Текебаев менен Ташиев достошуптур!
Саясатчылардын "кызыктуу" турмушунун фактылары чууруп чыга баштады. Бишкектен 150 чакырым суук көздөн алыс жердеги "Ашуу" мейманкана комплексинде Текебаев менен Ташиевдин жашыруун жолугушуусу өткөнү маалым болду. Алар "коалицияны кантип ыдыратабыз" деп бирге акыл калчап, өткөн жумада жыйынтыгына өзүбүз күбө болдук. Жакында эле Ташиев мырза "Убактылуу өкмөттүн бардык мүчөлөрүн июнь коогалаңы үчүн жоопко тартыш керек!" деп убада кылган болсо, Текебаев "бакиевчилер менен эч качан бирикпейм!" деп катуу карганып жүргөн. Эми бул мырзалар шайлоочуларынын бетин кантип карашаар экен? "Саясатта чыккынчылыкка бара билген гана жеңет" деген чын окшойт…


Жапаров президент болобу?
"Ыңгайсыз суроолорго" жооп берип жаткан Акылбек Жапаров азамат, эй! Курманбек Осмоновду бурчка такаганы үчүн. Бирок, Акылбек мырзага биз да ыңгайсыз суроо берели деп, бирок бир аз ыңгайсыз сезип жатабыз өзүбүздү. "Жебеген жердин астында" демекчи, Сиз деле Акылбек мырза, Акаев заманынан бери май кармап жүргөн адамсыз да, туурабы? Сиз менчиктештирип, Максимдин тили менен айтканда "рейдерлештирип" алган объектилериңиз аттын кара капталынан. Ошолордун бири -Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылындагы БСРдин үстүндөгү 30 гектар жериңиздин жарымын сатып жибериптирсиз го. Анчалык эмне күч келип кетти? Же президенттик шайлоого талапкерлигиңизди коюуга каражат топтоп, нарындык журналисттерге чай берип, аларды кайрымакка илип койгонуңузбу бул? Президенттикке аттана турган болсоңуз Бишкектеги "Дружба" ресторанынын бет маңдайында курулуп жаткан 9 кабаттуу эки турак үйдүн экөөн тең сатып жибересизби?


Эркин басылмага эл дале муктаж
Бизде эски тапши менен эч өзгөрүүсүз багыт алган тармактар арбын. Ага жергиликтүү телеканалдарды да мисал келтире кетсек болот. Азыр жергиликтүү телеканалдардын техникалык жана мазмундук сапатын жакшыртуу талабы турат. Облустук каналдар баягы эле каражат көйгөйүнөн аксагандан улам губернатордун же башка атка минерлердин ырын ырдап, айткандарын кыңк этпей аткарууга мажбур болуп, натыйжада коомчулуктун күзгүсү боло турган телеканалдар бир ууч топтун кызыкчылыгын көздөө менен чектелип калгандыгы айтылат. Медиа эксперттердин баамында, Кыргызстандын Түштүгүндө Өзбекстан менен Тажикстан, ал эми Түндүгүндө Казакстан, Кытай жана Орусия телеканалдарынын таасири күчтүү. Алардын көрсөтүүлөрү бир кыйла сапаттуу. Көңүл ачуучу, таалим-тарбиялык маанидеги программалардын аздыгы башка өлкөлөрдүн берүүлөрүн, тасмаларын көрүүгө мажбур кылып жатат. А көрүүчү сапаттуу, ар тараптуу көрсөтүүлөрдү көргүсү келет эмеспи. Жергиликтүү телеканалдар бир гана техникалык жактан аксабастан кадр маселесинде да чеке жылытаарлык абалда эмес. Кыргызстанда кандай маалымат саясаты, маалымат коопсуздугу болушу керектигин ойлогон эч ким жок. Күчтүү техникалык жабдыктар жана кадрлар топтомун мыкты даярдыктан өткөрүп, окутмайын бул көйгөйлөр айтылып-айтылып гана абага сиңип кетээри бышык. Ошондой эле аймактык маалымат каражаттарынын сапаттык, мазмундук жактан жакшыруусу маалыматтык коопсуздукту камсыз кылаары турулуу иш. Бирок, "Керкисинде да, кемтигинде да бар" демекчи, биздин көзгө басаар Коомдук 1-каналыбыз деле жогорку чекте деп айтуу эртелик кылат. Аларда да иштей турган иштер, оңдой турган катачылыктар оголе көп. Дегеле, бир ууч топтун кызыкчылыгына байланбай, эркин чыгармачылык менен иш жүргүзгөн каналдар бизге азыр аба-суудай жетишпей турган учур...


"Таатандагы" кытайлардын пикети
"Кыргызстанды кытай кошуналар баса баштады, кен байлыктарыбызды каза баштады. Кыздарыбызды алып карып кыла баштады, эми пикет, митинге чыгып, бийлигибизди ала баштады" деп ырдай турган төкмө акыныбыз "Таатан -1" жана "Таатан-2нин" алдына барса болмок. Негизинен кытайлык соодагерлер ээлеп алган бул ишканада иштегендер арасында соода-сатыктан тышкары кечинде жашыруун кумар, жан кумар оюндары ойнолуп, нар тартуу, насыбай менен кошулуп беркилерин тартуу кадимки эле көрүнүшкө айланган. Ошондой кумар оюнунан чыккан чырдан эки дунган, бир өзбек жигити акча уттуруп коюп, төлө деген кытай туугандын бирин эмес, экөөсүн тиги дүйнөгө жөнөтүп жиберишкен.




Алтындын арты ыр же чыр
Жаратылыш ресурстары министрлиги кен байлыктарды изилдеп-иликтөө иштерине лицензияны 300 сомго эле кармата берип, такси менен бала-чакасын багууга ниет кылган адамга берилүүчү патенттин баасы менен тең кылып коюп, тоо-кен тармагынын кадырын эбак эле кетирип тынышкан. Ошонун кесепетинен "Кумтөрдүн" алтынын күрөп жаткан "Камеко" 3 млрд 681 миллион доллар пайда көрүптүр да, Кыргызстан 14 жыл ичинде болгону 342 миллион доллар "чотур" алыптыр. Кайран гана Акаев, Бакиевдер! Тоо-кен тармагындагы аянычтуу абалды өкмөттүк комиссия иликтеп, коррупция бул тармакта жетер жерине жеткенин айтты. Геология агенттиги лицензияны оңду-солду таратып, 50 жылдан ашуун топтолгон мамлекеттик сырды бүт ачып таштаган. 19 жылда бир да кен талаптагыдай иштетилген эмес. Алтын кендерин чалгындоо жана иштетүүгө берилген 258 лицензиядан мамлекет менен элге бир тыйын пайда түшпөптүр. Эми болсо Таластагы Жер-Үйдү, Алайдагы Жамгыр, Кара-Казык, Чаткалдагы Ыштанберди кендерин иштетебиз деп жатабыз. Эмне кылсак, Роза Исаковна? Лицензия берүүнү Замирбек Эсенаманов деген эт комбинатта кой союп жүрчү касапчыга ишенелиби?