Айкын маек

Экс-депутат Искак МАСАЛИЕВ:
"Бул окуя мага кимдин-ким экенин даана көрсөттү"
- Искак Апсаматович, акыбалыңыз кандай?
- Рахмат, карындашым. Жакшы жүрөбүз. Тогуз айдан бери сотко сүйрөлүп жатабыз. Же бул иш аягына чыксачы. Ак жеримден каралагандарына ичимден күйүп, өрттөнүп, азыр кадимкидей муздап калдым.
- Качан аягына чыкчудай?
- 21-февралда соттун кезектеги отуруму болду. Сот тараптарды укту. Айыптоо тарап мени 14 жылга эркимден ажыратууну сурады. Бирок сот чечими чыга элек. Ал эми кылмыш иши боюнча айтсам, Үсөн Сыдыков 13-май күнү саат: 12:56да мага телефон чалып, болгону 36 секунд сүйлөшүптүрмүн. Анан ошол 36 секунд үчүн тогуз айдан бери эзилип жүрөм.
- Окуя кандайча болгонун көп жазышты. Бирок, биз өз оозуңуздан уксак дедик эле?
- Силерге түшүнүктүү болуш үчүн башынан баштайын. 7-апрелдеги төңкөрүштөн кийин Президентибиз баш болуп, спикерибиз төш болуп өлкөнүн башкаруусун көзөмөлдөп тургандар качып кетишти. Бийликке Убактылуу Өкмөт келди. Мен Жогорку Кеңештин 4-чакырылышынын депутаттарын чогулттум. 19-апрелде 30 депутат катышкан жыйын болду. Колубузда дагы 19 депутаттын ишеним каттары бар болчу. Ошону менен кворум болду деп эсептедик. Ошол кездеги мыйзамдуу спикер болуп саналган Зайнидин Курманов менен телефон аркылуу сүйлөштүк. Ал "мен иштебейм кеттим" -деп айтты. Ал сүйлөшүүнү 9-10 депутат угуп турду. Ал мезгилде биздин өлкөнү укуктук-талаага алып келүү деген бир гана максатыбыз бар эле. Өз сунуштарыбызды Убактылуу Өкмөткө жаздык. Убактылуу Өкмөттүн бир тарабы бизди тымызын колдоп турушту, экинчи тарабы Өмүрбек Чиркешович менен Азимбек Анаркулович "Ак жолдон бата албайбыз" -деп чыгышты. Бирок, алар каалайбы же каалабайбы ошол мезгилде өлкөдө жалгыз легитимдүү бийлик бутагы бар эле. Бул Жогорку Кеңеш болчу. Депутаттар мени спикер кылып шайлашты да, маселелерди карап, ошол жагдайга байланыштуу 20-майга чейин танапис жарыяладык. Балким, менин бул аракетим Убактылуу Өкмөткө жакпаса керек. Анан өлкөдө ар кайсы жерлерде массалык ызы-чуулар биринин аркасынан бири болуп жатты. 13-майда Үсөн Сыдыков мага телефон чалды.
- "Уктуңбу"?
Мен Оштогу тополоң жөнүндө сөз болуп жатканын дароо түшүндүм да, "уктум" деп жооп бердим. 13-майдан 14-майга караган түнү экөөбүздүн сүйлөшүүбүздү теледен бере баштаптыр. Мен уктап жатсам келинчегим "Искак, сени телевизордон көрсөтүп жатат" -деп ойготту. Көрүп алып таңгалдым. Анан эртеси 14-майда "24kg" маалымат агентине журналисттерге пресс-конференция өткөрдүм. Ошол эле күнү КТР мени ачык эфирге чакырышты. Анан ошол жактан автоматчан спецназдар мени кармап кетишти. Ошол боюнча 233-берене - массалык тополоңду уюштуруу, 295-берене - бийликти күч менен басып алуу, - деген беренелер боюнча кылмыш ишин козгоп камап коюшту. 14 сутка камакта жаттым. Кийин үй камагына бошотушту.
- Демек, УКК сиздин телефонду тыңшаган экен да?
- Жок меникин эмес, Үсөн Сыдыковдукун жашыруун тыңшашкан. Бирок, УКК тыңшады деп бир жактуу айтууга болбойт. Башка күчтөр дагы бар.
- Башка кайсы күчтөр болушу мүмкүн?
- Мен муну так айта албайм. Чет мамлекеттик кандайдыр бир техникалык мүмкүнчүлүгү бар күчтөр болушу мүмкүн. Эгерде биздикилер жазса, анда бир тараптуу гана болуп калмак.
- Тергөө иштери сиздин күнөөсүз экениңизди далилдедиби?
