кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0308_1.htm on line 79

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0308_1.htm on line 79

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0308_1.htm on line 79
Башы кара, буту айры депутаттар
Парламенттин календардык планындагы 2011-жылдын мамлекеттик бюджетин кабыл алгандан кийинки дагы бир орчундуу маселе түштүктөгү каргашалуу окуяларды иликтеген парламенттик комиссиянын чыгарган жыйынтыгы боюнча ЖКтеги угуулар болчу. Массалык маалымат каражаттарында комиссиянын отчету март айынын этегине, 20- числонун тегерегине дайындалганы байма-бай айтылып келеткан эле. Анан эле жылаан чагып, жылкы теппей, парламенттин март айындагы регламентине кескин өзгөрүүлөр киргизилип жибербеспи. Жогорку Кеңештин депутаттары 14-марттан 22-мартка чейин аймактарды кыдырышмак болгондугу жөнүндө маалымат пайда болду. Ишти баштаганына араң эле 3 айдын жүзү болгонуна карабай, өлкөнүн мыйзамынын тоосун томкоруп, оюн омкоруп жибергендей болуп катуу ташыркап чарчашкан парламент демейдегиден тыш жаз маалында тайм-аут алууну чечишкени таң калтырбай койбостур. Өлкөнүн мыйзамдарын жаңы Конституцияга кыйыштырып, ылайыкташтыруу ишинин, демократиялык мыйзамдардын жаңы муунун түзүп чыгуунун чети оюлбай жаткан тапта шашылыш каникул жарыялап жибергендери, албетте, бекер жеринен болгон жок. Кантсе да мандеми бар шектүү кадам, шектүү чечим. Бир жагынан саясый оюндарга баш-оту менен кирип кетишкен фракциялык депутаттардын чындап эле нервдери жукарып, чарчашканбы деп элдик депутаттарга боор ооруп, аяп да кетпей койбойсуң. Депутат акыры темир эмес да, катардагы эле башы кара, буту айры адамдар, алар чарчабайт дейсиңби, чарчайт, анан эмне? Асыресе, жоо кубалап келаткансып 18 күндүк шашылыш тыным жарыялашынын чоо-жайы эмнеде, кандай тереңге катылган себептери бар деген суроо туулбай койбойт.
Ошентип, парламенттик тыным жарыялоо менен түштүктөгү каргашалуу окуяларды иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын тыянагы боюнча парламенттик талкуулар белгисиз мөөнөткө, кийинкиге жылдырылганы анык болуп калды. Ойлобогон жерден "плансыз" танапис талап кылынып жатканына караганда комиссиянын чыгарган баштапкы тыянагына өлкөдөгү, анын ичинде парламенттеги таасирдүү саясый оюнчулардын ичи толбогон, ыраазы болбогон түрү бар болсо керек деген ойго кетпей койбойсуң. Толгоосу бышып даяр болду делинген отчётко күтүүсүз кырдаалдын пайда болушунан улам жаңы түзөтүүлөрдү, оңдоолорду киргизүүнүн муктаждыгы келип чыкканын боолголоп билсе болор. Парламенттик комиссиянын жетекчиси Токон Мамытовдун Киммо Килюнен баштаган эл аралык иликтөө тобу отчётун депутаттардын колуна бербей жатканын айтып наалыганынын өзүндө эле шектүү жагдайлар бар болчу. Т.Мамытовдун билдирүүсү эки комиссиянын ортосунда ишенбөөчүлүк атмосферанын түзүлгөнүнөн кабар берип турган эле. Канткен күндө да парламенттик топ белгилүү коомдук ишмер А.Эркебаев баштаган мамлекеттин статусундагы Улуттук же Киммо Килюнен жетектеген эл аралык комиссиялардан айырмаланып көз карандысыздыгы ченемдүү экенин моюнга алууга аргасыз болосуң. Парламенттик комиссия Жогорку Кеңештеги өзгөчө саясый күчтөрдүн амбициялары жана шыкактоолору менен түзүлүп, ошолорго баш ийери жашыруун эместир.
Үсөн Касыбеков

PS: 14-мартка дейре далай убакыт бар. Депутаттар ага чейин эрмектеп күн өткөрүп турушу үчүн "Сейсмикалык коопсуздук жөнүндө", "Өзгөчө коргоого алынган жаратылыш аймактары жөнүндө" сыяктанган мыйзам долбоорлорун кароо парламенттин күн тартибине киргизилди.




Бакыт Сыдыков бошонду, кезек - атасы Үсөн Сыдыковдо
"Кыргызстандагы соттор эч качан калыс боло албайт" десе ишенбейсиңер. Биздин соттор ичип-жеш жагынан Турсунбек Чыңгышев айтмакчы, "келесоо менен акмактар" эмес. Бишкектин Ленин райондук соту "Манас" аэропортунун президенти, Үсөн акенин баласы Бакытты "Аалам сервис" май куюучу ЖЧКны Максимдин шериктерине сатып жибергени үчүн суудан кургак чыгарып жиберди да, мүлк министрлигинин 3 кызматкерин ормон опуза ыкмасы менен кайрымакка илип, С.Бакировду 8, А.Муканбетов, Н.Сариевди 3 жылга кести. Аэропорттун директорлор Кеңешинин мүчөсү Евгений Гуревичтин артынан куйругун түйгөн Бакытка издөө жарыяланып, ал бир нече ай Батыштын борщун ичип, анан Азикенин "көз ымдоосу" мененби же атасынын акылы мененби, Кыргызстанга өзү келип "бирөөнүн астына чөгөлөгөн". Көрсө, бул кадамдын артында "соттон акталып чыгасың, келе бер" деген ишенимдүү убада бар тура.
Эми 10-мартта атасы Сыдыковдун соту болот. Кыл муруту жаңыдан кылайган баласы Бакыт "Аалам-сервисти" 287 миллион сомго Гуревичтин колуна кармата салганы үчүн сотто ойноп отуруп кутулуп кетти. Алдыда эки инстанцияга бул чечимге макул болбоо арыздануулары бар. Ал инстанциядагы соттор деле мурунку көч кайда барса, кийинки көч да ошол жакка барат принцибин тутунат да.
Соттон, жоопкерчиликтен кутулуп кетиш жагынан калтардын куйругундай бултактаган атасы Үсөн аксакалда тажрыйба мол. 1990-жылдагы коогалаңдуу Ош окуясы боюнча "богуна" эч ким куурай сая албай койду го. Эми 2010-жылдагы Түштүк коогалаңында Исхак Масалиевге "бирин-экин мылтык бар болсо даярдап койгула" деп 36 секунд телефон менен сүйлөшүү аксакалга кеп болуп калыптырбы. Мындан деле бошонуп кетет, карап тургула. Бошонбосо соттордун үстүнөн камчы үйрүп коркутуп алган, судьялар Кеңешинин төрагалык ордуна өз адамын сүйрөп жаткан Бекназаров менен да 36 секунд телефон аркылуу сүйлөшө коёр да. Же "Ата-Журттун" башчысы Ташиевге дайындап, кылмыш ишти анын ишенимдүү адамы отурган Ленин райондук сотуна өткөртүп жиберүү кеп бекен? Үсөн акенин кадрлары бийликти кайрадан ала баштаганын сезе элексиңерби. Айран ичкендерди кутултуп, челек жалагандарды тутултуп коюш Кыргызстандын соттору үчүн кайрадан көнүмүш процесске айланып баштады.










ПОИСК ГАЗЕТЫ