Текебаев менен Бабановдун эрөөлү
Өлкөнүн биринчи вице- премьери Өмүрбек Бабанов жана Экономикалык жөнгө салуу министри Учкун Ташбаевдин дарегине айтылган сындан улам парламенттин бул жумадагы сессиясындагы көрүнүш коомчулукта эки партиянын "акыйнеги" катарында кабылданды. Чындыгында Максим менен Айдардын досу делип баягы шайлоо башталганда эле кайым айтышууга келген Ташиев менен Бабанов бири-бирин "сен Максимдин, сен Айдардын досу болчусуң" деп, эл алдына болгон сип-сивежий жаңылыктарын көргөзүшкөн. Ошондон улам эл арасында Бабановго болгон мурунтан айтылып келген сөздөр чындыкка жакындаган түр көрсөтүп, анын арты акыры Бабановдун саясаттагы чыныгы ордун, жүзүн ачып берүү аркеттери эмнегедир партиялаштары, депутаттар тарабынан башталды көрүнөт. "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жакында Өмүрбек Токтогуловичти Айдар менен Максимдин бизнесин улантуучу катары баалады. Эмне себептен Текебаев Бабановду Айдар, Максимдерге салыштырды? Ханзадаалардын экөөсү тең бизнес менен кыргызга таанымал болушкан. Кыргызстанда болгон ири бизнестин үстүндө бул эки ысымдын башы кылтыя берчи. Кыргыз эли ошол экөөнүн азабын абдан тартышты. Дал ушундай бизнеси менен белгилүү болушкан ханзадаалардын бизнеси канча революция болбосун эч кыймылдабай уланып кала берет, анын улантуучусу Бабанов деп белгиледи ачык эле Текебаев. Буга териккен өлкөнүн биринчи вице-премьери дароо теле аркылуу жообун кылып, "мен таңынан жумушка келип, үйгө кеч кайтам, анан менде кайдагы бизнес менен алектенүү" деп жооп берди. Акыры айласы кеттиби же чын эле "детектор лжиге" ишеним артабы, Өмүрбек Токтогулович эми Өмүрбек Чиркешовичти кимибиз эмнени калп айтып, кимибиз чындыкты айтаар экенбиз таризде "детектор лжиге" баралы деген оюн айтты. Буга азырынча "атамекенчи" тараптан жооп жок, бирок, Чиркешич буга чейин "детектор лжиден" өткөнүн эске алсак, чоңдордун чоң оюну болгон детектордон камырабай өтүп кетиши мүмкүн. Дагы да болсо, өзүн салмактуу кармай албай, дароо жини мурдунун учуна чыккан Бабанов бир балээге кабылып калышы мүмкүн. Айтор бул эки Өмүрбектин эрөөлү көпкө созула тургансып калды.




Камчы Көлбаев кармалса да андан күчтүү күч пайда болобу?
"Эмне үчүн Жапонияда якузалар-жапон мафиясы (якудза деп орустар жазат, чынында эч ким антип айтпайт, якуза эле дешет)" коомдо чоң ролду ойной албай калган?
