Ө.Текебаев деген ким?
Бу Текебаев дегениң кыргызга тынчтык бербейт окшойт. Эгемендик алгандан бери эбиреп, жебиреп айтып келаткандарын Баш мыйзамга балтайта жазып, башканын эмес, дал ушул Өмүрбектин айтканы боюнча элдин баары парламенттик шайлоого катышкан. "Өзүң кылган иш, өз башыңа муш" болуп, анын 5 пайыздык чегинен араң өттү. Аны да бийликтин бир топ бучкагын кармаган партиялаштары сүйрөп олтуруп зорго өткөрүштү.
Андан кийин, спикерликке коюлганда, порно тасмалары жана башкалары, асыресе, президент эжекебизге орунсуз сөз тийгизгендери себеп болуп өтпөй калды. Коалиция куроонун экинчи айлампасында өзү жазган Регламент жол бербесине карабай, "спикер кылбасаңар кирбейм" деп кашайып туруп алды. Дал ошол жерден мансапкорлугу, жалгыз башынын кызыкчылыгын бүтүн партиялаштарынан жогору коёору оркоюп көрүнүп калды. Эми болсо, эки айылды эриктирбеген, бир айылды бириктирбеген эски адатына салып, учурдагы өкмөттү уратыш менен алек.
Буга өлкө стабилдүүлүгү, экономиканын өнүккөн-өнүкпөгөнү, карапайым элдин жашоо - турмушу тыйынга да турбайт окшойт. Жалгыз Текебаевдин айынан жалпы журтубуз жабыр тартабы? Деги бул ушул кезге чейин бежиреп сүйлөгөндөн башка, элибизге эмне эмгек өтөдү. Канча жумушчу орун түздү, канча салык төктү? Биз билгенден эле элдин эсебинен күн өткөрүп келатат, бирде Резиденцияда жашап, бирде Максимдин брондолгон машинесин минип.
Ооба, убагында колдогонбуз. Эл турмушун оңойм дегенине ишенгенбиз. Качан бийликке жетип, реалдуу иш кылууга келгенде, колунан кокон келбеген кокуй экенин көрүп, ирээнжип калдык. Андан тышкары, бир инисин Жалал-Абад облусунун көмүскө кожоюну кылып, жан-шериктерин жабылта ӨКМ, (юстиция) Адилет Министрлиги, ИИМ, Мамлекеттик каттоо, Аэропорт "Манас", Ош аэропорту, "Кыргызнефтегаз", Талас, Нарын облгубернатору ж.б. толгон - токой кызматтарга таратканын көрүп, жакабызды кармаганбыз.
Болуптур, Текебаевдин тилеги орундалып, өкмөт тарасын дейли. Андан ары эмне болот? Кийинки өкмөт качан түзүлөт? Түзүлөбү деги? Президент өз укугунан пайдаланып парламентти таратып жиберсечи?
Экономика, инвестиция, чет өлкөлөр менен алака, чек ара, жазгы айдоо - себүү иштери, курорттук сезон, дагы толгон-токой тармактардын тополоңу тоз болбойт деп ким кепилдик бере алат?
Ушунун баарын Текебаев менен Ташиев зыян келтирбей сактап кала алабы? Эл менен, өлкө келечеги менен ойногондун да чеги болот. "Чылпагын алам деп, көзүн чукуп алыптыр" дегендей, кыргыз элинин кыр аркасын "кырс" эттире сындырууну көздөп турушат булар. Ылайым тилегиңер таш капсын!





"МегаКомдун" миллиондорунда Бекназаров, Жекшенкулов, Бабанов жүрөбү?
Чөнтөк телефонума бирдик салайын деп кайрылып калсам, мурдагы 3 сомдук кызмат эми 5 сом болуп калыптыр. 1 сом кошуп коюшса, кызматы 100% кымбаттаган болмок. Ал эми азыр Кыргызстанда чөнтөк телефон менен 2,2 миллиондой адам сүйлөшөт. Баягы эле Максимдин заманына келатабызбы?
Убактылуу Өкмөт 42 декрет кабыл алган болсо, ошонун жарымы 47 объектини улутташтыруу жөнүндө. Алардын 33ү маммүлктүн балансындагылар, мунун ичинен 19 компаниянын үлүштөрү улутташтырылган. Ал эми "Чакан ГЭС" акционердик коому, Азия Универсал Банк, "25-кадр", "Пирамида" телеканалы сыяктуулар 100% улутташтырылган. Азыр ызы-чуунун үстүндөгүсү - "МегаКом" деген ат менен белгилүү уюлдук операторлордун "Альфа- Телеком" ишканасы. Муну мамлекет бүт 100% акцияларын улутташтырабыз деп жатат. Мурда декрет менен 49% акциясы улутташтырылган. Андрей Силич деген "ак калпакчан" акаси качып кеткенден кийин эми 51% акциясына камак салынып, аларды убактылуу сактоо Маммүлк министрлигине берилген.
(Уландысы 5-бетте)