Күйдүм чок ай, күйдүм чок
"Жел козулар"
Өткөн ишемби күнү иш күнү эмес беле, өкмөттүн токтому боюнча. Ошол иш күнү Жогорку Кеңештин 120 депутатынын адегенде 23 депутаты (артта отурган биз кол менен бирден койчо санаганда залда ошончо эле депутат отурган) 41 депутатка "айланып" жыйынга "катышса", депутаттар бири-биринин кнопкасын баскылап олтуруп, "искусственный" көбөйүшүп, 93кө жетип, андан бир аз өтпөй 101 депутат - "жыйынга катышты" болуп катталды. Акыркы учурларда мындай көрүнүш көнүмүш адатка айланып деле калды. Этика комитети деле эч нерсе дебейт. Төрага Жээнбеков болсо төрдө отурганына курсант. Мындайды Совет доорунда "жел козу" - деп аташчу. Мындай тергеп аталыштагы сөз план толтуруудан келип чыккан. Ал кезде жазында, төл планын толтуруш үчүн кысыр калып, туулбаган койлорду да "тууду кылып" жазып, ошол боюнча районго отчет берип салышчу, жогору жактагылардын "план толтурбай жатасыңар" - деген каарынан кутулуш үчүн. Кийин ал "жел козуларды" "өлдү", "карышкыр жеп кетти" кылып, акт түзүп коюшчу, амалкөй башкармалар.
Ошол күнү парламентте жогорудагыдай "жел козудай" каттодон өткөрүлгөн депутаттар жок болсо деле, отузга жетпеген депутат күжү-күжү болушуп, "Админстративдик жаза кодекстине" өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү маселени, тактап айтканда мыйзамдуу никеге туруша элек жубайларды ислам дининин эрежеси менен нике кылган молдолордун жоопкерчилигин күчөтүү маселесин талкулап жатышты. Депутат А. Алтыбаева ушул талкууда өз көз карашын эгер жубайларга мыйзамдуу никеге турганга чейин ислам эрежеси менен молдолор нике кыйышса, аларга административдик айыпты 10 миң сомго жыгыш керек, ошондо молдолор кудайдан коркушуп, нике кыйышкандан баш тартышаат да, коррупция жоголот маанисинде сунушун сууруп чыкты. Андай ойдон "Ата-Мекендин" Асия Сасыкбаевасы да кур калбады. Тапкан экенсиздер коррупцияны депутат айымдар, деген киши жок. Ислам эрежеси менен нике кыйдырган жубайлар, же алардын эне-атасы нике кыйган молдого эч качан пара бербейт. Молдого берилген акча, буюм, тамак, аш, ага карата болгон кадыр эсе ыраазычылыктын белгиси. Нике кыйган молдолор мамлекеттик атка минерлердей эч качан акча же башка баалуу буюм сурашпайт. Нике кыйгандыгы үчүн молдого ыраазычылык билдиресиңби же жокпу ал ар кимдин өзүнүн эрки жана пейили. Бул - тойлордо, мааракелерде адамдар бири-бирине белек же акча берегендей эле кеп. Ислам эрежеси менен нике кыюуда эч кандай коррупция жок.
Кыскасы, "ачка отурганча, айранга талкан көөлөп ичип отуган жакшы" дегендей, бул талкууга "жел козулар" эмес, "пландагы тирүү козудай" статустагы жыйынга катышып отурган 120 эмес, 30га чукул депутат нике маселесин кызуу талкуулашты.
Парламенттин төрүндө отурган төрага А. Жээнбеков да аралашып, мындай ой таштады, "Никеге тургандар Ирандыктардай нике келишимин ( брачный контракт ) түзүшү керек, ушуну мыйзамга киргизүү керек" - деп. Төраганын бул айтканы депутат А.Алтыбаева менен Сасыкбаеванын айткандарынан ашса ашты, бирок кем калган жок. (Түгөттүкү десең, башкаларды туурап жатып, кыргыз эли жарды болду, улуттук баалуулуктар жок болуп, улут деградацияланып бара жатат. Ушуга күйөт экенсиң- ред. ) А. Жээнбеков мисал кылган Иранда никеде турган бай адамдар гана, өзүлөрүнүн байлыгынан ажырап калбас үчүн кооптонушуп, нике келишимин түзүшөт. Нике келишими - бул камсыздоо (страховой контракт) актысы. Кыргызстандын болсо 75%ы жарды, 15%ы орто чарбадагылар. Ошентип, ушул катмардагы адамдардан ажырашып калган учурларында ашып кетсе байлыгы - үйүн бөлүшөт. Муну сот эле мыйзам чегинде бөлүп берет. Эгер алардын банктык эсептеринде пайыздап тууп жаткан миллиондогон акчалары, жерлери, яхталары, компаниялары, акциялары жана башка сот тарабынан бөлүүгө татаалдыкты жараткан байлыктары болсо бир жөн эле. А. Жээнбеков "Иран элинин бийлиги уурдабайт экен, ошондон улам байып бара жатат" - деп эмне мисал айтпайт? Деги эле нике келишими бул Батыштын мурдакы СССРдин курамындагы элдердин кылымдап калыптанып калган улуттук баалуулуктарын жоготууга болгон иделогиясы.
Нике бул адамзаттын түбөлүктүү мыйзамдарына гана баш ийүүчү өтө сырдуу улуу күч. Ал дин эрежелирине, мамлекеттин мыйзамдарына эч качан баш ийбейт. Ушундай улуу күч менен кыргыз тукуму уланып, 1916-жылкы Үркүндөн кийин 650 миң кыргыз өткөн кылымдын 40-жылдарына чейин көбөйүп, 1 миллиондон ашып, кайра Улуу Ата мекендик согушта (1941- 1945-жылдарда) кайра бөксөрүп, кайра толуп, азыр 5 миллиондон ашуун элибиз бар. Кыргыз элинин кайрадан көбөйүшүнө диндин эрежелери же мыйзамдар таасир этип жатканынын белгиси да билинген жери жок. Ушул маселеге айта кетүүчү дагы бир мисал, кыргыздын улуу инсандары акын жана жазуучулары А. Токомбев, Т. Сыдыкбековдор, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер Ж. Абдракманов, А. Сыдыков, И. Арабаев, К. Тынысытанов, Т. Усубалиев жана башка улуу инсандар мамлекеттин мыйзамдары жок кезде молдонун никеси менен эле бул жарыкка келишкен. Кийинки кездердеги мыйзам менен никелешкендердин кимиси ушул инсандарга татып жатат? Эч качан, эч кимиси буларга теңеле албайт.

