А дейсиң, бу дейсиң,
Жапаровго жетпейсиң
Башкы финансылык документ болгон мамлекеттик бюджетти экинчи окуусунда талкуулоо башталды. Биринчи окуусунда эле бюджеттин олуттуу кемчиликтери бар экени аныкталган болчу. Асыресе, А.Жапаров башында турган бюджет жана финансы комитети иштегенине эки айдын жүзү болгон өкмөткө бут тосуу олдоксон болоорун, ошону менен бирге алгачкы талкууда бюджет макроэкономикалык көрсөткүчтөрү боюнча кабыл алынып жатканын эске алып, финансылык документти биринчи окуусунда бекитип беришкен. Анткен менен, ошондо эле бюджеттин долбоорундагы кемчилик-мүчүлүштүктөрү, өксүктөрү ачык айтылган эле. Комитеттин төрагасы А.Жапаров бюджеттин киреше бөлүгү "жел акчалар" б.а. "буюрса тыштан келип калаар" деген грант, кредит түрүндөгү быша элек каражаттары менен толтурулганы, кымбатчылык белден, эл мукурап кыйналып турганда мамлекет чиновниктери өздөрүнө асмандаган жалыйна коюп алганын, бюджеттик чыгымдын басымдуу бөлүгүн чет өлкөгө бара турган мыкчыгерлердин командировкаларына корой турганы сыяктанган ачуу чындыкты өкмөттүн бетине ачык айткан болчу. "Ыктуу желге мурдуңду тос" демекчи, каяша кыла тургандай жүйөөсү жок өкмөт мүчөлөрү ичинен тынып унчукпай тим болушкан. Ошондон бери А.Жапаров өкмөттүн чекесине чыккан чыйканга айланды. Өкмөттүн финансы блогунун чиновниктери Жапаровдун карааны көрүнгөндө кирерге жер таба албай калышчу болду, кай бирлери түшүнөн "Жапаров" деп чочуп ойгонгон өнөкөт табышканын, айрымдары Жапаровду мокочо кылып, балдарын коркутканга чейин жеткенин айтып күлүп жүрүшөт. Башкасын айтпаганда да, бюджет парламенттик биринчи сынактан өтүп жатканда премьер-министр А.Атамбаев чыгып сүйлөп Жапаровдун ысымын бир айтып бир койбой эчен курдай эскерип, кылчактаганы бекеринен болбогондур.
Парламентте финансы иштеринин аки-чүкүсүн ажыратып, камырдан кыл суургандай кылып алаканга салып берген, бюджеттин ой-чуңкурун тереңдей алганга жарамдуу адистер жокко эсе. Көбү иштин көзүн билсе да, билбесе да сүйлөй берген дилетанттык деңгээлдеги куу чирээндер. Профессионалдары саналуу. Аларга А.Келдибеков, М.Султанов, анан Акылбек Жапаровду киргизсе болот. Булар калыстык кылышып салмактуу сөзүн айтып коомдук пикир түзүүгө жөндөмдүү адистер. Парламенттик "финансисттердин" пикири тең салмактанган бюджет кабыл алууга өбөлгө болору кадиксиз.
Башынан эле өкмөт 2011-жылдын бюджетин будамайлап элдин көзүнөн далдаа өткөрүп алуунун жолуна түшүп кеткени байкалган эле. бюджеттин долбоору жалпы элдик талкууга салынбаганы көптөгөн көөдөн өйүткөн маселелерден кабар берип турат эмеспи.
Өлкөнүн "2011-жылдагы республиканын бюджети жана 2012-2013-жылдардагы прогноздор жөнүндөгү" мыйзамдын долбоору мамлекеттин көзөмөлүндөгү массалык-маалымат каражаттарында жарыяланбаганы, жада калса финансы министрлигинин сайтына илинбегени - аткаруу бийлигинин бюджетти эптеп жапма челек болсо да өткөрүп алуу амалы менен жүрүп калганын тастыктайт. (Ырас, Интернетте үстүбүздөгү жылдагы президенттин администрациясынын бюджети жөнүндө маалымат пайда болду. Администрациянын финансылык каражаттары 829 512,1 миң сомду түзөт экен. Оңой акча эмес.)
