Курсагы ач чек арачы, кулкуну кенен бажычы…
Өткөн сандарыбыздын биринде Мамлекеттик Бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматовдун кош жарандуулугу, эбегейсиз өлчөмдө өзүнө- өзү ыйгарган сыйлыктары тууралуу кеп кылган элек. Колго тийген документтерге таянып, ошол фактыларды далилдеп коюуну туура таптык.

Карга карганын көзүн чукубайбы?
Жогоруда айтылгандай, депутат Тынчтык Шайназаров тарабынан Мамлекеттик Бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматов башка өлкөнүн атуулу болуп гана тим болбостон, өзүнө-өзү астрономиялык өлчөмдө сыйлык ыйгарып жаткандыгын ашкереленгенден кийин, биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабанов тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүптүр. Тактап айтсак, Өкмөттүк комиссия түзүлүп, анын иши жыйынтыкталгандыгы маалым болду. Комиссия иликтөө жыйынтыктарын жакын арада Жогорку Кенешке берээр. Бирок, комиссия мүчөлөрү же болбосо текшерүүчүлөр ким болду дебейсизби? Өкмөттүн каржы бөлүмүнүн кызматкери, Мамлекеттик Бажы кызматы (МБК) коллегиясынын мүчөсү Т. Есеналиев. Кызыгы МБК коллегиясынын председатели К. Кулматов өзү экен. Коммисиянын дагы бир мүчөсү Каржы министрилигинин башкармалыгынын башчысы Н. Кожобеков. Н. Кожобеков азыркы МБК башчысы К. Кулматовдун биринчи орун басары З. Малабеков Каржы министрлигинде иштеп турган кезинде анын колунда иштегендиги тууралуу маалыматтар бар. Комиссиянын иликтөөсүнүн объективдүүлүгүнө шек жаралып жаткандыгынын себеби да ушундан. Карга карганын көзүн чукумак беле дегендей эле кеп.
Ким кимге сыйлык ыйгарат?
Өкмөт тарабынан бекитилген Бажы кызматына сыйлык ыйгаруу тууралуу жобого ылайык, МБК председатели өз орун басарларына , ал эми председателге сыйлык биринчи-вице-премьер тарабынан бекитилиши керек. Көрсө, Кулматов мырза ансыз да жумушу башынан ашкан Бабановду ишинен алаксытып койбоюн деген көрүнөт, бул функцияны өзүнүн биринчи орун басары З. Малабековго тапшырат. Ал да акылдуу жан эмеспи, өз кезегинде шефинин шагын сындырбай, колунан келген эң жогорку өлчөмдөгү сыйлыкты ыйгарат. Бабанов мырза өзү аткарыш керек болгон кээ бир функцияны кол алдындагылар айттырбай аткарып жаткандыгын билбесе да керек, болбосо өзү кураторлук кылган тармакка өзү текшерүү жүргүзүүнү буюрмак беле?
Өзүм дегенде өгүздөй кулкун…
Колдо болгон МБКнын башкы эсепчиси С. Т. Токталиеванын колу коюлган документтерге таянсак, 2010-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин МБКнын башчысы К. Кулматовго айлык акы, сыйлык, 13-эмгек акы баары биригип 623 миң 86 сом каражат төлөнгөн. Баарынан кызыгы апрелге чейин Кулматов мырзанын эмгек акысы 19 миң 400 сомду гана түзгөн. Аппетити апрелден кийин араандай ачылганына "тобо-о" деш керек.
