Коалицияны
уратууга Кремлдин таасири чоңбу?
Өлкөдө партиялык оңчул-солчул, либералдык түшүнүктөр пайда боло электиги, коомчулуктун мүнөзү ээрчиме болуп, Путиндин артыкбаш маалымат каражаттары өлкөбүздөгү там-туң басып калган парламенттик системаны баштыктан башын чыгарбай туруп думуктуруп койчудай болуп калды. " Эртең өкмөт кулайт" деген имиштер дал ушул коңшу мамлекеттер тарабынан жыттанып тургансыйт. Бул айныксыз саясий оюн, парламенттик системаны авторитардык режимдин чок ортосу болгон Орто Азияга жолотпоштун кезектеги тоскоолдорунун бири…

Европалык парламенттик системанын көчүрмөсү, алардын башкаруу системасы кыргыздарга таасир бере албайт дегендер өтө жаңылат. Структура ар бир өлкөнүн тарыхына, саясий кырдаалына, карым-катнашына ылайык түзүлгөн. Кыргызстандын саясий системасы, коомдук кулк-мүнөзү башка өлкөлөрдө кайталанбайт жана айырмасы асман менен жердей аралыкта. Жыйырма жылдан бери иттин кара капталындай болгон Президенттик башкаруу - бир үй-бүлөнүн авторитардык башкаруу системасына алып келгендигин эске алганда, парламенттик башкаруунун көптөгөн өзгөчөлүгү бар экендиги көрүнүп турат. Парламенттик көпчүлүк менен өкмөт камыр-жумур болуп иштеп, алардын жең-ичинен "сугунуп" коймо адаттары өзүнөн-өзү азайып, атаандаштык иш-аракеттери уламдан-улам күчөп тураары абзел эле, бирок, негедир парламенттик система өз таасирин күчөтө алган жок. Россиянын жана башка өлкөнүн саясат таануучулары Кыргызстандын парламентаризмин карап шылдыңдап күлгөндөрү да бекеринен болбосо керек. Алар парламенттик системага эмес, кыргыз депутаттарынын деңгээлине, "ат минбеген, минип өлтүрөт кылып" мурун-кийин саясатта казаны кайнабаган, саясий эрки, акыл-дараметинин деңгээли жетпеген депутаттардын саны парламентте ого эле көптүгүн айтып, басым жасоодо. "Кыргыз парламенти, анын ичиндеги болоор-болбос депутаттар реформаларды баштагандан мурда майда-барат иштер менен алек болууда" дешип ачуу сын пикирлерин ачык эле айтып жүрүшөт. Ал тургай Президент Роза Отунбаева да парламенттин начар иштеп атканын айтып, сындады. Парламенттин эркин бириктирип, бир багытка жетелей турган өкмөт бүгүн көрүнбөйт. Бул өкмөт башында турган А.Атамбаевдин идеологиялык жана саясий алсыздыгы. Анткени алар өлкөнүн көйгөйлөрүн так билип, кризистен чыгуунун жолдорун парламентке көргөзүү менен мыйзамды бекитүүлөрү керек эле. Реформасы эки жылга созулган программасы бүгүн даяр болуп, ошого жараша иш планды түзүү керектиги коомчулукка айтылгандай болду эле, төрт айдан бери өкмөт бир да токтом токуп, мыйзам долбоорун чыгарганын көрө элекпиз. Аны саясий маңыз, саясий эрк менен толтуруу керектигин оппозиционер Ө.Текебаев табиятынан бери жакшы түшүнчү эле, тагдырдын тамашасына салгандай, анын бүгүнкү саясий күчү бир бороондук алы жоктой абалга кептелгенсийт. Ошентсе да, бүгүн-эртең ыдырайт деген коалициянын чындап эле тарап кетишине дал ушул көсөм оппозиционер себепкер болуп чыга келээри мүмкүн. Өткөн жумадагы Ө.Бабанодун берген пресс-конференциясында "Текебаев парламенттик коалицияны кыйратканы атат" деп кыйкырып чыкканы да бекеринен эместей. Биринчи коалицияны Ө.