Аткан октон, житкен ок

Бакиевдин диктатурасында канча адам көз жумган?


Американын акчасы жана бийлик үчүн өлүп берчү адамдардын күчү менен 2005-жылы бийлике келген К. Бакиев жана анын жан жөөкөрлөрү өлкөгө тымызын террорду башташкан.

Ошол жылдын күзүндө Жогорку Кеңештин депутаттары Тынычбек Акматбаев, Баяман Эркинбаев, Жыргалбек Сурабалдиев кыргыздын чыгаан уулу, өзүнүн талыбаган иши, таң калтырган таланты менен Гиннес китебине жазылган Үсөн Кудайбергенов сыяктуу азаматтар көчөдө, үйлөрүндө ит аткандай атыла баштаган. Ошондон кийин да террор токтогон жок. Белгилүү укук коргоочу Качкын Булатов 2009-жылы М. Садыркуловдун өлүмүнө чейин бийлик террорунан курман болгондорду эсептеп чыкканда ал сан 92 адамга жеткенин айтканы бар. 2006-жылы Рыспек Акматбаевдин өзү, анын жигиттери көчөлөрдө иттей атылганы белгилүү. Бул иштер да Бкиевдердин кандуу колунун курмандыктары болушкан. Жогорудагы К. Булатов санап чыккан террор курмандыгында ушул жигиттер да бар. Эгер Р. Акматбаев криминалдык чөйрөнүн лидери болсо, аны мыйзам чегинде кармап, жазалаш керек эле, бирок андай болбоду. Мыйзам өкүм сүргөн мамлекеттерде кылмышкерди да кармап мыйзам, сот менен жазалайт, бирок Бакиев мыйзамды түкүрүп койбой, террор жүргүздү. Айтмакчы Р. Акматбаев тигил же бул кылмыш иши боюнча ошол 2006-жылы январь айында сот тарабынан акталып чыгып, күзүндө бир тууганы Т. Акматбаевдин ордуна шайлоодо талапкерлигин коюп, ал шайлоодо жеңип чыккан. Бийлик ага мандат берүүдөн коркуп Көк-Жар айлындагы мечиттин жанында аттып таштаганы белгилүү.
Ал эми 2012-жылдын 7-апрелинде Бакиевчилердин огунан 87 азамат курман болсо, кийин 2 жыл аралгында алган жараттарынан 16 азамат көз жумду. Бийликтегилер муну эсепке албай жүрүшөт. Натыйжада, Бакиев диктатурасынан 198 адам көз жумуп олтурат. Үсөн Кудайбергеновдун бей өлүмү алигиче ачылбай келет. Мунун себеби, ушул өлүмгө тиешелүү адам азыр бийликтин бир бутагында отургандыгында деп айтып жүрүшөт, маркумдун жакындары.
Кечээ жакында 2012-жылдын 6-апрелинде Рыспек Акматбаевди жакындан тааныган Максат Абакиров маалымат жыйын өткөзүп, "Рыспекти Бакиевдер өлтүрүшкөн" - деп ачык айтып чыкты. Эгер, чынында өлкөдө мыйзам иштесе, бийлик адилет заман курам десе, анда Р. Акматбаевди жана анын жолдошторун ким өлтүргөндөрдүн бети ачылып, жазаланыш керек. Адатта биздин бийлик адамдары мисал келтирүү үчүн АКШ, Европаны ооздорунан түшүрүшпөйт. Өткөн жылы Норвегияда 32 жаштагы Андрес Брейвик аттуу террорист Осло шаарынын борборуна террордук жардыруу жасап, андан соң чакан аралчага барып, элүүдөн ашык бей күнөө адамды кырып таштады эле, бирок бийлик аны атып таштаган жок. Бул террористтин иши учурда мыйзам чегинде каралууда. Р. Акматбаевге шылтоолоп, криминал менен байланышы жок, болгону тууганчылдыгы бар, бей күнөө адамдар да атылып кетип, изи сууп калган.


Бул иштердин сырларын ал кездеги Башкы прокурор Э. Сатыбалдиев, ИИМ башчысы М. Конгантиевдер жакшы билишет, бирок аларды чакырып сураган киши жоктон улам, мүмкүн кимдир бирөөлөрдүн калкалоосунан улам алар "мурдун балта кеспей" басып жүрүшөт.
Деги эле Бакиевдин террорунун бетин ачыш азыр ИИМдин орчундуу иштеринин бири. Эгер бул иштер ачылбаса, анда алардын бетине көө болуп кала берет. Ошондуктан, "кыңыры иш кырк жылда билинет" деген макалды азыркы Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев мырза эске туйуусу зарыл.


Кийинки кездерде Европа мамлекеттери Беларусь президенти А. Лукашенкону "Европанын акыркы диктатору" - деген атка кондуруп жүрүшөт. А. Лукашенконун минтип диктатор аталышы батыштын "жалданма оппозиция" - деп аталган топторуна карата Беларусь президенти тарабынан катуу чара колдогонуна карата болуп жатат. А. Лукашенко: "Бакиевге караганда кудай момун. Эл аралык коомчулук анын ичинде Европа мамлекеттери эмне үчүн Бакиевди айыптабайт? Себеби, Бакиев ошолордун өнөктөшү, АКШнын акчасы менен бийликке келген. Эгер башка бирөөлөр кандуу иштерге барса, анда аны эмдигиче эл аралык трибуналга алып барышмак. Ушул ашынган канкор адам менен бирге иштешип, кандуу колуна кол берип саламдашып, бирге отуруп, тамак ичкен адамдарга да таным бар.


Күлчоро Кабылов