Эң алгачкы 44 миң 400 сом өлчөмүндөгү сыйлыкты МБК башчысы өзүнө-өзү апрель айында ыйгарат. Буга кошумча 3584 сом тамак-ашына кошо алат. Андан кийин июнь айында 75 миң 100 сом өлчөмүндө сыйлык жана тамак-ашына 4608 сом бөлдүрөт. Ал эми август айында 44 миң 400 сом сыйлык, 5200 сом тамагына бөлүнөт. Ошентип, ноябрда 22 миң 200 сом сыйлык, 4352 сом тамагына, декабрда 44 миң 400 сом сыйлык, 13-эмгек акы катары 26 миң 306 сом, тамагына 5 миң 888 сом жана дагы бир сыйлык 44 миң 400 сом алат. Мунун баары ай сайын алып турган кадимки айлык акыдан тышкары экенин эскерте кеткибиз келет.
Эми орун басары Данияр Калматовдун 2010-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки шефин ат чабым артта калтырган "эмгек акысына" көңүл бурсак. Жыл бою жалпы кирешеси: 635 миң 614 сом. Биринчи жарым жылдыкта 9900 сом, экинчи жарым жылдыкта 14 000 айлык акысы менен, Данияр мырза, март айында 26 миң 750 сом сыйлык катары, 3328 сом тамак-ашына акча алат. Апрелде тамагына 5632 сом, сыйлык катары 74 миң акча алып шефинен ашып түшөт. Июнда 65 миң 500 сом сыйлык, 4608 сом сом тамагына, августта 38 миң сыйлык, 2560 сом тамагына, ноябрда 19 миң сыйлык, 4 миң 864 сом тамагына, кошумча 19 миң сом кошо алат. Акырында декабрь айында сыйлыгы 38 миң сом, 13-эмгек акы катары 22 миң 369 сом, тамагына 5888 сом, бонус катары дагы 38 миң сом алат.
Дагы бир орун басары Замирбек Малабековдун жыл бою мамлекеттен алган кирешеси 519 миң 710 сомду түзгөн. 2010-жыл ичинде апрель, июнь, август, ноябрь, декабрь айлары үчүн жалпысынан 206 миң 900 сом өлчөмүнө сыйлык, 13-эмгек акы катары 16 миң 761 сом, тамак-ашына 39 миң 680 сом жана бонус катары дагы 83 миң 200 сом алат.
Үчүнчү орун басары Асылбек Кожобеков 2010-жыл ичинде тапкан кирешеси 533 миң 325 сомду түзгөн. Анын ичинен сыйлык катары 195 миң 600 сом, 13-эмгек акы катары 20 миң 77 сом, тамагына 38 миң 912 сом жана бонус катары 59 миң 100 сом алат. Кыязы, Кыргызстандын бүткүл бажы тармагында ушул төртөө эле иштеп жатса керек.
Бул маселе ЖКда көтөрүлөр замат, К. Кулматов мырза мындай маалымат туура эмес экенин жар салган жайы бар. Жогоруда айтылган өкмөттүк комиссиянын жыйынтыктарын спикер А. Келдибеков тарабынан түзүлгөн депутаттык комиссия карап, өз жыйынтыгын чыгараар. Башкасын айтпаганда да, мамлекет чек ара кайтарган аскер чек арачыларына күнүмдүк тамагына суткасына 34 сом, ал эми чек арадан алда канча ичкери турган, болгондо да жогоруда саналгандай асман-айды чапчыган айлыгы, сыйлыгы бар бажы кызматындагыларга күнүмдүк тамагы үчүн суткасына 256 сом болгону эмнеси?
Абай Садиев,
журналист

