А. Келдибековдун этегинин чаңы
Өткөн жумада, 17-февралындагы жыйынында ЖК депутаттары өкмөткө өкүрөңдөгөн дооматтарын артып чыгышты. Депутаттардын ичинен негизги азык-түлүккө болгон баа март айынын этегине чейин төмөндөбөсө, көрө турган чарасын көрө коебуз дегендер четтен чыккан болчу. Баарынан да, ЖК төрагасы Акматбек Келдибеков катуу кетип буркулдап жибербеспи. "Эгерде марттын аягына чейин ун, нан, эт, май жана кумшекердин баасы арзандабаса, өкмөт депутаттардын эле эмес, жалпы элдин алдында жооп берүүгө милдеттүү" деп маселени кырынан коюп буркурап жиберсе, жанына киши тура албай зыркырап кетет экен, тобо десең. Парламенттик көпчүлүктүн коалициясы түзүлүп, "Ата-Журт", соцдемократтар, "республикачылар" фракциялары өкмөттөгү бийликти чүйгүндөп өз ара бөлүштүрүп алганда парламенттик башкаруу принцибинин бурмаланып, бузулганы боюнча кине тагып, нааразы болгондорду А.Келдибековду спикер кылып дайындаган үчтүктөр альянсы ооздорун аппак кылганы белгилүү. Бийликти парламенттик көпчүлүктүн коалициясы колуна алууга укугу бар, бул бардык өлкөлөргө мүнөздүү көрүнүш, биз бийликти эле эмес, жоопкерчиликти моюнга алып жатабыз дешкен. Тилекке каршы, ошол айткандарынан эми айный баштаган шекили барбы деп кетесиң. Коалициялык көпчүлүктүн атынан спикер болгон А.Келдибековдун билмексенге салып альянс түзгөн өкмөткө бүткүл жоопкерчиликти арта коюп этегинин чаңын кагынып четке чыга бериши айтканбызга айгине күбө. Спикер өзүн элдин кызыкчылыгын көздөгөн азамат кылып көрсөтүүнүн далалатын жасап жатканын байкоо кыйын эместир. Көпчүлүктүн коалициясынын лоббистик жараяңкы менен ЖКнын төрагасы кылып дайындаган А.Келдибековдун өкмөткө койгон талабы олдоксондук, калыстыкка жата бербеген жорук катары кабыл алынат. Эгер парламенттик азчылыктын депуттаттары тарабынан өкмөттүн болочоктогу жоопкерчилиги эскертиле турган болсо, анда жөндүү болор эле. Аларга жарашмак. Асты, өкмөттүн жоопкерчилиги А.Келдибековдун айта турган сөзү эмес. Азыр министрлер кабинетин каптап жатканда коалицялык келишимде каралган өкмөттүн программасына А.Келдибеков өзү бадырайта кол койгонун унутуп калган түрү барбы дейсиң. Келишимге кол койгондон кийин жоопкерчиликти өкмөт менен бирге А.Келдибековдун өзү да көтөрүшү талап этилери талашсыз. "Мен көрдүмбү - жок, сен көрдүңбү - жок" деп ойт берип четке чыга бергендик, бери болгондо ашкерелик.
Үсөн Касыбеков