ЖАПАНДАР ЖАПА ЧЕГИШТИ
Өткөн жума күнү дүйнө коомчулугун суук кабар каптады. Японияда эртең мененки тогузга жакын күчү тогуз баллга жакын жер силкинүү болуп өтүп, эл апаатка учурады. Жер силкинүүнүн очогу Токиодон 373 километр түндүк чыгыш тараптан орун алып, 32 километр тереңдикти чапчыган. Жер силкинүү андан кийин да улам-улам кайталанып жатат.
Жердин катуу силкинүүсүнөн улам деңиз толкуну асман чапчып, бийиктиги он метрге жеткен. Цунами деп аталган бул толкун алдында кезиккен нерселердин баарын жайпап, тегиздеп кете берген. Цунамини алдын алуу бир гана Японияда эмес, бардык Тынч океан регионуна, анын ичинде Орусияга да кулактандырылган. Курилл аралдарында үч метрге жеткен толкундардын болушу күтүлүп, 11 миң адам алдын ала эвакуацияланган.
Токионун айланасында атомдук беш электрстанциянын иши токтоп, башкы аэропорт жабылган. Ошондой эле цунаминин кесепетинен бир топ газ сакталуучу жайларда өрт чыккан. Мындай апааттан набыт болгондордун саны бир жарым миңге жакындады. Мындайда "эли-жерибизди кырсыктан тышкары кылса экен" деп жакаңды кармангандан башка айла таппай калат экенсиң.

"АС-пресс"




АРТЫБЫЗ - ЖАР, АЛДЫБЫЗ - ТУңГУЮК
Коалиция эле эмес, парламент таркаса да коркпош керек. 15 жыл Акаев, 5 жыл Бакиевди күтүп, булар кетсе, мамлекетти эч ким башкара албайт деп отуруп, Кыргызстаныбыз сызга отуруп калбадыбы. Бизде саясий элита тазаланмайынча, бизнесмен менен коррупционерлерди саясаттан бөлмөйүнчө Кыргызстан оңолбойт.
Баягы эле койго паспорт, машинага паспорт ойлоп чыгаргандар, калмактарга эстелик тургузгандар, Бакиевдин этегине сыйынгандар, Максимге чокунгандар отурушат өкмөттө. Ушулар менен Кыргызстандын келечеги болмок беле! Булар бүт сатып көнгөндөр. Кыргызстанды сатып ийгенден кайра тартпайт. Мына ушу маселелердин айланасында карапайым элибиз катуу ойлонушу зарыл. Болбосо, дагы деле артыбыз жар, алдыбыз туңгуюк бойдон турбайбызбы…

Кубанычбек,
Токтогул району.




ТҮЗӨТҮҮ
Гезитибиздин өткөн санында /?18/ жарыяланган Бүмайрам Мамасейитованын "Ак ийилет, бирок сынбайт" аттуу интервьюсунда жана "Айран ичкендер кутулду, челек жалагандар тутулду" деген материалда "Ү. Сыдыков төрт жылга эркинен ажыратылып, бир жылга Кыргызстандан сыртка чыгууга тыюу салынды" деген "алты жылга эркинен ажыратылып, өкүмдү аткарууга бир жылдык шарттуу мөөнөт коюлду" деп окулсун.