Бейшемби күндөн, 24-февралдан баштап парламенттин комитетинде бюджеттин экинчи окуусундагы талкуусу башталды. Финансылык документ бардык параметрлери боюнча кызыл-чеке талаш-тартыш болору күмөндүк деле жаратып жибербейт. Тең салмакталган, ишке аша турган тургандай реалдуу бюджеттин кабыл алынышы үчүн ЖКнын оппозициялык азчылыгынын көзөмөлүндөгү бюджет жана финансы комитети жана анын төрагасы А.Жапаровдун принципиалдуу сөзү чоң мааниге ээ болуп турат. Элдин комитетке болгон үмүтү жогору.




  Шакшак

КТРди оккупациялап басып алуу аракети уланууда
К.Бакиевдин башын россиялык журналисттер жеди. Тагыраак айтканда, экс-президент өзүнө-өзү кылды, өз башын өзү жеди. Анын тышкы саясаттагы "көп вектордуу" куйтуңдаткан жүрүштөрү акыры келип өлкөдөн шерменде болуп куулуп чыгышына алып келбедиби. Эсиңиздерде болсо, К.Бакиев Россиянын премьери В.Путин менен Москвада жолугуп, " Манас" аэропортундагы Ганси атындагы америкалык авиабазаны айдап чыгарам деп убада берген эле. Америкалык авибазаны чыгаруу боюнча "Ак жол" партиясы басымдуу көпчүлүктү түзгөн парламент да К.Бакиев каалаган чечимин кабыл алууга үлгүргөн. К.Бакиевдин бул "эрдиги" үчүн Москва Кыргызстанга 150 миллион доллар кайтарымсыз грант, 300 миллион доллар жеңилдетилген кредит, мындан тышкары100 миллион доллардык карызын кече турган болгон эле. Арийне, К.Бакиев моюнуна алган инвестициялык милдетин аткаруудан кыйшаңдап кача баштады. Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушу үчүн бере турган 1,7 миллиард долларын бир айтып, бир койбой койду эле, келген россиялык кредит жөнүндө негедир ооз ачпай калганы байкалды. Көп өткөн жок, К.Бакиев капысынан эле Россияга берген убадасынан танып, америкалык авиабазаны ордунда калтырууну чечкенин жарыялап жиберип жатпайбы. Америкалык авиабаза транзиттик жүк ташуу борбору деп аты өзгөртүлүп, өз калыбында кала берери айкын болду. Ошентип, авиабазанын кенедей кылы да кыйшайып койгон жок. Мындан сырткары, Кыргызстандын карызына чегерип "Дастан" ишканасын Россияга өткөрүп берүү убадасы да унутулуп кетти. "Дастан" компаниясын Максим Бакиев өз ээлигине алганы белгилүү болду. К.Бакиевдин койшоктогон "геосаясатынын" артында кандай мандем жаткан эле? Канчалык К.Бакиев сыяктуу саясатчы туруксуз болбосун, эки жүздүү чечим чыгаруу үчүн анын олуттуу себеби болушу кажет. Баамыбызда, маселе К.Бакиевдин "үй-бүлөсүнүн" кылмыштуу иштери менен байланыштуу. Америкалыктарга "үй-бүлөнүн" былык-чылык иштери, криминалдашып кеткени белгилүү болгону көп деле талаш жаратып жибербес. "Манас" аэропортуна жайгашкан базаны жоюп жиберүү жөнүндө сөз козголуп, К.Бакиев Россияга убадасын бекем берип келгенден кийин америкалыктар мөртү келерин күтүп түпкүрдө катып жүргөн көзүр картасын экс-президенттин алдына жайганын боолголоп билсе болор. Вашингтон "авиабазаны чыгарам дегениң оозуңан айлансын, бүт дүйнөгө шерменде кыла тургандай документтер толтура, кысчу жериңди кысышың жөн" деген "аргументин" келтиргенден кийин К.Бакиев артка чегинүүгө аргасыз болгону байкалат. Америкалыктардын манерасына салып айтканда, К.Бакиевге "моюн толгоп коюуга жол бербеген сунуш киргизилгени" ( англисчеси: "I'll make him an offer he can't refuse") көрүнбөй койбойт.
