Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



Бүгүн УКМК тозоктун отуна айландыбы?
К.Дүйшөбаев башында турган УКМКнын ичи тозоктун отуна айланды да калды дешет. Айтор кечээ 24-февраль күнү террорист делинип камакта жаткан балдардын тууган-туушкандары менен жээк-жааттары Ак үйдүн алдында митинг уюштурушту. Алардын айтымында Кеңешбек Дүйшөбаев бейкүнөө балдарды элдин душманы, террорист катары каматып, эч негизиз, эч кандай далили жок Кожомкул атындагы Спорт ордосунун, Бишкек ШИИБнин жанындагы жардырууларга жана жаңы жылдын башындагы өлтүрүлгөн милиция кызматкерлерине шектүү делинип, бүгүнкү күнгө чейин камакта жатканын айтышты. Аларга ар кандай кыйноолор болуп, аёосуз токмоктолуп жатышканы тууралуу да кабарлары бар экен. Балдардын ичинен Айбек Коргонбековду аябай кыйнашып, кылбаган ишти мойнуна алдыргандай абалга жеткиришкендигин, ал тургай оор жаракат алып ооруканага да жатып чыккандыгын, аялы, эже-карындаштары чырылдап айтып жүрүшөт. Айтор бүгүнкү башаламан заманда, "бул күнөөлү, бул күнөөлү эмес" деп айтууга көз ачыктык кылалбайбыз. Ошентсе да, өлкөбүздө акыйкаттуулук алсыз экени жашыруун эмес. Биз бул иш тууралуу камакка алынган балдардын туугандары менен маек куруп, эмки сандарыбызда кеңири токтолмокчубуз…

Сасыкбаеванын жыты жыттанбай калды
Кылмыштуу бийликтин тушунда, кылмышкерлер менен салгылашып, Кыргызстандагы адам укуктарын коргоону колго алган, учурда Жогорку Кеңештин депутаты Асия Сасыкбаеванын негедир жыты жыттанбай калды. Айрымдар бул айымды депутат болгондон бери оозунан эки ооз кеп чыкпай калганын айтышат. Бакиев учурунда "баа" дегенде эле бакырып чыга калчу Асия айым, учурда адам укуктары тебеленип, Ак үйдүн алдына келип жатса да, келген элдин алдына чыгып коюуга кудурети жетпей жүрөт. Же "эшеги суудан өткөн соң, чү дегениң курусун" болгонбу. Болбосо адам укугунун тебеленишин Сасыкбаева эжекебиз баарынан жакшы түшүнөт. Учурда эшеги суудан өткөндөр бир гана Асия айым эмес…

Аргасыздан жылмаясың
Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев "Азаттыктын" "Интернет эрөөл" түз жыйынында окурмандардын суроолоруна жооп берип жатып, кылмыш дүйнөсүнүн лидери атыккан Камчы Көлбаевге издөө жарыяланганын билдирди. ИИМде Көлбаев кайсы жерде жүргөнү тууралуу маалымат бар экенин, бирок бул жашыруун маалымат болгондуктан ачык айтылбасын белгиледи. ИИМ качан болсо "жашыруун маалымат" дегенден башканы айтышпайт. Жашыруун маалыматтын арты акча менен бүтөөрүн элдин баары жакшы билет. Камчы Көлбаевдин кайсыл жакта жүргөнү жашыруун деле эмес. "Кылмышкерлер менен күрөшөбүз" -деп бир ай мурда жар салып, кылмышкерлерге эскертүү бергенде эле Көлбаев Эмиратка жылт койгону маалым. Ошондой эле Жаныш Бакиевдин оң колу Алманбет Анапияев да июнь коогалаңынан бери Түркияда жашырынып жүрөт.

Ач азабын ток билбейт, жок азабын бар билбейт…
Баалардын кескин өсүүсү Айыл чарба министрлигинин, Монополияга каршы агенттиктин, Мамлекеттик резервдин кандай деңгээлде иш алып барып жатканын көрсөтүп турат. Бул мекеменин башчылары баалардын өсүүсүн "дүйнөлүк тенденция" -деп элдин кулагына "кесмелерди" илип келишүүдө. Эгерде дүйнөлүк тенденция болсо, эмне себептен Кыргызстан азык-түлүктүн кымбаттоосу боюнча биринчи орунда турат? Мамлекет өз каражатына элге биринчи учурда керек болгон азык-түлүк жаатында мамлекет аралык соода жүргүзүшү зарыл. Ошондо гана мамлекет өзү, азык түлүк базарында ири монополист боло алат жана монополияга каршы агенттигинин иши да оңолушу толук мүмкүн. Анан албетте, жетекчиликке өз ишин мыкты билген профессионал кадрлар келиши керек.

Алманбеттин дарегин бир билсе, Чолпон айым билет
Учурда бийлик башындагылар "черныйлар" менен күрөшүүнү колго алып жаткан кербези. А бирок, бийликтеги "ОПГлар" качан тазаланат али белгисиз. Дегенибиз Жогорку Кеңеште депутат болуп отургандардын арасында криминал менен түздөн-түз байланышкандары толо. Атап айтсак "Республика" фракциясынан Алтынбек Сулаймановду (челюс) кимдер гана билбейт. Ошондой эле издөөдө жүргөн Алманбет Анапияевди издеп убара тартпастан, депутат Чолпон Султанбековадан сурашса эле болот. Анткени, Эл аралык "Алыш" коомдук федерациясынын вице-президенти, башкача айтканда Чолпон айымдын "чолпондой" болгон орунбасары Алманбет Анапияев болгон. Ошондой эле Чолпон айым депутат болгондо "Алыш" коомун Анапияев жетектеп калгандыгы боюнча маалыматты жакында эле Алманбет өзү бир гезитке берген маегинде билдирген. Демек, криминалдын илинчектери Жогорку Кеңеште.





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




Яндекс.Метрика