Нурбүбү БӨДӨШОВА
КУУРЧАК
(Уландысы.
Башы өткөн сандарда)
- Мен сени баары бир унуткан жокмун, Жанар! Ушу кезге чейинки өткөргөн жашоо-турмушумдун ар кыл оош-кыйышында, жамандык-жакшылыктарда, кыйналып же кубанып турган кездеримде - ар дайым сенин элесиң көз алдымда тартылып турат.
- А эмнеге?
- Жөн эле тартылбай, жүрөгүм ооруп турат. Баарынан да, ушу күнгө чейин үй-бүлө күтпөй бой жүргөнүңө өзүмдү күнөөлөп келем…
Эркектерди дилинде жек көрүп көнүп калган Жанар жалтактап, жалпалактап, эмне кыл десе да башын ийип баарына даяр турган Темирди телмире карап турду. Баса, эркектерди жек көрүүгө Темир өзү түртпөдү беле!
Телмире карап туруп, ичинен өзүнчө бүтүм чыгарып койду кыз.

ХХХ
- …А сен каякка шашып атасың? - деп таңдана кашын көтөрдү Жанаргүл.
- Үйгө, эртең кичүү баламдын туулган күнү. Айылдан, шаардан да келе тургандар бар экен. Улам-улам апасы чалып жатат…
- М-мм,- деп тиштене калды Жанаргүл. Бир нерсе дейин деп баратып, кайра токтоду. Бетин күндөн калкалап турган шляпасынан анысы Темирге көрүнгөн жок.
Экөө августтун баш ченинде Ысык-Көлгө келип эс алууну пландашып, мына эми көл жээгинде эс алып аткандарына төрт күн болгон.
- Биз бул жерде он күнчө болобуз деп сүйлөшпөдүк беле. Кайра келесиңби?...
Оо бир топто барып үн катты Жанаргүл.
- Ошону билбей турам. Эми үйгө бир барсам, кайра чыгалбай калбасам болду.
- Кел, мен сени ушул жээкте күтөм, жаным…
Түшкү тамактан соң Темир машинеси менен шаарга чыгып кетти. Түштөн кийин көл жээгине деле барган жок Жанаргүл. Эриндерин кырча тиштеп диванда жата берди. Эртеси да эч жакка чыкпады, ал күнү негедир асманды кара булут каптап, жамгыр шыбаттап жаап туруп алды. Андан кийинки күнү гана көл жээгине келди.
…Көлдүн тоодой толкундары "күрр" этип келип, жээкке урунуп, артка кайра тартылып кетип жатты. Анан кайра жаңы толкун жаралып, кайра жел менен кошо жээкке бөртүп келет…
Мындай көрүнүшкө кызыгып көпкө отурду кыз көлдөн көзүн албай. Акыры андан да тажады окшойт, эми айланасына тегиз көз чаптырып карай баштады. Негедир өзүнчө кыялдана бир буту менен сууга жуулган кумду шилей, бир буту менен күнгө ысып турган кумду чок баскандай секирип басып келаткан жигит ага тааныштай көрүндү. Жакшылап серепчилеп карады аны. Тиги жигит да, атайын көңүл бөлүп карап жаткан кайсы жан дегенсип Жанаргүлгө мойнун созду, анан капысынан кабагы жарк дей түштү.
- А, Жанна, сизби? Бул кайсы сулуу деп коём…
Жайдаңдап жетип келген жигитти жаземдебей тааныды. Ал - университетте сабак берчү Талиптин досу Шах болчу. Чыныгы атын ким экенин деле билбейт. Талип менен ынак болуп жүрүп, акыры жигит турмушка чыгуусун суранганда, караманча-каршы болуп басып кеткен кыз. Баса, бул жигит менен Талиптин туулган күнүндө таанышпады беле ресторанда. Улуту карачайбы, башкабы, айтор алар отурган ресторанда иштейт экен бул жигит.
- Таанышып ал, досум, бул менин сүйгөнүм… -деп тааныштырганда "Шах" деп колун сунган эле. Андан кийин улам булардын столуна келип, тост айтып, күлкүлүү нерселерди сүйлөп берип, музыка заказ кыла коюп, айтор бир кечти көңүлдүү өткөрүп берген бул жигит.
- Калай, иштер жакшыбы?
- Жакшы!
Жигиттин шайдоот мүнөзүнө жараша шайкелең жооп берди Жанаргүл. Ушу азыр ага баары бирдей эле, өзүнүн көңүлү чөгүп атабы, жокпу. "Баягы чөгүп, ооруп жүргөн көңүл да" деп койду ичинен өзүнө-өзү. Талип тууралуу сөз болду. Досу үйлөнүп-жайланып калганын, а өзү акыркы жылдарда ушул пансионатта иштээрин айтты жигит.
- Ким болуп?
Кызыга сурады кыз.
- Куткаруучу!
Анан экөө барып көлгө түшүп, бирге тамактанышып, дискотекага аны менен барды.
- Келгениңе ушунча күн болсо да кезикпептирбиз да… -жигит жадырай карады кызга.
- Биз дискотекага деле келген эмеспиз…А сен күндө болосуңбу?
- Ооба да. Менин милдетим, аткарчу иштерим ушул да. Дискотека бүткүчөктү дежурить этип басып жүрөм, бул жердеги тартипке да көз салам…Баса, сен бирөөлөр менен келдиң беле, аны деле сурабаптырмын го.
- Ооба, бирөөлөр менен…
Кыз сырдуу жооп берди. Анын ою азыр таптакыр башка жакта эле. Маңдайында турган бул Шах аттуу жигиттин рэкеттик иштер менен алектенээрин, а кээде кылмыштуу иштерди жасап, бирок, суудан кургак чыгарын ал Талиптен уккан болучу. Анын шуулдап, шапылдап турганы да көп нерседен кабар бергендей…
- Мен кетейин, эс алайын. Сен ушул эле жерде экенсиң да. Издесем тез эле табамын да, ээ.
- Ооба, кызматыңызга даярмын!
(Уландысы бар)