Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0308_3.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0308_3.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0308_3.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0308_3.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0308_3.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0308_3.htm on line 2
Атамбаев "акжолчулар" менен бирге
Азыркы Өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев ала-сала революциянын кийинки күндөрүндө катуу эле бакиевчилерди "муунтам" деп чыккан. Бир даары бакиевчилердин үрөйү учуп, асты Америкага кирип, ал жакка чамасы чарктары болсо кокту-колотко кирип, кээ бири жүдөгөн тооктой болуп калышкан. Алды актанып гезиттерге Бакиевди сөгүп, "Бакиев жеткен акмак, жеп ичкич" дегенге дейре барды. Кийин УӨнүн башында тургандардын айрымдарына куда түшүп Азикең баштаган түштүк кулундары бакиевчилердин багын ачып берип өздөрү өлө пулдан басты бейм. Атамбаев ошол таскагынан жанбаганда азыр өлкө ушул күндөгүдөй башаламандыкта болмок эмес. Таласка барып "баланча менен түкүнчөнү жылдырбай кармагыла, ал анык бакиевчи" деген, алар деле азыр сайрандап, керек болсо Атамбаевдин өзүнө аң казып жүргөнүн билебиз. Азикенин кулагына шыбыраганы боюнча да бир топ Бакиевге "ляппай" деп иштегендердин кендерин кезе албай калды. Аны жакында Алмаз мырза башына токмок болуп тиерин өзү билбей калаар бекен? Ошондо "муну ким айтты эле" деп сурабагыла. Жакында мурунку "акжолчу" Динара Молдошева өкмөт башы Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Монополияны жөнгө салуу боюнча өкмөт алдындагы агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды. Ал жерде "Алиби" гезитинин экс- башкы редактору болуп иштеген Бабырбек Жээнбеков отургандыгы маалым. "Акжолчуларды" айда сабалап жазган Бабыр мырза менен Динара айымдын жылдызы келишээр бекен. Динара айым, "Баткенде туулганым менен түпкү тегим Талас" деп жүрөт дешет, анда эки таластык элди эзип жаткан бааларды жөнгө салбай эле "по таласский" ээрчишип иштеп жүрө берээр бекен? Жок, Бабыр мырзанын ага намысы чыдабайт болуш керек. Эл деген бар да, эртең элге эмне деп жооп берет? "Аталыгым Атамбаев айтып жатса анан эмне кылат элем" дээр бекен? Ким билет!




"Независимая" гезити нервибизди бузду
Россиянын "Независимая газета" деген гезити бар. "Балтыр бит башка чыгат" демекчи, жөн койсо кыргыздарды улутчул катары көрсөтүп, "Кыргызстан эгемендик ала электе көп улуттар жашап, жакшынакай эле күн кечирип келишкен. Эгемендикти алгандан бери Кыргызстандан баары чыгып кетип жатышат" деген өңдүү нааразычылыктары менен жылаандын башын кылтыйтып жазгандарын токтотушпады. Деги океңдер оюна келгенин жазай берчү болду. Түштүк коогалаңы чыгып, өзөгүбүзгө өрт күйүп турганда, орус тилдүү гезиттер такталбаган маалыматтарды гезит беттерине кое берип, кыргыздарды бир топ эле макулук көрсөтүштү. Бул океңдер биздин мамлекетте жашап, кыргыздын суусун ичип, тузун татканы менен дилинде өлкө үчүн күйбөөрүн жакшы билебиз. Биздеги өзбек туугандар Россияны каптап кеткенде таптакыр башкача болмок. Буга орус бийлигинин чечендерге кылган мамилеси күбө. "Балтыр биттер" башыбызга чыккан сайын биздин бийлик аларга жагалданганын койбоду. Башкасы бүтүп, Путинди чокубузга чыгардык. Бакиевдин учурундагы оппозициянын айткандары менен жасагандары айкалышпай, бир топ өкүнүчтү жаратты. Биз тараптан ушундай сөздү жазсаң эле биздин бийлик, "журналисттер чаласабат, улут аралык жаңжалдын тутанышына себепкер болууда" деп эле өзүбүздүкүлөр беттен алат. Анчалык мыкты экен бийликте отурган биздин билермандар эмнеге эл аралык достукту бекемдеш үчүн ушундай иштерде дипломатиялык негизде жолго салышпайт. Колдорунан келбейт да. Биздикилер сураганды, суранганды гана билет. Анан аны тытып бөлүшүп жегенди өлө сүйөт. Калп дегиле, кыргыз элим бетиңерди тытып алсын.




Чийки май ичкендей болуп…
Башкы прокуратура "Альфа" кызматкери Жеңишбек Бабараимовдун өлүмүнө карата кызматтык иликтөө ишин Улуттук Коопсуздук комитетине кайра жөнөттү. Прокуратуранын басма-сөз кызматынын билдиргенине караганда атайын кызмат тергөө иштерине ылайык көрсөтмөлөрдү толук аткарылбай көптөгөн себептери такталган эмес. Маркум Жеңишбек Бабараимовго 7-апрель окуясы боюнча кылмыш иши козголуп, үй камагына алынган. Бирок, атайын кызматтын "Альфа" тобунда өзүнүн ишин улантып жатып, январь айында кылмыштуу топту колго түшүрүүдө окко учкан. Учурда УКМКга үй камагында жүргөн кызматкерди операцияга катыштыргандыгы боюнча айып коюлууда.





