Нооруз - адамдардын
руханий дүйнөсүн жаңылайт
Нооруз - жер жүзүндөгү эң эзелки майрамдардын бири. Ал биздин заманга чейинки төртүнчү кылымдан мурда эле пайда болуп, азыркы мезгилде да жашап жатышы дүйнөдөгү эң байыркы дин - зороастризмге байланыштуу. Адамдын жаны, бейиш, тозок, эки дүйнө, акырет соту, тирилүү жөнүндө таалим берген ушул байыркы динден үч улуу дин: ислам, христианизм жана иудаизм келип чыккан. Бул динди Заратуштра пайгамбар негиздеген. Ал таш доору коло дооруна өткөн мезгилде, башкача айтканда, биздин заманга чейинки 1500-1200-жылдарда жашаган тарыхый инсан. Бул адамдын ысымы дүйнө жүзүндө Зороастр деген атта байыркы гректер аркылуу тараган.
Спитама уруусунан чыккан Поурушаспанын уулу Заратуштранын атагы биринчи кезекте өзү чыгарган гаталар /насыят ырлары/ - он жети улуу гимн аркылуу даңазаланган. Ошол гимндер пайгамбардын жолун жолдоочулар тарабынан ооздон оозго өтүп, замандардын мунаралуу кербен жолу менен кылымдарды бойлоп алтын казына болуп бизге жетип отурат.
Зороастр өз шакирттерине милдеттүү түрдө мураска калтырган жөрөлгө - кудуреттүү кудай Ахура Маздага /Даанышмандыктын кудайы/ арналган жыл сайын майрамдалчу жети майрам болгон. Ошонун жетинчиси - бүт мусулман элинин улуу майрамы Нооруз /Жаңы күн/, жаңы жыл майрамы. Анын авестин тилиндеги аты бизге жеткен жок. Зороастр бул майрамды атайылап байыркы нугуна салып, жаз баарына, күн менен түндүн теңелген учуруна тушташтырган.
Нооруз майрамынын чыгышынын таржымалы тууралуу орто кылымда Орто Азияда жашап өткөн атактуу ойчул, энциклопедист-окумуштуу Абурейхан Бируни: "Көзү өткөн бабалардын эскерткичтери" деген эмгегинде бир топ баалуу пикирлерди калтырган. Бирунинин айтканына караганда, Иранда мусулман дини кабыл алынганга чейин календарлык жыл, өткөн төрт мезгилге бөлүнгөн. Ал убакта жылдын биринчи айы - жылдын башталышы болгон да, Нооруз жаңы жыл катары жайында майрамдалган. Ала-Тоо жергесинде эгемендүү Кыргыз Республикасы туусун желбиретип, дүйнөгө төбөсүн көргөзгөндө байыркы жаз майрамы мамлекеттик деңгээлге көтөрүлүп, эзелки улуу сапарын уланта баштады.
Нооруз - адамдын рухий дүйнөсүн жаңылаган, көңүлдү жашарткан көк үт /өсүмдүк/ көзүн ачып, жер эненин тоң көөдөнү жибип, жер бетин жакшылык уялаган ынтымактын, мээримдүүлүктүн, меймандостуктун, соопкерчиликтин, теңчиликтин, достуктун майрамы.
Бар бол, НООРУЗ!
Даярдаган
Геннадий ХОЛКИН