Күлчоро Кабылов




Талагыла!
Эми бейтапканалар сатылабы?
Бишкектин борборунда, Бөкөнбаев көчөсүндө (чыгыш тарабы Шопоков, батыш тарабы Үсөнбаев көчөлөрү менен кесилет) "№10 бейтапкананын имараты сатылат экен!" - деген кабар, бул бейтапкана тарабынан тейленип жүргөндөрдүн арасында желдей тарады.
Бейтапкана совет доорунда ошол кездеги кыргыз өкмөтүнүн иш башкармалыгынын балансында туруп, чоңдордун балдарынын атайын бейтапканасы болчу. Азыр андай статуска ээ эмес, бирок бул аймакта көп кабатуу үйлөр жайгашкандыктан калктын саны өтө жыш. Ошого жараша бейтапкананын пациенттери да өтө арбын. "Шамал болбосо чөптүн башы бекер кыймылдамак" эмес. Сыягы, бийлик сересиндегилердин бирөөсүнүн бул бейтапкананын ыңгайлуу жерде жайланышына, имаратына көзү түшүп калган окшойт. Мүмкүн "шапкесин" арбын берчү кардар чыгып калса керек. Мыйзам боюнча социалдык обьектер жеке менчике сатылбышы керек, антип мыйзамды оозго албайын десең, кайсы мыйзам аткарылып жатат, ушул заманда. Акаев, Бакиев доорлорунда мыйзам жол бербей турган бала-бакчалар сатылып, алар ишкана, тейлөө жайларына айланып кеткенин, ортодон он-он беш жыл өткөндөн кийин өткөн жыл аягында Жогорку Кеңеште ызы-чуу болуп барып, дымып калды.
Ал эми учурда жергиликтүү эл "№10 бейтапкананы эч кимге бербейбиз, керек болсо Акаевдин элге карата чыккынчылыгы менен, 1986-жылы эле бүткөн, 2 жыл ээн туруп, 5 жылдан кийин жап-жаңы бойдон "Вечерний Бишкек" газетасын А.Кимге мыйзамсыз сатылып кеткен, №10 бейтапкананын бет маңдайында жайланышкан бала-бакчаны кайтарып алуу маселесин бийликке кабыргасынан койобуз, биздин балдарыбыздын бала-бакчага барышы азыркы кездерде азап болуп калды" дешип ызырынып жатышат. Бул маселеге "бала-бакчаларды мамлекетке кайтарабыз"- деп күпүлдөп жатышкан депутаттар эмне дээр экен же №10 бейтапкананы сатууга өзүлөрү аралашып жатабы? Муну деле мезгил өзү тактайт тез эле. Анткени, капка шибегени катуу кыйын эмеспи.

Ногойбай Султанов