Бакиевдердин куюшканы кыйшаңдай баштады
Белгилүү REGNUM информациялык агентствосу президент Александар Лукашенко 2010-жылдын апрелинен баштап Минскиде Белоруссиянын бийлигинин саясый калкалоосунда эки аялынын бири жана андан туулган балдары менен жашап жаткан Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиевди эвакуациялоо боюнча "тиешелүү органдарга" буйрук бергенин билдирди. "Бишкек Белоруссия бийлигине бир нече ирет Бакиевди Бишкекке өткөрүп берүү өтүнүчтөрү менен кайрылган эле" деп жазат REGNUM. Бирок, Мински Бишкектин өтүнүчүн аткаруудан баш тартып келген. Кыргызстандын Генпрократурасынын Бакиевди экстрадициялоо боюнча май айындагы суроосу да канааттандырылбай майнапсыз аяктаган эле. Лукашенко мезгилинде Бакиевди Кыргызстандын легитимдүү презденти, ал эми апрелден кийин бийликке келген Р.Отунбаева баштаган оппозициялык күчтөрдү -узурпаторлор деп эсептээрин билдирген болчу. Бакиев Минскиде жүргөндө тынымсыз пресс-конференцияларды өткөрүп, гезиттерге үстөккө-босток интервью берип, Кыргызстандагы окуяларга өз комментарияларын жарыялап келгени белгилүү. Анан эле, быйылкы жай айынан баштап капысынан маалымат мейкиндигинен жоголуп кетти деп билдирет REGNUM. Информациялык агентство андан ары Бакиев белоруссиялык атайын кызматынын сакчылыгында Лукашенконун резиденциянын биринде жашап келгендигин, бакиевчил оппозициянын 2010-жылдын апрель-май айларындагы Ош менен Жалал-Абаддагы активдүү аракеттери чет элде жашап турган Бакиев тарабынан уюштурулуп, башкарылып жана финансыланып турганына токтолот.
Кыргызстандын президенти Р.Отунбаева 4-марттагы Парижге жасаган визити учурунда ''Евроньюс" телеканалына берген интервьюсунда Курманбек Бакиев жана анын туугандарынын экстрадицияланышына чоң үмүт артып жатканын билдирди. Азыркы өз элине каршы курал колдонуп жаткан Каддафинин так өзүндөй болуп К.Бакиев да 7-апрелде Ак үйдүн чатырында жайгашкан снайперлерине элге ок аттыртып, 87 адамдын канына забын болгонун белгилеп келип, Түндүк Африкадагы окуялар Кыргызстанда болуп өткөн массалык кан төгүүлөргө карата жаңыча көз карашка өбөлгө болоруна токтолгон болчу. Бишкек Белоруссияда сыйынт тапкан К.Бакиевди, ошондой эле Лондондо жашап жаткан уулун, айрыкча коопсуздук кызматын башкарып турган учурда Кыргызстандагы мыкаачылык иштерге барган үкөсүн экстрадициялоону туруктуу түрдө талап кылаарын баса белгилеген болчу. Чындап эле Лукашенко Бакиевди Минскиден чыгарууну чечсе, анда ал президент Р.Отунбаева белгилегендей араб дүйнөсүндөгү революциянын контекстинен алып, Кыргызстандагы апрель окуялары боюнча мурда тутунуп келген көз карашын түп тамырынан бери кайрадан карап жаткан түрү барбы деп ойлойсуң.




Чала сабат мэрге эл нааразы
Жалал-Абад шаарынын мэри Максатбек Жээнбековго карата көптөгөн нааразычылыктар айтылып келет. Ал гана эмес тирукмуштай болгон далилдүү фактылары бар кылмыш иштери каржы полициясы тарабынан териштирилип, айрымдары ачыкка чыкты. Буга кошумча Россиянын Санкт-Петербург шаарында кыргыз-диаспорасын башкарып турган мезгилиндеги былыктарын ал жактагы жердештерибиз интернет булактарына жайылтууну да токтотпой келишет. "Мындай чаласабат мэрдин, чаласабат иштерине көз жумуп келе жаткан өкмөткө нааразыбыз" дешип, жалалабаддыктар жар салууда. Аялдардын Эл аралык майрамын өткөрүүдө сөз алган шаар мэри "жада калса кагазга жазылган куттуктоону да жөндөп окуй албай, эки бутун талтайтып туруп алып, куттуктоону үтүр, чекити жок шатыратты" дешип, мындай "боз жакачандар" менен шаарды өнүктүрүү кыйын экенин билдиришти. Негизгиси акыркы мезгилде интеллигенциянын деңгээли түшүп кеткени жалган эмес.





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0308_3.htm on line 43

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0308_3.htm on line 43

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0308_3.htm on line 43


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0308_3.htm on line 43

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0308_3.htm on line 43

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0308_3.htm on line 43


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0308_3.htm on line 43

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0308_3.htm on line 43

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aikyn/11/0308_3.htm on line 43