Айкын маек

Аликбек Жекшенкулов, "Акыйкат" партиясынын төрагасы,
көмүскө өкмөттүн башчысы:
"Эми биз өткөн
кемчиликтерди кайталабайбыз"
- Аликбек мырза, бүгүн көптөгөн оппозициялык партиялар, коомдук уюмдар бийликтин бир тарабын шылып түшүш үчүн өзүлөрүнүн саясатын жүргүзүп келе атышат, ал эми сиздер түзгөн көмүскө өкмөттүн негизи максаты эмне?
- Мындай көмүскө өкмөттү түзүүнүн негизги максаты коомду өзгөртүүгө багытталды. Мамлекеттин өнүгүп кетишине программаларды иштеп чыгып, жол көрсөтүү менен учурдагы оор кырдаалды жөндөп, элдин көптөгөн көйгөйлөрүн чечип берели деп чечтик.
- Учурдагы өкмөткө талаптарыңар, атайын иштеп чыккан программаңар бар да?
- Албетте бар. Эгерде андай программабыз болбосо, өкмөткө кайсыл арыбыз менен талаптарды коёбуз, туурабы?
- Көптөгөн демократиялуу өлкөлөрдө сиздер түзгөн көмүскө өкмөт иштейт. Эгерде мамлекеттик өкмөт иштей албай, элдин көйгөйүн чече албай калган кезде көмүскө өкмөт алардын ордун толуктап келишээрин практикадан көрүп жүрөбүз. Биздин өкмөт оор кырдаалды жөндөй албай, ич ара бөлүнүп-жарылуулар боло берсе сиздер алардын ордун толуктап келишиңиз мүмкүнбү, же мындай жолго тоскоолдуктар болобу?
- Биз бүгүн мамлекеттик өкмөт менен күрөшүш үчүн чыктык. Анткени булардын бүгүнкү жасаган экономикалык саясаты, кадрдык саясаты кандайдыр бир денгээлде элге жакпагандай көрүнүштө. Биз мурункудай элди көчөгө алып чыкпай, маданияттуу түрдө жана мыйзам чегинде оппозициялык күчтөрдүн башын бириктирип, өкмөт менен сүйлөшүүгө өтүүнү көздөдүк. Альтернативдик сунуштарыбызды, альтернативдик программабызды, альтернативдик кадрларыбызды сунуштап, олуттуу талаптарыбызды коебуз.
- Албетте ар бир ишти баштоодо каражат талап кылынат эмеспи. Көмүскө өкмөттүн башына сиздин барышынызга караганда, каражаттын көбүн сиз тапкан окшойсуз?
- Бул жерде кеп- акчада эмес. Бул жерде кеп-акылда. Бизге кичине кагаз, анан жакшы акыл керек. Биз байлыкка же бийликке кызыгып чыккан жокпуз. Биз коомго, өкмөткө максаттарыбызды сунуштап, четте отура бербей, мамлекеттин келечегин чогуу түптөп кетели деп чыктык. Бүгүнкү күндө көмүскө өкмөттүн адистери, альтернативдик парламенттин өкүлдөрү катуу талкуу жүргүзүп, жигердүү иштей башташты. Эми биз биринчиден маалымат булактары аркылуу өзүбүздүн максаттарыбызды, сунуш-талаптарыбызды коомчулукка жар сала баштайбыз.
- Мамлекеттик өкмөт жана парламенттеги депутаттар көмүскө өкмөттү кандай кабыл алышты?
- Алар бизди кандай кабыл алышты, ким билет. Эми биз алардын көз карашына карап коркуп, үркүп иштебейбиз да. Эгерде алар чын эле мамлекеттин үчүн жан үрөп иштешсе, биздин сунуштарыбызды аткарат. Анткени биздин иштеп чыккан саясий экономикалык, саясий кадрдык программабыз далай талкуудан өткөн, туура жолго алып баруучу программа. Бүгүн мурункудай коркутуу-үркүтүү саясаты өтпөйт. Ошондуктан келечекти ойлогон саясатчылар, бийлик өкүлдөрү сүйлөшүү жолу менен чечүүгө мезгил бышып жетти. "Ийри отуруп, түз сүйлөшөлү" деген мезгил келди. Эч кандай тоскоолдорсуз, өзүбүздүн омоктуу ойлорубузду, келечектүү пикирлерибизди ачык-айкын айтсак болот. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп биздин мамлекетте көмүскө өкмөт түзүлдү. Эми биз көптөгөн демократиялуу өлкөлөрдөгү колдонулган практикаларды өз жергебизге алып келдик. Менин оюмча, бул жакшы иш. Өкмөттү сындоо, бул - аларды жамандоо эмес, тескерисинче алардын кемчилигин көзгө сайып көрсөтүп, туура жолго багыттоо. Биз, кыргыз калкы КМШ боюнча биринчи жолу бир эмес эки ирээт революция жасап, бир эмес эки президентти кубаладык. Андан кийин КМШ боюнча биринчилерден болуп парламенттик башкарууга келдик. Эми мыйзам түрүндө көмүскө өкмөт түзүлдү. Көптөгөн демократиялуу бай өлкөлөр бул жолдорду басып өткөн. Биз көргөн жаман окуяларды алар да көргөн. Кудай буюрса, биз оңолобуз. Анткени башыбыздан эмне деген кыйынчылыктарды өткөрдүк, туурабы? Ошол көптөгөн демократиялуу бай өлкөлөрдө көмүскө өкмөт өзүлөрүнүн туура багыттарын, сунуштарын айтып келишкен. Алар биргелешип иштеп, өлкөнүн келечегине жол чабышкан. Биз дагы өзүбүздүн азыркы кыйын кырдаалдан чыгып кетүүчү программабыз менен өкмөткө сунуш, пикирибизди айтып, кемчиликтерин оңдап турууга бел байладык.
