Кыргыз искусствосунун кайраткерлери

Офелия Еркимбаева, режиссёр:
"Интеллектуалдык
деңгээл капаста калгансыйт…"
Профессионал режиссёр, абдан интеллектуалдуу бул адам менен алгач 2005-жылы кезигишип, баарлашкан элем. Өз кезегинде Офелия Шергазиевнанын бийик ой-туюмдарына, терең түшүнүктөрүнө таасирленгеним бар. Буйрукту караңыз, кайталангыс иштөө стили менен айырмаланган кесипкөй, таланттуу режиссёр менен кайрадан ой бөлүшүп олтурабыз.
Искусствонун кереметин арзыбаган нерселерге алмаштырбай, ага өзгөчө бир даанышмандык менен аяр мамиле жасаган Офелия Еркимбаеванын ар бир эмгеги баалуу жана суктанаарлык…

Система
- Өлкөдө руханий асылдыктар аздектелип, искусство көтөрүлбөсө, анда мамлекеттин улут катары аты өчүп, жоголуу коркунучуна кабылышы толук мүмкүн. Бул маселеге карата мамлекет фундаменталдуу түрдө көңүл бурушу шарт.
Айталы, театрда сөзсүз түрдө репертуардык саясат болушу кажет. Дегеле, театр эмне максат менен жашап жатат? Анын стили, формасы жана багыты кандай болууга тийиш? Аталгандарга таянып, иштөө керек. Жөн эле эч нерсе болбойт. Баардыгы максаттуу түрдө системалуу иш алып барганда гана жыйынтык көрүнөт.
Туура, дүйнөдө баардыгы өзгөрүлүп, анын негизинде өнүгүп турат. Бирок, баалуулуктарды мезгилге "жем" кылбай, сактап калуу зарылдыгы да бар. "Кудай буюрса, кете беребиз!" деп эч нерсени карабай, түптүз бойдон токтолбой кете берген да жарабайт.

Режиссура
- Ырас, бизде профессионал режиссёрлордун жетишсиздигинен улам артисттер өзүлөрү спектакль койгон учурлар кездешет. Андай болбош керек эле. Режиссура деген таптакыр башка адистик эмеспи. Мындай жагдайда, профессионал аракет менен даярдалган эмгектерди көрүү мүмкүн эмес. Кемчилигин айтып, сындап койсоң, сенден жаман киши жок болуп чыга келет. Дал ушул абалды көрүп: "Институтту бүтүрүп келген артисттерден дараметине жараша тандап алып, окутуп, режиссёрлорду даярдап берейин" деп айткам. Бирок, ага кайдыгер карап, анчейин деле маани беришкен жок. Билсеңиз, институтта театроведениеден, режиссурадан филологдор сабак беришет. Таң каласың. Алар жазылгандарды окуп койсо эле, андан студенттер укмуштай түшүнүк алып жаткандай сезишсе керек. Бизде "Бөдөнөнү сойсо да, касапчы сойсун" механизми алсыз болуп турат. Мына, мен да журналистика адистигине кызыгам. Ал боюнча баарын эле билип, түшүнүп тургансыйм. Антсе да, журналист боло албайм. Себеп, мен бул тармак боюнча адис эмесмин. Демек, калыптанып калган система түп тамырынан бери өзгөртүлмөйүн эч кандай натыйжа да болбойт. "Аба-суудай керек учурда бир театралдык Жогорку окуу жайын ачып койсок" деп жөн жеринен маселе койгон эмес элем.
Мүмкүнчүлүктөргө талдоо жүргүзбөстөн түз эле Американы сүйлөп калабыз. Чогулуштар боло калганда: "Ой, айланаңарды карап, кичине ылдый түшкүлөчү! Эмне кыласыңар Американы?! Башкасын коюп, мына бул Тажикстанга эле теңелип алалычы…" деп калам. Биздеги алсыздыктар ушул, режиссура, репертуардык саясат, күчтүү мектептин (Школа) жоктугу. Буларсыз бийик деңгээлдеги театрды элестетүү кыйын.