"БУЛ - АНТИОРУСТУК КАМПАНИЯ ЭМЕС"
…Түштүктө өзбектер менен конфликт болду эле, эми дагы ошого окшогон көрүнүштөр башталды, - деген ойду айтат РОССтун /Орустарды бириктирүү союзунун/ башчысы Александр Иванов. - Азыр славян улутундагыларды да жүдөтүп жатышат, көрүстөндөрү ачылып, жеке мүлктөрүн бүлгүнгө учуратып…
Бул сөздөр бекеринен чыгып жаткан жери жок. Иванов айткандай, жалаң жыгач кресттүү көрүстөндөр ачылып калганына карабастан, темир чогултуп жан баккандарга шылташып, улуттар аралык берене менен кылмыш иши козголбогонуна славян улутундагылар нааразылыгын билдирип келишет.
Бул аз келгенсип, жакында эле - 7-мартта бир эле убакта өрткө чулганган "Печки-лавочки", "Запорожская сечь" жана "Главпивтрест" ишканасы славян улутундагы Кыргыз Республикасынын жарандарына тиешелүү болуп чыгып атканы көпчүлүккө бүдөмүк ой чачып койду.
Ордо шаарыбыздын Москва-Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Печки-лавочки" ресторанынын түндүк-батыш тарабына коюлган видеокөзөмөл кылуучу аппаратка ресторанды айланчыктап жүргөн бир нече шектүү адамдар тартылып түшүп калган. А бирок, эксперттердин алдын-ала божомолуна караганда, өрт - электр приборлорунун бузуктугунан улам чыккан. Эмесе, анын жанында эле турган "Печки-лавочки" дүкөнү эч нерсе болбой эле сопсоо турбайбы.
Аталган ресторанды өрт чулгап жатканда, Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде "Главпивтрест" ишканасында да от тутанган. Өрт микротолкундуу шкафтын электр зымдарынан "замыкание" болуп пайда болду деп корутунду чыгарышкан.
Мындан 15 минута мурун, Москва-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Запорожская сечь" кафесининин туалетинин айнегине күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөр ыргытылып, аны кароолчусу өчүрүп калууга үлгүргөн. Дагы бир бөтөлкө дубалга тийип жарылган. Кафенин кызматкерлери бензин куюлган канистрди таап алышканын, тааныш эмес адамдар бөтөлкөлөрдү ыргытып, качып кетишкенин айтып атышат.
Бул жердеги илинчек - өрт чалган имараттардын үчөөсү тең славян улутундагыларга тиешелүү болгону. Бирок, муну сөзсүз эле улуттар аралык конфликтке алып барып такоо туура эмес экенин баса белгилегим келет. Балким, бири-бирине конкурент болуудан, ич күйдүлүктөн, теңтайлашуудан улам чыгып отурган жокпу, бул өрт?- деп ой жүгүртүүгө неге болбосун?
Мындай жоромолду "Запорожская сечь" ресторанынын ээси Валерий Босенко: "Менин конкурентим жок, бул провакация болушу гана мүмкүн" деп так кесе жокко чыгарып отурат. А кандайча конкуренти жок болот? Бүгүнкү күнү ордо шаар кафе-ресторандарга толо. Бардыгы кардарларды жакшы тейлөө менен бирге жакшы акча табуу максатында жандалбастап келишет. Анан эле, кайсыдыр бир адамдын ич күйдүлүгүнөн же зымдын "замыканиесинен" чыккан өрттү деле провокация деп улуттар аралык маселеге айлантып жибергенибиз, бери болгондо - дөөпөрөстүк. Айтайын дегеним, башка улуттарды айтпай эле коелу, бирок, славян улутундагылар менен кыргыз элинин кыналып, ынтымактуу жашоосу кылым таяп баратат го. Анан да, "бытовой" өрттүн чыгышын түздөн түз саясатка алып барып такагандарга не дейбиз? Алардын айтымында, азыркы өкмөттүн оппоненттери эптеп эле бир нерсени чыгара алышпай, ушинтип ар кандай кептерди чыгарып жатышыптыр. Улуттук азчылыкта жашаган элдин обьектилери ушинтип биринин артынан бири өрттөлүп жатат деп, анын артынан Кыргызстандын улуттук картасын ачкысы келгендердин саны ого эле көп.
Антсе да, өтүп жаткан ар бир окуяга обьективдүү баа бергендер да бар. Алсак, "Российское землячество в Кыргызстане" коомдук биримдигинин төрагасынын орун басары Игорь Воронцов өрт маселесине токтолуп, "Бул - антиорустук кампания эмес" деп өзүнүн туура сөзүн айтат.
Воронцов жолдоштун айткан сөзүндө калет жок. Кыргыздар азыр өздөрү менен өздөрү алектенип жаткан учуру. Бийликтеги төбөлдөр кресло жана байлык деп жанталашып жатышса, карапайым калк кара курсакты кантип кампайтышты билбей карайлап турган чагы. Мындай учурда славяндынбы, башкасынынбы байлыгы эч кимди кызыктырбайт. Болгону, ар бир кыргыздын көкүрөгүндө "Жер аман болуп, эл аман болуп, эл ичинде биз аман болсок экен" деген эле тилек. Ал эми славян туугандар кыргыз элинин кандай меймандостугун, досчулукка бекем, жолдошчулукка туруктуу экендигин өздөрү эле билишээрин баса белгилегибиз келет. Ачылган көрүстөндөр, өрттөлгөн имараттар, түштүк окуялары да кылмышкерлердин эле колунан келген иш. А кылмышкерлердин улуту жок болот эмеспи.
Нурбүбү БӨДӨШОВА