- Төрт ай тергөө иштери болду. Бирок, менин күнөөлөрүм далилденген жок. Сот отурумда жыйырмадай күбөнү сурашты. Бир дагы илинчек таба алышпады. Камактан чыккандан кийин мен Президентибиз Роза Отунбаевага кирдим. Ал мени 35 жылдан бери жакшы тааныйт. Мени окуткан. 2005-жылкы төңкөрүштө менин Оштогу үйүмдө 10 күн жашаган. Ал мага "Искак, Кеңешбек Дүйшөбаев сени Үсөн Сыдыковдон акча алган экен" -деп айтып айтпайбы" дейт. "Каяктагы акча" дедим.
"Тергөө жүрүп жатпайбы, бир аз чыдап тур. Ишиң бүтөт" -деп айткан. Хандын сөзү бир болот дегени бар. Эми көрөбүз го…
- Эмнеге сиздин тегерегиңизде жүргөн дупутаттар сизди колдоп чыгышпады?
- Ар кимиси өз башынан коркушту көрүнөт. Мен таарынбайм, ошол кезде кырдаал ошондой болду. Элестетиңиз катардагы УККнын кызматкери Жогорку Кеңештин депутатынын күбөлүгүн алып атканын. Бул деген кандай күлкүлүү жана аянычтуу көрүнүш.
- А Коммунисттер партиясычы?
- Өмүрүмдөгү ушул окуя мага кимдин-ким экенин даана көрсөттү. Искак деп артымдан ээрчип, менин ким экенимди жакшы билишкен кээ бир партиялаштарым дагы жүзүн буруп кетишти. Акыры партиянын төрагалыгын өткөрүп бердим. Ошентсе да көпчүлүк партиялаштарым бүгүнкү күнгө чейин мени менен бирге.
- Соттун мынча созулганы сизди парламенттик шайлоого катыштырбоо саясаты болгон деп айтышууда?
- Башка кандай түшүнсөк болот? Партиянын тизмесинен чыктым, ушул окуянын айынан шайлоого катышкан жокмун. Эми алдыда президенттик шайлоо… Мен өзүм президенттикке койбосом дагы, башка бирөөлөр менен биригип, жыйынтыктуу иштешим мүмкүн да.
- Сот адилет чечим чыгарат деп ойлойсузбу?
- Адилет чечим чыгараарына үмүтүм бар. Бирок аларга өз алдынча калыс чечим чыгарууга кысым болушу мүмкүн. Мыйзам боюнча бул акыркы сот болушу керек. Эми жергиликтүү соттордун ишмердүүлүгү түздөн-түз Президенттин аппаратына карайт. Дегеле мындай иштерде сот өзү жалгыз чечим кабыл алгандан коркот. Оң жээк, сол жээк, Ак үй, көк үй дегендердин оозун карап, анан ошого жараша иш кылышат.
- 233-берене жана 295-берене боюнча 8 жылдан 20 жылга чейин эркиндигинен ажыратат экен. Сиз ушуга макулсузбу?
- Чынында мага баары-бир болуп калды. Камашса-камашсын. Мен дагы жөн эле жатпайм да, өз чараларымды көрөм. Партиялар, жакшы санаалаштар мени моралдык жактан колдоп атышат. "Ак ийилет, бирок сынбайт". Эзелтен элибиз ак жеринен саясий куугунтук жегендерди колдоп келген. Бул - турган көрүнүш. Өмүрбек Текебаев бир жолу мага "Искак, биз сага миллиондогон акчага сатып алалгыс рейтинг жасап берип атабыз" -деп тамашалаган.
- Президентке кат менен кайрылып көрдүңүзбү?
- Он жолу кат жолдодум. Бирок бирөөнө дагы жооп келген жок. Менден сырткары Кыргызстан Коммунисттер партиясы канча жолу кайрылуу катын жазышты. Мендей эле алар да жообун ала алышпады.
- Азыр Апсамат Масалиевдин көзү тирүү болсо, бул иш башкача болмок да?
- Ал киши биринчиден 2005-жылдан бери өлкөдө болуп өткөн окуяларга абдан кейип, капа болмок. Атам мага эле эмес, кыргыз коомчулугуна жетишпей тургансыйт.
- Сот иштериңиз тезирээк аякташына тилектешпиз. Сөз соңунда не дээр элеңиз?
- "Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт" деген жакшы кеп бар. Менин азыр жөө жүргөн кезим. Жөө жүрсөм дагы, төө мингендерге караганда элдин тынчтыгын, өлкөнүн келечегин көбүрөөк ойлойм. Жалпы элдин башына күн түшпөсүн, эл аман болсун. Биз эл ичинде жүрө берели.
Маектешкен
Назгүл МАМЫТОВА