СЫНЫ мектебинин сыны кетти!
- Алло-оо! Бул "Айкын саясат" гезити бекен?
- Ооба, биз сиздерди угуп жатабыз.
- Биз Жалал-Абад облусунун Аксы районунан чалып жатабыз. Кара-Жыгач айыл өкмөтүнө караштуу Сыны айылынан болобуз. Сиздердин гезитти окуп турабыз. Биздин баамыбызда, сиздер жалаң чындыкты чагылдырып жатасыңар! Калың элдин көйгөйүн жарыялап, өйдө жакта отургандарга кулакдар кылууга далалаттанып жатканыңыздар жалпыбызга жагат. Биздин да датыбызды бийликтегилерге жана калың элге угузуп койсоңуздар экен…

Жогоруда аты аталган айылдагы Алишер Молдокеев атындагы Сыны орто мектебинде 730 окуучу окуйт, аларга 40 мугалим сабак берет. Мектептин эскилиги биротоло жетип бүткөн. Мектеп 1928-жылы эптеп уй сарайдай болуп салынып, 1991-жылы финский кылып кайра курулган. Район боюнча биринчи мектеп-интернат болуп бизде ачылган экен.Бүгүнкү күндө мектептин акыбалы өтө начар.
Сыны айылында 630 кожолук бар, ар бир адамга 1,5 сотых жер тиет. Райондон 50 километр алыстыкта, эки тоонун ортосунда жайгашкан. Беш ай кыш болот, азыр да 30 сантиметр кар түштү. Баса, ушул жерден айтып кетишибиз керек, бул айылдан кыргыздын кыйырына аты угулган Кыргыз эл жазуучусу, Эл Баатыры Төлөгөн Касымбеков агайыбыз, коомдук ишмер Матен Сыдыков, профессор Барбы Миңбаев, генерал Райымбек Момунов, жазуучу Салибай Шатманов, атактуу обончу Атайбек Бөдөшов дал ушул Сыны мектебинен окушкан.
Мына ушундай белгилүү, кыргыз элине зор кызмат кылган инсандар чыккан Сыны мектебинин бүгүнкү абалына көңүл буруп койгон эч ким жок. Өткөндө эле КТРКга, Кубат Оторбаевдин өзүнө кайрылганбыз. Теледен борбордун чет-бучкагындагы эле мектептерди көрсөтүп, "мына, мектептер курулуп жатат, компьютерлер менен, окуу куралдары менен камсыз кылынган, спортзалдары мындай-андай" деп эле көрсөтө бересиздер. Биз жакка да келип, биздин мектепти бир тартып кеткилечи" -деп айтканбыз. Ал жактан деле эч кандай шыбыш угалекпиз…
Бардык эле кыргыз элиндей биз, Сыны айылынын жашоочулары да Курманбек Бакиев кетип, жаңы өкмөт келсе эле жашообуз оңолуп, кой үстүнө торгой жумурткалаган заман келет экен деп ишениптирбиз. Балдарыбыз жаркыраган мектепте окуп, компьютерлер менен сабак окуп, заңгыраган спорт залга ээ болот экенбиз деп ойлоптурбуз го. Балдарыбыз спорт менен алектенип, дүйнөлүк болбосо да, республикалык мелдештерге катышып, намыс талашат экен деп үмүттөнгөнбүз. А балдарыбыз спорт оюндарын ойнойбуз деп кыштын кыраан чилдесинде, жайдын ысык аптабында сыртта чуркап жүрүшөт. Мына бүгүн да суук тийип ооруп жатышат.
Ондогон жылдар бою акыйкаттыкты издеп таппай келебиз. Убагында депутаттарга талапкерлер келип, "эгер мени депутат кылып шайласаңар, силердин бардык көйгөйүңөрдү чечип беребиз" дешип убада дегендерди кат-кат кылып берип кетишкен эле. Депутаттар да шайланып, ЖКда отургандарына мына, канча айдын жүзү болуп баратат. Ал шордуулар да өз ара ынтымакка келе албай ыркырашып, биз жөнүндө унутуп деле коюшту окшойт. Бир ирет Билим берүү министрлигине кирип, мектептин жалпы абалы, спорт зал куруу тууралуу өз оюбузду айтсак, бизди кабыл алган министрликтин кызматкери "Мен өзүм билемин каерге эмне курушту" деп койду.
Биздин айыл өкмөтү жарды, кирешеси бир жылда 120000 сом эле экенин эске алып, өйдө жактагылардан анча-мынча жардам болобу деп кайрылабыз да. Баш-аягы болуп мектепке спорт зал курабыз деп чуркаганыбызга беш жыл болду. Азыркы Маданият министри , мурдагы пресскатчы Н.Шакиев айылдашыбыз да убагында бул маселени чечип беремин деген болчу, андай деле болбоду. Ал эми спорт зал куруу долбоорун бул Өкмөткө тапшырганыбызга бир жылга аяк басып калды окшойт. Айтор, аттабаган астанабыз, чертпеген эшигибиз калган жок. Чоңдор өздөрүнүн эле көйгөйү тууралуу ойлой бербей, балдарыбыздын ден соолугу, жөндөмдүүлүгү, келечек жашоосу тууралуу да ойлонсок жакшы болоор эле. Анан, ордонун эле көйгөйүн чечпей, алыскы аймактардагы айыл-кыштактарда жашагандарга да көңүл буруп коюшса дейт элек.