"Баш катырма"
- Кезинде, Совет мезгилинде артисттер башкы кейипкерлердин образын түзбөсө, классиканы ойноп чыкпаса, анда эч кандай наамга да ээ болчу эмес. Эгерде канчалык талап күчтүү болсо, иштин сапаты, деңгээли да суктанаарлык болот го. Кейиштүүсү, азыр сыйлык-наамдарды жөн эле алып жатышат. Алган адам ага татыктуубу, караган киши жок. Маселен, азыркы вице-премьер-министр Ибрагим Жунусов КРнын Эл артисти экен. Таң калам. Ал кайсыл эмгеги үчүн мындай бийик наамды алган? Ал эмне симфония жаздыбы? Жок! "Балам, балам, жан балам" деген ырды аткарып чыккан экен. Эмне, ушундай арзыбаган бирдемелер үчүн наамдын кадыр-баркын түшүрө беребизби?! Мен дал ушундай "баш катырмаларга" түшүнбөйм.

Капастагы маданият
- Терең түшүнүк, бийик ой-туюм менен жүрсөк гана. Жакшы билесиз, депутаттарыбыз, дегеле, биздин чиновниктер күпүлдөшүп, кептин маңызына карабастан абдан көп сүйлөшөт. Аларды көрүп туруп, уялууга туура келет. Интеллектуалдык деңгээл каралбай, жөн эле зынданда жаткансыйт. "Базарда жүргөндүн баары эле депутат болуп алганбы?" деген аргасыз ойго келем. Акчанын күчү менен креслого олтуруп алып, оозго келгенди аңдабай айта беришет. Ушундан улам: "Буларга, маданияттын баа жеткис үлгүсүнүн эмне кереги бар эле?!" дешке туура келет.

Тырмакчадагы достор…
- Кай бирде эмгек адилет бааланбаса, билинбей нааразычылыктар пайда болот тура. Бир сапар театрдын 55 жылдык юбилейи көмүскө уюштурулуп калды. Репертуарды карасам, жалаң менин спектаклим жүрүп турат. Эми адам болгон соң, жакшы тилектерге үмүт артып, ага умтулат эмессиңби. Баамдасам, эч кандай тиешеси жоктордун баары эле сыйлык-наамдарды алып жатат. А мага эч нерсе жок. Ачыгы, ыза болдум. Маданият министрлигине келдим да: " Мени башка жактан да кабыл алышат. Орус драма театрында орун бар экен. Мени ошол жакка которуңуздар. Азыр дароо эле буйрук бериңиздер!" деп туруп алдым. Которушту. Мен кеткен соң, кесиптештер: "Офелия таарынып калса керек…" дешиптир. А негизи, наам боюнча менин атымды көп эле жолу көрсөтүшкөнүн билдим. Бирок, тырмакчадагы досторум көп болуп, өткөрбөй коюшса керек… Андайларды да түшүнүүгө болот.