- Көмүскө өкмөттүн негизги багыты мамлекеттик өкмөткө оппозиционер экени белгилүү. Парламенттик башкаруудан көмүскө өкмөткө кысымдар башталса, К.Бакиев убагындагы сатып кеткен оппозициянерлердей силерди да сатып кете турчулар четен табылаары белгилүү. Себеби, араңардагылардын көпчүлүгү мындай оор кадамдарга даяр эместей?
- Азырынча андай сатып кетүүчү чыккынчылар жок. Бирок эч ким кепилдик бере албайт. К.Бакиевдин убагында бизди бөлүп-жарып, айрымдарын акчага сатып алып кайра өзүбүзгө каршы иштетип койгон учурлар болгон. Анда оппозиционерлер үчүн өтө оор абал эле. Ал тургай журналисттерге, коомдук бейөкмөттөргө кысым күчүндө болчу. Азыр эми журналисттер да, коомдук уюмдар да өзүлөрүнүн оюн коомчулукка каалагандай айтып чыгышууда. Азыркы абал кыйла жеңилирээк. Ошентсе да эртең кандай болуп кетет эч ким айталбайт да. Дал ошол Бакиевдин убагындай кыйын абал түзүлө баштаса, арабыздагы чыккынчылар өзүлөрү эле көрүнүп калат. Бирок, ал кездеги окуялар баарыбызды бышырып, жетилтти. Тарых сабак калтырып, саясатчыларга да, коомго да кандайдыр бир түшүнүк жаратты. Өзүнүн, мамлекеттин келечегин ойлогон саясатчы эч убакта позициясынан, бараткан багытынан баш тартпайт. Ал эч качан талапташтарын жана санаалаштарын сатпайт. Биз айтылуучу сунуштарыбызды ортого коюп талкуулап, баарыбыз чогуу көтөрүп чыгабыз. Эгерде кимдир бирөө арабыздан өз алдынча иш кылып, биздин атыбыз менен сүйлөсө ал чыккынчылык кылганга барабар.
- Сиздердин койгон талаптарыңарды, сунуш-пикирлериңерди өкмөт кабыл албай, четке кагып турса кандай кадамдарга барасыңар?
- Биз мыйзамга такап иш кылабыз. Эч кандай ызы-чуусу жок, тынчтык жолу менен чечебиз. Мыйзамдын чегинен чыкпай, өз сунуштарыбыздын телегейин тегиз кылып, жети ойлонуп бир кесип, анан өкмөткө сунуштайбыз. Өзүбүздөн мыйзам түрүндө эч кандай терс көрүнүш болбошу керек. Эгерде, сен айткандай биздин берген сунуштарыбызды, талаптарыбызды четке кагып, бизге кысымдар башталса, анын да жообу болот. Башыбыздан мындайларды далай өткөрбөдүкпү. Өкмөттөн кысымдар башталган кезде кандай кадамдарга бараарыбызды өткөн жылдар жакшы сабак берип кетти. Эми биз андагы кемчиликтерибизди кайталабайбыз.
- Көмүскө өкмөттүн курамында мурунку ичип-жегич кадрлар, элдин каргышына калган Бакиевдин куйруктары жок болсо керек?
- Көмүскө өкмөттүн курамына чыныгы кесипкөй, тажрыйбалуу адамдар кабыл алынууда. Мындай кадамдарга барууда, талапташтар дасыккан, эл үчүн күйгөн чыныгы инсандар болбосо, иш оңунан чыкпайт. Элдин каргышына калган адамдарды кошуп алуу өлүмгө -тете. Алар көнгөн адатынан кайтпайт. Биздин катар күчтүү болбосо, анда мындай ишти баштоонун зарылчылыгы жок. Мындайда "Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун" деп койчу беле. Эгерде биз иштин көзүн билбесек, бирөөнө акыл үйрөтүп не кылабыз. Өзүнүн башындагы төөнү көрбөй туруп, бирөөнүн башындагы чөптү көргөндөй болуудан алыспыз.
Элдияр ЭЛЧИБЕК