Жеке ишкер Муратбек ТУРДУБАЕВ баштаган Кара-жыгач айыл өкмөтүнүн Сыны айылынын жашоочуларынан телефон аркылуу жазылып алынды.




ЭЛ БААТЫРЫНА КИМДЕР ТАТЫКТУУ?
Редакциянын эшигин аттап, салам айтып кирген жигит өзүнүн келген жөнүн айтып отурду… Сөз акырында: "Ушул, анан дагы бир нерсени айтайын дедим эле" деди. "Айт" дедик. "Биздин облустун губернатору Койсун Курманалиеваны Эл Баатыры наамына көрсөтүүнү Талас эли суранып жатат, ошону кошо жазып коесуздарбы" десе болобу.
Оозубуздан келмебиз түшүп отуруп калдык. Же биз наам тарата турган мекеме болсокчу. Антсе да, Эл Баатырына кимдер татыктуу боло алат?- деген суроону ал жигит менен кошулуп талдоого алдык.
Ооба, Таластан Баатырлар чыгып келген, кудай буюрса, дале чыга беришин каалайбыз. Кыргызды кыргыз кылып, эл-жерин коргогон Манас бабабыз баштаган баатырлар чыккан Таластан. Патриоттук сезими өзүнүн кырчын өмүрүнөн да өйдө турган Чолпонбай Түлөбердиев деген абабыз, кереметтүү чыгармалары менен дүйнө элин таң калтырган Чыңгыз Айтматов агабыз, күн-түн дебей эл кызматын аткарып келген Досбергенов, Аманбаев, Корчубек Акназаров агалар бар. Андан башка да салмактуу орден-медалдары төшүн бербегендер көп.
Ырас, Баатырларыбыз ар кандай системада мындай ардактуу наамдарга ээ болушкан. Система алмашып, наам, даража берүү критерийлери да улам өзгөрүп турарын да моюнга алышыбыз керек. Антсе да, бир чындыкты бетке айтып коюуга неге болбосун: Кыргыз баласы болуп туруп кыргыз эли үчүн каруубуз казык, билегибиз токмок болгуча кызмат кылуу - ар бир кыргыз атуулунун милдети эмеспи. Ар бир кыргыз жараны колунан келишинче, күчүнүн, билиминин жетишинче элине кызмат кылуу - ыйык парз. Кыйын кезеңде элинин жеңилин жерден, оорун колдон алып, бечара элдин көзүнүн жашын аарчып, жол баштап, кол баштап кете ала тургандар ал милдеттен кайра тартпоо керек. Караңгыдан көз таап, капылеттен сөз тапкан уул-кыздары кыргызды нечен ирет кыяматтан алып өтүп келген. Алардын баары эле Баатыр аталбаса да, кыргыз турганда алардын элге кылган эмгеги унутулбайт!
Ошол эле мезгилде элге кылган кызматына эч ким милдет-сопку кылбаш керек да. Дегинкиси, "эл деп жүрүп эки күн уйкудан калдым, мени Баатыр кылгыла" деп эч ким деле суранбаса керек бул жигиттерден. Анан да, саны эки жүз миңге жеткен облус эли бир ооздон салам айттырып жибергени да күмөн. Бирок, ооздон чыккан желдин да бир мааниси болот эмеспи…
Мына ушул жерден Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча Комиссиянын жооптуу катчысы Б.Досалиеванын өкмөттүк гезит "Эркин тоого" /?9, 2011/ берген интервьюсунан үзүндү келтирип кетүүнү жөндүү көрдүк: "Керек болсо Акаев менен Бакиевдин бийлигине коомдогу нааразычылыктардын күчөшүнө мына ушул сыйлык ыйгаруудагы адилетсиздиктер да таасир берген десем жаңылышпайм". Анан да, "Талапкерлер тууралуу жазылган иштер чын болсо, Кыргызстан эбак эле экономикасы гүлдөгөн өлкө болмок. Тилекке каршы, керек болсо Баатыр наамын же "Манас" орденин алам деген кээ бир талапкерлер өзү иштеген тармактарда эле кандай натыйжа бергенин билүү кыйын. Азыр Комиссия ушул жагына көңүл буруш керек деп жатабыз"- дейт ал.
Биз көчөдөгү сөз эмес, ар кимдин божомолу эмес, дал ошол Баатырлыкты баалай турган Комиссиянын оозунан чыккан сөздү айтып жатабыз. Баатырлыкка чейин эле 13 орден-медаль, 26 ардак наам жана Ардак грамоталар бар экен. Анан да, өлкөбүздө акыркы бир жылда болуп өткөн элдик революцияда каармандык көрсөткөндүгү үчүн да наамдар чыгарылып жатканы талашсыз. Айтайын дегенибиз, даталуу күндөрдө ошол окуяга байланыштуу наамдар ыйгарылса керек… Балким, алиги жигит ошолор тууралуу айтайын деп, наамдын атын ооштуруп алгандыр. Бирок, эмнеси болсо да наам, даража тууралуу ой таштап кетти ал жигит. Атайын Комиссиянын иштелип чыккан өз критерийи бар чыгар, а бирок, "Эл Баатыры кимдерге берилиш керек?" деген суроону биз бүгүн жалпы элге таштагыбыз келет, канткенде да ЭЛдин атынан берилип жаткан наам болуп жатпайбы… Эл Баатырына татыктуу адамдарда кандай баалуулуктар болушу керек?
"АС-пресс"