Таза дил, татыктуу жашоо
- Ролду бөлүштүрүүдө режиссёр тарабынан "антипатия, симпатия" түшүнүктөрү болбошу керек. Искусство - тазалыкты, калыстыкты талап кылат. Өң тааныштык менен ролду туура эмес ыйгарып, таптакыр коошпогон метод менен иштөө - акылга сыйгыс көрүнүш.
Билсеңиз, ал эмес, үйүмө чейин келип, роль сурагандар болду. "Жок! Андай болбойт!" дечүмүн. Айлам кеткенде, жыйналыштарда: "Ай, мага келбегилечи! Мен да эч кимиңерге барбайм!" деп ачык эле айта турганмын. Мейманга чакырган жерлерге барууну каалоочу да эмесмин. Бир курдай Бообек Ибраев мени Даркүл Күйүкова үйүнө чакырып жаткандыгын айтып калды. "Күйүкова жек-жааттарынын кыздарынын бирин театралдык студияга өткөрүүнү максат кылып жаткандыгын билем. Эгер кызын сөз кылбаса, анда чакыруусун кабыл алам. Болбосо, бир үзүм эт үчүн барып алып, аны тамагымдан өткөрө албай олтурамынбы…" деп койгом. Эжени сыйлап, үйүнө барып калдым. Өзү жүгүрүп, кызмат кылып жүрдү. Бообек түшүндүрүп, айтып койсо керек. Даркүл эже кызы туурасында бир да жолу кеп козгогон жок.
Дагы бир ирет Борбордук Комитеттен ортого киши салышып, театралдык студияга бир баланы кабыл алып коюумду суранышты. "Тааныштык менен кабыл ала албайм! Андай болсо, өзүңөр окуткула!" дедим. Мен өз ишимди таза алып баргым келчү. Окуучуларыма да дайым: "Мага силердин белегиңердин кереги жок. Эгерде жакшы окусаңар, ошол мен үчүн белектен да кымбат болот" деп айтчумун. Бактыга жараша, шакирттерим да менин ишенимимди актады. Алар өзүлөрүнүн талбаган эмгеги, бийик изденүүлөрү менен татыктуу даражага жетишкенине кубанам.

Эскерүүгө толгон күндөр…
- Театрга жаңы келген жылдарым эле. Баам салсам, бирөөнү жок кылыш үчүн же тескерисинче, кимдир бирөөнү көкөлөтө өстүрүү үчүн атайын уюшулуп алышып, Борбордук Комитетке жүгүрүп калышат экен.
Адаттагыдай эле бир күнү театрга келе жатсам, жолдон бир бала: "Эже, бир нерсеңизди жерге түшүрүп алдыңыз" деп калды. Эки жагымды карадым. Жок. Мен эч нерсе түшүргөн эмесмин. Көрсө, ал күн 1-апрель экендиги оюма да келбептир. Ал бала мени алдап, тамашалап жаткан тура. Ошондо дароо көңүлүмө бир ой келе калды. Театрга шашыла жүгүрүп келдим да: "Мен Маданият министрлигинен келе жатам. Дөө-шаа артисттердин баарын Борбордук Комитетке саат туптуура 11.00го чакыртып жатат" дедим. Так жүргөнүмдү жакшы билишчү. Андыктан, калпымды эч ким таңазар да алган жок. Баардыгы жасанып алып, Борбордук Комитетке барышат. Саат 12.00 болот. Биздикилерди кабыл албай, күттүрө беришет. Акырында Сыдыкбек Жаманов аксакал: "Ай, бизди чакыртып алып, эмнеге кабыл албай жатат? Мен тиги Усубалынын баласынын жардамчысына айтайынчы" деп барып алып, күпүлдөйт. "Азыр аксакалга кирип, билдирейин" деп жардамчысы Т. Усубалиевдин иш бөлмөсүнө баш багып, кайра тез эле чыгат да: "Кечирип коюңуздар. Аксакал сиздерди чакыртпаптыр. Айткандай, бүгүн 1-апрель эмеспи. Сиздерди кимдир бирөөлөр тамашалап койсо керек" дейт жылмайган тейде. Дөө-шаалар томсоруп, дароо театрдагы труппанын инспекторуна келип, калпты ким айткандыгын такташат. Анын автору билинген соң, Сыдыкбек Жаманов жаныма басып келип: "Акебай, бул эмне кылганың?" дейт. Мен да тайманбайм. "Эми силер бирөөнү бар кылып же таптакыр жок кылып коюу үчүн ал жерге барып жүрүп, көнүп калгансыңар да. "Бүгүн да барып, бир-эки саат олтуруп келсеңер, кылыңар кыйшайбастыр" деп ойлогом" десем, жарыктык нааразы боло күңгүрөнүп, басып кетти. Жакшы жери, ошондон кийин алар Борбордук Комитетке баргандарын токтотушкан эле…

Нурзада ОСМОНОВА