Адегенде, кайсы гана өлкө болбосун мамлекеттин негизги милдеттери болот: 1. Салыктарды төкпөй- чачпай, жашырбай жыйноо; 2. Элге коопсуздукту, орто билимди, алгачкы медициналык жардамды, анан жолдор, көчөдөгү прожекторлор, тротуарлар, коммуникация сыяктуу КООМДУК ЖЫРГАЛЧЫЛЫКты (public good) элге сунуштай алуусу керек. Мисалы, полиция, милицияны сиз чакыраарыңыз менен келип, сиз түнкү саат үчтө Туңуч районунда жүрсөңүз да сактайт. Келинчегиңиз тээ Таластын Маймагында толготуп калса да тез арада төрөтүн кабыл ала тургандай кудуретте болуусу керек. Эгер мамлекет ушул минималдык КООМДУК ЖЫРГАЛЧЫЛЫКТЫ элге жеткире албаса, анда эл өзүн-өзү коргоого, эмдөөгө мажбур болот. Кантип (?) дегенде, бейформалдуу "көзү ачыктык" жолу менен эмдей баштайт. Сотко кайрылбай эле "Камчы, Рысбектерге, Водолаздарга" кайрыла башташат адилеттүүлүктү издешип. Камчыны же Водолазды эртең камаганда деле бүрсүгүнү эле башка андан да күчтүү Водолаз, Камчы пайда болот. Болгону мамлекет Водолаздардан жумушун эле тартып алып, өлкөдө жаңы жумуш орундарын пайда кылуу менен аларды башка жумушка орнотушу керек Ал эми Жапонияда болсо якузалар азыр деле болгону менен алардын киши коргоп "крыша" болуп берген коопсуздук кызматын элге САПАТТУУ, ЭЛПЕК, ӨЗ УЧУРУНДА, ЖООПКЕРЧИЛИКТҮҮ кызматы менен эбак эле мамлекет тартып алган. Ошондуктан якузанын да, "смотрящийдин" да, "көз ачыктын" да таптакыр ал жерде кереги жок. Жапонияда якузалар бу күндөрү деле бар. Илгеркидей киши өлтүрүү менен эмес, көбүн эсе түнкү клубдарды, массажканаларды, сойку бизнесин карап калышкан. Бирок, элге таптакыр тийишпейт, анткени эл алардын клиенти-кардары болот. Жапонияда болсо клиенттин укугу баарынан жогору турат. Якуза элди таарынтып ала турган болсо бизнесинде клиентин жоготот, бул деген айлыксыз калат дегенди түшүндүрөт.
Анда эмесе "кантип Кыргыз Улусу " да криминалдан алардын жумушун тартып ала алгандай кылса болот" деп сурарсыз. Ал үчүн мамлекеттик кызматтагыларды бүтүндөй толугу менен министрлердин орун басарларынан тартып бөлүмдөрдүн катардагы кызматкерлерине чейин Жапония, Түштүк Корея, АКШ, Франциядагыдай сынак жолу менен эки жылдын ичинде баш аягына чейин алмаштырып чыгуу керек.





  Кымбатчылыкты арзанчылык жеңиптир

Экономика - жашоонун кан тамыры
Өлкө бюджети үч окуудан кийин 20 миллиард сомдон ашуу тартыштык менен бекитилди. Бул сумма бюджеттин киреше бөлүгүнүн болжол менен төрттөн бирине барабар. Ушунун өзү эле 5 миллиондой калкы бар Кыргызстандын экономикасынын абалы канчалык деңгээлде өлүмтүк абалда экенинен кабар берет.
Кыргызстан жаңырган жылынын эки айы өтүп кеткенден кийин ушул жылдын бюджетин араң бекитип жатса, дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрү ушул жылдын эмес, алдыдагы 2-3 жылдын бюджетин бекитип иштөө практикасына өтүп жатат. Демек ошол өлкөлөргө салыштырганда биздин өкмөт, Жогорку Кеңешке эл тагдырын чечебиз деп келген депутаттар бирин-сериндерин эске албаганда экономика тармагында али дүмбүл эле бойдон экендиктерин көрсөтүп жатышат.
Коомдук ишмер Дастан Сарыгуловдун маалыматтарына таянсак, Кыргызстан аянты боюнча дүйнөдөгү 117 өлкөдөн чоң. Суу байлыгы боюнча дүйнөдөгү 110 өлкөнүн алдында турат. Элинин сабаттуулугу жагынан дүйнөдө 14-орунда. Гидроэнергетикалык ресурс, таш көмүр, тоо кен байлыктарынын запасы боюнча да дүйнөдө алдыңкы сапта. Анан эмне үчүн мамлекет чабал, эли жарды жашайт? Мунун себеби бирөө гана - бийлик башына келгендер биринчи кезекте экономика менен эмес, саясат менен көбүрөөк алектенишет. Бирок бизде экономика менен чындап алектенсе, пайдаланылбай жаткан резервдер арбын.
Кыргызстан, дегеле дүйнөдө бир да мамлекет өз керектөөсүнө зарыл нерселердин бардыгын өндүрө албайт. Ошондуктан соода-сатыкты акыл-эстүү жүргүзүү тынчтыкты жана бакыбат жашоону алып келээрин дүйнөлүк практика эбак эле көрсөткөн. Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (ВТО) концепциясында жазылгандай, "сатуучу тарап менен сатып алуучу тарап эч качан согушпайт."
