Баарынан ыйык куран десеңер…
Аалымдарга, ажыларга, казыларга
Өткөн аптанын жума намаз күнү өлкөнүн мечиттеринин баардыгында ислам дини "харам" деп эсетеген кумар, төлгө ачуу, кан төгүү сыяктуу адамзатка жат көрүнүштөргө каршы ыйык курандын сүрөөсү окулду. Ошол күнү Кыргызстандын муфтийи Чубак ажы атайын Ош шаарынын мечитине бармак болуп жаткан жеринен кандайдыр бир себептер менен барбай калып, ал күнү Бишкектин мечитинде жума намазга катышты. Борбордук мечитке келишкен 6-7 миң мусулман момундарынын алдында муфтийдин орун басары Мухаммед Анаркулов ыйык курандын "Миада" сүрөөсүн окуду. Бул сүрөө адамдын жаман жолго түшүп кетүүсүн, анын ичинде кумарчылыкка кирип кетүүсүн айыптайт. Жаңы жылдан бери кумарканалар жабылбай коомчулукта ызы-чуу жараткан, аны кайрадан ачуу маселесин көтөрүп жаткандарга катуу сокку болду окшойт ал күнкү жума намаз.
Баш мыйзамда "дин мамлекеттен ажыратылган" деп айтылат. Бирок, дин коомдон ажыратылган эмес да? Коомдогу жат көрүнүштөргө карата дин аалымдары жөн эле насаат, осуят айта бербей жума намаз күндөрү элдин алдында эсепсиз жат көрүнүштөргө курандагы сүрөөлөрдөн, аяттардан окуп, аны ММК жарыялап турса эфективдүү болмок деген ой кетти бизге да.
Чынында эле ошол күнкү жума намаздан кийин Кыргызстан муфтияты жакшы демилгени мындан ары дагы улантып, паракорлордун жеген ичкендери харам экени жөнүндө, эки жүздүүлүк, жалганчылык жөнүндө жума намаздарда көтөрүп турушса, бийликтегилерге моралдык сокку болоор беле - деген ойлор эл ичинде сөз боло баштады.
Илгери Жумгалда Алманбет деген чоң молдо болгон экен. Ошол киши бир жолу бир айылдан экинчи айылга барыш үчүн жол тосуп калат. Бир машина бош өтүп бара жатып, бирок, кол көтөрүп, жол тоссо да Алманбет молдону албай кетет. Ызаланган Алманбет молдо ошол жерде турган адамдардын көзүнчө "рулуң көчүгүңө тыгылып өлгүр" - деп катуу айтып, күн батышты карап бата кылып жиберет. Бул сөз эл ичине "дуу" болуп тарайт. Ошондон кийин Алманбет молдону көргөн шоферлор ошол жерден машиналарын токтотушуп, "кайда жеткизейин, молдоке" дешип, атүгүл, райкомдун биринчи катчысы, аткаруу комитетинин төрагасы Алманбет молдону көргөн жерден алдына машинасын тарта калушчу экен. Бул көрүнүш молдону сыйлоо көрүнгөнү менен, диндин таасири күчтүү болгону, чынында. Ал кезде советтик атеистик идеология үстөмдүк кылып турчу, ошентсе да Алманбет молдо баары бир диндин моралдык таасирин күчтүү колдоно алган экен, жарыктык. Муну эскергенибиз, бүгүнкү коомдогу, бийликтеги, болуп жаткан "акыр-чикирлерге Алманбет молдодой таасир көрсөтпөйсүңөрбү урматтуу аалымдар, ажылар, казылар дегиң да келип кетет экен…

Ногойбай Султанов




Салык кызматы билдирет
Жогорку сот тарабынан "Алпа" ЖЧКга
кошумча эсептелинген салыктын
суммасы жөндүү деп табылды
2012-жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда "Алпа" ЖЧКнын 98 миллион 470 миң 528 сом өлчөмүндөгү кошумча эсептелинген салыктарды жараксыз деп табуу туурасындагы арызын кароо боюнча соттук отурум болуп өттү.
Мамлекеттик салык кызматы тарабынан "Алпа" ЖЧКга 98 миллион 470 миң 528 сом өлчөмүндөгү кошумча салык эсептелингендиги соттук иликтөөлөрдүн негизи болду.
Салыктарды кошумча эсептөөгө "Алпа" ЖЧКга карата МСКнын пландан тышкаркы көчмө текшерүү жүргүзүүсүндө товарды сатууда анын чыгуу баасын (тооктун сан эти) атайын төмөндөткөндүгү аныкталган. Тооктун сан эти базар баасы боюнча бир киллограммы 83,33 сомдон сатылган, ошону менен бирге "Алпа" ЖЧКнын салык отчетунда сатуу бир киллограммы 25,5 сомдон 30 сомго чейин деп көрсөтүлгөн. Табылган айырма салык төлөөчү тарабынан жашырылган, андыктан бул салыктарды кошумча эсептөөгө шарт түздү.
Кыргыз Рсепубликасынын Жогорку сотунун экономикалык иштер боюнча коллегиясынын кароосунун жыйынтыгы боюнча "Алпа" ЖЧКнын арызын канааттандырууну кабыл албоо тууралуу токтом кабыл алынды. Андыктан кошумча эсептелинген салыктар сот тарабынан жөндүү деп табылды.
Белгилүү болгондой Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук актылары тез арада күчүнө кирет жана даттанууга жатпайт.
Жогоруда баяндалгандардан тышкары МСК тарабынан Каржы полициясына салыктарды жашыргандыгы үчүн "Алпа" ЖЧКнын жооптуу адамдарын жоопкерчиликке тартуу тууралуу кат жөнөтүлдү.

МСКнын басма сөз кызматы




Вопрос дня
Кыргызстанцы могут остаться без паспортов
"В Бишкекском филиале Центра обслуживания населения кончаются бланки для получения паспортов. Утром Центру было выдано 600 бланков, на данный момент осталось меньше 100. Данные бланки выпускались типографией "Continent print", однако с 12 по 16 января был заключен контракт на поставку бланков от типографии "Kirland". Ею было отпечатано 1 тысяча 800 бланков, которые были сделаны из тонкой бумаги и просвечивали. С 17 по 25 января бланки стали выпускать вновь "Continent print". Но в данный момент, по неизвестным причинам, поставка бланков прекратилась", - отметили собственные источники.
По словам директора Департамента регистрации населения при Государственной регистрационной службе Дуйшона Сатыбалдиева, поставка бланков не прекратится.
"Сегодня утром я выдал 600 бланков по 150 на каждый район Бишкека. Бланков хватит до конца дня. Завтра завезут партию бланков в еще большем объеме. Смена типографии произошла по результатам тендера, и мы заключили контракт с типографией "Kirland", но завод не принял их бланки, по причине несоответствия стандарту. Поэтому мы вновь заключили контракт с типографией "Continent print", - отметил Дуйшон Сатыбалдиев.
При этом, как стало известно K-News от представителей Центра обслуживания населения, в Оше бланков для получения паспортов уже нет.




В Кыргызстане за прошлый год
в ДТП погибли 1018 человек,
из них 113 детей

- В 2011 году на автодорогах и улицах страны было зарегистрировано 4813 дорожно-транспортных происшествий. В результате ДТП погибло 1018 человек и 6697 получили телесные повреждения.

По статистическим данным Главного управления безопасности дорожного движения МВД, несмотря на принимаемые меры, направленные на сокращение детского дорожно-транспортного травматизма, в прошлом году было зарегистрировано свыше 900 ДТП с участием детей. При этом погибли 113 детей и 1038 получили различные телесные повреждения.
"Сводка"