүп, Бухара, Самарканд , Багдад шаарларынан билим алган экен. Ошол кезде бул шаарлар илим менен билимдин очогу болуп турган. Шапырашты Казбек Борбордук Азия элдеринин тарыхына кызыгып, өзүнүн эмгегин көзү өткөнчө жазыптыр. Казак элинин мыкты уулдарынын бири М. Жандосов Шапырашты Казбектин "Түп тукумунан өзүмө чейин" деп аталган тарыхый эмгегин жарыкка чыгарам деп, 1938-жылы улутчул катары атылып кетиптир.

(Уландысы. Башы өткөн санда)

Кыргыздын Азык
уруусу жөнүндө
Кыргыздын оң канатын түзгөн Адигине жана Тагай бийдин жана алардын бир тууганы Наалы эжеден тараган урпактары Монголдор уруусу. Санжыра боюнча Азык Тагайдын баласынын бири. Бул боюнча Тоголок Молдонун Тагай бий жана Азыкка байланышкан санжырасына кайрылалычы. Анда мындай бир баян бар. Тагай бий Эреше хандын тушунда Ак үйлүүдө бир нече жыл туруп калат. Ошол кезде Тагайга бир ордо кызды кызматчы катары беришет экен. Тагайдын "Ак үйлүүдө" мөөнөтү бүтүп, Ала-Тоого кетет. Бирок, баягы ордо кыздын боюна бүтүп калган эле. Коштошоордо, Тагай ал кызга мындай деп насаат айтат: "Эгер, боюндагы күмөн бала кыз болсо атын өзүң кой, эркек төрөсөң атын Карачоро деп койгун да, мына муну менден балага белекке бер да, эр жеткенде Ала-Тоону карай жибергин" - деп жанындагы кескисин берип, жигиттери менен аттанып кете берет. Ордо айым экек төрөп, атын Тагай айткандай Карачоро коет. Бул бала эр жеткенде энеси айткан боюнча атасын издеп жолдо келе жатып, Ырай ( Саяк ), Азык үчөө кошулушуп, Тагай бийге келишет экен. Айылына келген балдарды Тагай кайдан келген балдарсыңар? - деп суроо салат.
Анда Ырай мындай деп айтат. Менин түбүм Саяк, атым Ырай, Байыш баатырдын уулумун. Атам өлгөндө энем Маниса айым эрге тийип кетип, ага таарынып бул жакка качып чыктым - дейт.
Азык мындай деп айтат. Мен Домо кандын уулумун. Атамды өзбектер өлтүрүп, сууга салышты. Ошондон улам азык-түлүгүмдү көтөрүп, бул жакка качып чыктым -дейт.
Карчорого кезек келгенде ал алып жүргөн кестигин Тагайдын алдына таштап койот. Тагай ал кестикти дароо тааныйт да, жетине албай кубанып "үчөөң тең өзүмдүн балдарым экенсиң, сен Ырай түпкү атаңдын атын өчүрбөй жүргүн, атың ошол түпкү атаңдан аталып, мындан ары Саяк болсун, сен Домо кандын уулу азык-түлүгүң менен жолго чыккан экенсин, атың Азык болсун, Карачоронун атым өзүм койдум эле атың ошол бойдон калсын" - деп өзүнүн Богорстон, Кылжыр, Койон, Мингуш деген уулдарына жогорудагы үч баланы кошуп, жети баланын атасы болуп, дөөлөтү артып жатып калды дейт. Азыктын дарегин атайын такмазалап айтып жаткан себебим мындай. "Токсон боолуу өзбектин" ичинде да Азык уруусу бар. Ал ушул эле Азыктардын бир бутагы болуусу керек. Бирок, береги санжырада Тагайга келип, Азык атка конгон бала "атам Домо канды өзбектер өлтүрүп, сууга салып жиберишти" - деп жатат. Демек, өзбек уруулары Темирдин кыбырасы Бабурга кастарын тиккен сыяктуу эле, Азык урууларына ар дайым каршы болуп келишкен. Өзбектин арасындагы Азыктар Ала-Тоого келишпей калган топтору болушу мүмкүн. Жогоруда Тагай бий "Ак үйлүүдө" жүргөндүгү туурасында айтылган эле. Сөз кезеги келгенде ошол жөнүндө бир тактоо. Кыргыздын санжырачылары, тарыхчылары "Ак үйлүү" - эмне экенин чаржайыт, эч бир постулаты жок чечмелеп келишет. Аксак Темирдин зор мамлекети анын көзү өткөндөн кийин бир кылымга бүтүн турбай кулап баштаганын тарыхта дайын. Ушундан улам Ала-Тоо, Алай, Фергана өрөөнүндөгү уруулардын мыктылары кеңешип, башка элдерге жем болбоштун амалын издешип, бири-бирине кол салуудан коопсуз болуштун жолун табышып, бирде Анжиян тарапта, бирде Ала- Тоодо, Алайда ак боз үй которушуп, ал жерге уруулардын кадырлуу бийлери ыктыярдуу барымтада кармалып турушкан. Чынында, бул аракеттер чоң таасир берген. Уруулар бирине-бири үстөмдүк кылуусуна, кол салуусуна жол берилген эмес. "Ак үйлүү" - деп аталган иштин максаты ушундай болгон. Борбордук Азиядагы элдердин ошол кездеги саясатын салыштырганда, азыркы КМШ уюмуна окшошуп кетет. "Ак үйлүү" ордосу 1635-жылы Калмактар казак элине, Теңир-Тоодон Ташкентке, Сыр Дарыянын ортоңку агымына чейин жортуул жасап баштаганда кыргыз, казак, өзбек, кыпчак, кара калпактар өз аргаларын табышпай, ошонун таасири менен жоюлган.

