Белгилүү жана белгисиз адамдардын жоруктарынан

Орозбектен ойноок кеп
ЭСЕПТЕШҮҮ
Жамбул акенин апасы каза болуп, кайгысын бөлүшкөнү куудул достору да барышкан. Куран окулат.
Алакандар жайылаар замат Жакем Абдылдага кайрылат дейт:
- Эй, Абдылда, эсиңдеби?
- Эмне?
- Атам өлгөндө сен келген эмессиң.
- Кхм…
- Эми сенин атаң өлгөндө мен барбайм. Апаң өлгөндө барам.

СӨЗ ЖАНА СЕКС
Түштүк тараптын кээ бир аймактарында "Албатасызбы?" деген сөз колдонулат. Анын мааниси - "Иштериңиз түзүкпү?.."
Баса, жогорудагы сөздүн кесепетинен бир жолу Жамбул Камчиев өңү боп-боз боло түшпөдүбү. Куудул достору сахнада тасырайган башына асылып, элдин көзүнчө шылдыңдашканда да мындай акыбалга жетпейт болчу.
Жакем эшигинин алдында "туалетке барсамбы же барбай эле койсомбу" - деп ойлонуп олтурган. Иштен келген кошунасы Ибрагим Жунусов салам айтып калды:
- Ассалоому алейкум!
- Валекума ассалоом!
- Кандайсыз, Жамбул ака? Албатасызбы?
- Албатам.
- Оозуңузга албасаңыз эле болду.

ПАРАДОКС ДЕГЕН ЭМНЕ?
Концерттик афишаларда куудулдар катыша турган "Парадокс" деген жазуу турган. Чындыгында бул терминди бардык эле адамдар түшүнө бербейт эмеспи. Ошон үчүн концерттин катышуучусу Манас Бердибековго биз журналист катары собол узаттык:
- Манас аке, парадокс деген эмне?
Макем бир аз ойлоно калды да анан минтип жооп берди:
- Парадокс деген…кху!.. Та-ак…Азыр силерге Жамбул Камчиевдин эки жоругун айтып берейин. Парадокс деген эмне экенин ошондо түшүнөсүңөр.
Нарынга концерт койгону барган элек. Жамгыр жаап жаткан. Ошол күнү концертибизге эл өтө аз келди. Себеби, Жамбул афишаларды суу болуп калат деп аяп, аялдамалардын арт жактарына, эл барбаган далдоо жерлерге жабыштырып, анан калса, ошол афишалардын да айрымдарын шифер менен бастырып коюптур. Мына, ушул парадокс!
Ал эми Ош педучилищесине концерт коймок болуп калдык. Жамбул афишаны училищенин бир корпусуна илип, экинчи корпусуна илбей коюптур. "Эмне үчүн анттиң?" десем, Жакем мындайча жооп берди: "залга көрүүчүлөр батпай калабы деп корктум".
Ошонун кесепетинен концертибизге 30 гана көрүүчү келди.

"ИИ, ЖАКШЫЛАП КАРМАП КӨРСӨҢ!.."
Ноокат районунун борбору Эски-Ноокатта "Рахат" деген абройлуу чайкана бар. Чайкананын экинчи кабатында көбүнчө чөнтөгү калыңдар, кызматкерлер буйрутма /заказ/ боюнча палоо, шорпо, мастава, куурдак сыяктуу тамактарды жешет, анан албетте өздөрү отурган бөлмөлөрдүн эшиктерин жаап алышып "эч ким шек албасын" дешип аракты чайнекке куюп алып ичишет.
Баягы жылдары Ноокаттан чыккан чыгармачыл адамдар: белгилүү куудулдар Аскар Суранов, Эргеш Токуров, обончулар Кудайберген Темиров, Абидин Темиров, жазуучу Мырзаш Аширбеков, журналист Бедел Молдобаев, акын Бектуруш Салгамани болушуп палоого буйрутма берип коюшуп "Энди аракка канчадан чыгарабыз" дешип турушканда, аларга Ошто жашаган дагы бир ноокаттык куудул Жамбыл Камчиев барып калат.
Куудул Аскар Суранов курсагы жер чийген, лөкүйгөн болук киши да. Жамбул бардыгы менен кучакташып көрүшүп, соңунда "эң жакын коллегасы" Аскар Суранов менен кучакташпай тек гана бир колу менен колун кармап, экинчи колу менен курсагын ссылай:
- Оо, айы-күнү жетип калган экен да, канча айлык болуп калды?- дейт.
Анда Аскар Суранов Жамбулдун курсагын кармап турган колун алаасына алып барып тийгизип туруп айтат дейт:
- Ии, жакшылап кармап көрсөң, бир буту тышка чыгып да калган.
Ошентип, жыгылыштуу болгон. Жамбул Аскардын алдында бир сомдуктай бүгүлгөн экен, анан "ооз басырык" алып келүү үчүн дүкөндү көздөй жүгүргөн экен. Эртеси мастык таркаар замат "ооз басырыктын" да күчү кайтып, кечиндеги окуяны алар көрүнгөнгө айтып башташыптыр.

Орозбек БӨРҮГУЛОВ