Бирок Кыргызстандын экономикасында көйгөйлөр арбын. Алардын соода-сатыкка байланыштуу гана айрым проблемалары булар: Кыргызстан азырынча бажы союзуна мүчө болуп кире элек, ушуга байланыштуу Кыргызстандын ишкерлеринин товарларды Борбор Азия жана Россияга реэкспорттоосу (алып сатуусу) бир топ төмөндөдү.
Кыргызстан экспортко карагандан импорт үлүшү көп өлкө. Ошондуктан чек арадагы өткөрүү пункттарында автомашиналардын узак убакытка туруп калышы экономикалык чыгымдарды гана көбөйтөт. КРнын жүк ташуучулар ассоциациясынын изилдөөлөрү көрсөткөндөй, айдоочулар чек ара көзөмөл постунда 49 минута убактысын, бажы көзөмөлүндө 73, чоң жүктөрдү текшерүүдө 30, транспорт инспекциясында 7 минута жоготушат. Мындан да кем калбаган тоскоолдуктарды бири-биринин ишин белгилүү деңгээлде кайталаган ветеринария, санитария, экология, миграция, транспорт ж.б. кызматтар жаратууда. Демек көзөмөлдөөчү органдардын иштерин координациялоо, оптималдаштыруу зарыл.
Сингапур, Гонконг, Дубай соода борборлорунун моделин кайталоо менен Кыргызстан Борбор Азиядагы ошондой соода борборуна айлангысы келет. БСУга (ВТО), ЕврАзЭСке мүчө болуу менен Кыргызстан биринчи кадамдарды жасап, Борбор Азиядагы эң чоң базардын бири -Дордойду ача алганы абийир болуп, азыр бул базар менен байланыштуу 30 миңдей адам иш менен алек. Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, ал тургай алыскы Сибирден келишип, дал ушул Кыргызстандын аймагынан дүң соода кылып кетишет. Өлкөдө ошондой эле адистешкен базарлар да бар (мисалы, Кара-Суу базары кытай товарларын Өзбекстан, Тажикстанга сатканга, Мадина базары текстиль продукцияларын сатканга адистешкен.)
Ушундай ийгиликтерге карабастан Кыргызстандын алдында мындан ары сооданы ого бетер эркин кылып (либералдаштырып), жаңы тоскоолдуктарга туруштук бере тургандай, натыйжада өз жарандарынын жашоо деңгээлин чындап көтөрүп жана аймакта башкалар менен тынчтыкта жашоону камсыз кылуу милдети турат. Сингапур, Гонконг, Эстония, Грузия,Монголияда орточо бажы пошлинасы 0% болсо, бул Кыргызстанда -11%. Сингапурда ички дүң продукциянын (ВВП) 314%, Гонконгдо 323% соодадан түшөт. Бул өлкөлөрдө жашоонун деңгээли жана сапатынын жакшы экендигинин башкы себеби эле - эркин соода базары.
Бизде деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү каралып жатат, бирок ансыз деле экономикада сооданын үлүшүн көбөйткөнгө болот. Кыргызстан экономикалык саясатында эркин соодага ык алышы керек. Бул багыттагы алгачкы кадамдардын бири деп-бир тараптуу түрдө бардык тарифтер менен квотаны эң төмөнкү деңгээлге азайтуу керек.
Колумбия университетинин экономика боюнча профессору Жагдыш Бхагвати Гонконг менен Сингапурдун экономикалык өнүгүүсү соодадагы бардык чектөөлөрдү алып салуу менен байланыштуу деген тыянагын чыгарган. Кыргызстан да ушул мамлекеттердин катарында болууга толук шарты бар, анткени мамлекет соода ишиндеги бардык тоскоолдуктарды алып таштоодон зыянга караганда пайдасын көбүрөөк көрөт. Кыргызстан Борбор Азиядагы соода борбору катары өзүнүн бул жетишкендиктерин андан ары бекемдей алат, мунун өзү өлкөнүн жарандарынын жашоо деңгээлинин жогорулап, мамлекеттин гүлдөп-өсүшүнө алып келет.
Есенкул ОМУШЕВ,
экономика илимдеринин кандидаты, Талас мамлекеттик университетинин ардактуу профессору