Аксак Темирге
байланышкан
кызыктуу окуя
Аксак Темир 1405-жылы Индияга жортуулга аттанып, жолдо Отрар шаарында (Казакстандын мурдагы Мерке шаары) каза болгон да, сөөгү Самаркандка алынып кеткен. Совет бийлиги "улуу инсандардын сөөктөрү жаткан жерлери 1930-1950-жылдары такталсын" - деген атайын токтом чыгарат. Ошол токтомдун негизинде Ярослав мудрый сыяктуу орус княздарынын көрүстөндөрү казылып, тактала баштайт. Кезек Темирдин сөөгү кайда жатканына келип, иликтөө иштери башталат. Айрым тарыхчылар "Темирдин сөөгү өлгөн жери Отрар шаарында болуш керек дешишсе, башкалары "туулган жери Шахрисиябда болуу керек" дешет. Бирок, Самарканд шаарында аземделип курулган "Гур Эмир" деген жай бар, "Темирдин сөөгү ошол жерде болуш керек" - деген пикирлер олутту эле.
Өлкө башчысы И. Сталиндин буйругу менен Советтик окмуштуулар А. Семенов, М. Герасимов баштаган топ 1941-жылдын июнь айында "Гур Эмир" көрүстөнүн казууну баштайт. Бул ишке атактуу кино оператор, СССРдин эл артисти,Социалисттик эмгектин баатыры Малик Каюмов да катышат. Бул оператордун эскерүүсүндө Темирдин сөөгү жаткан жайды казып жатканда эле бир укмуш мындай окуялар болот. Ошол жерге жакын жайгашкан "Интурист" мейманканасынын суу түтүктөрү жарылып, "Гур Эмир" күмбөзүн суу каптап кетет. Экспидициянын аппараттарына туташкан электр энергия улам өчүп, илимпоздор беймазага түшүшөт. Ушундан көп өтпөй М. Каюмов чайханага барып калса белгисиз бир аксакал адамдар арабча жазылган кагазды алып чыгышып, окуп беришет. Анда "Темирдин сөөгү жаткан жерди казса согуш болот" - деп жазылган экен. Акыры, 1941-жылдын 21-июнунда күмбөздөгү таш бетинде "Темирдин осуятын бузгандар жазаланат, жана жер бетин айыгышкан согуш каптайт" - деп жазылып турса да, ага карабай таштан жасалган Темирдин сөөгү жаткан табыпты ачышат. Ушунун эртеси, 1941-жылдын 22- июнунда фашистик Германия СССРге кол салып, дүйнөлүк 2чи согуш башталат. Малик Каюмов согуштук оператор катары фронтто жүрүп, баягы окуялардын баарын эсинен чыгарбай жүрөт. Күндөрдүн биринде ал маршал Г. Жуковго жолугуп, Темирдин күмбөзүнө, аксакалдардын айткандарын, таштагы жазууну төкпөй-чачпай айтып берет. Г. Жуков болсо М. Каюмовдон уккандарын И. Сталинге айтса, ал дароо Темирдин сөөгүн ордуна жаткырууга буйрук берет. Ошол кезде улуу кол башчынын сөөгү Ташкентке алынып кеткен эле. Бирок, Темирдин сөөгү самолетко салынган боюнча бир ай дайынсыз жок болот. Көрсө, дагы эле И. Сталиндин буйругу менен Сталинграддын алдында согушуп жаткан советтик жоокерлердин духун көтөрүш үчүн фронтко алынып кеткен экен. 1942-жылдын 20- декабрында Темирдин сөөгүн жайына алып келип коет. Ушул күндүн эртеси эле Сталинграддын алдында айгышкан согушта советтик армия фашисттик армияга карата чабуул жасайт. Бул мистикалык окуябы же кокустуктан туш келүүбү? Буга али эч ким жооп таба элек. Бирок, айныксыз тарыхый факт. Мистикага эч жакындабайт. Айтор, акыл жетпес нерсе. Теги түрк, уруусу Азык болгон улуу кол башчы жана мамлекеттик ишмер Темирдин кызыктуу, сырдуу окуялары ушундай, замандашым.

Жолдошбек Токоев