P.S. Айтып оозду жыйгыча, жогоруда айтылгандай айлык-сыйлык алуу боюнча МБКнын башчысы Кубанычбек Кулматовду, демек, шефин ат чабым артта калтырган орун басары бажычы Данияр Калматов 16-мартта кызматынан четтетилгени маалым болду. Муну кандай түшүнсөк болот? Шеф каардандыбы же башка өлкөнүн атуулу деген чуусу билинип калган К. Кулматовду ордунан козгой албай, садагага сары улак кылыштыбы? Күтө туралы… Кыргызстан кичинекей эле өлкө эмеспи. Бир кабарын билип калгыбыз бардыр…




Кыргызстандын оорулуу экономикасы…
кимге ишенебиз?
Азыркы учурда Кыргызстан өз башынан өтө оор системалык кризисти башынан кечирип жаткан кези. Өлкөдө жүргүзүлүп жаткан саясый жана социалдык-экономикалык реформалар оор шартта өтүп жатат.

Карызга баткан өлкө...
Кыргызстан эгемендүүлүк алган күндөн тартып, бир топ тышкы донорлордон жана эл аралык институттардан эбегейсиз өлчөмдө каржылык колдоо алды. Бүгүнкү күндө сырттан келген каражаттардын жалпы суммасы дээрлик 3,5 млрд. АКШ долларынан ашат, анын ичинен 1,5 млрддан ашыгы кайтарымсыз грант түрүндө келсе, калганы карыз. Ошентип, өлкөнүн тышкы карызынын өлчөмү 2 млрд. 642 млн. АКШ долларын түзөт (бул 125 млрд. сомго барабар), бул деген өлкө карызы ИДПнын 55%ын түзөт дегендик. 2011-жыл ичи бул карызды камсыздоо үчүн 4 млрд. 303 млн. сом коротулат, мунун ичинен 2 млрд. 229, 86 млн. сом үстөк пайыз болсо, 2 млрд. 73 млн. сом негизги сумма боюнча эсептелет. Дал ушул сырткы карызды каржылоо мамлекеттик бюджет үчүн эң оор беренелердин бири болуп калууда. Мындайча айтканда, учурда Кыргызстан карызды жабуу үчүн кайра эле сырттан жардам алууга муктаж. Эскерте кетчү жагдай, сырттан жардам алуу боюнча Кыргызстан мурунку СССР өлкөлөр ичинен биринчи орунда турат.
Логика боюнча, мындай эбегейсиз өлчөмдө сырттан жардам алган өлкөнүн экономикалык абалы жана калкынын жашоо деңгээли жогорулашы керек эмеспи. Тилекке каршы, реалдуу турмушта Кыргызстан карызга белчесинен баткан абалында кала берүүдө. Сырткы карыздын эбегейсиз чоң көлөмү өлкөнү социалдык милдеттенмелерди аткарууда, жакырчылыкты жоюуда өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүн бир топ артка тартууда жана экономикалык өсүштүн денгээлин басандатууда.
Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүндө мындай негативдүү жагдайларды жоюу системалык программасыз жана профессионалдуу кардларсыз ишке ашпасы айдан ачык. Ооба, кризистен чыгуу үчүн, Кыргызстан баарыдан мурда өз күчүнө гана ишенүүсу абзел. А аны кайдан алуу керек?

Абалдан чыгуунун жолу барбы?
Кыргыз парламентинин депутаты, бюджет жана каржы комитетинин председатели Акылбек Жапаровдун жакында эле журналисттерге билдиргенине караганда, жаңы өкмөт куралганына үч айдан ашык убакыт өткөндугунө карабастан, өкмөт өлкөнү өнүктүрүү боюнча өз программасын билдире элек. Ал так программасыз кандайдыр бир эффективдүү бюджеттик саясат тууралуу кеп кылгандын өзү туура эмес деп эсептейт.
Депутаттын оптимисттик божомолдоруна ылайык, жалпысынан стабилдүү абалда туура башкаруу менен аз дегенде 10 жылда, көп болсо 20 жылда өлкөнү дүйнөнүн алдынкы 50 өнүккөн мамлекеттеринин катарына кошсо болот. Ошондой эле, мамлекетти башкарууда жаңы мамиле болуусу шарт: ал кайсы партияда турганына, жердигине карабай баарына бирдей болуусу керек. Албетте, бул жааттан алып караганда ал туура айтат. Кыргызстан кыска мөөнөттүн ичинде экономиканы стабилдештирүү боюнча жакынкы үч жылга план түзүүсү керек жана эл, аны менен кошо бизнес өкүлдөрү өлкө мындан ары кандай өнүгүү жолуна түшөөрүн билүүсү керек. Ошону менен бир эле катарда өлкөнүн жакынкы он жылдагы программасынын "2010-2020-жылдарга программасын" иштеп чыгуу керек. "2010-2030- жылдарга карата калктын жашоосун жакшыртуудагы негизги максаттарды" карап чыгуу абзел. Дайым эле тышкы донорлордун жардамын күтүп отура берүү туура эмес. Кыскасы, депутаттын айтымында, өлкө экономикасы жай өскөн өлкөнүн катарынан өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошуулусу керек. "Мындай өнүгүү программасынын долбоору менде бар жана мен аны сиздер менен талкуулоого даярмын" деп сөзүн жыйынтыктайт депутат.
Ал эми дагы бир саясатчы, экономист-финансист, Европа банкынын Кыргызстан боюнча кеңешчиси Жоомарт Оторбаев "Карыздан коркпоо керек. Дүйнөнүн көптөгөн өнүккөн өлкөлөрү карыздын эсебинен жашашат" деген пикирди карманат. Албетте, бул жаатта ар ким өзу каалагандай жыйынтык чыгарганга укуктуу.