Жарыя айтылып келбесе да, "үй-бүлөнүн" криминал чөйрөсү менен бекем чырмалышып кеткени, кылмыштуулар дүйнөсүнө көз каранды болуп калганы, деги эле криминалдык иштер менен алектене баштаганы жамы журтка белгилүү болчу. Бери болгондо, эл "үй-бүлө" деген кандай кишилерден тураарын боолголоп болсо да баамдап турган эле. Айткандай эле, бара-бара "үй-бүлөнүн чылык иштери ачыкка чыгып ырастоо таба баштады. 21-февралдагы пресс-конференцияда жамааттык коопсуздук келишими уюмунун башкы катчысы Николай Бордюжа баңги заттарын Кыргызстандын аймагынан ташып өткөрүүнүн караваны К.Бакиевге баш ийген күч структураларынын көзөмөлүндө болуп келгенин жарыя кылды. К.Бакиевдин кылмыштуу дүйнөгө күнкор болуп калганы - белгилүү криминал Рыспек Акматбаев уюштурган митингиге К.Бакиевдин президент башы менен чуркап барып жалпактап актанып жибергени далил болуп берер. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы К.Дүйшөбаевдин айтымына караганда, К.Бакиевдин тушунда кылмыш топтору коомдук ишмерлер, белгилүү саясатчылар, төтөн журналисттерге карата бийликтин "заказдарын" аткарып келгени ырас экен. Мына ушу азыр ачык айтыла баштаган компроматтардын көбү америкалык чалгындоо кызматынын колунда болгону шек жаратып жибербейт деп ойлойбуз.
К.Бакиевдин жаш баладай кылып алдап кеткенине ыза болгон, бийликтин башында турган К.Бакиев менен "үй-бүлөсүнөн" биротоло түңүлгөн Москва режимге каршы кубаттуу информациялык чабуулун баштаганы баарыбыздын эсибизде тургандыр. Россиялык РТР, ОРТ сыяктанган телеканалдар, Кыргызстандын элине кубаттуу таасири бар башка массалык каражаттары аркылуу К.Бакиевдин көмүскө былык иштери ачыкка чыгарыла баштады. Бул болсо, коомдук пикирдин кескин өзгөрүшүнө алып келип, 7- апрелдеги элдик революциянын чыгышына өбөлгө түзүп берди.
К.Бакиев жана анын одиоздуу жан жөкөрлөрү болгон бийлик төбөлдөрү качып кеткени менен алардын ордун жоктотпогон саясый күчтөр күнү бүгүнкүдөй сакталып калганы жашыруун эмес. "Ата-Журт" улутчул, реваншисттик партиясы мына ошол бакиевчилердин кыр аркасын түзүп турат десек жаңылбас элек. Учурунда партиянын лидеринин бири К.Ташиевдин оозу менен К.Бакиевди алып келип кайра такка отургузуу максаты бар экени ачык жарыяланган эле. Соцдемократтар жана "республикачылар" менен саясый альянс түзгөндөн кийин "ата-журтчулар" К.Бакиевдин бийлигинин тушунда ташы өргө кулап турган бакиевчилерди кайрадан аткаруу бийлигине алып келе баштады. Бул аракеттерин элден жаап-жашырып койгонго жарашкан жок.
Соңку кездери "Ата-Журттун" өлкөнүн информациялык мейкиндигин оккупациялап басып алуу жараянын баштаганы байкалат. "Ата-Журт" К.Бакиевдин жиберген каталарын эске алып, аларды кайталабоо үчүн аяр иш жүргүзүүдө. Партиянын программа-минимуму боюнча биринчи эң таасирдүү болгон КТРды колго алуу, ошону менен бирге россиялык электрондук прессанын Кыргызстандагы таасирин төмөндөтүү зарыл деп тапканы байкалат. Бул максаттарды ишке ашырууну "Ата-Журттун" депутаты Ж.Жолдошева башындагы билим, илим, маданият, маалымат жана диний саясаты боюнча комитети менен партиянын көзөмөлүндөгү Маданият жана маалымат министри, К.Бакиевдин экс-пресс-катчысы Н. Шакиевге тапшырылып берилди. Ж. Жолдошеванын комитети Убактылуу өкмөттүн декрети менен түзүлгөн КТРдын байкоочу кеңешин кууп таратуу жана телеканалга оболку Улуттук стаусун кайтарып берүү жараянын баштаса, Н.Шакиев ОРТтун берүү жыштыгын КТРга тартып алып берүүнү ишке ашырды. Ошону менен акырындап отуруп К.Бакиев аткара албай өкүттө кеткен миссияны "Ата-Журт" колго алганын байкоого болот. Ж.Жолдошеванын комитети парламенттен "биринчи кнопканын" байкоочу кеңешин таратууну караган мыйзамды кабыл алууну чукул аралыкта чечип берүүнү талап кылып жатканына караганда, бакиевчилер КТРды оккупациялап алуу планынан баш тартпаганы байкалат.

Үсөн Касыбеков