Бабанов жана анын командасы ыдыратып, "Ата-Мекендин" коалицияга кирүү "шансын" өлтүрүп койгондугу үчүн, эки ай унчукпай, тескерисинче "жаңы өкмөт" деп колдомуш эткен Өмүке жаз келээри менен вице- премьер-министр Ө.Бабановдун талуу жерине чок басып турган кербези. Биздеги парламенттик башкаруунун башын кыя чаба турган Кремлдеги бир топ үлкөн чиновниктер Ө.Бабанов жөнүндө ачуу сын пикирлерин айтып, "бул жаш бала өз кызыкчылыгын мамлекеттен гана эмес, эл аралык мамилелерден да жогору коёт экен. Мындан кутулбасаңар Кыргызстан оңолбойсуңар, мамилелерибиз да татаалдашат" деген өңүттөгү нааразычылыктарын билдиришиптир. Ө.Бабановдун "МегаКом" компаниясы менен болгон ызы-чуусу чындап эле болгон күндө да, россиялык туугандардын өлкөбүздөгү саясатчыларды кайраштырып, парламенттик системанын турукташып кетүүсүнөн алыстатуу саясатынын алгачкы кадамдары деп билсек болот. Болбосо К.Бакиевдин доорунда "Бул Президентиңер адам эмес. Мындан кутулбасаңар оңолбойсуңар" деп айтып коюуга жарабаган "ашынабыз" эми минтип бизге түз жол көрсөтүп калгандыгында бир мандем бар. Анда эле араң турган айрым көркоо саясатчылар: "Пайгамбарыбыздай болгон, акчалай жардам сурап, этегин кармаган Россия биздин өкмөткө пикири жаман экенин, ишеним артпай турганын айгинелеп атат. Эгер биз ишенген мамлекеттин жетекчилери өкмөтүбүзгө ишеним артпай турган болсо, бул өкмөттү оставкага кетсин дегенди билдирет" дешип айгай салып жиберишти. Андан тышкары "республикачылардан" 14, "Ата-Журттан" 16 адам коалициядан баш тартуу ниетин билгизип, эптеп болсо да коалицияны жок кылууну максатташып, антташып жүрүшөт дешет. Уусунан да, чуусу көп мындай саясий оюндарга крим дүйнөнүн да түздөн-түз таасири бар экендиги ажеп эмес. Коалиция чындап эле урап түшүп, башка партиялардан турган жаңы өкмөт келе турган болсо, А.Атамбаев менен Ө.Бабанов парламентке да, өкмөткө да кире албай, эки колун чөнтөккө салып, көчөдө ышкырып калаары бышык. Бирок, мыйзамга жана партиянын уставдарына ылайык алар партиянын лидери болуп, партиянын саясатын сырттан туруп жүргүзөөрү мүмкүн. Мындай саясий ири бурулуштарга айрым коңшу өлкөлөр кызыктар экени бештен белгилүү. Айрыкча эки адамдан турган башкаруу диктатуралык системасы бекемделип калган орус элинин өлкөбүздөгү парламенттик системага ыктап кетпеш үчүн, Кыргызстанды кайрадан президенттик-диктатуралык башкаруу системасына алып келүү үчүн көсөм саясатчы Путиндин акыркы жасаган айла-амалы. Ансыз да шайлоодон жеңишке жетпей калган айрым саясий күчтөр Путиндин жосунсуз жоруктарын курал кылып колдонот да, алгач үчилтик коалицияны жоюп, анан парламенттик системаны уратууга, Президенттик башкарууну кайрадан тирилтип кетүү иш-аракетин күчтөндүрбөй койбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Президентибиз Роза Отунбаеванын Европага болгон иш сапары, андан кийинки АКШга барып, Барак Обама, Хиллари Клинтондор менен жолугушуп, алардын сыйлыгына татып, айтор, канкор-президент К.Бакиевдин колунан келбеген иштерди аткарып келиши да, орусиялык маалымат каражаттарынын алдында төө басты болуп калышы дагы эле болсо Путиндин артыкбаш саясатынын бирден-бир көрүнүшү экени ажеп эмес.

Элдияр ЭЛЧИБЕК