Аликбек Жекшенкулов:
"А. Атамбаев Ө. Бабановду кызматынан четтетип, ачык кызматтык текшерүү жүргүзүшү керек"
"Кыргызстандын премьер-министри А.Атамбаев элибиздин ишеничин жоготпош үчүн биринчи вице-премьер министр Ө.Бабановду кызматынан четтетип, ачык кызматтык текшерүү жүргүзүшү керек"- деп альтернативдик өкмөттүн премьер-министри, "Акыйкат" партиясынын лидери А.Жекшенкулов билдирди.
"Коомчулуктун Ө.Бабановго үч чоң суроосу бар, - деп белгилейт А.Жекшенкулов:
1. Рейдерлик басып алуулар жөнүндө. Канчалык Ө.Бабанов актанып келсе дагы, элдин көпчүлүгүнө кандай жол менен Ө.Бабанов байлык топтогону маалым. А.Акаев, М.Бакиев менен болгон мамилелерин алсак, В.Хондун ишканаларын басып алганы, активдери кыйла эсе көптүгүнө карабай болгону 20млн долларга АКБ "Кыргызстан банкын сатып алгандыгы, "Mega Cоm" менен болуп өткөн окуясы шек жаратпай койбойт.
2. Америкалык авиабазага күйүүчү жана майлоочу майларды ташуу боюнча. Маалыматтарга таянсак Ө.Бабановдун жакын тууганы жылуу-жумшак креслого олтуруп официалдуу түрдө 700млн сомдун тегерегинде пайда таап жатат. Бул үчүн акциз жана НДС төлөбөйт. Ушул эле учурда бюджет ийри көлөмдөгү каражаттарга муктаж.
3. Биринчи вице-премьер министр жүргүзүп жаткан кадр саясаты боюнча. Ө.Бабановдун колдоосу менен Нарын областын, "Манас" аэропортун, Мамлекеттик мүлк министрлигин бул тармактарда иштебеген, тажрыйбасы жок адамдар башкарып жатышат. Бул үчөө тең алкогол өндүрүү сферасында иштешкен. Бул сфера көмүскө сектору эң бийик, коррупцияга белчесинен баткан тармак болуп эсептелет. Ушул адамдар таза, эл үчүн, өлкө үчүн кызмат кылат деп ишенсек болобу? Мен ишене албай турам.
"Эгерде бүгүн Кыргызстандын жетекчилиги Ө.Бабановдун көйгөйүнө көңүл буруп, талдап чыкпаса, өкмөт менен парламент элдин ишеничин жоготушат. Инвесторлорду качырышат, жакынкы шериктештер -Россия, Казакстан менен мамилелерин бузуп алышаары ыктымал. Ошондуктан кылдат жана ачык текшерүү жүргүзүп, чекит коюш керек"- дейт Аликбек Жекшенкулов.- "Эгерде текшерүү жүргүзүлбөсө коалициянын кыйрашына жана саясий кризиске биринчи кадам шилтеген болобуз".
09.03.2011. Бишкек-ИА "24kg"





(Экинчи билдирүү)
А.Жекшенкулов:
"Биринчи вице-премьер министр Өмүрбек Бабанов Максим Бакиевдей иш жүргүзүп жатат"
"Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер министри Өмүрбек Бабанов Максим Бакиевдей иш жүргүзүп жатат" - деп Аликбек Жекшенкулов билдирүү жасады. Өмүрбек Бабановдун жана анын "Mega Com" компаниясындагы жактоочуларынын сөздөрүнө комментарий берди.
"Мен бирөөлөрдүн оюнан чыгарып жалаа жапкандыгына кайым айтышып олтурбайм. Бул менин 09.03.2011-жылкы билдирүүмө жооп экенин жакшы түшүнүп турам, ал билдирүүдө биринчи вице-премьер министр Өмүрбек Бабановду ишинен четтетип, кызматтык текшерүү жүргүзүү керектигин айткам. Өкүнүчтүүсү биринчи-вице премьер министр сынга адекваттуу карап, тыянак чыгарса болмок. Республиканын кызыкчылыгына байланышкан суроолорго көңүл бурса болмок, анткендин ордуна Максим Бакиев жасаган кылык-жоруктарды жасап жатат. Рейдерлик, күйүүчү жана майлоочу майларды ташуудагы махинациялар, кадр саясатындагы "сасык" иштер, жалган ушак таратуу. Ушул жасап жаткан иш аракеттери Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө алып келээри күмөн туудурат.
Мен ишенем, таза, жөнөкөй адамдар мага карата айтылган жалааларга ишенишпейт. Чындык, адилеттүүлүк үчүн күрөшүп келгендигим үчүн, мени каралап келишкен. Буга чейин деле жалган жалаа менен айып таккан учурларда ошол жасалма кылмыш иштеринен акталып чыккам. Мындай курулай эле болбогон сөздөргө көңүл бурбайм. Бирок, жаран катары мындай көрүнүштө сотко доо арыз менен кайрылам.
11.03.2011.
Бишкек-ИА "24kg"