Эгер жаңы Өкмөт куралса...
Жакында эле, Стратегиялык изилдөөлөр эл аралык институту (International Institute of the Strategic Studies) Кыргызстандын экономикалык абалына баа берүүгө багышталган социологиялык сурамжылоосунун жыйынтыгын жарыялады. "Кыргызстандын экономикалык абалын ким жакшы түшүнөт жана өлкө экономикасын алдыга жылдырууда кимге ишеним артаар элеңиз?" деген суроого жооп катары Кыргызстандын финансы тармагында мурда-кийин эмгектенген алты персонанын ысмын (Самат Кылжиев, Марат Султанов, Темир Сариев, Акылбек Жапаров, Жооомарт Оторбаев, Чоробек Имашев) жооп-вариант катары койгон. Жыйынтыгында, сурамжылоого катышкан 1350 респонденттин 504ү А. Жапаровго, 275и Т. Сариевге, 210у Ж. Оторбаевге, 202си М. Султановго, 110у С. Кылжыевге жана 49у Ч. Имашевге добуш беришкен.
Ушуга улай кыргыз тилдүү бир катар басылмалар да жаңы өкмөт куралса, анын болжолдуу түзүмү тууралуу бир топ варианттарды айтышкан. Алардын божомолдору да жогоруда айтылган уюмдун иликтөөсүнүн жыйынтыктары менен белгилүү бир өлчөмдө дал келет б.а. кыргыз өкмөтүнүн экономикалык блогу жогорудагы аты аталган персоналарга жүктөлөөрүн айтышкан. Мисалы, "Учур" гезитинин 2011-жылдын 10-марттагы санында жарыяланган божомолунда, М. Султановго-спикерлик, Ж. Оторбаевге вице-премьер-министрлик, Каржы министрлиги А. Жапаровго, ал эми Т. Сариевге биринчи вице-премьерлик сунушталаары айтылган. Мындан сырткары, ушундай эле мүнөздөгү божомолдорду "Фабула" жана "Жаңы Агым" гезиттери жарыялаган. Анда дагы бир аз орун алмашканы болбосо, экономикалы блок ушул эле кишилердин энчисине тиерин айтышат.

Соңку сөз...
Кыргызстан грузиндер жетишкен ийгиликтерге жете алабы? Калктын орточо кирешесин жок дегенде минималдуу жашоо баштыгынын денгээлине чейин көтөрүүгө болобу? Өлкө жок дегенде келечектеги беш жылга түзүлгөн экономикалык программа менен жашашы үчүн эмне кылуу керек? Албетте, мунун баарына жетишсе болот, эгерде Өкмөттө чыныгы өз ишинин чеберлери тартылганда гана. Ушундай эмеспи?..
Алымбек Эргешов