Учур собол
Өткөн жуманын чуулгандуу маалыматы катары ырынан чыры көп айтылуу "Меgа Соm" компаниясынын тегерегиндеги иштер болду көрүнөт. Тагыраагы, 11-март күнү "Mega Com" компаниясынын директордун коопсуздук департаменти боюнча орун басары Тилен-Аалы Кызалаков аттуу берен өткөн жылдагы апрель окуясы учурунда белгилүү саясатчы, дасыккан дипломат А.Жекшенкуловдун Рашид аттуу жардамчысы жана анын жан-жөкөрлөрү аталган компанияны басып алууга аракет кылышкандары, ошондой эле компаниядан чоң суммадагы акча өндүрүп алган деген пикирин айтып чыкты.( Арадан 11ай өткөн соң жана негедир 9-март күнү А.Жекшенкуловдун биринчи вице-премьер министр Ө.Бабанов туурасындагы ачык-айкын сын-пикиринен кийин) Айтор, бул маалымат чындыкка анчейин коошпой туру. Дегеле өткөн жылдагы апрель окуясынан соң чуулгандуу маалыматы чубалып бүтпөгөн компанияны чын эле Жекшенкулов басып алууга кызыктар беле? Же бул президенттик шайлоо алдындагы кара пиярдын калкыган түрүбү? (Албетте, бул окуянын жыйынтыгын тиешелүү органдар иликтейт деңизчи) Мындай соболдорубузду айрым жарандарыбызга узатып көрдүк.


Бектемир Салпиев, жеке ишкер:
- Эми өзүңөр ойлоп көрсөңөр, ошол мезгилде "Mega Comдун" азыркы баатыр болуп жаткан эрени эмне үчүн айтып чыккан эмес? Бир жыл өткөн соң гана ар нерсени айтып жатат. Жеке менин Жекшенкулов менен эч кандай тааныш-билиштигим жок. Бирок мен бул дипломат саясатчыны абдан баалайм. Убагында Бакиевдин жүргүзгөн "балит саясатына" так ушул саясатчы күрөштү биринчилерден баштабады беле? Анын аркасында Жекшенкуловду түрк ишкери Ч.Серветти өлтүрдү, ТИМ министири кезинде мыйзамсыз иштерге барган деген айыптар тагылып, бирок акырында алардын бири да далилденген жок го. Ошол сыңары бул иш деле алдыдыгы президенттик шайлоо алдындагы "кара пиар" деп ойлойм.Тан калычтуусу Жекшенкулов аз күн мурун бийлик жетекчилигиндеги айрым чиновниктердин өзүм билемдик иштерин айыптап чыккан. Ушул окуядан соң гана жогорудагы Жекшенкуловго байланышкан иш чыга калгандыгы кызык болуп жатат.




Сабыр Муканбетов, саясий серепчи:
- Бул "Mega Com" компаниясынын айланасындагы болуп жаткан иштерди менин жеке пикиримде 7-апрель окуясы учурунда аталган компанияны "мародёрлору" дагы, башка ар кандай күчтөр компания М. Бакиевдики дешип талоонго ала баштаганда мурун оппозиция айдыңында жүрүп калгандыктан Жекшенкулов жана анын балдары "тийбегиле, бүгүн Максимдики болсо, эртең элдики болот" деп коргогондугу айтылып жүрөт.Бир сөз менен айтканда, ошол убакта "Mega Com" А.Жекшенкуловдун авторитети менен сакталып калган. Ошол убакта компанияны коргогон балдардын тамак-ашына жана ичкен суусундуктарына компания жетекчилиги акча берсе бергендир. Бирок, аталган компаниянын кызматкери 1 жылдан соң гана Жекшенкуловго көптөгөн сумма бергем деп жатпайбы, мен буга анчейин ишене албай турам. Себеби эмне үчүн аны өз учурунда айткан эмес? Таң калычтуу жагдай катары Жекшенкулов качан гана А.Атамбаевге өкмөттө Бабанов сындуу рейдерлик "захват" кылган чиновниктерден арылуу керек деген кайрылуусу чыккандан кийин гана бул иштин орун алышы көптөгөн бүдөмүк ойлорду туудурат.




Өмүрбек Абдырахманов, ЖК депутаты:
- "Mega Com" тууралуу мындай пикирин айткан Кызалаков аттуу кызматкерине бул иш боюнча баш прокуратура кылмыш ишин козгоду.Бул иштин баардыгын учурда тиешелүү органдар иликтеп жатат. Депутаттык комиссиянын да "Mega Com" компаниясы боюнча иликтөөлөрү жүрүп жатат. Ошондой эле бул Жекшенкуловго жасалган "кара пиар" экендиги байкалууда. Жакынкы күндөрү бул иштердин артында кимдердин карааны тургандыгы ачыкталат деп ойлойм.

Бетти даярдаган Элдияр ЭЛЧИБЕК